Articles

Стамбулдагы Sancaklar заманбап мечити

Мусулман архитектурасы өтө эле бир мүнөздүү, окшош стеротипте деген ойлор көрсө туура эмес болуп чыкты. Стамбулдун четирээк жагында жайгашкан Бююкчекмеж шаарчасында Sancaklar мечитинин көрүнүшү буга далил. Демейде мусулмандар кирип намаз окучу мечиттер, бир типте, окшош архитектуралык стилде курулуп жүргөнүн көп көрөбүз, а бул мечиттин сырткы жана ички көрүнүшү демейки мечиттерден такыр айырмаланат. Мечиттин курулушу көргөн адамды алгачкы адам жашаган коомго жетелеп , ошол эле учурда заманбап стилдердин элементтери да ачык байкалат. Аталган курулуштун авторлугу EAA-Emre Arolat Architects бюросунун архитекторлоруна таандык мээнет.

Амирбек Азам уулу: “Мусулман медицинасы”

«Мусулман медицинасы» аталган бул макала алыскы Прага шаарында жашаган мекендешибиз Амирбек Азам уулунун коом агартуу максатындагы пейил-кую менен колубузга тийип отурат. Мекендешибиз аталган макаланы «Коом жана Мен» сайтынын окурмандары үчүн National Geographic History журналынан атайы которуп берди. Макала автору – ислам тарыхы боюнча адис, Виктор Паллейа де Бустинза. Учурда ал Испаниянын Барселона шаарындагы Помпю Фабра атындагы университеттин доценти. Байыркы байтактуу цивилизациясы дүркүрөп өнүккөн арап дүйнөсүн биз бүгүн үстүртөн гана билсек, бул макаланын эң баалуулугу – VII кылымдагы Ислам дүйнөсүндөгү илимий ачылыштардын алтын доорундагы маалыматтар ачылат. Мусулман дарыгерлери байыркы цивилизациянын даанышмандыгына таянып, медицина илиминин чегарасын тайманбастан жайылтып келишкенин далилдейт. (Олжобай Шакир)

Христиан кызды сүйдүм, исламды кабыл алды, бирок мурда сойкулукта иштептир..

Христиан кызды сүйүп калдым. Экөөбүз тең бир бирибизге болгон ынак сезимибиз аябай күчтүү. А түгүл ал исламды кабыл алып, мамилебиз ого бетер тереңдеп, анын боюна бүттү. Ага үйлөнүүнү чечтим, анан эле эсимди тандырган маалымат уктум, ал ислам динин кабыл алганга чейин сойкуканада иштептир.

Жиндер менен шайтандардын түрлөрү

Оболу дароо билдирип коелу, жиндердин, шайтандардын ысымдарын атоо, алардын эмне иш кылаары тууралуу, алардын түрлөрү, формалары жөнүндө оозануу, а турсун тек гана аттарын айтуунун өзү – таптакыр кереги жок эле нерсе. Алардын атын тим гана атап коеру менен эле шайтан адамга өтө чон залакасын тийгизет. Андыктан биз кенен-кесири эмес, кыйыр, кыска түрдө гана адамдарга жалпылай маалымат болсун үчүн шайтандар менен жиндердин кесепеттеринин канчалык оор экенин түшүндүрүп, адамдар алардан өздөрүн, жакындарын коргоп-сактоо чараларын биле жүрүүсү маанилүү экендигин жеткирүү башкы максатыбыз. Эн эле жакшысы, алар тууралуу, жасаган-эткен иштери, азгырыктары тууралуу эчтеке сүйлөбөй, алардын ысымдарын ж.б. такыр атабай коюу пайдалуураак болот.

“Ислам дини коомго зыян келтирчү жаман иштердин алдын алып, эскертип турат”

Ислам дини адам баласына зыян келтирүүчү жаман иштердин алдын алып, эскертип келет. Алла Таала кереметтүү Ыйык Куранда пенделерин бир топ иштерден тыйган, эгерде Алла Таала бир иштен тыйган болсо ал амалдын артында сөзсүз адам баласына зыяндуу нерсе болот.

Ислам десе эле мечитке кирип алып термеле күбүрөнүп олтурган молдону түшүнүшөт, андай эмес...

“Ислам дегенде эле адамдар мечитте термелип олтура берүүнү гана элестетишчү болду, мечиттин ичине кирип алып эле топу кийип, чапан кийип бирдемелерди күбүрөнүп олтурган диндарларды элестетишет, а кай бирлер болсо автоматчан адамдар кимдир бирөөлөрдү кырып жатса, жүрөктүн үшүн алып жардырып атса, ошону ислам дешчү болду...

Арсалан Ифтихар: Кыргызстанда дин эркиндиги жогору

Арсалан Ифтихар - адам укугу боюнча эл аралык юрист, АКШдагы бир катар маалымат каражаттардын медиа-комментатору жана ислам темасына арналган китептин автору. АКШдагы жана дүйнөдөгү мусулмандардын абалын изилдөө менен алектенген Арсалан Ифтихар Борбор Азиянын бир катар мамлекеттерин кыдырып, жолугушууларды өткөрдү жана дарс окуду. Ал Бишкекте да болуп, "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

Кылыч же калем? Ислам кантип таралган?

Исламдын таралуу тарыхы ушул күнгө чейин талаш-тартышты жаратып келет. Кээ бири аны дүйнөгө кылыч жана от менен таңууланган десе, башкалары ислам тынчтык жолу менен таратылганын белгилешет. Бирок, исламдын таралуу тарыхы бул же тигил көз караштан алганда деле, көпчүлүгү божомолдор болуп чыгат. Массалык маалымат каражаттарындагы жалган же такталбаган маалыматтар дагы стереотиптердин калыптанышына түрткү берип келет. Коомдун кээ бир гана өкүлдөрү, өз карашын айтаардан мурда, тарыхты, фактыларды изилдеп көрүп, акыйкат баасын берип жүрүшөт. Бул талашта кимдики туура? Ислам кантип таратылган? Зордук-зомбулук же чакыруу жолу мененби? Кылыч же калем? Маселе так ушунда... Акыйкатка жакындоо үчүн, алгач исламдын бүткүл дүйнөгө таралышынын себептерин, тарыхын изилдеп, аларды талдоо зарыл.

Ташманбет Кененсариев: Ислам дининин Кыргызстанда таралыш тарыхынан...

Сөз башы: Ислам дининин Кыргызстанда таралыш жана анын бекемделиш жараяны 1300 жыл чамалуу убакытты камтып, империялардын куралышы жана талкаланышы, этностордун кагылышы жана интеграцияланышы, элдердин тарыхый-маданий салт-санааларынын, баалуулуктуранынын синкреттелиши сыяктуу Борбордук Азиянын ири тарыхый окуялары менен коштолуп жүрүп олтурган. Бул тарыхый жараян Борбор Азия аймагынын бүтүндөй бир коомдук өнүгүүсүнө багыт берип, анын келечек өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизген.