Articles

Астана калаасында заманбап, авангард мечит курулат

Жакынкы мезгилде Казакстандын борбор калаасы Астанада сырткы көрүнүнүшү демейкиден башкача, уникалдуу формадагы мечит курулуп бүтүү алдында турат.

Куран ар кандай бурмалоолордон кантип корголгон?

Ислам дининдеги биринчи халиф Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) мусулмандар арасында тарап кеткен Курандын бардык таржымалдарын (фрагменттерин) чогултуу боюнча топ түзүү боюнча буйрук кылат.

Коррупцияга каршы он беш хадис

Коррупция, жемкорлук – бул дүйнөнү кургуйга карай сүйрөп бараткан эң бир чоң балакеттердин бири, көп мамлекеттерге ушул балээ кеңири кулачын жайып, андан кутулуунун жолу табылбай келет.

Жумуртка саткан абышка жана ачкөздүк

Аталган окуя сиз менен биз жашап жаткан коомдо көп кездешкен көрүнуштөрдүн бири. Араб сайттарынын бири ушул окуяны жарыялаган соң коомчулукта кыйла резонанс пайда болуп, сайттарда бул тема кызуу талкууга жем таштаган. Окуянын өзөгүндө пендеге мүнөздүү ачкөздүк, эки жуздүүлүк, менменсинүү сыяктуу терс сапаттар бүгүнкү адамзат турмушунда дагы деле орун алып келе жатканы айтылат. Айтор, бул окуя ар бир акылы сергек адамды ойлонууга мажбур кылат.

"Кудайга ишенбеген атеист болуп баратамбы.." деп негедир өзүмдөн өзүм шектенип жатам...

Суроо: Мен өзүмдү, баскан-турган жоруктарымды, дегеле бүт жашоомбу иликтеп көрүп, өзүмө өзүм суроо берип, акыры ага жооп ала баштадым окшойт... Мен деген бул – менин денем, тулку боюм, анан ошол денени кыймылга, келтирип, башкарып турган – мен экенимди да түшүндүм. Демек мен өзүмдү кандай сезгеним, кантип кабыл алганым – мага гана байланыштуубу деп калдым. Анан эле ушул ойлорума каршы кандайдыр карама-каршы ойлор да кээде келип кетет.

Ар бир кылганыбыз үчүн акыры жооп берчү күн бар...

Ар адам эмне иш кылса, ошонусунун акыбетине жараша алчусун алат. Адам адам болуп жөн жеринен жаралып калган эмес. Анын ар бир жасаган-эткенинин кайтарымы болбой койбойт. Кыямат күнү ар адам бу дүйнөдөгү жасаган кыпындай кыймылы, сүйлөгөнү, ойлогону жазылган китепчедеги топтолгон жакшы жана жаман иштеринин баарына керт башы менен жооп берет.

Ислам: убакытка сарамжал мамиле

Ар кайсы акыл-кеңеш берген китептерден, журналдардан, түркүн сайттардан “убактыңызды кантип башкарып, ошол эле учурда өзүңүздү кантип жөндөө керек?” деген сыяктуу насааттарды ара-чолодо окуп калгандырсыз? Биринчиден муну так өзүндөй кынтыксыз аткаруу оңой иш эмес, а экинчи жагы, өзүңүздү өзүңүз ишенимдүү түрдө көзөмөлдөөнү, ага жараша убакытты сарамжал пайдаланууну үйрөнбөсөңүз такыр эле жүдөп, чүнчүп кетесиз.

Күйөөм “солго бастыбы..” деп аябай шектенип кыжаалатмын...

Күйөөгө чыккам, балдарым бар. Чынын айтсам күйөөмө болгон ишенимим кетти, негедир ал мени чанып “солго баскандай” эле сезиле берет. Телефонунан бирөөлөр менен жазышканын далай ирет кармагам, улам эле бир шылтоолорду айтат да кутулат.

Исламда: паракорчулук - күнөө. Деги паракорчулук деген эмне өзү?

Суроо: Мамлекеттик мекемелерде кызматкерлер көп учурда кандайдыр “тейлөө акысы үчүн” пара алышат, мисалы алсак, төрөт үйлөрүндө. Кааласаң-каалабасаң “балама залал кылып коюшпаса экен..” деген ойдо тигилердин сураган акчасын бересиң. Мындай учурларда кандай кадам таштоо туура, дегеле мына ушундай аргасыздык исламда кандай каралган?