Аалымдар бурчу

Isl054
  • 11 Кулжа 2017
  • 0
  • 645

Чубак ажы Жалилов: Сууну сиңген жерге куй деген сыңар, соопчулук жардамды да тийчү жерге берүү керек.

Суроо: Тажыяларда союлган жылкынын этин молдолор баш болуп жеп жатабыз, бул жагы кандай болот?

Жооп:
 
  Эми,..  ата-энеге жакшылык кылба эмес кыл, ихсан кылба эмес кыл, бирок туура кыл деген сөз да. Кыргыздын жакшы сөзү бар: “Сууну сиңген жерге куй”-деген. Сууну ташка куйсаң сиңбейт, кара топуракка ашкабактын данын тыгып туруп суу куйсаң ашкабак өсүп чыгат; ташка куйсаң суу кур бекер кетип калат.
 
Сууну сиңген жерге куй,-деген сыңар, соопту да тие турган жерге берүү керек. Мына мечитиңерге былтыр келдим эле, былтыр мечиттин шыбы жыртык эле, азыр деле жыртык бойдон турат. мечитиңердин асты чуңкур эле, келсем азыр деле чуңкур бойдон турат... Туалетиңерге бара элекмин, ошо мурунку бойдон элеби же жаңырганбы, аны мен билбейм... Эки жылкы сойсоңор ушул иштердин баары бүтөт баары евроремонт болуп.
 
Соопчулукту ушул сыяктуу иштерге кылсаң тууганым! Үйү көчкөндөргө үй бергиле, жетим-жесирлер жокпу, ошолорго көмүр, бут кийим алып бергиле. Айтор жакшы иштер көп, соопчулуктун кылына турган жерин билүү керек.  Жөн эле тарата бергенде болбойт...


Ош облусу, Өзгөн району, Түз-Бел айылы

25-май, 2017-жыл. 


Тасмадан жазууга түшүргөн:  ISLAMLIFE.KG



 
 
  
 

Facebook Пикир