Articles

Орус православ уламасы Сергей Глаголевдин Ислам тууралуу түшүнүгү

Азыркы диний же саясый исламофобиянын (исламды жек көрүүнүн) тамыры кай жерде ? Учурдагы дүйнөлүк геосаясатта планетардык алкакта исламга динине каршы тренд атайылап удургутулуп, исламдын чыныгы өзөгү өтө бир ыплас бурмаланып жаткан кез. Кай бирөөлөр туш тараптан “мусулмандарга каршы калканч” түзүү керектигин айтып, сөз козгоп келишет.

Назым Байбосунов: Жапанда динди эле эмес, жеке оюңду же товарыңды зордоп, таңуулоо - бул кылмыш

Islamlife.kg порталынын суроолоруна Жапанда убагында Осака университетинин юридика факультетин бүтүргөн, он эки жылдан ашуун ушул мамлекетте жашап жаткан мекендешибиз Назым Байбосунов жооп берет.

Уланбек Ашырматов: Дин, билим жана тарых байланышында инсандын орду жана келечеги

Ислам, белгилүү өзгөчөлүктөргө ээ болгон диндин жана ошол эле учурда бул диндин тарыхтын агымы ичинде ортого койгон маданиятынын ысымы болуп эсептелет. Көпчүлүк учурда диндин ортого койгон маданияты менен дин чаташтырылып, айырма так туура түшүнүлбөй келет. Диндин өзүнө таандык белгилүү өзгөчөлүктөрү бар жана диндин бул өзгөчөлүктөрү тарых жараянында бир коомдо жүзөгө келген окуялардан айырмаланат.

Коомду сүрөөгө түрткү болчу исламий интеллигенциябыз жок...

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 2007-жылы Илим жана билим министри, 2008-09-ж.ж. КР Президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири, 2009-2010-ж.ж. КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп келген. Жакында эле ал РухЭш сайтына кеңири маек берген. Маектеги ислам дини темасында берилген суроого карата берилген анын жообун жарыялайбыз.

Үй бүлөдөгү бактылуу учурларды соцтармакка жар сала берүү туурабы?..

Жакында эле телефонумдагы интернет орнотмолордун (приложение) бирине бир хадис келиптир: “Менин үммөтүмдүн көпчүлүгү, Аллахтын жазмышы менен көз тийүүдөн каза болот”. Бул туурасында көп ойлондум, эмне үчүн көз тийүү кеңири кулач жайып, эмнеликтен анын кесепетинен адамдар каза болот деген маселенин айланасында баш катырдым. Анан мындай жыйынтыкка келдим: көз тийүүнүн массалык түрдө кулач жайышына – интернет жана соцтармактарга адамдардын жеке жашоосунун ар бир учурун жарыялай бергендиги башкы себеп болот экен.

КМШ өлкөлөрүндөгү ири мечиттер

Кезектеги фото-баянда КМШ аймагындагы (мурунку СССР) өлкөлөрдүн борбор калааларындагы (же өлкөдөгү ири мечиттер) мечиттер чагылдырылган.

Эмнеге менин досторум жок, эмне үчүн мен жалгыздыкта жүрөм?

Жашым 18де. Силерге айткым келгени, ушул жашка келип менде бир да ынак досторум жок, тек гана тааныш-тунуштар... Бул кадыресе эле көрүнүштүр балким, бирок мындай нерсеге аябай кыжаалаттанчу болдум.

Айжан Акылбекова: Дин мага эркиндик берип, алдыга бийик максат коюп, ага умтулууну үйрөттү

Islamlife.KG порталынын суроолоруна Кыргызстандагы аялзатын элечек кийүүгө үндөгөн бир катар долбоорлордун автору, “Оймок Арт” студиясынын негиздөөчүсү Айжан Акылбекова жооп берет.

Адегенде "үй бүлөлүк бакыт деген эмне?" деген суроого жооп табалы

Шамиль Аляутдинов - Орусиялык диний ишмер, Маскөөдөгү мемориалдык мечиттин имам-хатиби, ислам таметикасындагы көптөгөн илимий, диний китептердин автору. Төмөндө анын интернеттеги видео-лекцияларынын бириндеги үй бүлө темасында айткан баянынан алынган үзүндүнү сунуш кылабыз.