Аалымдар бурчу

Isl050
  • 11 Кулжа 2017
  • 0
  • 488

Абдишүкүр Нарматов: Өмүр канча узун болбосун мүрзөгө кирээр күн бар...

Хадис илиминде хадисти эң көп айткан Абу Хурайра, экинчиси Абдуллох ибн Умар , үчүнчүсү Айша энебиз болгон. Мына ошол Хазрети Умардын баласы Абдуллох ибн Умарды Пайгамбар (САВ) мүрүсүңөн кучактап кармады да “Эй Абдуллох, бул дүйнөдө сен чоочун же жолоочу сыяктуу болгун”,-деди.

Биз бул жердин ээси, таргөйү эмеспиз. Чоочун адам өтөт, кетет; жолоочу адам да кетет. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (САВ)  Абдуллохко жогорудагы сөздү айтып жатат “бу дүйнөдө чоочун, жолоочу сыяктуу бол” деп.  Урматтуу мусулман бир тууган, сиз да бул дүнүйөдө жолоочусуз, чоочунсуз. Силер да мына жума намаз окуганы келдиңер, мен да бул жерге келдик, кайра кетебиз, баарыбыз чоочун адамбыз. Тиги сөздөрдү Абдуллох укту да,  эгер таң атса кеч кирүүсүн күтпө, кеч кирсе таң атуусун күтпөгүн, ден соолугуң барбы, ооруп калчу күнүңө ибадат кыл, жашап жаткан кезиңде өлө турган кезиңе, мүрзө үчүн бир амалдарды аткарып жашагын.
 
Курандагы Хашр сүрөсүнүн-18 аятында: “О Аллахтын бардыгына ыйман келтирген пенделер,ар бир ыймандуу пенделер эртең акыретке эмне амалдарды кылганыңар тууралуу назар таштагыла”-дейт.  Ыйманыбыз болгон болсо Алла бизге - ыймандууларга кайрылып жатат. Акыретке эмне кылдык? Бу дүйнөбүздү өтө кооз кылдык,үй салдык, там салдык, ашкана салдык, бирок акыретке эмне кылдык? “Аллахтан корккула, Аллах баардык иштериңерден кабардар”-дейт сүрөдө.
 
Түн канча узун болбосун, таңдын атуусу бар. Өмүрүң канча узун болбосун мүрзөгө кирээр күн бар. Бул дүйнө сааттардан, мүнөттөрдөн, секунддардан турат, ошол убакыттарыңды Кудайга тообо кылуу, ибадаттар менен өткөз. Инсандын напсиси тойбойт.  Напсиңди каниетке үйрөт.
 
Ислам аалымдарынын бирөөсү мындай дейт: “Дос издегенге Кудай жетишээрлик, душман издегенге напсиң жетишээрлик”. (эгер Кудай досуң болсо эч ким душман боло албайт, Кудайдан артык эч ким дос боло албайт. бу дүйнөдө кээ бир достор бар, ишиң жүрүшүп турганда, колуңдан иш келип турганда , байлык-бийлигиң болсо, күн тийип турган кезде көлөкөң сымал жаныңда жүрөт.  Бирок дүйнөң караңгы болуп, колуңдан бийлигиң , байлагың кеткен кезде, караңгы киргенде көлөкө жоголгондой жоголуп кетишет) Эң чыныгы дос – Аллах.  А эн биринчи душманың напсиң, напсиңди жеңсең, эч ким сага душман боло албайт. Байлык издегенге – каниет жетишээрлик.  Бир нанын болсо да каниет кылсаң анда бай адамсың. Каниет кылбаган адамга Кыргызстанды карматса да тойбойт. Адам баласынын көзүн эки метр казылган гөр, топурак тойгозот. Төрөлгөндө баарыбыз болгондо алтымыш сантиметр жерге муктажбыз, өлгөндө 2 метр жерге жатабыз, ал да буюрганга буюрат.
 
Бир кыстырма айта кетейин, кээ бирлерибиз ата-энесин карабастан, бала-чакасын бакпастан, чоочун жактарга – Сирияга барып мусулмандарга каршы өзүн жардырып жаназа буюрбастан, эки метр жер буюрбастан өтүп кетип жатышат. Сенин негизги жихадың- ата энеңе кызмат кылуу, бала чакаңы багуу, өз диниңе, жериңе кызмат кылуу.
   

13.05.2016. Базар-Коргон – Жума баян. 

Жазууга түшүргөн:   ISLAMLIFE.KG



 

Facebook Пикир