Аалымдар бурчу

islam038
  • 05 Кулжа 2017
  • 0
  • 302

Чубак ажы Жалилов: Өлкөбүздө даават менен дин өнүгүп жатканда дааватты дааваттай сактап калалы!

Суроо: Дааваттын тартибине баш ийбей, урууксаат кагазы жок даават жүргүзгөндөрдү кандай кылабыз?

Жооп: Жок андайларды айылыңарга киргизбегиле. “Уруксаат кагазын алып кел!”-деп айткыла. Анткени ошондойлордун айынан башка даават токтоп калуусу мүмкүн. Азыр биздин өлкөбүздө даават менен дин өнүгүп жаткан учурда ошол дааватты дааваттай сактап калуубуз керек. Бир-эки тентектин айынан даават токтоп калбай алар тартипке баш ийүүсү зарыл. Тартип аларга жагабы-жакпайбы башка маселе, алар тартипке баш ийишсин.
 
Кээ бир адамдар бар тартипке баш ийишпейт, машварага баш ийишпейт, өзүнүн каалаган ою менен жүрө беришет, алар ошонусун азыр туура деп ойлоп жүрүшкөнү менен эртең адашканын түшүнүшөт, бирок анда канчасын бузуп коюшат.
 
Билесиңерби, мен жаңыдан гана келип, эми гана сабак берип жүргөндө,  кээ бир молдокелер мени жаман көрүп калыптыр, жек көрүшүп, сабак берип жүргөн  кээ бир окуучуларына “Чубак ажынын акыйдасы бузук, жаман жолдо..” деп жамандашканын ошол жамандаган адамдар  кийин мага өздөрү келип айтышты. “Жамандап жүрүп, кийин сиздин туура жолдо экениңизди билдим, мен сизден кечирим сурайм” деп астыма келип кечирим сурады. Кечирим сураарын сурады, бирок: “..бир нерсеге өкүндүм, сизди өтө катуу жамандап койгон экем,шакирттериме “Чубак ажы жакшы адам экен..ошондо мен туура эмес жамандап койгон экем..” десем ошол менин шакирттерим  “жок ал жаман адам..” дешип, кайра мени укпай сизди дагы деле жаман көрушүп, жаман деп ойлоп, жамандап басып жүрүшөт...” деди.  Демек көрдүңөрбү, сен адашып жүргөн убагыңда башка бир туура эмес тартип киргизип коесуң дагы кийин тушүнгөңдө тообо кыласың, бирок тигилер жаман ойдо калып кетсе, сага күнөөсү жазыла берет , ошон үчүн этият бололу. Дайыма көпчүлүк менен жүр, тентектик кылба.


Тасмадан жазууга түшүргөн: Islamlife.kg

 
 
 
 
 

Facebook Пикир