Articles

Кубада мусулман коомунун саны өсүүдө (ФОТО)

Рим Папасы Куба жергесине алгачкы ирет 1998-жылы атайы сапар менен келген. Иоан Павел II нин коммунисттик өлкөгө болгон бул сапарынан кийин Ватикан менен Кубанын президенти Фидель Кастронун ортосундагы мамилени кыйла жылытты. Католик дини кеңири тараган Куба өлкөсү Рим Папасын өтө бир чоң шапаат менен кубана тосуп алып, Гаванага жүз миңдеген адамдар жыйылып, Кастро өзү да бул жолугушууга катышты.

Бангладешке ислам кантип келди?

Мусулмандар дүйнөсүндө араптардан кийинки эле орундагы эң ири лингвистикалык топтогу мусулман чөйрөсү - бенгал тилинде сүйлөгөн мусулмандар эсептелинет.

Аргентинадагы ислам жана мусулмандар

Европадагы, Америка кошмо штаттарындагы мусулмандарга болгон ызааттуу мамилеге салыштырмалуу Латын Америкасындагы мусулман азчылыктарына болгон мамиле ич жылытаарлык анча эмес. ошентсе да бул континенттеги ислам жаңыдан там-туң басып, өсүп-өнүгүү жолунда келе жатат, ислам бул аймакта кыйла жаш дин экендигин саясатчылар моюнга алуусу кажет.

Аль-Захрави - азыркы хирургиянын байыркы негиздөөчүсү

Испаниядагы мусулмандардын улуу ишмерлеринин бири катары орто кылымдагы белгилүү исламий хирург Абу аль-Касим аль-Захрваини атасак болот. Ал ойлоп тапкан ыкмалар, медициналык аспаптар ошол замандардагы хирургиянын эң таасын ачылыштарынан болгон. Захрави жазган 30 томдук медициналык багыттагы энциклопедия бир нечелеген кылымдар бою европалык медиктерге классикалык маалымдама катары кызмат өтөп келди. Ал чынында эле практикалык медицинанын өнүгүүсүнө өтө болуп көрбөгөндөй таасирин тийгизе алды.

Меккенин алгачкы фотографы Абд аль-Гаффар.

Меккенин сүрөттөрүн фотого тарткан алгачкы фото-сүрөтчүнүн өмүр таржымалы тууралуу маалыматтар дээрлик жок болсо да, анын тарткан сүрөттөрү 80-жылдарда ыйык Мекке кандай калаа болгонун бизге таасын баяндап турат.

Каабанын дарбазасынын ачкычтарынын таржымалы

Саудиянын Ислам иштери боюнча министрлиги 2014-жылы февральда Каабанын дарбазасынын ачкычтары эскирип, жешилип кеткендигине байланыштуу жаңы ачкычка алмаштырылганын маалымдаган эле.

Ислам жана мушташ искусствосу: хуейлердин (дунгандардын) салты

Брюс Ли, Джеки Чан, Джет Ли сыяктуу актерлор жараткан кинодогу образдар аркылуу Батыш маданиятында кытай мушташ өнөрү тууралуу стандарттуу түшүнүк биротоло калыптанып калганына карабай, ислам менен кытайдагы мушташ искусствосунун кандай байланышы бар экендиги тууралуу көпчүлүк биле бербейт.

Сүннөткө чыланган “жашыл” кеңештер

Бүгүнкү күндө Жер планетасы ыйлагыдай ахвалда турат: ар кыл отундарды, күйүүчү заттарды, энергокаражаттарды колдонуп ошондон асманга түтүн болуп ышталган зыяндуу жыттар, бууланган газдар экологиялык кризисти пайда кылып, ал кырдаал барган сайын оорлошууда.

Ислам жана экология

Ислам дининде биз жашап жаткан планетаны адамдын колу менен асырап, коргоп, сактоо зарылдыгы таасын, даана белгиленген, анткени, жердеги болгон-эткен нерсенин баарына жоопкер кылып Кудай адамды дайындаган. Бу жашоодо адамдын жасаган жакшы иштеринин баары кайра өзүнө жакшылык болуп кайтып, ал жакшылыктардын жыйындысы акыретте да бейишке түшүүгө өбөлгө болот.