Актуалдуу темалар

0083
  • 29 Кулжа 2017
  • 0
  • 2613

Азамат Абабакиров: Малайзия исламдагы араб маданиятын эмес, диндин түпкү өзөгүн алууга аракеттенет

ISLAMLIFE.KG порталы өлкөбүздөн сырт жакта иштеп, жашап жүрүшкөн Кыргызстандык мекендештерибиз менен байланышып, алар жашаган мамлекеттеги ислам дини, мусулмандардын абалы тууралуу маектешип турмакчы. Кезектеги маектешибиз 3 жыл Сингапурда, 6 жыл Малайзияда жашап, азыркы убакта Шри Ланкада жашап жаткан Азамат Абабакиров.







  Азамат мырза, Малайзияда дээрлик 6 жыл  жашапсыз, ал жакта эмне жумуш менен алектендиңиз, мүмкүн болсо кыскача айтып өтөсүзбү?
 
 
АА:  Мен Малайзияда 2011-жылдан 2016-жылга чейин жашадым. Ал жерде пальма майын чыгарган бир компанияда иштедим.
 
 
Малайзия бүгүнкү күндө экономикасы жагынан дүйнөдөгү үлгү болоорлук өнүккөн мамлекеттердин бири, баарыбызга белгилүү болгондой бул өлкөдө калктын басымдуу бөлүгү исламды карманышат, Малайзияда исламдын ээлеген орду кандай, экономикалык секириктерге исламдын түз же кыйыр тиешеси барбы?
 
 
АА: Малайзияда Исламдын орду зор, мамлекет катары туруусунда, улуттар аралык ынтымакта, экономикасынан өнүгүүсүндө  ролу чон. Албетте экономикасы өңчөй  нефть-газдын негизинде, бирок ошого кошумча дагы башка багытта өнүктүрүү аракетин көрөт.  Мисалы, Малайзия Түштүк-Чыгыш Азияда электроника, пальма майларын, химикалык өндүрүш, жыгач, ж.б.у.с.экспорттоп, Сингапур, Кытай, Япония, АКШ Тайланд мамлекеттери менен тыгыз мамиледе. Буга кошумча, Малайзияны ТЧАнын халал индустриясынын мекенине айлантайын деген далалатын жасап келет. Малайзиянын халал сертификаттары бар  көптөгөн  товарларды көрүп эле жүрсөңүз керек.  Анан дагы  дүйнөгө белгилүү туризм сектору жылына 30 миллионго жакын туристтери өлкөгө тартат. Айтмакчы, дүйнөнүн  100дон ашык мамлекеттердин жарандары Малайзияга визасыз кире алышат. Туристтер мисалы казиного кирүүгө, арак-шарап алып ичүүгө мүмкүнчүлүгү бар, бирок Малайзиянын мусулмандарына бул нерселерди кылууга тыюу салынган. Орозо айында мусулмандар көпчүлүгү орозо тутушат, бирок мусулман эместерге күндүзү тамактанууга тоскоолдук кылынбайт.
 
 
Ислам динин малай улуту , эли кандай кабыл алаарын байкадыңыз, маселен Кыргызстанда сонку учурда эл исламдашып баратат, арапташып баратат деген пикирлер арбын, малайзиянын калкында да “ислам динин кармасак арапташып калабыз..” деген чочулоо же андан башка кооптонууну байкай албадыңызбы?
 
 
АА:   Малайлардын улуттук ан-сезиминде исламдын ролу зор. Кыргыз тилиндей сыяктуу эле  араб тилинен кирген сөздөр арбын. Бирок Малайзия исламдын диний катмарын арабтардын маданий катмарынан ажыратып, ошол түпкү диний манызын кабыл алганга аракет кылат деп ойлойм. Мечиттердин архитектурасынан, кийинген кийиминен байкап көрсөңүз, малайлардын улуттук өзгөчөлүгү ачык байкалып, көрүнүп турат. Ислам дини арабтардын гана дини деген ой аларда дээрлик  жокко эсе.А бизде Кыргызстанда, советтер  союз убагында 30-жылдары элдин башында турган билимдүү, акылман инсандарды жок кылышып, ан-сезимибизде “амнезия” болуп,  Орусия жакка ооп кеткендиктен улам исламды “арабдардын дини”  деген тайыз  кабылдоо  пайда болду го. Эми менин оюмча, бул убактылуу нерсе.
 
