Адеп-ахлак

islam010
  • 19 Бугу 2017
  • admin admin
  • 0
  • 1584

Кепти тыңдай билүү –жашоонун ачкычы

​«Акыйкатта угуп жаткандар кабылдоого жөндөмдүүсүңөр. Ал эми өлүк сыяктуу болгондор , Аллах аларды тирилтет жана алар Ага кайтып барышат» (Куран, 6:36).


 
Бул аятта адамдардын эки түрү тууралуу айтылып жатат: кепке кулак сала билип тыңдагандар жана өлүк сыяктуу болгондор.  Кепти кулакты сыртынан кетиргендер өлүк сыяктуу адамдар деген мазмун айтылууда. Мунусунун деле, тигинисинин деле жаны бар, канайдыр бир кыймыл аракеттерди жасашат, а бирок Куран ошол жандуу денелердин Кыямат күнү жооп берчү реалдуулугу жөнүндө айтып жатат.
 

 «Сен бейкам элең, анан Биз менден жабууңду ачып салдык, ошентип бүгүн сенин көзүң өткүр болду.» (Куран, 50:22).
 
Айтылган кепти тыңдай билүү адамды ар балээден сактап калууда негизги ролду ойнойт.  Аллахтын кереметтүү Ысымдарынын бири – Ас Сами: Баарын угуучу. Бул ысымды ар адам маанисин терең түшүнүү менен өзүнө сыйдырып жатташы керек.   Аяттын маанисинде айкын болуп тургандай, сөздү тыңдай билгендер гана чыныгы тирүүлөр, анткени  алар гана Кудай ырайым кылган тирүү сууга ээ боло алат.

Угуу жана тыңдоо – бул экөө бир бир эле маанини бербейт. Кудай жиберген аяттарды көптөрү эле угушкан, а бирок алардын арасынан аяттардын терең маанисин түшүнүү менен тыңдагандар гана чыныгы бекем ишенимге ээ болушат.

 
«Чынында момундар, Аллах (тын аты) эскерилгенде, жүрөктөрү корккондор, аларга Анын аяттары окулганда ыйман күчөйт жана өздөрүнүн Эгесине гана тобокел кылышат» (Куран, 8:2).
 

Сыягы муну мынтип айтсак жөндүүрөөк болчудай, угуу физикалык дененин баарына мүнөздүү, адамдар деле , жаныбарлар деле уга алат, а кээ бир жаныбарлар бул жагынан адамдардан да ашып түшөт. Бирок чындап угуп, тыңдай билүү – бул жүрөктүн иши.  
 
Угуу – демек аны түшүнүү.  Бирок эмне үчүн угуу ушунчалык эле оор? Исламда айтылгандай, адамдын эң чон душмандарынын бири – анын ичинде жашаган өзүмчүлдүгү. Так ошол өзүмчүлдүк  чыныгы бекем ишенимдин жүрөкө жетүүсүнө тоскоолдук кылат, андан сактануу үчүн ичтеги өзүмчүлдүктү жеңүү зарыл. Адам так ошол идолдун белин сындырып, жүрөгү менен Жалгыз Аллахты таанууга аракеттениши кажет. Калпка жуурулушкан өзүмчүлдүктү Аллах жактырбайт жана бул менменсинген сапат акыры барып адамды талкалап жок кылат. Өзүмчүлдүк эч нерсени угууну каалабайт, баары аны гана угуусун каалап турат. Угуу  үчүн кандайдыр бир нерсеге кулак төшөп, чын дилден макул болуу зарыл – а азыркы заманда бул сапат көбүнө белгисиз. Чириген, чым болуп үйүлгөн топуракта гана мол түшүм болот. Жүрөгүнүн тереңи Аллахтын тирүү суусу менен нымдаштырылган адам гана чыныгы ишенимге ээ болот. 
 

“Эгер эскертүү пайдалуу болсо, анда эскерткин. Ал эми эскертүүдөн бактысыз гана баш тартат» (Куран, 87:9-11).
 
Эн эле коркунучтуусу, азыркы коом так ушул биз сөз кылып жаткан өзүмчүлдүктүн негизинде курулуп жатканында.  Адамдар сырткы алдамчы көрүнүшкө, эл көрсүн үчүн болгон бактылуу болумуш эткен жалганчылыкка көнүгүшүп,чыныгы бакыттын мазмунунан алыстай башташты. Чындап жашоого караганда, "жашагандай түр көрсөтүү" маанилүү болуп баратат. Ушундай маданият билинбей калыптанып, куру кыйкырык салгандар  үчүн бул  климат жагымдуулукка айланууда.  Курандагы айтылган Аллахтын Ыраазычылыгына, Кечиримине  чындап жетүү үчүн атаандашуунун ордуна, өзүмчүлдүктүн өкүмү менен жарышуу күч алды.  Ким баарынан катуураак бакырса,  чындыктан алыс болсо да ошонуку туурадай көрүнгөн кебете кадыреселикке айланып барат. Негизгиси – сени укса болду,..кепти тыңдай билүү, маани бере билүү адамдагы асыл сапаттардын бири болуудан калып баратканы өкүнүчтүү. Адамзат өзүнүн түпкү тунук табиятынан алыстап баратканын карап туруп жаның кейийт!
 
«Эй инсан! Сени өзүңдүн Жоомарт Эгеңден (алыстоого” эмне түрткү болуп азгырды? »
 (Куран, 82:6).

 
Бирок, ким кантип, эмнеге жулунбасын, Кыямат күнү бардык реалдуулуктар жай жайына түшөт. Бул дүйнөдөгү акыйкат кепке маани бербегендерди, укпагандарды Акыретте өтө чоң азаптуу өкүнүүлөр күтүп турат. Аларды эскерткен, андай болбоого чакырган кеп-кеңештер болгондугун, бирок алар аны тыңдашпаганын кыяматта өздөрү моюнга алып айтышат: 
 
«…Алар: “Ооба чындыгында бизге эскертүүчу келген, бирок биз алардын сөзүн жалганга чыгарып: “Аллах эч нерсе түшүргөн эмес. А силер абдан чоң адашуудасыңар дегенбиз”,-деп айтышат. (Куран, 67:9).
 

Бирок, алардын адашуусунуну себебин өздөрү жакшы билишет жана өздөрү аны моюнга алышат: 
 
 
«Оо эгерде биз алардын сөзүнө кулак салып, акылга келгенибизде, анда биз азыр Тозок ээлеринен болбойт элек!”- дешет. (Куран, 67:10).
 
Демек, биз өзүбузгө өзүбүз кайдыгер болууну коюп, тындай билүүнү үйрөнүүбүз кажет,  антпесе ошол сапатыбыз кийин өз башыбызга муш болот. Ичибиздеги өзүмчүлдүктү, эгону угууну көшөрүп уланта берсек, кийин өзүбүздөн башка эч кимди күнөөлөбөгөнгө даяр бололу. Мынтчү болсок, Аллахтын каары менен бетме бет келээрибизди алдын ала элестете берели.
 
«Ошентип алар күнөөлөрүн моюнуна алышат. Тозок ээлери алыс болсун!» (Куран, 67:11)
 


Маалымат булагы:  AIM islam

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

Facebook Пикир