Ажылык

Келечектеги ажылыкка барууну азыртадан пландаңыз

​Ажылык тууралуу видеосюжеттери канча ирет көргөн сайын “мен качан ушул жерде болот экем?” деп далай кыялданып эңседиңиз болуш керек? Анда эмесе баштадык, ажылыкка барууга азыртадан даярдана бериңиз!

Эрнис Кыязов: Меккеге сапар 2006-2007 (ВИДЕО)

Назарыныздарга журналист Эрнис Кыязовдун Мекке жана Мединага жасаган сапарында ажылык зыяратына байланыштуу жеке байкоолору, туюмдары камтылган көрсөтүүнү сунуш кылабыз.

Ажылыктын социалдык-этикалык аспектиси

Ажылык – бул мусулман дүйнөсүндөгү жылда бир ирет болчу чоң окуялардын бири. Ажылыкты өтөө үчүн жыл сайын дүйнөнүн булуң-бурчунан эки миллиондон ашуун адам Меккеге (Сауд Аравия Королчулугу) чогулушат. Ажылыкка барбаган мусулмандар, бул окуяны өзү жашаган өлкөдө эскерет, белгилейт, ага байланыштуу диний жөрөлгөлөрдү жасашат.