Адеп-ахлак

way
  • 15 Бугу 2017
  • 0
  • 2685

Түз жолдон адашпайлы!

Мусулмандар Курандын Кудай тарабынан жиберилгендигине ишенишет жана Китептеги айтылган сөздөргө маани берип, тыңдашат. Жараткан бизге Куран аркылуу кайрылат, ырас мындай болгон соң, келгиле Ыйык Китептеги аяттарга дагы бир үңүлүп, Куранда эмне тууралуу айтылгандарды кайра бир эстейли. Бул калп эмес, бул –акыйкат, анткени бүтүндөй жандуу, жансызды жараткан Аллах калп айтпайт!











 «Аяттарыбызды жалганга чыгарып, өздөрүнө зулумдук кылган адамдардын мисалы кандай жаман!
 
Аллах кимди Туура Жолго салса, ал Туура Жолго түшүүчү. А кимди адаштырса, алар –кыйроочулар.
 
Биз адамдардын жана жиндердин көпчүлүгүн Тозок үчүн жараттык: алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен түшүнүшпөйт жана алардын кулактары бар, бирок аны менен угушпайт. Алар айбан сыяктуу же андан да жаман (адашуучу). Ошолор кайдыгер калгандар. »(Куран, 7:177-179).
 


Мисал келтирилген соңку аятта, туйбаган жүрөктөр, көрбөгөн көздөр, укпаган кулактар тууралуу жагдайга маани берсеңиз. Бул жерде адам органдарынын физикалык кемчиликтери жөнүндө сөз болуп жатабы же анын тереңинде башка маани барбы?
 
Кээ бир адамдар бар, алар Жараткан берген мүмкүнчүлүктөргө ыраазы болуп, Жаратканга сыйынуу  менен жооп берүүнү каалашпайт. Алар жүрөгү бар туруп аны жаман менен жакшыны, жалган менен акыйкатты ажыратууга, өкүнүп, ойгонууга пайдаланышпайт. Көзү бар туруп, тегерегинде болуп жаткан белгилерди көрүүнү каалашпайт. Кулагы бар туруп динге чакырган кеңештерди, дааваттарды, насааттарды, эскертүүлөрдү угууну такыр каалашпайт.
 
Дал ушул тоготпостуктун айынан алар айбан сыяктуу маңыроо немелер гана эмес, өтө катуу адашуучулардан болуп жатышат, себеби, адамдыкындай акыл-эстен куржалак жаныбарлар, айбандар аларды жараткан Жаратуучуга баш ийишип, өз милдеттеринин чегинен чыкпай жашашат.  Акыл-эси бар туруп, Кудай берген мүмкүнчүлүктөрдү жеке каалоосу, өздүк табитине гана колдонуп жүргөн көрпенделерди караңызчы. Алар бир гана сокур максат үчүн жашашат – өзүнө өзү корстон болуу үчүн.

Так ушундай кайдыгер адамдар күндө айланасында курчап турган Аллахтын белгилерин көрмөксөн, байкамаксан болушуп,  Аллах убада кылган ажайып Бейиш бактарынан кур калгандар, убактылуу көртирлик жыргалчылыктарына берилип, Тозоктун тереңиндеги азаптуу кыйноолорду унуткандар.
 
Биз адамдардын жана жиндердин көпчүлүгүн Тозок үчүн жараттык –деп айтып жаткан Аллахтын бул сөздөрү жалган эмес. Жашоодон Ислам жоголо турган болсо, анын ордун эч бир нерсе толуктай албайт. Турмушка болгон исламдык көз караштар болбосо, мунун арты эмне менен бүтөт?   Кечээ тыюу салынган нерселерге бүгүн уруксаат берилип ким каалаганын жасай баштады, кечээ уруксаат берилген нерселерге бүгүн тыюу салынып ”анткен болбойт,мынткен болбойт” деген мыйзамдар чыкты. Ар ким өзүнүн акыл-парасатына, көз карашына жараша кадам таштап, көп адамдар элден кайсы бир нерсеси менен  айырмалангысы келип, жеке табитине, каалоосуна адам укугу, эркиндик, мода деген шылтоолорду жамынып билген-эткен боткосун чала баштады. Кандайдыр жаңы, коом кызыкчылыгын көздөмүш эткен эрежелерди ойлоп тапкан болуп адамзат коому барган сайын, муундан муунга адамдын сапаттардан, адамгерчилик касиеттерден айрылган, айбандык инстинктинен, каалоосунан бөлөк эчтекеси жок  өзүнчө  бир айбандардын чоң үйүрүнө айланып барат.
 
