Аалымдар бурчу

islam043
  • 08 Кулжа 2017
  • 0
  • 664

Максат ажы Токтомушев: Аллах намазды пендеге жөн эле эмес, белек кылып берди

Аллах жөндөн жөн эле 5 маал намазды парз кылган жери жок. Бизди кыйноо үчүн, кайра-кайра мечитке келүү үчүн эмес, намазды Аллах таала пендеге белек кылып берип жатат. Аллах таала айтты: “Мен сенин үммөтүңө 5 маал намазды парз кылдым. Ким беш маал намазды такай, жакшы окуй турган болсо,мен өзүм менен келишим түздүм, өзүмө убада бердим, ал адамды сөзсүз түрдө бейишке киргизем”,-деди. “Ким 5 маал намазга көңүл бурбаса, ага менин убадам жок”,-деп койду. Аллах убада бербей койсо пенде кайда бармак эле... Намаз бейиштин ачкычы,-деп жатат. Силер умтулгула, шашылгыла, жарышкыла, Роббиңердин кечиримдүүлүгүнө жана бейишке, а Бейиштин туурасы жети жер, жети асман,-деп жатат. Узундугун айтпай эле коеюн, узундугу канча экендигин Аллахтан башка эч ким билбейт.

 Мына ошондой керемет Бейиштин ачкычы – намаз. Бейишке ылайыктууларды Бейишке киргизген соң Аллах төрт жарыя кылат экен. “Эй бейишке татыктуулар, бүгүнтөн баштап силер жашайсыңар, силерге жашоо болсун, силерге өлүм жок!”-деп айтат. Адамдын эң бир чоң кажети, жашай берүүнү, узакка жашоону каалайт эмеспи. Жүзгө чыккан аксакалга барып: “Аксакал кыйла жашапсыз, бул жагы болот го?”-деп сурасаңыз ал: “Дагы беш жыл жашайт элем”-деп дагы да жашоону каалаар экен. Жүз онго чыккан аксакалга барып так эле ошентип сурасаңыз, дагы жашоону каалап жатканын айтат экен. Адамдын арманы, жүрөгүндөгү эңсегени “өлбөсөм экен..” дейт, ар бир инсан ушинтет. А түбөлүктүү жашоо нематын, өлбөстүктү Аллах Бейишке коюп койгон. Аллах таала экинчи жарыяны мынтип айтат: “Бейишке татыктуулар! Силер мындан ары оорубайсыңар, ден соолугуңар мыкты болот, оору дегенди билбейсиңер!”-дейт экен. Ырасында эле адамдын экинчи чоң арманы, каалаганы “оорубайын дейт: кулагым оорубаса, башым, тишим, өпкөм, бөйрөгүм,ичим, тырмагым, бутум, тизем ж.б. оорубаса экен” деп тиленет, баардык эле адам оорудан этияттанып, шамалдап калбоодон чочулап, “сүт ичсем кандай болот, суу ууртасам кандай болот..” деп аспиеттеп ден соолукту ойлоп, саксактап жүрөбүз. А Аллах өзү жарыя кылып айтып жатат, Бейиште түбөлүктүү ден соолукту, эч оорубастыкты берээрин убада кылууда. Салыштырмалуу  айтканда, Бейиште тонналап сүт ичсеңиз да ичиңиз оорубайт, тонналап манты жесеңиз да ичиңиз оорубайт. Бу дүйнөдө мисалы эки порция тамак жесеңиз, үчүнчүсүн жей албай ойлонуп туруп каласыз, а Бейиште андай жок, Аллах “түбөлүктүү ден соолукта болосуңар” деп жатпайбы. Аллахтын үчүнчү жарыясы: “Эй Бейишке татыктуулар! Силер бул жакта жапжаш бойдон каласыңар, карыбайсыңар!”-деп жатат. Аллах таала Бейишке татыктууларды Бейишке киргизээрден мурун беш пайгамбардын сыпаттарын берип туруп, анан киргизет экен: биринчиси Адам алейхиссаламдын боюн; Иса алейхиссаламдын өмүрүн; Юсуф алейхиссаламдын чырайын; Дауд алейхиссаламдын үнүн; Мухаммед алейхиссаламдын кулк мүнөзүн берип киргизет тура. Аллах таала Куранда  Мухаммед Пайгамбарды (САВ) “Албетте сенин кулк-мүнөзүң өтө жогору,өтө улук!”-деп мактаган эмеспи, мына ушундай сыпаттары бар Мухаммед Пайгамбардын сыпатын да берем деп айтып жатат Аллах таала. Аллахтын төртүнчү жарыясы: “Эй Бейишке татыктуулар! Силерге берилген нематтар, жакшылыктар эч бир жоголбойт, түбөлүктүү!”-дейт. Мындайча айтканда Бейиште бу тирүүлүктөгүдөй, инфляция жок, банкрот жок, чирип кетүү жок, жок болуп кетүү жок, эскирип калуу жок, айтор Бейиштеги берилген нематтар күн сайын жаңылана берет, жаңыра берет, өсө берет, кыскасы ылдый кулоо жок, өсүш гана болуп турат. Аллах ошондой түбөлүктүү Бейишти баарыбызга насип кылып, түбөлүктүү Тозоктон баарыбызды сактасын! Демек, дагы бир ирет айтайын, ошол биз сөз кылган Бейиштин ачкычы – намаз экен.
 
