Аалымдар бурчу

Isl053
  • 11 Кулжа 2017
  • 0
  • 572

Чубак ажы Жалилов: Аксакалдар, айтчу сөздү айтпайсыңар, анын кесепетинен адамдар бузулуп,бүт айылды көчкү алып кетүүдө...

Суроо: Өзгөндүн Түз-Бел айылында үч адам отуз жылдан бери арак сатат. Биз токтото албадык эми эмне кылсак болот?

Жооп:
 
Кудайым өзү токтотуп коет, бир күнү көчкү алып ошо көчөгө токтоп калат. Магазин-пагазин, үй-пүйү менен кетет. Эми эмне дейбиз?...Отуз жылдан бери токтобосо Аллах ынсап берсин... Бирок ал өзү эле эмес, (көчкү болсо) жанындагысын кошуп кетет да.
 
Илгери Аллах таала периште жибериптир бир айылга, ал айыл өтө бузулуп кеткен, ошол жерге барып келгин деп. Периште баягы айылга келсе, мечитте селде оронгон эшен олтуруптур, зикир кылып, кайра-кайра теспе тартып, улам намаз окуйт дейт. Периште аны көрүп, Аллах таалага кайра барып: “Алла таалам, ал айылда чон аалым бар экен”-десе, “Ошол аалымды биринчи жуткур”,-дептир.  Демек (ошо айылдын аалымы болуп туруп) ал элге кебин айткан эмес.
 
Мына аксакалдар олтурасыңар төрдө, силер элге барып айтпайсыңар. Анткени тигинин пулу бар, иши бар, той болсо тойго чакырбай коет, элден чыгарып коет. Кадыр барктуулар барсыңар бирок айтпайсыңар. Ошо көчкү болгон жерде жакшылар жок беле, бар болчу; намаз окугандар бар беле, бар болчу. Кечээ көчкү алган үйдө намазкандар жок беле, бар эле. Балээ болсо бир эки адамды эмес, башка жакшыларды  кошо алып кетет,  анткени ал жакшылар тегерегине жакшылыгын тийгизген эмес. Ошон үчун айтуу керек, “элден бөлүп коебуз” дегенди да айтуу зарыл, керек болсо! Үч адамдын жаны кеткени жакшыбы, же айылдын баары кеткени жакшыбы? Үчөөнүн кеткени жакшы. “Бар ошол бузула турган жерге кете берсин”-деп эл айтып бөлүп коюшу керек жамандарды!  Анткени арак сатуу арам!


Өзгөн р-ну, Түз-Бел айылы
25-май, 2017-жыл

Тасмадан жазууга түшүргөн:  ISLAMLIFE.KG
 

 
 

 

Facebook Пикир