Ажылык

hadj01
  • 03 Бугу 2017
  • 0
  • 1582

Ажылыктын социалдык-этикалык аспектиси

Ажылык – бул мусулман дүйнөсүндөгү жылда бир ирет болчу чоң окуялардын бири. Ажылыкты өтөө үчүн жыл сайын дүйнөнүн булуң-бурчунан эки миллиондон ашуун адам Меккеге (Сауд Аравия Королчулугу) чогулушат. Ажылыкка барбаган мусулмандар, бул окуяны өзү жашаган өлкөдө эскерет, белгилейт, ага байланыштуу диний жөрөлгөлөрдү жасашат.




Ажылыктын таржымалы, ага байланыштуу канча бир сансыз адамдардын диний салттарды жасоосу, мусулмандардын турмушунда ажылыктын өтө маанилүүлүгү – бул процесске болгон ар тараптуу кызыгууларды пайда кылып келет.
 
Карай келсең, ажылык багытында, айрыкча сыйынуу усулдарын камтыган исламий укук жаатында (фикх аль-ибадат)  жазылган эмгектер кыйла эле көп . А бирок ажылыктын  социалдык-этикалык аспектилерин камтыган кээ бир материалдардын таңкыстыгы бар экендигин моюнга алууга туура келет.
 
Бул очеркти талдоо жөндөмү мыкты окурмандарыбызга сунуштап жатып, алар ажылыктын эң таасын аспектилеринин айланасында ой калчоосун каалар элек, алар өзүнө өзү суроо берип көрүшсүнчү: ажылыкка зыяратка баргандардын көбү, дегеле жалпы мусулмандар ырасында эле ажылыктын түпкү ордун, табиятын, жогорку максаттарын түшүнүшөбү?


 

“Хадж” же “хидж” деген сөздүн мааниси кыргызча  «бир жерге сапар тартуу, багыт алуу , баруу”  дегенди билдирет. Техникалык элес менен айтканда, ажылык айында  ихрам (атайын кийим) кийип, Мекке шаарында жайгашкан Аллахтын Үйүнө барып, Мухаммед Пайгамбар (САВ) жасагандай диний жөрөлгөлөрдү, парз, милдеттерди жасоо. Ал жөрөлгөлөргө – тооп кылуу (Каабаны айлануу), сая (Сафа менен Марва дөнсөөлөрүнүн аралыгын жөө басуу), Арафат тоосуна барып сыйынуу кирет. Бир сөз менен айтчу болсок, ажылыктын жөн мааниси – Меккедеги Аллахтын Үйүнө барып өзгөчө сыйынуу.
 
Азыркы ажылык салтынын башаты – Ибрахим Пайгамбар менен анын уулу Исмаил экөөнүн (Аларга тынчылык болсун) Меккеге Каабаны курган таржымалга тиешелүү. Аллах Куранда мындай дейт:
 
 
«Ибрагим менен Исмаил Үйдүн дубалын түптөдү. (Алар): “О Эгебиз! Бизден кабыл кыла көр! Албетте сен Угуучу жана Көрүүчүсүң!” дешти. (2:127).
 
Ушундан кийин Ибрахим Пайгамбарга (Ага тынчылык болсун) адамдарды Аллахтын Үйүнө чогулткун деген буйрук келди, бул туурасында Куранда мындай жазылган:
 
 «Ибрахимди Кабанын ордунда: “Мага эч нерсени шерик кылба. Тооп кылуучуларга тик туруп эңкейип жана баш коюп (Аллахка) сыйынуучулар үчүн таза карма”-деп, Биз баян кылган кезди (эсте). Адамдарды ажылыкка чакыр. Алар (сага) жөө жана арык төөнүн үстүндө абдан алыс жолдордон келишет.” (Куран, 22:26-27).
 
Мезгил өткөн сайын ажылык жөрөлгөлөрү кемип-толукталып жүрүп олтуруп, азыркы заманда ажылар сыйынгандай тартиптеги жөрөлгө пайда болду жана бардык мусулмандарга өмүрдө жок дегенде бир жолу ажылыкты өтөө парз кылынды.
 
Ажылык өтөөдөгү негизги талаптар:
 
ал адам мусулман болушу керек.

өз акыл-эси менен аңдай алган жетик (чоң киши) куракка толушу керек.

ден соолугу чың болсун.

ажылыкка барганга каржылык да, физикалык да мүмкүндүгү болушу керек.
 


