Articles

Мен аны сүйөм, бирок ата-энеси каршы...

Мени аны такыр эле унута албай койдум… Негизи, ал жигитти сыртынан таанычумун, ал да мени билчү. Бир күнү жөн эле көчөдө бейкапар баратканда кокустан жолугушуп калдык... Өтө бир ынак, бир бирин көрмөйүн куса болуп кетчү жакындарга айланып кетебиз деп оюма эч келбептир... Телефон чалышып, сүйлөшүп жүрдүк,.. күндөрдүн бир күнүндө “менин жубайым болчу..” деп сунуш кылбаспы...

Максат ажы Токтомушев: Аллах инсанды эмне үчүн жаратты?

Аллах баарыбызга чектелген гана өмүр берген, канчага чейин чектелген – бир жылбы, бир айбы, он айбы, жүз жылбы,.. бул Аллахтан башка эч кимге белгисиз. Чектелген өмүрдө Аллах сыноосун жүргүзгөн, ал сыноодо инсан түбөлүктүү Бейишке татыктуу болобу же түбөлүк тозокко татыктуу болобу деген башкы суроо турат. Инсандар түбөлүктүү Бейишке татыктуу болсун деп Аллах өкүмдөрдү берген, асмандан Китептерди түшүргөн, маал маалы менен Пайгамбарларды жиберип турган. Жана пайгамбарлардын мөөрү, ааламдын мээрими, эки дүйнөнүн таажысы, Кыямат күндүн шапаат кылуучусу, Алланын эн сүйкүмдүү, эң жакын пендеси - акыркы пайгамбар Мухаммед Пайгамбарды (САВ) сиздер менен биздерге Кыямат күнгө чейинки жашачу инсандардын баарына, бардык эл, бардык, коом, баардык улут, баардык урууга жол башчы кылып 24 саатта инсан кандай өзүн алып жүрүшү керектигине Пайгамбарды (САВ) үлгү кылып жиберди.

Чубак ажы Жалилов: Өлкөбүздө даават менен дин өнүгүп жатканда дааватты дааваттай сактап калалы!

Суроо: Дааваттын тартибине баш ийбей, урууксаат кагазы жок даават жүргүзгөндөрдү кандай кылабыз?

Мудараба деген эмне же мусулман адам кантип миллиондук киреше таба алат?

Бу тирүүлүктөгү турмушту бүтүндөй багыттап турган система катары ислам адамга Аллахка кантип сыйынуунун так жол-жоболорунан тартып, соода-экономикалык байланыштарды кандайча жүргүзүү керектигине да конкреттүү багыттарды берет. Ислам алкагынан караганда таптакыр тыюу салынган каржылык макулдашуулардын, операциялардын түрлөрү бар. Ошол эле учурда Аллахтын элчиси-Мухаммед (САВ) пайгамбар жана аны жандаган сахабалар өз маалында турмушунда кадимкидей колдонгон соода келишимдери болгон.

Ислам, мыйзам жана мамлекет

Ислам мамлекети… Бул сөзгө, ушул сөздүн түпкү маанисине эмне деген гана кептерди айтышпады. Ким бирөөлөр үчүн бул – Орто кылымдардагы катаал жазалоолорду колдонгон, адамдардын каалаган нерсесинин баарына тыюу салган сакалчан, чектен чыга динге берилген жанкечти фанаттарды тобу имиш. Дагы башка бирөөлөр үчүн бул качандыр бир кездерде болгон, а биздин азыркы жашоодо такыр ишке ашпаган бир жомок экен.

Зынакорлук - чоң күнөө

Сонку учурдагы аборттордун көбөйүшү, бойдон алдырып ымыркайларды таштап кеткен мисалдар, мыйзамсыз төрөлгөн балдардын арбышы – ушунун баары Батышты туурагысы келген, ошолордун изи менен баскысы келген умтулуунун, көптөрү чаңкап жүргөн “эркиндиктин” жемиши.

Исламды сөзсүз эле күбөлөрдүн көзүнчө кабылдоо шарт эмес

Урматка татырлык шейх Мухаммад Салих аль-Мунаджидге тиешелүү сайттагы “Ислам: суроо-жооп” бөлүмүнө жарыяланган фатванын котормосун сунуш кылабыз.

Илимий акыйда: Белгисиз имамдын артынан туруп намаз окуу

Бардык мактоолор жалгыз гана Аллахка, тынчтык жана шүгүрлөр бу дүнүйөгө жиберилген элчилердин төрөсү Мухаммедке (САВ) болсун! Имам Ибн Хазм мындай дейт: “Сен бизге көп күн бою мазхабы белгисиз имамдын артынан туруп намаз окуган кайсы бир адам тууралуу айткан элең; Аллах бизди жана сени Өзүнө жакындаткан, ыраазы болгон илимдерге жана иштерге багыттасын. Бул маселени иликтеп, чукулоону, адамдардын мазхабын териштирип, алардан такып суроо жаңылыгын харижиттер киргизген; Аллах бизди жана сени мээримине алсын». (Расаиль Ибн Хазм, том 3, 207 бет)

Кайгырба

Кээде ушундай бир учурлар болот, айланаңда болуп жаткан иштин баары эле сага каршы, сага тетири багытталып жаткансыйт. Бир сыноо бүтсө экинчиси башталып чүнчүтөт. Андай учурларда адамдардын көбү кайгыга батып, “эмнеге ушундай болуп жатат?” деп өзүндө болуп жаткан ал-ахвалга нааразыланып көңүлү чөгөт.