 
Малайзиялыктарда ислам динине карата итиркейди, кыжырды келтирген маселелер барбы, мисалы: сакал койбой эле койсо болбойбу, хижаб кийбей, жоолук оронбой эле жүрсө болбойбу...дегендей?
 
 
АА:   Аларда  андайды байкабадым. Негизинен адам кандай жумуш кылса да, диний ишкер болобу, инженер, физик, башкаруучу болобу, баарына коюлган талаптары бир: мамлекетти алдаба,   ишиңе кылдаттык менен мамиле кыл, колунда жокторго жардам бер, ушак айтпа, сабырдуу бол, ниетиңди түз кылып жүр. Анан эми, сакал коюп, хижаб кийинип алган адамдардын да шайтаны бар эмеспи. Ал эми бизде болсо сакал-хижаб маселеси азыркы учурдагы  коомубуздун динге болгон көз карашынын болгон-эткен денгээли го. Бул дагы убактылуу.
 
 
Түпкү улуттан тышкары деле башка улуттар бар да Малайзияда, кытай, индус, ж.б. майда калктар, алардын карманган дини менен исламдын ортосунда карама каршылык жокпу? Такыр эле жокпу,...же барбы, бар болсо кандай формада, денгээлде?
 
 
 АА:    Малайзияда 60-жылдары улуттар аралык чатактын айынан кан төгүлүп, мүлк бузулуп, коомчулукта ишенич тараган. Ошол убакытта жетекчилери убагында ар бир улуттун көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып, ушу маалга чейин бир да улуттар арасында кандайдыр араздашуу эч кайталанган эмес. Малайзия азыр 60% малай, 25% кытай, 7% индия, жб улуттардан турат. Ар улуттун сыйынган кудайы бар, ага укугу бар, ал укукту мамлекет коргоп, колдоп келет. Мечит, чиркөө, храмдар жанаша эле турушат. Улуттар аралык мамиледе исламдын ролу чон, ачыктап айтканда, ислам дининин терс да, оң да ролу бар. Маселен “малай улутунун негизинде тил, маданият, жана ислам дини турат” деп мыйзамга киргизип коюшкан. Бул мыйзам мамлекеттен жарандарга тийчү жардамга тикелей  тиешеси бар: кредит, жер, ЖОЖдо орун, компанияларды ачуу,  жана башка  көптөгөн жобо-эрежелерде квота аркылуу малай улутуна  көбүрөөк орун берилет. Ушул жагынан, ислам динин малайлардын көйгөйлөрүн чечүүдө жана улуттар аралык проблемаларын жайгарууда ролу чоң.
 
Жалпысынан мусулман менен мусулман эместердин мамилеси жакшы, сый-урмат менен жашап келишет. Бири бирине тийишпейт. Ал жагынан сопсонун. Бирок улуттар ортосундагы түшүнүк, ажырым чоңоюп бараткайндай. Мусулмандар мусулман эместердин үйүнө  конокко барбай, барса берген чайын ичпей (суусу халал эмес, суусу халал болсо чайнек-пияласы халал эмес дегенге чейин барып мурчуюшуп), келин алып-бермей жокко эсе. Мына ушуларды эске алып,  Малайзияда Ислам динин улуттук маселеден бөлөк  кароо  кыйын. Ислам акыркы жылдары “өтө эле саясатташтырылып кетип жатат” деген пикир бар. Исламий партиялар кээ бир штаттарда (Малайзия -федерация) жергиликтүү  бийликке келишкен. Малайзияны 60 жылдан бери бийлеп келген УМНО партиясы исламчыл эмес, негизинен малайчыл (малай-улут. Ред.)  партия, бирок акыркы жылдары коррупция көбөйүп  кетти деген айыптоолор арбып, ал партия малайлардын колдоосун жогото баштаганда, эл көңүлүн табуу үчүн ислам динин көтөрүп чыгышты деген да пикирлер бар.
 