Жогорудагы диний талаптар Куранда да камтылган:
 
«Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Аллах (ыраазычылыгы үчүн) Каабага ажылык кылуу милдети жүктөлдү.” (Куран, 3:97).
 
Сүннөттү карап көрчү болсок, көптөгөн ишенимдүү хадистерде Мухаммед Пайгамбар (САВ) мусулмандарга сөзсүз ажыга баруу керектигин айткан. Мисалы Пайгамбар (САВ) мынтип айтканы бар:
 
Эй адамдар, Аллах силерге ажылыкты парз кылды. Андыктан ажылыкты өтөгүлө” (Муслим)
 
Мухаммед Пайгамбар (САВ) мусулмандарды мүмкүнчүлүк болоор менен ажылыкка барууга чакырган, бул милдеттен баш тарткандарды оор жаза күтүп тураарын да эскерткен. Ал мынтип айткан:
 
Кимдин мингенге төөсү (же аты ж.б.) жана Каабага барууга каражаты жетиштүү туруп Меккеге зыяратчылык кылбаса, ал жөөт же христиан болуп өлөт. Анткени Аллах Өзүнүн китебинде: “Адамдар мүмкүнчүлүгү бар болсо,  Аллахтын астында Анын Үйүнө (Каабага) барып ажылык өтөөсү парз” (Ат-Тирмизи)
 
Пайгамбардын (САВ) бул эскертүү иретиндеги кеңеши – момундарды сүйгөндүгү жана аларды Аллах ыраазычылыгы үчүн туура жолго салууну өз милдети деп билгендиги. Бул хадистин мааниси өтө бир терең, анын мазмунунда:  мезгил өткөн сайын адамдар тирлик иштерине катуу алектенип же кандайдыр бир себептен улам ажылыкка барууга жарамсыз болуп калышат же тек гана арып-карып, же ар кайсы учурда каза болуп калышы мүмкүн деген маани жатат.
 
Ислам тарыхынан жана Мухаммед Пайгамбардын (САВ) өмүр тарыжымалынан улам так белгилүү болгондой, хижрадан соң (Меккеден Мединага көчкөн соң) Пайгамбар (САВ) ажылыкка бир гана жолу барган, бул анын акыркы “коштошуу ажылыгы” экени да айтылып жүрөт. (мисалы бул туурасында “Сахих-Бухариде” айтылат). Пайгамбардын (САВ)  ажылык өтөөсү жана анын зыяратынын өтө зор мааниси бардыгы эки себептен улам:
 
биринчиден, ал окуя мусулмандарга ажылыктын жөрөлгөлөрү тууралуу так маалымат берип турат.
 
экинчиден,  ошол жөрөлгөлөрдү өз орду менен, кынтыксыз аткарганда үммөттөрдүн биримдигин, күчүн, ынтымактыгын камсыздаган фундаменталдуу принциптерди орното турганы белгилүү болууда.
 
Аллахтын Элчиси (САВ) бизге бир катар универсалдуу прицниптерди калтырып кетти, алар – адамдын өмүрүнүн, ар-намысынын, мүлкүнүн кол тийгис экендиги тууралуу принциптер. Пайгамбар (САВ) мындай деп айткан:
 
Мусулманга башка бир мусулмандын канына (өмүрү), мүлкүнө жана ар-намысына катылууга акысы жок” (Муслим)



 
Ар момунга парз кылынган ажылыктын өзүнүн аткарылчу жөрөлгөлөрү бар, алар эң кеми  5 күн ичинде (зуль-хиджа айынын 8нен 12-күнгө чейин) аткарылып бүтүшү керек. А бирок, ажылыкты  саналуу бир күндөр катары гана  эмес, сыйынуунун бардык сезону катары кароо керек.  Аллах мынтип айтты:
 
«Ажылык - бул белгилүү айлар» (Куран, 2:197).
 
Көпчүлүк мухадис жана муфассирлерлер белгилеп жүрүшкөндөй, сыйынуунун бул мезгили орозо айы бүткөндөн кийин дароо т.а.  шаваль айынын 1 нен (ислам ай календарынын 10-айы) зуль-хиджа айынын 10на чейинки (12-айга чейин) (мисалы Ат-Тирмизи, ибн Касир, “Тафсир аль-Куран аль-Карим” ди карап көрүңүз) аралыкта болот. Куранда бул айлар атынан аталып айтылган эмес, анткени, бул айдын кандайча  аталаарын арабдар ислам келе элекке чейин эле жакшы билишчү. Ажылыктын бул мезгили (эки ай жана он күн) зыяратчылардын практикалык жана  руханий түрдө даярданып бүтүүсүнө жетиштүү убакыт берет.
 
