Articles

Бишкек. Курман Айт. Намаз.

1-сентябрда Бишкектеги Эски аянтта Курман Айтка байланыштуу намаз окулду. Төмөндө Sputnik.kg сайтынын фото-сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков тарткан фото-сүртүмдөр. Сүрөттөрдүн баары Sputnik.kg сайтынан алынды.

Азирети муфтий Кыргызстандыктарды Курман Айт менен куттуктады (текст)

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху! Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бир тууган мусулман агайындар, ага-ини, эже-карындаштар! Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан жана ошондой эле өзүмдүн атымдан бардык Кыргызстандыктарды улуу Курман айт майрамы менен куттуктайм. Майрамыбыз берекелүү болуп, бардыгыбызга тынчтык, бейпилчилик, молчулук алып келсин.

Азирети муфтий Кыргызстандыктарды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады (текст)

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулман бир туугандар жана мамлекетибиздин жалпы коноктору!

Жаңы жылды кандай күтүшөт, а Курман Айт андан жүз эсе зарыга күтүп майрамдалчу күн

Быйылкы жылы ыйык Курбан Айт майрамы 1-сентябрга белгиленди. Ага карата Кыргызстандын аймактарында, айрыкча диний мекеме-уюмдарда, казыяттарда атайын камылгалар көрүлүүдө. “Ас-Салам” фонду жыл сайын Курман Айт күнүндө мал жандыктарын курмандыкка чалып, социалдык жактан өтө муктаж адамдарга, жетим-жесир, колунда жокторго таратып кайрымдуулук кылып келет. Быйылкы жылдагы Курман Айтты аталган фонд диний жактан да, улуттук алкактан да өзгөчө мамзундуу кылып өткөрүүнү ниет кылууда. Фонддун жетекчиси Нурмухаммед Миңбаев ал даярдыктар тууралуу ISLAMLIFE.KG порталына өз ойлору менен бөлүшкөн.

Фотогалерея: хижаб, чадра, паранжы – айырмалары кандай?

Мусулман аялдары шарияттын негизинде кийип жүргөн кийимдердин баары бирдей, айырмасы жоктой туюлганы менен, айырма бар. Көпчүлүк адамдар никаб менен паранжы, чадра – мунун баары бир деп ойлошот. Мусулманчылыкты бекем карманган аялдар кээде жогоруда аталган кийимдердин тигинисин да мунусун да айкалыштырып кийип алышканда баш ого бетер чаташып, ал кайсы кийимдин түрүнө кирээрин билбей, түшүнбөй калгандар көп. Мусулман аялдар, кыз-келиндер башына оронуп жүрчү жоолуктардын, кийген кийимдердин бир биринен кандай айырмасы бар – бул туурасында Германиялык DW басылмасынын галереясында.

Курман Айттын эрежеси - 2017 (ВИДЕО)

Назарыңыздарга 2017-жылдын 1-сентябрында болжонуп жаткан Курман Айтка карата, Курман Айттын кыскача мааниси, курмандыкка чалынчу жандыктардын союлушу туурасында маалыматтарды камтыган тасманы сунуш кылабыз. Тасма МEdiArt продакшн-студиясы тарабынан даярдалды.

“Исламий интеллигенцияга коом муктаж, а бирок ал катмар көчөдөн эле пайда боло калбайт да.."

Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору Марс Ибраевдин Ummamag.kg сайтына берген маегинен кыскартылып алынган пикирлерин кыргызчага которуп назарыныздарга сунабыз:

“Айрым бир ханафий аалымдарыбыз маңыздуу кылып жаза билүү жагынан кыйла аксашат экен..”

Бишкекте быйыл июль айында Кыргызстандык, Казакстандык, Орусиялык, Иорданиялык, Түркиялык дин аалымдары, адис,эксперттеринин катышуусунда өткөрүлгөн тегерек столдо Орусиядагы ислам университетинин окуу-тарбия иштери боюнча проректору Раис Измайловдун сөзүн кыргызчага которуп назарыңыздарга сунабыз:

“ Советтик кездеги атеизм исламий билимдин баркын өтө төмөн түшүрүп салган...”

Дин аалымы Кадыр Маликов жетектеген « Дин, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык борборунун демилгеси менен Бишкекте быйыл июль айында Кыргызстандык, Казакстандык, Орусиялык, Иорданиялык, Түркиялык дин аалымдары, адис,эксперттеринин катышуусунда өткөрүлгөн тегерек стол болуп өткөн. Катышуучулардын бири Орусиядагы ислам университетинин проректору Рустам Нургалеевдин сөзүн кыргызчага которуп назарыңыздарга сунабыз: