Аалымдар бурчу

isl0063
  • 19 Кулжа 2017
  • 0
  • 555

Максат ажы Токтомушев: Инсан унутчаак, дайыма бир бирибизге Алланы эстетип туралы...

Бир бирибизге кээде текеберленебиз, зулумдук кылган учурларыбыз да болуп калат. Бирок Аллах таала эстетүү үчүн пендеге немат берген. Ал Курани карим. Куранда Алла таала Пайгамбарыбызга (САВ): “Сен эскерт, эскертип тур”-деген. Эскертүү – ыйманы бар адамга сөзсүз пайдасы тиет. Ыйманы жок адам го эми, анын ыйманы жок,..а ыймандууга эскертүүнүн пайдасы болбой койбойт.




Инсан деген унутуп калабыз. Кечээ эле туугандарыбызды көмүп жатып Аллага тообо кылдык эле,..бир канча убакыт өткөн соң бүгүн болсо аны унутуп калдык... а унуттурбай эстетип турганга  так ушул Курани карим бар.  Курани каримди күндө окуган адам такай эстеп турат. Эмнени эстеп турат? Адам эмнеден жаралганын, эмне үчүн жаралганын, каякка бараарын эстеп турат. Ошондуктан Курани карим менен дос бололу.
 
Убакыт текке кетпесин, Куранды окуйлу же болбосо анын котормосун окуйлу. Окуганга күчүбүз жетпесе анда угалы. Кыямат күнү баары каралат, сизге маселен 60 жылдык өмүр берилди, ошонун канчасын Куранга арнадыңыз.  Алланын сөзүнө. Кураны карим деген бул Алланын сөзү да.
 
Албетте макулуктардын эң ыйыгы, эң улугу, эң мээрими Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ). Ошондой заттын жүрөгүнө Курани карим түшүп атпайбы. Таза заттан чыккан, таза зат эсептелинген периштелердин улугу Жабраил периште, Куранды пайгамбарлардын улугу Мухаммедге (САВ) алып келген. Болгондо да анын, адамзаттын денесинин эң улук жери болгон  жүрөгүнө алып келди Куранды. Ушундай таза, улук нерсеге өмүрдүн бөлүктөрүн, сааттарды, мүнөттөрдү сарптоо – өтө чоң бактылуулук. Калган нерселер бүгүн бар, эртең жок, булганч, кир нерселер....
 
Ошондуктан каерде болбойлу, Алланы эстеп жүрөлү же Алланы эстете турганы нерселерди, Курани каримди окуп, зикир кылып, жана башка ыймандуу нерселерди кылганга аракеттенели.

15/05/2015/


ISLAMLIFE.KG

 
 
 
 
 
 

Facebook Пикир