Мындан тышкары ажылык айы менен ыйык/тыюу салынган (ашур аль-хурум)  айлардын өз ара тыгыздыгын, байланышын баса белгилеп коюу зарыл. Куран боюнча, ислам ай календарында 12 ай бар, анын 4 сү тыюу салынган делинет (Куран, 9:36). Тыюу салынган айларды Мухаммед Пайгамбар (САВ) өзү да тастыктайт: ал айлар (1) ражаб (7-ай), (2) зуль-када (11-ай), (3) зуль-хиджа (12-ай) жана  (4) мухаррам (1-ай ) (Ат-Тирмизи, ибн Касир). Бул айларда согушууга, чырдашууга, араздашууга, зордук-зомбулуктун бардык түрүнө тыюу салынган; бул тыюулар ислам келгенге чейинки замандарда деле зыяратчылар тарабынан бекем сакталып келген жана ошол тыюулар бүгүнкү күнгө чейин келип жетти.
 
Ажылык маселесине келсек, тыюу салынган айлардын ичине катылган  акылгөйлүктүн түпкү  мааниси – ажылыкка келген зыяратчылар тыюу салынган айлардагы эрежелерге жараша коопсуз келишип, аман-эсендикте жүрүшүп, ажылык жөрөлгөлөрүн ээн-эркин, чочубай-этпей аткарышып өз мекенине эч бир зыянсыз, амандыкта кайта алышына өбөлгө болот.
 
 
Мабрур ажылык
 
Мабрур ажылык деген түшүнүктүн мааниси мусулмандар арасында, зыяратчылар ичинде өзүнүн терең орду бар ыйык зыяратчылык. Ажылыктын социалдык-этикалык жагынан алып караганда, бул өтө бир борборлошкон орток түшүнүк, андыктан ушул темага өзүнчө кайрылып жатабыз.
 
Көптөгөн  тастыкталган хадистерде айтылгандай, Мухаммед Пайгамбар (САВ) “мабрур ажылыгын өтөгөн адамдардын сыйлыгы бейиш болуп, буга чейинки күнөөлөрүнүн баары кечирилээрин” айткан.  (Бухари, Муслим)



 
Мабрур ажылыгынын биринчи жана аябай маанилүү критерийи – чын жүрөктөн, өз каалоосу менен бир гана Аллах үчүн ажылык өтөөгө ниет кылуу. Ар бир ажыга бараткан  зыяратчы буга маани берип, ажылыктагы сыйынуу Кудай менен анын гана иши экендигин бүт аң-сезими менен кабылдоосу кажет, бирөөлөргө мактануу үчүн, бирөөлөр көрсүн үчүн ажылык өтөө түпкү ниеттин баарын бузат, булгайт а түгүл Аллахтын астындагы анын бул сыйынуусу толугу менен жокко чыгат. Аллах мынтип айткан:
 
 «Ажылыкты жана умраны Аллах үчун (толук) аткаргыла...  (Куран, 2:196, о.э.  98:5; 39:14-15).
 
Тилекке каршы, көптөгөн мусулман коомунда ажылыктын түпкү табиятына, нукура маанисине залал келтирчү маданий салттар кеңири тарап кеткен учурлар бар. Маселен, кээде мусулмандар ажылыкка кетип баратканын алдын ала айтып, элге жар салып дуу кылып жиберишет. А  айрым мусулмандар “Меккеге бараттым эле..” деп бүт тууган-туушкандарын, дос-жакындарын кечки сый тамакка, а түгүл дүркүрөгөн бир салтанатка  чакырып, ажылыкка барып келгенден кийин да ушундай шаң, шарапат коштогон шаан-шөкөттүү иш чараларды өткөрүп салышат. А кээ бир өлкөлөрдө ажыга барчу адамдарда атайын жасалгаланган кымбат машинелерге олтургузушуп, сигналы чуулдаган  картеж менен, музыканы болушунча заңкылдатып, театрлашкан сценарий  коштотуп  аэропортко чейин узатып барышат экен да, ажылар кайтканда да андан эки эсе шаң менен тосуп алышат дешет. Анысы бер жакта эле калып, ажыга барып келген айрым мусулмандар башкалар ага кайрылганда сөзсүз “ажы” деп кайрылышы керектигин талап этишип, а түгүл антпесе таарынган, ызаланган учурлар да кездешет.
 