Өзүн жараткан Жаратуучудан алыстап,  Ааламдардын Эгесинин астында таазим кылып, Кудайдан корккон момун болууну унутуу менен адамдар өздөрүн өздөрү балакеттерге, бактысыздыктарга түртүүдө. Үй бүлөдө болобу, коомдобу адам жашоосундагы адеп-ахлак деген нерсе ылдыйлагандан ылдыйлап жатат. Адамдардын жүрөгүндө абийир, намыс, чынчылдык, тартиптүүлүк, мээрбандык деген түшүнүктөр кайдадыр жоголуп кетти... Тилекке  каршы, биздин мээбизге маалымат каражаттарынын тараткан маалыматтары аркылуу куюлуп жаткан шаарыбыздын, аймагыбыздын  көчөлөрүндөгү, турмушундагы реалдуулуктар мына ушундай.
 
Андан да жүрөк оорутканы, кайдыгерликке мусулмандар да алдырып, көртирликтин убактылуу жыргалдарына алар да берилип кетип жатканы. Мезгил өткөн сайын алар интеллектуалдык, физикалык, руханий тең салмактуулукту, тарбия менен өнүгүүнү бирдей алып жүргөн АДАМ болуудан алыстап баратышат. Мусулмандар ар жолу дүйнө иштерине баш-оту менен кирген сайын Ислам менен болгон катышы алыстагандан алыстап, алсырагандан алсыроодо.
 
Ар бир коомдун, мамлекеттин келечеги - жаштарга бөлүнгөн көңүлдө, аларга коротулган потенциалда экени жашыруун нерсе эмес. Көптөгөн таалимдеринин биринде биздин замандын белгилүү мусулман аалымы Амр Халид: “Бала кезде ден соолук чың болуп, бирок акыл-эс жагы жогураак болот; а карыган кезде акыл-эс толо, бирок күч-кубат жагы жогураак болуп калат”,-деген эле. Бул эки жаш курактын ортосунда адамдын гүлдөп-бүрдөгөн курагы – жаштык деген нерсе кулпуруп турат эмеспи. жаштардын коомдогу ээлеген ордун терең түшүнүү үчүн мисал иретинде Европанын Бермети деп эсептелинген аймактагы жоголгон бейиш тууралуу айткым келип жатат, илгери бир кездерде Испаниянын аймагында жайгашкан  керемет Андалузияны дээрлик сегиз кылым бою мына ушундайча атап келишкен.
 
Ал таржымалды баян этүүдөн мурда  социология илими туурасында эки ооз кеп кыстара өтөйүн,  бул –коомдун өнүгүүсүнүн, жашап жаткан жашоосунун мыйзам ченемдүүлүктөрү тууралуу илим. Аталган илимдин өкүлдөрү мезгил мезгили менен  кайсы бир маселе боюнча элди сурамжылап, анализ  жасап, тыянак чыгарып турушат. Маселен тигил же бул мамлекеттин келечеги бар же жокутугун билүү үчүн көчөгө чыгып  жаштарга төмөнкүдөй суроолорду узатышат: өмүрүңүздө сиз кандай башкы максаттарды коесуз, эмне тууралуу кыялданасыз, эмнеге кызыгасыз, бош убактыңызда эмне менен алектенесиз, бош убакытты кантип өткөрөсүз?-деген сыяктуу соболдор. Берилген жооптордун баарын анализдеп туруп, “мобул мамлекет 50 жылдан кийин болуп көрбөгөндөй секирик менен өнүгүп баштайт”,   “..а бул өлкө 20-30 жылдан кийин кургуйга кулап талкаланат”,  “..дагы бир башка мамлекет 100 жылдан кийин түп орду менен жоголот”деген тыянактарды чыгарышкан. Андалузиянын өкүттүү тагдыры да ушундай тыянактардын бирине туш болду.
 
Мусулмандар Испанияга б.з. 711-жылы киришип, бул аймакта Ислам дининин нурлары бүт Европаны сегиз жүз жыл бою жаркыратып,  илим-билим, маданият, искусство ушундай бир жогорку денгээлде өнүгүп, а турсун Европа өлкөлөрүнүн башчылары, уулдарын, кыздарын билим алдыруу үчүн атайы  Андалузияга жибере башташкан.
 
