Аалымдар бурчу

Абдишүкүр ажы Нарматов
  • 05 Кулжа 2017
  • 0
  • 536

Абдишүкүр Нарматов: “Лаа илаха иллалох” тууралуу сөз

Ассаламу алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху! Лаа илаха иллалох келмесин айтып кээде Алланы эстеп зикир кыламын. Сиздерден да сураныч, кээде бала-чакадан, өмүрлүк жолдоштон, бул дүйнөнүн азгырыктарынан бөлүнүңуз да, өзүңүздүн бөлмөңүздө болсун, бакчаңызда болсун, бир жерде олтуруп Алланы зикир кылыңыз.

“Лаа илаха иллалох” келмеси менен өмүрүмдү өткөзүүгө Алланын астында жана силерге сөз берем! Аллахым силерди да ушул келиме менен өмүр өткөзүүнү насип этсин! “Лаа илаха иллалалох” келмеси менен Алла менин күнөөмдү кечирет, силер да бул келмени көп айткыла, Алла күнөөңөрдү кечирсин!
 
Өмүрүм бүткөн кезде мүрзөгө да ушул келме менен кирүүгө ниет кылам. Аллах баарыбызга жан берээр кезде “Лаа илаха иллалох, Мухаммадур расулуллох”  келмесин аманат алууга ниет этсин. Раббиме жолугууга мына ушул келме менен жолугууга Аллах насип этсин. Бул келмени көп айnкыла, ушул келмени айтып Жаратканга жолукканга ар бириңерге насип этсин!
 
Муса алейхиссалам: “Эй Аллах, мага бир келме үйрөткүн, сени эстеп зикир кылайын!,-деп Алла тааладан сурайт. Аллах: “Эй Муса, мени эстегиң келсе, лаа илаха иллалkох дегин!”-дейт. Анда Муса (а.с.): “Эй раббим, бул келмени баардык адамдар айтат, мен сени менен түзмө түз сүйлөшкөн пайгамбармын, мага башкасын үйрөтпөйсүңбү”,-дейт. Аллах: “Өзүмдүн Жалгыздыгыма, Улуулугума ант ичем! Эгер Лаа илаха иллалах келмесин таразанын бир тарабына коюлуп, жети кабат асман, жети кабат жер таразанын экинчи тарабына коюлчу болсо, анда Лаа илаха иллалах келмесинин салмагы  оор келет!”,-дейт.
 
Лаа илаха иллалах келмесин айтып көрсөңүз, эриниңиз эриниңизге тийбейт, бул жүрөктөн чыга турган келме, ыклас менен айтылчу келме. Пайгамбарыбыз (САВ): “Ким чын дилинен, чын ыклас менен (эл көрсүн, кожо көрсүн үчүн эмес, бирөөдөн мактоо үчүн эмес) лаа илаха иллалох келмесин айтса, анда ал Бейишке кирет”,-деп айткан.  “Кимдин бул дүйнөдөгү акыркы келмеси “лаа илаха иллалах” болсо,  ал бейишке кирет”,-дейт Пайгамбарыбыз (САВ).  Бирок, урматтуу бир тууганым, “лаа илаха иллалох” деп жан берүү оңой нерсе эмес...
 
Устаздарыбыздын бирөөсү Египеттик устаз бир окуяны айтып берди:  “Кувейттеги конференцияга катыштым. Конференцияга катышып болгон соң самалетко олтурдум. Кувейт,Саудия мамлекети ислам аалымдарын өтө сыйлап, ошондой чоң чогулуш-конференцияларга чакырганда самалетко сөзсүз бизнес класстагы билеттерди алып берет экен. Бизнес класттагы орундугумда олтурсам, учакка бир дипломат көтөргөн жигит кирип келип, дипломатына көбүрөөк көңүл буруп, аны аздектеп жогору жакка коюп, жаныма олтурду. Самалет ордунан жылып жогоруга көтөрүлгөндөн  10-15 мүнөт өтпөй, жанымдагы баланын тамагы керкиреп жан берүүгө даяр болуп калды. Анын колунан кармап лаа илаха иллалохту айтып жаттым”,-деди. 

Пайгамбар (САВ) : “Каза болуп жаткан адамга лаа илаха иллалохту айтып эскерткиле”,-деген. Жаны чыгып жаткан адамга “ушуну айт” деп буйрук бербейсиз, тек кулагына айтып турууңуз керек, анткени жан берип жаткан адам суусайт, кыйналат.
 
Амр ибн Ас деген сахаба “Ар бир жан өлүмдүн даамын татат” деген аятты окуп, ошол улуу сахаба, Египетке исламды алып барган сахаба “Жан берүү кандай болду экен?” деп билгиси келет.   Эми карап көрсөң, жан бергендин кандай болуусун жан берген адам айтып бериши керек да туурабы? Амр ибн Ас өзү каза болгон соң баласы аны түшүндө көрүп: “ Ата, жан берүү кандай экенин билгиң келет эле, мына жан бердиң, аманатты Аллах алды, айтчы, жан берүү кандай экен?”-деп сураганда, атасы Амр ибн Ас: “ Эй балам! Жети кабат асман үстүмдөн басып калгандай болду, ийненин тешигиндей көзөнөктөн дем ала албаган сыяктуу  кыйналдым, канаттууну боркулдап кайнап жаткан майга салып кууругандай куйкаланып жан бердим!”-дейт. Жан берүү оңой эмес!..
 