Ажылык өтөп  жүргөндө ар убак тальбия айтып (ажылыкка зыяратка баргандардын “Мына мен сенин астыңа келдим Аллахым...” деп үнүн чыгара сыйынуусу) Кудайды улуктап жүрүшкөнү бир тең да, ар бир жасаган жөрөлгөсүн, баскан-турганын, эмне көрүп, эмне жеп-ичкенин, эмнеге суктанып, эмнеге капа болгонун фотого тартып, селфи кылып, андан соң чарчабай этпей, бүт күчүн тарткан сүрөттөрүн, тасмаларын телефону аркылуу туугандарына, тааныштарына жиберип, а түгүл соцтармактарга жарыялап турушканы бир тең. Алар чын көңүлдөн, жүрөгүнүн тереңинен Аллахты дайым эстеп, улуктап, ар бир жөрөлгөнү жасаганда  диний бир жогорку чектерге, абалдарга жетүүнүн ордуна тигинтип шапар тээп жүргөнү исламий алкактан караганда өтө өөн, өтө адепсиз иш.
 



Мабрур ажылыгынын дагы бир маанилүү аспектиси – фикх менен ажылык өтөөдөгү этикалык талаптардын жуурулушуусу. Бул эмне деген маани? Тилекке каршы, ажыга келген көп зыяратчылар басса-турса “кийимди мынтип кийинүү керек, тиги жөрөлгөнү моминтип жасаш керек” деп корсулдашып, кандайдыр катачылык кетирип алуудан сактанып, “эми аны кантип оңойт экем...” деп аябай кыжаалчылыкка батып сиркеси суу көтөрбөй жүрө беришет, а бирок алар ошентүү менен зыяратчылыктын этикалык тарабын такыр эстен чыгарып салышат.
 
Куранда жана Сүннөттө камтылгандай,  мабрур ажылыгындагы этикалык милдеттер ажылыкка баргандагы биринчи күндөн тартып эле башталат. Так ошол күндөн тартып зыяратчылар исламдын этикалык принциптерин сактоодо өтө аяр, сергек болуп, кандайдыр күнөөгө батып алуудан сактануу зарыл: мисалы оройлук менен бирөөнүн көңүлүн оорутуп алуу, корсулдап катуу тийүү, талашып-тартышуу...  Аллах мынтип айтат:
 
 «…Ким ошол айлардын ичинде ажылык парзын аткарууга милдеттенген болсо, ажылыкта (аялына) кошулуу, күнөө кылуу, талашып тартышуу (га болбойт). Эй акыл ээлери! Жакшылыктардан эмне жасаган болсоңор Аллах аны билет.  (Ошондуктан) азык камдагыла! Чындыгында, азыктын жакшысы – такыбаалык. Менден корккула, эй, акыл ээлери!» (Куран, 2:197).
 
Бул аят ажылыктын жол-жосунун түшүндүрүп берген аяттан (3:97) кийин эле түшүп,  исламга чейинки замандардагы өкүм сүрүп келген зыяратчылыктын айрым туура эмес формалары тазаланып, жахил жана биддачылык элементтеринен арылып ажылыкты туура өтөө максатын көздөгөн. Мындан тышкары, отко-сууга сыйынган көп кудайлуулардын, жылаңач зыяратчылардын ажылык өтөөгө тыюу салган жагдайларды Мухаммед Пайгамбар (САВ) да айткан. Абу Хурайра риваят кылат:
 
Курмандык күнү Абу Бакр мени жарчыларга  кошуп жөнөткөндө, биз элге быйылдан кийин көп кудайга сыйынгандарга ажылык өтөөгө тыюу салынгандыгын, мындан ары эч ким Каабаны жылаңач айланбай тургандыгын айттык... Ошол жылы Абу Бакр да (Аллах андан ыраазы болсун) элге бул тууралы жар салган, кийинки жылы Аллахтын Элчиси(САВ)  Каабага зыярат кылууга келгенде ажылыкка көп кудайлуулар келишкен жок, эч ким Каабаны жылаңач айланган жок”. (Бухари)
 
