Articles

Уланбек Ашырматов: Жакыр, сабатсыз өлкөдө диний талаш көп болот...

ISLAMLIFE.KG порталынын бул жолку маектеши Уланбек Ашырматов. Ал Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин бүтүрүүчүсү. Учурда Түркияда Эржиес университетинин теология факультетинде социалдык билимдер институтунун Ислам философиясы бөлүмүндө билим алып, «Ислам философиясында ахлак жана экономиканын байланышы: Ибн Халдун мисалында» аттуу диссертациясын изилдеп жатат.

Азамат Абабакиров: Малайзия исламдагы араб маданиятын эмес, диндин түпкү өзөгүн алууга аракеттенет

ISLAMLIFE.KG порталы өлкөбүздөн сырт жакта иштеп, жашап жүрүшкөн Кыргызстандык мекендештерибиз менен байланышып, алар жашаган мамлекеттеги ислам дини, мусулмандардын абалы тууралуу маектешип турмакчы. Кезектеги маектешибиз 3 жыл Сингапурда, 6 жыл Малайзияда жашап, азыркы убакта Шри Ланкада жашап жаткан Азамат Абабакиров.

Дүйнө жүзүндөгү Рамазандын (Орозонун) фото-сүртүмдөрү.

Орозонун башталыш күнү ар жылы өзгөрүп турат. Рамазан айы дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар үчүн өтө маанилүү, орчундуу, ыйык майрамдардын бири. Мусулмандар орозону 30 күн бою кармашат.

Жумушуңуз Кудайга жагаарлык майнаптуу, ихсандуу болсун десеңиз...

Ар бирибиздин маңдайга жазган ишибиз, күндө барып келчү жумушубуз бар. Ишибиздин тээ түбүнө жуурулушуп, майда-чүйдөсүнө чейин тер төгө иштеп, ары чуркап, берки чуркап күндө ошол жумуштун шарында күжүлдөйбүз, кай бирибиз ипотеканын акчасын төгүшүм керек эле деп, бир эмес, бир, эки, балким үч жумушта майыша иштеп, баарына жетишүүгө аракет кылып, эгер соодада иштесек, кардарлардын баарынын көңүлүн табууга жандалбастап, айтор жумуш, карьера, айлык акы, акча – мунун баары бизге буюрулган кадыресе нерседей, ушунун баарын өзүбүз кылып жаткандай кээде компоебуз, кээде баарын кыйратып салгандай керсейебиз. А чынында, кандай иште иштебейли, эмне кесиптин ээси болбойлу – ал иш, жумуш Алланын бизге берген нематы, “ушул пендем өз жанын, бала-чакасын баксын” деп берген мүмкүндүгү экенин элес албайбыз...

Кадыр Маликов: “Ажал мандайга жазылган..” деп алакан жаюу туура эмес...

Суроо: - Ар адамдын ажалы тагдырына жазылган секундунда келет, андан эч ким качып кутула албайт делинет. Эгер өлүм качан, кайсы күнү,канчанчы секундада алдын ала эле ар кимдин маңдайына жазылып коюлган болсо, тууган-туушкан, жакындарга узун өмүр каалоонун кереги барбы?

Тимур (Гази): Пайгамбардын (САВ) заманындагы окуялар дагы кайталанганы турат...

“Мен – мусулманмын, ырас андай болгон соң: Кудайым –Аллах; диним – ислам; пайгамбарым – Мухаммад (САВ); жол көрсөтүүчүм –Куран жана Пайгамбардын (САВ) сүнөттөрү; максатым – Бейишке кирүү; алдыда жасачу ишим – исламий инттеллектуалдык ыкманы иштеп чыгуу”. “Живой журнал” басылмасына берген маегинде Тимур (Гази) ислам динине болгон мамилесин мына ушундайча туюнтат.

Артур Артемьев: Никабка тыюу салбоо керек, кудайга ишенбегендер мыйзамдык коргоого муктаж эмес

Казакстандык белгилүү дин таануучу, профессор Артур Артемьев Казакстанда никаб кийип жүрүүгө тыюу салган мыйзамга каршы экендигин билдирди. Ошол эле учурда ал “никаб казак улуттук салтына төп келбестигин, болгону терс реакция жаратаарын” кошумчалады.

Сириялык сүрөтчү дүйнөлүк лидерлерге качкын кейпин кийгизди

Белгияда качкын катары жашап жаткан Cириялык сүрөтчү Абдалла аль-Омари, бир нече картиналардын циклин тартып, ал сүрөт сериясында бир катар дүйнө лидерлерин качкындын кейпин кийгизген.

Мухаммед Пайгамбар (САВ) Рамазан айынын акыркы 10 күнүн кантип өткөргөн?

Рамазан айнынын соңку он күнүн акырлап баратабыз. Дегеле Орозо айы ичинде көп сооптуу, пайдалуу нерселерди жасап үлгүрсөк болоор эле, бирок үлгүрбөй калганыбызды эми баары бир артка кайрып аны кайрадан жасап жибере албайбыз. Ошондой болсо да алдыда бир аз убакыт бар. Ошол "бир аз убакыт" деген аралыкта жакшы кадамдарды таштап, тозок отунан куткара турган иштерди жасоого мүмкүндүгүбүз бар.