Адам жаны үзүлүп жатканда чаңкап, таңдайы катып турганда шайтан келип: “Чаңкооңду кандырчу суу беремин, дин жалган, Куран жалган дегин, Аллага ширк келтиргин, шерик кошкун!”-деп азгырат. Ошон үчүн жаны чыгып жаткан адамдын эриндерине суу тамызып, кулагына “лаа илаха иллалох, Мухаммадур расулулох” деп эскертип туруңуз.
 
Эми жанагы самалеттогу окуяны улантайын. Жанагы жаны үзүлөөр-үзүлмөксөн болгон жигит устазга жаңсап үстү жактагы дипломатымды алып бериңиз дегенден сөөмөй менен, көзү менен ымдаптыр. “Дипломатында бир байлыгы, акчасы бар окшойт..”-деп сездим дейт устаз, бирок жаны үзүлмөк болуп жаткан адамдын колунан кармап “лаа илаха иллалох” десе деле болбой, тигил  дипломатты алып бер дегендей белги берет.  Лаа илаха иллалох деп колунан кармап тура бергенде тиги дипломаттын ээси дагы деле ошол дипломатын ойлоп “алып бер” дегендей кылат. Акыры устаз: “Балам! Сен азыр ал дипломатка эмес, лаа илаха иллалох, Мухаммадур расулуллохко муктажсын, айткын ушул келмени!”-дегенде тигил киши болбой эле үстү жакка жаңсаганынан, устаз ордунан туруп айтканын  алып бергенде киши дипломатын кучактаган бойдон тамагы кайра-кайра кырылдап келмесиз жан берет. Эми айтыңызчы, бир тууганым, дипломаттын пайдасы канчалык эле, пайдасы барбы?!
 
А  кээ бирлерибиз “лаа илаха иллалах, Мухамадур расулуллох” деп айтканга тилибиз келбейт дегендей кылышат, тилди үйрөтүүбүз керек туугандар! Түнү-күнү, турганда, басканда, жатканда бала-чакаңызга ушул келмени айтып жүрүүгө  үйрөтүңүз, ушул келме менен жашоону баарыбызга  насип этсин!
 
Дагы бир баштан өткөргөн эле мисалды айтайын. Египетте окуп жүрөбүз. Кээ бир жигиттерди  тээ кичинесинде  сүннөткө олтургузган экен анысы чала болуп калыптыр, мен өзүм ошондой эки баланы жетелеп врачтарга алып барып  "сүннөткө олтургузуп койсоңуздар",-деп сурандым. Экөөнө тең  “местный наркоз” беришти, анан биринчи жигитти (ал 25 жашта) сүннөткө олтургузуп баштаганда, арабча билбейт, орусча өскөн экен, орусча келиштире сөгүндү. Мен сөгүнбөө керектигин айттым, айткыча болбой наркоздун таасиринен уктап калды. А экинчи жигиттин кезеги келе элек болчу, ага: “Аят аль Курсини окуп тур, лаа илаха иллалох, Мухаммадур расуруллохту айтып турсаң наркоздон да жеңилдик болот,ооруну сезбейсиң”,-деп кеңеш айттым. Куранды жаңы эле үйрөнө баштаган экен, келмени калтырап- титиреп айтып жатып доктор келгиче наркоз таасир этип уйкуга кетти. Экөөнүн жанында карап олтурап, наркоз тарады окшойт, жанагы биринчи жигит ойгонгондо  орусча сөгүнүп, тилденип, оозуна келген уят сөздөрдү айтуу  менен  ойгонду. Экинчи жигит болсо “аллаху лаа илаха иллаху аль хаюуул кайюуум...” деп Аят аль-курсүнү  айтып ойгонду. Демек, акыркы сөзүң эмне болсо, эмнени айткан болсоң ошону менен турасың.  Жогоруда эки мисал айттым.
 
Үчүнчү мисал, мен өзүм Баткенге ата-энемден кабар алганы, зыяраттап барып калганда  7 жашка толуп-толбогон кызым апендицит болуп калды.  Наркоз беришти, анын таасири боло электе операцияны баштап жатканда кызым улам врач эмне кылып жатты экен деп моюнун созуп карай берди эле, врач медсестраларга “алаксыткыла” деп жаңсап, алар колдорун булгалап “лалай..лалай!” деп  алаксытышып , акыры кызым уктап кетти. Операция бүткөн соң наркоз тарап кызым көзүн ачып, уктаарга жакын эн соңку уккан, медсестралардын “лалай-лалай!”  деген сөздөрүн  айтып ойгонду.
 
Урматтуу  мусулман бир тууган! Эгер “лаа илаха иллалох” келмеси менен жан берсең,  мүрзөдө Аллах аманатты жаныңды кайра берген кезде,  Мункар жана Накир башыңда олтурган кезде “лаа илаха иллалох, Мухаммадур расулуллохту” айтып көзүңүздү ачсаңыз, Мункар жана Накир  сурак суроосун бербестен, суроолорго жооп берди дешип, сизге Бейиштин эшиги ачылат. Баарыбызга ушул келме  насип этсин!  Амин! 


Абдишүкүр ажы Нарматовдун хутбадагы  оозеки сүйлөөсүндөгү мазмуну, стили толугу менен сакталды. 

13.05.2016. Базар-Коргон – Жума баян. 

Жазууга түшүргөн:   ISLAMLIFE.KG





 

Facebook Пикир