Жогорудагыларды айтуу менен бирге, ажылыктын бийик максаты – Кудайдан корккон такыбаа абалга жетишүү экендигин дагы бир ирет баса белгилеп коюу керек. Негизи эле исламда такыбаачылык – сыйынуунун бардык түрүндөгү негизги мазмун деп эсептелинип, ал дайыма ыймандуулук менен чогуу жүрөт. Ажылык мисалы менен айтсак, ажылыкка келген адам дайыма такыбаачылык менен ыймандуулукту айкалыштырып жүрүүсү зарыл. Буга Пайгамбардын (САВ) хадистери да ачык мисал боло алат:
 
“Ким ажылыкты толук өтөгөн соң  жаман сөздөрдү айтпаса, күнөө кылбаса, үйүнө  кудум энесинен жаңы төрөлгөндөй күнөөсү жок болуп кайтат” (Бухри.Муслим)
 



Тыянактап айтчу болсок, мабрур ажылыгынын өзгөчө сыпаттары – ажылык учурунда руханий жактан бийик абалдарга жетишүү жана  этикалык баалуулуктарды күчтөнтүү.
 
Мисалы, ажылыкка ар кайсы өлкөлөрдөн ар кыл улуттагы , ар кыл маданияттагы  зыяратчылар барышып, зыяратчылык күндөрүн ийиндеш  өткөрүшөт, көбү бир бирин эзели көрбөй, билбей жүрүшкөнүнө карабай туугандардай ынтымак болуп калышат. Ошол мезгил ичинде алар бир бири тууралуу көп нерселерди билгенге мүмкүндүк түзүлөт: мисалы бир биринин жашоосу, түйшүктөрү, көйгөйлөрү, кыйынчылыктары, ийгиликтеринин сырлары... Жакындан сырдашуу улутка, карманган маданиятына карабай жылуу мамилени пайда кылып, кыйынчылыкта, ийгиликте чогуу., жардамдаш болууга чакырат. Зыяратчылар ажылыкта жүргөндө өмүрүндө биринчи ирет (же балким кайрадан) аял жана эркек тең экенин, улуттар, расалар, чоң-кичиктер, жаш курактар, бай-кедейлер , бийлиги бары менен бийлиги жоктор, айтор баары Аллах астында тең экенин көзү, жүрөгү, аң сезими менен туюшат, зыяратчылардын тең экени бүт бардык адамдардын бирдей кийим менен жүргөндүгү ого бетер тастыктайт.
 
Зыяратка келгендерге өздөрүнүн топ башчылары  сабырдуулук, тартиптүүлүк, бир бирин сыйлоо деген эмне экени түшүндүрүлүп, анын натыйжасында ажылык жөрөлгөлөрү кынтыксыз так система менен, уруш-талашсыз, жаман сөздөрсүз аткарылып,  ажылар бир бирине урматтоо, мээрим, сабыр менен мамиле күтүп, мунун өзү да тарбиялык мааниде чон ролду аткарат.
 
Ажылык күндөрүндө Мекке, айрыкча Каабанын айланасы зыяратчыларга жык толуп, кааласа-каалабаса түртүшкөн, кысылышкан жөөлөшкөн кырдаал жаралып, адамдарды оройлукка, кополдукка чакырган сыноолор күтөт. Демек, дал ошондой кырдаалдар адамдардын чыныгы мусулман экенин текшерип, ар бир зыяратчынын сабыры, өзүн өзү кармай билүүсү, кыйналгандарды көргөндө жардам берген же кол шилтеп койгон сыпаттары сыналат. Айтор, ажылык – адамдардагы мүнөз этикаларын жөндөй турган мектеп койсо да болот.
 
Жыйынтыктап айтканда, ажылыктын бийик максаттарын, анын тамырын түшүнүү, жакшылыкка чакырган акыйкат табиятын аңдоо – зыяратчылардын динге болгон мамилесин жогорулатып, аларга адеп-ахлагы жогору мусулман болуу өтө маанилүү нерсе экенин жеткизет. Мунун баары бир идеяны көздөйт:  ислам дин гана эмес, жакшылыктарга үндөгөн, толук кандуу, жаратман жашоо кечирүүгө чакырган гармониялуу жашоо образын орнотуу.
 
Эн аягында айтаарыбыз, баардык зыяратчыларга кынтыксыз, толук кандуу ажылыкты каалайбыз: “Хадж мабрур!”
 

Маалымат булагы: CILE Center
Автор:  д-р Фетхи Ахмед (Fethi Ahmed)
 

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

 

Facebook Пикир