Аалымдар бурчу

Isl055
  • 11 Кулжа 2017
  • 0
  • 548

Чубак ажы Жалилов: “Молдо мага эмне кылды..»- дейбиз, а биз молдого эмне кылдык?!

Суроо: Имамдар мечитке жума күнү гана келет, шарыятта ушундай айтылганбы?

 
Жооп:
 
Жок, шарыятта антип айтылган эмес. Шарыят боюнча имам да, имамдан башка да мечитке дайыма келиши керек. А бирок кыргыздар ушундайбыз, догуруп көнүп калганбыз да. Мамлекет качан берет, качан мага эмне кылат..-деп олтура беребиз. Ошол сыяктуу “молдо эмне кылат?” деп олтурабыз, а “мен эмне кылам” дегенди ойлонбойбуз. Ошол молдонун курсагын тойгуздумбу, молдонун да катыны, бала-чакасы бар, молдонун курсагы бар,  а түгүл чоңураак курсагы бар,..меникиндей болгон.
 
Чакырганда молдо келсе эмне беребиз? Катмы окуганга 100 сом беребиз. А ошол катмы окуганчалык убакытта олтурса молдо миң сом табат болчу. Молдого жыртылган көйнөгүңдү , элден арткан наныңды бересиң, анан “молдо келбейт..” дейсиң. Молдо анда тиричиликти каяктан кылат? Илгери эл молдо бакчу, азыр эл майдаланып кетти,.. “молдо ушунча тыйын сурайт, пул беребиз,.. молдо тигиндей..молдо мындай..” дешет. Илгери молдолорду антип айтышчу эмес. Доктур операция кылса, ушундай бир сый көрсөтөсүң,.. доктур өмурүмдү сактап калды...деп, ал сактаган жок, себепчи гана болду, жүзгө чыга жашасаң деле акыры өлөсүң.
 
Түбөлүк Бейишиңе себеп болгон молдону урматтап, сыйлоо керек да. Доктуруңуз түнкү саат 12де келбейт, өзүң барасың. А молдону болсо түнкү 12де, 2де келип нике кыйып бер,- деп чакырасың. Мынакей айылыңардын жолуңардан машине менен  араң зорго келдик, ошондой жолдордо молдоңор күн-түн дебей, скорый помощтой болуп чакырган жериңерге келсе, ушундай жерде коркпой жашап олтурса, анан молдого жанагинтип нааразылык айткан жакшы эмес да.
  
Молдо мечитке келүү үчүн курсагы ток, башы кадыр жан болушу керек.  Биринчи молдону камсыз кылып туруп, андан кийин андан сурагыла.  Ошондон кийин келбесе, ошондон соң арыздансаңар , ошондо ал молдону алуу аракетин коебуз. Куп ордуна коебуз, каккан казык катуу болсо кийиз казык жерге кирет деген сөз бар, ушу мечиттен такыр чыкпай турган болуп калат.
 
 
Ош облусу, Өзгөн району, Түз-Бел айылы
25-май, 2017-жыл.
 
Тасмадан жазууга түшүргөн: ISLAМLIFE.KG

Facebook Пикир