Пайгамбарыбызга (САВ) Абу Хурайра разияллаху анху бир күнү: “Ичим ооруп жатат”-деп айтса, Пайгамбар (САВ): “Намаз оку, намазда шыпаа бар”-деп  айтты. Пайгамбарыбыз (САВ) Билал разияллаху анхуга айтат: “Эй Билал! Кел каамат айт, намаз окуп рахаттаналы!”-деп айтты. Адам рахат издейт, эс алайын дейт. Эс алганга азыркы замандагыдай  биллиард ойноо эмес, балык тутуу эмес, намаз жакшы деп айтып жатпайбы Мухаммед Пайгамбар (САВ). Жакшылап даарат алып туруп, эч бир нерсени ойлобой, Алланын раазычылыгы үчүн, шашылбай, намаздагы сөздөргө көңүл буруп, Аллахтын астында турам деген сезим менен эки ирекет намаз окуса Аллах инсандын көңүлүнөн ташпишти, кыжаалатчылыкты, бардык проблемалуу нерсенин баарын алып салат. Пайгамбарыбызга (САВ) кандай оорчулук, кыйынчылык, кыжаалатчылык келсе, күн тутулабы, ай тутулабы, жер титирейби, шамал-бороон болобу, кандай кыйынчылык болбосун дароо мечитке келип, Аллахтан сурайт эле. Анткени ар бир кыйынчылык Аллахтан болот, анын жоюлуусу да Аллахтан болот.
 
Урматтуу туугандар, беш убак намаз – аталышы эле намаз, сүрөтү эле намаз болуп калбасын. Намаздын акыйкатына жетүүгө баарыбыз умтулалы. Ал кандай болот? Дааратты жакшылап алуубуз абзел.  Кайсынысы парз, кайсынысы сүннөт баарына маани берип, намазга келгенде бардык гөртирлик санааларды  өзүбүздөн алыс кылып, Аллахтын астында турам деген сезимди ойготуп намаз окуубуз керек.  Алхамду лиллахи роббил ааламиин – Бардык мактоолор Аллахка болсун, Ал – бүткүл ааламдардын раббиси: бул ӨТКӨН ЧАК  мааниде айтылууда. Ушул күнгө  чейин ааламга канча жакшылыктар болуп, канчалаган өзгөрүүлөр болду, сиздин-биздин ата-энебизди жаратты, алардын ата-энелеринин ата энелерин жаратты, канча адамга Аллах ден соолук берди, канчасына немат, өң-түс, жакшылыктарды берди, канчалаган тарых, ӨТКӨН ЧАКтын  баары Аллах таалада. А рохман рохиим – бул УЧУР ЧАК,  Аллах Мээримдүү, Ырайымдуу, ошол сыпаттарынын шарапаты  менен биз жашап жатабыз. Биздин сүйлөп жатканыбыз, угуубуз, түшүнүп жатканыбыз, ойлообуз, мечитке келип татынакай олтурганыбыз, курсагыбыздын токтугу, кийимибиздин бүтүндүгү,...мына ушулардын баары Аллах тааланын Мээрими менен, Ырайымдуулугу менен болуп жатат, туугандар!  Аллах таала өзүнүн Мээримин, Ырайымдуулугун алып кое турган болсо, пендени дароо шайтан баса калат, пенде анда  жашоосунун акыркы мүнөттөрүн жашап калат.
 