Бул жомоктогудай керемет аймакты португалиялыктар бир нече ирет басып алуу аракетин жасашканы менен, ар жолку соккудан мусулмандар татыктуу коргонушуп, катылгандардын сазайын колдоруна берип турушкан. Мындай ыргак менен мусулмандарды жеңүү мүмкүн эместигин түшүнгөн португалдар ынгайлуу учурда күтүп, ал аралыкта  ар жүз жылда Андалузияга тыңчыларын жиберип, коомдун абалын, андагы жаштардын эмнеге кызыгаарын билип, сурамжылап турушкан. Тыңчылар көчөдө турушкан жаштарга барып, алар эмне туууралу талкуулашып, эмнени талашып-тартышканын тыңдашкан. Ырасында эле, ошол доордо Андалузиянын жаштары эмне тууралуу сүйлөшчү экен ыя? Тыңчылар байкап көрүшсө,   жаштар “..кай бир мечитте Куран сабактары өтүлүп жатканын", "кай бир жерде Аль-Бухари хадистер жыйнагын мыкты билген аалым тураарын", "кайсы бир көчөдө Куранды аябай жакшы билген шейх жашаарын", "а бүгүн болсо кайсы бир мечитте бир аалым хадистерди баяндап берээрин”  кызыга сүйлөшкөн.
 
Акыбалды  байкашкан соң тыңчылар өлкөсүнө кайтып, Андалузиянын жаштары Исламга чын жүрөгүнөн берилишкендигин, мындай бекем ишенимдеги өлкөгө кандай гана мамлекет кол салууга батынбасын мизи кайтарыла тургандыгын айтышат. Ошентип  португалдар оңтойлуу учурду күткөнүн андан ары  уланта беришет. Анан канча бир убакыт өтүп  тыңчыларды  кайра жиберишкенде алар бул өлкөгө сокку жасап, жеңип алчу учур келгендигин айтышат.  Көрсө, көчөдө жаштар мурункудай Ислам тууралуу сүйлөбөй, ырлар, поэзиялар, романтика, махабат....тууралуу көбүрөөк сүйлөп башташкан экен.
 
Б.з. 1492-жылы португалия аскердик кошуундарын жетектеген Фердинанд III гө Андалузиянын эң акыркы шаары согушпай, кол көтөрүп багынып берди. Гранада калаасы португалдардын колуна өткөн соң, Испаниядагы мусулман калкы аеосуз  куугунтуктоонун, жырткычча  кордоонун астында калды. Баскынчылар мусулмандарды христианчылыкты кабылдоого мажбурлап,  каршы чыккан кандай гана көтөрүлүш болбосун дароо басып, “Аллах” деген сөздү айткан адамды дароо өлүм жазасына тартып жатышты.  Ошону менен бирге Испаниядагы мусулман маданияты түп орду менен талкаланып, Куран китептери , мусулман аалымдарынын не бир баалуу илимий эмгектери өрттөлүп, мечиттер кыйратылды.  Андалузиянын  көчөлөрүндө азан үнү угулбай, мусулмандар намаздарга чогулбай, Куран окулбай  калды.
 
Испаниядагы мусулмандардын сегиз кылымга созулган доору ушунтип аяктады. Андалузия коомунун, жаштарынын Исламдан таюусунун, Аллахтын мыйзамдарына  кайдыгер мамилесинин акыры мамлекеттен айрылуу менен бүттү. А бирок, биз мусулмандар качанкы кылымдарда болгон бул окуядан сабак алууну үйрөнүшүбүз зарыл.
 
Кайсы бир доолордогу адам цивилизациясы эмне үчүн гүлдөп-өнүккөнүн, а эмне себептен бүлүнүп талкаланганын терең карап, анын себептерине маани бере турган болсок, азыркы чыныгы абалыбызды, ушул замандагы мусулмандардын денгээлин  аңдоого, сезүүгө мүмкүндүк алып, качанкы катачылыктардын себебин түшүнүп,  исламий коомдун өнүгүү жолдорун таап, исламды карманган ар бир адам жашоосунда эмнелерге таянып, эмнелерден алыс болуу керектигин жетик анализдей алабыз.  Мына ошондо гана адамзат кайрадан Аллахтын дининин улуулугун, адамдарды кайдыгерлик менен караңгылыктан жарыкка алып чыга алчу бийик касиетин  көрө алмак. А  ага жетишүү үчүн ар бирибиз өзүбүзгө өзүбүз  төмөнкүдөй суроолорду тез-тез берип турсак оң болоор эле:  ...мен эмне үчүн мусулманмын, башкалардан мени айырмалап турган нерсе эмне, ислам дининен мен кандай пайда ала алдым? Же,.. “Исламдын өнүгүшү үчүн жеке мен өзүм кандай      пайда келтире алдым?” деп сурасак жөндүүрөөк болмок.
 


автор: Рустам Хуснутдинов.

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 
 


 

Facebook Пикир