Articles

Апама дайыма жаман сөздөр менен бир тием, жек көрүп, ачууланып кагып-силкем....

Дайыма эле апамдын сөздөрүн уксам эле ачуум келип, жаман көрүп, сиркем суу көтөрбөй зиркилдеп турганым турган

Корей мусулмандары - маданият менен диндин суктанаарлык айкалышуусу

Мен түшкөн учак дүйнөдөгү эң заманбап аба майдандарынын бири - Инчхон аэропортуна конгондо денем рахатка курчалып, жыргалга балкый түштүм. Германиянын жараны катары өлкөмдөн сыртка чыгып, башка алыс мамлекетке сапарга келгеним үчүн гана эмес, ушул сапарымда кандайдыр керемет жаңылыктар, мен укпаган,билбеген нерселер болот деген таризде толкунданып жаттым окшойт.

Кудайга шүгүр, дагы бир күндү көрдүк...

Ошентип дагы бир күн башталууда... Күндүн чыгаары менен кайра эле көртирликтин шарына аралашып, пенделик ташпиш менен тең тегеренип, талашкан менен талашып, таарынганга таарынып, баягы күндөлүк айланкөчөктүн парасына кайрадан чарк айланабыз. Кылкылдаган адамдардын арасында кыпылдап жүрүп алып, ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШ деген чоң майдандын эрежесине моюн сунуп жанталашканыбызды ар кимибиз астыртан сезгенибиз менен аныбызды дайыма эле моюнубузга ала бербейбиз.

Максат ажы Токтомушев: Инсан унутчаак, дайыма бир бирибизге Алланы эстетип туралы...

Бир бирибизге кээде текеберленебиз, зулумдук кылган учурларыбыз да болуп калат. Бирок Аллах таала эстетүү үчүн пендеге немат берген. Ал Курани карим. Куранда Алла таала Пайгамбарыбызга (САВ): “Сен эскерт, эскертип тур”-деген. Эскертүү – ыйманы бар адамга сөзсүз пайдасы тиет. Ыйманы жок адам го эми, анын ыйманы жок,..а ыймандууга эскертүүнүн пайдасы болбой койбойт.

Тарбия же апага айланган мугалим баяны.

Жаңы класс жетекчи бешинчи класстын окуучуларына алгачкы сабагын берип баштайт. Ал ушул сабагында өмүрүндө биринчи жолу жалган айтат. Жалганы эле ушул, “мен баарыңарды бирдей жакшы көрөм!” деп балдардын көңүлүн алганы. Тээ арт тараптагы партада ар убак ойго баткан, түнт, эч кимге сүйлөгүсү келбеген Жоомарт аттуу окуучу олтураар эле.

Мыктыбек Арстанбектен 5 кеңеш: Соцтармактагы адеп.

Буга чейин деле Исламга жана мусулмандарга ар кандай мүнөздөгү жамандоолор, маскаралап, кемсинтүүлөр ФБ жана башка соц.торлордо байма-бай чыгып келген. Бирок, ушул жылдын ыйык Рамазан айындагы "чабуул" өзгөчө маанай менен башкача деңгээлге чыкты.

Германия. Келн. Жаңы ажайып мечит курулду.

Германиянын Келн шаарында Борбордук мечит ачылды. ( DITIB-Zentralmoschee Köln, Merkez-Cami). Мечит осмон-архитектуралык стилинде курулду. Мечиттин үстүнкү кээ бир бөлүктөрү айнектүү дизайн менен кооздолуп, эки тарабында эки 55 метрлик кооз мунара турат.

Светтикпиз дегендер мусулман лидерлерин күнөөлөп, өздөрү олтурган бутакты кесүүдө...

Нарындагы Агахан университетинин студенттерине байланышкан жакындагы эле окуянын чуусу кыйла чуулдап кетти окшойт. Интернеттеги соц тармактарда ар кыл ойлор айтылып бул тема жакшы эле боркулдап кайнады. Азганактай гана адамдардын “ошолорду сабап туура кылышты” деген пикирлерин эске албаганда, соцтармак колдонуучулардын көпчүлүгү Кыргызстандын атына көлөкө түшүргөн бул окуянын каармандарын, токмоктоочуларды аябай сынга алышты.

Төрөтканада алмашып кеткен ымыркайлар Куран аркылуу энелерин табуусу тууралуу баян

Американын төрөтканаларынын биринде эки аял бир учурда , бирөө уул, экинчиси кыз төрөйт. Медкызматкерлердин кайдыгердигиненби, айтор эки ымыркайды бир бири менен алмаштырып алышат. Андан кабардар болушкан эки эне тең “мен төрөдүм” деп кызга эмес, уул ымыркайга жулуна беришет.