Ошондуктан Аллах пендесин ойлоп намазды белек кылды, намазды берди.  А рахмаан, а рахиим деген эмне? Экөө тең эле бир сөздөн чыгат, а бирок РАХМАНдын мааниси – Аллахтын рахматы жалпы: мусулманга да, мусулман эмесине да, мунафыкка да, муртадга да, инсанга да, жинге да, айбанга да, баарына Аллахтын рахматы бирдей, баары ошол Аллахтын рахматы менен жашап жатат. Күн Аллахтын рахматы менен чыгып, жамгыр Аллахтын рахматы менен жаап, уктасак Аллахтын рахматы менен уктап, тамак жесек Аллахтын рахматы менен жеп, тойсок да Аллахтын рахматы менен тоюп, рахаттансак да, бутубузду шилтесек да, жүрөгүбүз соксо да, ар тарапка бурулганыбыз, тиктегенибиз, укканыбыз, түшүнгөнбүз,..баары Аллахтын рахматы менен ишке ашып жатат. Ал эми РОХИИМ бул толук түрдөгү өзгөчө рахмат, Аллах таала Кыямат күнү , кимдин жүрөгүндө ыйман болсо, Аллахка шерик кошпосо, Аллахтын Китеби Курани Каримди тааныса, акыркы Китеп деп билсе, Мухаммед Пайгамбарды (САВ) пайгамбар деп тааныса, акыркы пайгамбар десе, андан кийин пайгамбар болбойт деп ишенсе, анда  адамдарга, акыреттеги  момундарга гана арнай турган сыпаты бул РОХИИМ, ырайымдуулук. Ушул сыпаттары менен момундарды Бейишке киргизет. Ал эми – Маалики йавмиддиин деп айтылган сөз, келечек мааниде айтылууда. Эми караңыз, баарын бир кайталап көрөлү:  Алхамду лиллахи раббил ааламин –өткөн чак, а рахмаан, рохиим – учур чак, ал эми   маалики йавмиддинКЕЛЕР ЧАК, демек алдыдагы, эртеңки күндүн падышасы –Аллах.эртеңки күнүңүз барбы , жокпу Алладан башка эч ким билбейт. Кыямат күнү кимибиз кандай сапта турабыз Алладан башка эч ким билбейт: кылмышкерлердин сабындабы, күнөөкөрлөрдүн сабындабы, мунафыктардынбы, Алла тааланын раазылыгында туура жүргөн адамдардын сабындабы; бейишке ылайыктуулардын сабындабы, тозокко түшчүлөрдүн сабындабы,..мунун баарын бир Аллах билет. Маалики йавмиддиин (Кыямат күндүн Падышасы, адамдын жазасы, акысы бериле турган күндүн Падышасы) Өзү ар бир инсандын акысын берет.  Пенде унутуп калат, кадырлабайт, шүгүрсүз...бирок Аллах таала эч унутпайт, Ал Кадырдан бүткөн Зат, Аллах ар бир жакшы сөзүңүздүн акысын берет. Маселен бир адамга жол көрсөтүп койдуңуз, тигил көчө кайда экенин, бу көчөдө кайда экенин айтып койгонуңузга да сооп аласыз, а тиги жол сураган адам рахмат айтпай эле кетир калышы мүмкүн.. Кимге кандай жакшылык кылбаңыз, бирөөгө бир сом бересизби, жакшы сөз айтып коесузбу, кайсы бир адамдын артынан эле жакшы бата кылып койдуңуз, ушуга окшогон жакшылыктарыңыздын баарынын сообун Аллах төкпөй-чачпай сизге берет. Ошол ар бир инсандын кылган жакшылыктарынын сообун берген күндү ЙАВМИДДИИН  деп коет. Кудай сактасын эми, бирөөнү ушактасаңыз, жалаа жапсаңыз, жалган сүйлөсөңүз, сөксөңүз, ата-энеңиздин жүрөгүн кыжаалат кылсаңыз, алдасаңыз, калп айтсаңыз,намазды таштасаңыз, арам жолго бассаңыз –мунун баарынын жазасын да Аллах берет. Ошондуктан Аллах баарыбызды күнөөлөрдөн алыс кылып, Ал Өзү жакшы көргөн, жактырган, каалаган, талап кылган амалдарды кылуубузга мүмкүндүк берсин. Алла тааланын ыраазычылыгын таап жашаганга баарыбызга мүмкүндүк берсин. 
 
Ислам дини дайыма баарыбызды тазалыкка, такыбалыкка, ынтымакка, биримдикке, достукка чакырат. Пенделерде айыптар болсо, көрүнсө, аны издебешибиз керек. Айыбы көрүнүп калса аны жабуу керек. Айыпты чачыратып, ачып-чачканга болбойт туугандар!  Билиңиз, күнөөкөр, өтө күнөөкөр мусулмандын чон күнөө кылып атканын көрсөңүз, аны жашыруу – ошол мусулмандын акысы. Дагы кайталап коеюн, бир мусулман чоң күнөө кылып жаткан болсо, аны жашыруу – ошол мусулмандын акысы болот! Пайгамбарыбызга (САВ) бир Маиз деген бир сахаба келип эч ким көрбөсө, билбесе  деле “Алланын Элчиси! Мен чон күнөө кылып алдым, зынаа кылдым!” деп өзү моюнуна алып астына келсе, Пайгамбарыбыз аны көрмөкмөнгө салып, эч укмаксан болот, сахаба ар кайсы тарабынан келип жанагинтип айтса деле укпай коет. “Мен зынаа кылдым!” десе Пайгамбар “жок сен тек гана өөп койсоң керек..” дейт, тиги болбой эле зынаа кылганын айтса, Пайгамбар (САВ) кайра “жок сен колунан кармалап эле койсоң керек..” деп маани бербейт. Сахаба өзү моюнуна алып чон күнөө кылганын айтып, зынаа кылганын ачык айтып, жаза берилүүсүн каалап атса, Пайгамбарыбыз (САВ) жакшы күмөнгө буруп “жок сен зынаа кылган эмес чыгаарсың, балким жөн эле колуңду тийгизип койгондурсун..” деп атпайбы?! Мына караңыз, мусулмандын айыбын жашыруу исламда кандай экенин! А бүгүнкү заманда  жок айыпты бар кылып чыгарууну мода кылып алдык. Кечиресиздер туугандар, Алла таала жүрөктөрүбүздү жарбасын, жүрөгүбүздү бүтүн кылсын, баарыбызды ынтымактуу, биримдиктүү кылсын, бир бирибизди ынтымакка чакырайлы. Келиңиздер бирөөгө жалаа жаппайлы, ушактабайлы, гыйбат кылбайлы, бирөөнүн айыбын аңтарып издебейли, кемчилдик издесек ал нерсе Адам алейхиссаламдан бери келатпайбы?!.. Кемчилдик азыр эле чыга калган жери жок, кемчилик кетирүү Адам атабыздан башталган. Баарыбызда кемчилик бар, периште эмеспиз эч кимибиз. Ошондуктан Алланын, Пайгамбарыбыздын (САВ) жол жоболоруна карап бир бирибизди жакшылыкка чакырып, жамандыктан болсо мухаббат менен кайтарып, намаздарыбызга , сааркы-кечки дубаларыбызга бекем бололу. Куран окуйлу,зикир кылалы. Аллахка көптөгөн дубаларды кылып, Кыргызстаыбызга, элибизге, өзгөчө жалпы ааламга дуба кылалы, ааламды тынчтык, бейпилдик тилейли. Өзгөчө Кыргызстаныбызга Аллах бейпилдигин, рахматын, берекесин төккөн болсун!  
 
Ассаламу алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху!
 
Жазууга түшүргөн: Islamlife.kg
 

Facebook Пикир