Аалымдар бурчу

Isl052
  • 11 Кулжа 2017
  • 0
  • 568

Абдишүкүр Нарматов: Өзүн такыр өлбөстөй сезгендерге айтчу сөз...

Пайгамбарыбыз бизге эки насаатчы таштап кетиптир. Бирөөсү – дайым сүйлөгөн кереметтүү Куран. Экинчиси унчукпаган, үндөбөгөн насаатчы – Өлүм. Кимде ким өзүнө сабак болуучу нерсе издесе ошол өлүм жетиштүү. Канчалаган кыйындар, байлар, менмин дегендер өлүп кетишти...

Бүгүн үйгө барганда ар бириңер  бир дептер алып, сиз тааныган-билген  аркы дүйнөгө өтүп кеткен адамдардын тизмесин жазсаңыз бир дептер аздык кылат. Демек, ошончо көп адам өлүп кеткен болсо, сени менен мен өлбөй калабызбы?
 
Тилекке каршы,  көп инсандар өлүмдөн насаат албай жатабыз. Куранда Каф сүрөсүндө 45-аятта айтылат.  “Эскерткин, азаптан корккондорго Куран менен эскерткин. Эскертүү ыймандууларга пайда берет” дейт.  А ыймансызга мунун пайдасы жок, ага айтсан дубалга айткан менен барабар. Учурда көп адамдар кулагы укса да дүлөй болуп алышкан, көзү көрсө да көр болуп алышкан. Алар дүнүйө менен алек. Өлүм  ак дейбиз, бирок көбүбүз өлүмдү көргүбүз келбейт. Дүйнө менен алек болгондор да “өлүм башкаларга келет мага келбейт”  дешет.  Кээ бирлер кыйын болуп 34 намазды каза кылып, жума күнү бир ирет намазга келип коет. Айрымдар 364 күн мечиттин жолун билишпейт, бир гана жолу Айт намазга келип коет. “өлүм ак дешет, бирок мен өлбөйм” дешет алар. Намаз оку, ибадатка кел, Кудайдан корк,-десең,  “..куда кааалса, бир аз пенсияга чыгайын...анан.” дейт. Пенсияга чыгаарыңа ким кепилдик, гарантия берди?
 
Урматтуу бир туугандар, айрыкча жаштар, эн жакын мүрзөңөр кай жерде, ошол жерге жетелешип баралы эле ал мүрзөдө “чалдарга, кемпирлерге” деген жазуу жок. Ал жерде наристе да, эркек да, аял да, жаш да , кары да, бай да, кембагал да жатат, ажал эч кимге эч нерсесине карабайт.  Үн чыгарбаган, унчукпаган насаатчы – өлүм дедик. Балким азыр мына арабызда кычырап, кыйын болуп бирөө олтурат, тирүү , күлөт, сүйлөйт, басат, жүзү жарык, даарат алган нурдуу, а бирок  ажал келген кезде денеси катып калат, согуп турган жүрөк токтойт, дем да албай калат, алган дем чыкпай калат, тилиңиз сүйлөбөй тилден каласыз, кулагыңыз укпай дүлөй болуп каласыз, көз көрбөй  сокур болуп каласыз. Эң  жакын көргөн жакының, эң жакын өмүрлүк шеригиң жаныңа келе албай калат, анткени денең сасып кетет.   
 
Кээ бир жаназаларга  барып калганда,  “атаңды жууганга кир” десем, балдары киргизси келбей калат. Урматтуу мусулман бир тууган, ата-энебизди өз колубуз менен мүрзөгө коелу. Аталарыбыз каза болгондо өзүбүз жууйлу. Денеден жан чыккан соң  инсандын курсагын бир аз басканда арт жактан  нажасат чыгып кетет, андайда чоочун адам жийиркенет, жийиркенип таза жуубай койсо, жаназада гусулу жакшы болбой калат.  Анан кээлери кыйын болушуп “көр казгычтарга акча бергем, ошолор койсун” дешет, эй, алпештеп өстүргөн атаңды өз колуң менен көм. Энең сен үчүн махрам, энеңди өз колуң менен кой. Эже-карындашынды өз колун менен кой.
 
Мусулман бир тууганым, бир нерсени унутпа,  мүрзөгө бүгүн бирөөнү көтөрүп барсаң, эртең сени башка бирөөлөр көтөрүп барат... Пайгамбардын (САВ) эки нурлуу кызына үйлөнгөн (бир кызынын көзү өткөндө, экинчи кызына үйлөнгөн) Усман  мүрзөгө табытты көтөрүп барып а кайтканда аны  адамдар табытка көтөрүп келчү, анткени мүрзөгө барганда көп ыйлачу экен. Ал мүрзөнү көрүп, коркуп “бул жерге киргенде абалым кандай болот..” деп шолоктогондо “Эй Усман мынча боздоп ыйлайсың?”-дешкенде Пайгамбар (САВ): “Мүрзө акыреттин биринчи тепкичи,мүрзөдө ийгиликке жетсең калганы жеңил болот. Мүрзө же бейиштин бакчасынын бир ажайып  бакчасы, же тозоктун бир терең чуңкуру”-дейт.  Бейиш ким үчүн?  Лаа илаха иллалох, Мухаммадур расулуллох” менен жан берип, мына ушул келме менен жашап, мына ушуну менен бала-чакасын тарбиялап , ушул келме менен жашап өткөн, ушул келме менен тирилген , ушул келме менен жан бергендер үчүн мүрзө – бейиштин бир бакчаларынын бир бакчасы.   Бул келмени айтпаган, атын өчкүр аракка кул болгон, кумардын, дүнүйөнүн, напсисинин  кулу болгонго мүрзө – Тозоктун чуңкурунун бир чуңкуру болот.


Базар-Коргон. Жума баян   13.05. 2013

Жазууга түшүргөн:  ISLAMLIFE.KG



 

Facebook Пикир