 
Кандай ойдосуз, Малайзияда ислам эмне: динби, саясатпы, идеологиябы...же эмне?
 
 
АА:   Кээ бирине дин, экинчисине саясат, үчүнчүсүнө идеология, төртүнчүсүнө  баары бир тең. Мисалы, Малайзиянын башында 9 султан (же балдары) кезек менен 5 жылдан алмашып башкарышат (Малайзия - конституциялык монархия, бирок саясий бийлик парламентте). Султандар малайзияда “ислам динин жана маданиятынын коргоочусу” деген статус берилген. Диний партиялар да бар, алар кээ бир штаттарды жергиликтүү бийликке келип, ислам дининин таасирин көбөйтүшкөн. Борбор шаары Куала-Лумпурда мусулман эместер көп болгондуктан, дин анча саясатташпай (улуттук проблема чыкпасын деп), дин ар бир адамдын жеке иши катары бааланат. Мага жаккан бир жери, мурунку премьер-министр Махатхир Мухаммад жылда орозо айт күнүндө өзү жашаган үйүнүн эшигин ачык коюп, каалаган адам кирип, чайын ичип, саламын берип, айттап кетишет. Ушундай жупуну адамдар бизде, Кыргызстанда  да болсо канна аттиң…
 
 
Катардагы кыргызстандыкдын баамында Малайзия ислам дини жагынан кыйла алдыга кеткен, исламды бекем карманган өлкө. Малайзияда жашап жаткан адам катары айтынызчы, бүт исламдын мыйзамдары, Курандын мыйзамдары менен жашаган мамлекет (халифат) куруу реалдуубу, жакынкы келечекте,.мисалы Малайзияны келечекте ушундайча элестете аласызбы?
 
 
АА:    Малайзия  халифат курабыз же куруп жатабыз деп да айтышпайт. Бул өлкөнүн  бийлиги (султандары менен саясатчылары) негизинен биринчи Малайзияны өнүктүрүп, калктын  жашоо денгээлин алдынкы мамлекеттердин катарына киргизели, бирок ошол аракетибизде  жолдон адашып, малай экенибизди унутпайлы деген ойдо ислам динин карманып келишет го,.. бул жеке баамым. Мындай кылыш учун, бийлигиндеги адамдар өздөрүнүн  “светтик” билимине кошумча ислам диний/теологиялык билимин өркүндөтүүнү туура көрүшөт.
 
 
Кыргызстандагы исламдан деле кабарыныз бар, исламдын денгээли, кыргыздардын ислам тууралуу түшүнүгү тууралуу да маалыматыныз бар, сырттан сизге кандай байкалат. исламды карманууда бизде аша чабуучулук барбы, же тескерисинче мамлекет исламга дагы жакшыраак, теренирээк көнүл бөлбөй, түшүнбөй жаткан жактары жокпу?
 
 
АА:  Бизде эми, Кыргызстанда дегеним,  Советтик союздан калган  менталитет дагы эле күч, ага кошул-ташыл болуп  соңку кездеги элдин үмүтсүздүгү, бийликке болгон ишеничтин такыр эле кетип бараткандай,  коррупция, көз боемочулук кадыреселикке айланып,  жаштардын көбү  Орусияда эптеп жан багып жүрүшөт. Ушундай шартта, айрым диний билими төмөн адамдар,  динди  убактылуу  колдонушуп дин менен жеке кызыкчылыгын алмаштырып-чалмаштырып, упай топтогондор көбөйбөсө экен деген үмүттөмүн. Мындайга жол бербеш үчүн, элдин диний билимин көтөрүү керек, бирок элдин  үшүн албай (үйрөнгөн адат акырындап калат баары бир), билимди жая бериш керек. Эми исламдын чыныгы  маңызына жетишкен мамлекет болушубуз үчүн  дагы да убакыт керек, 2-3 жыл эмес, балким 10-20-30 жыл. Анан албетте, бул аракетте  мамлекеттин ролу чон болуш керек. Менин көз карашымда, азырынча мамлекетте исламды масштабдуу, терең салмактуу карап, өлкө  келечегин курууга колдонуу тууралуу ою, максаты жоктой...
 
Маек үчүн ыраазычылык билдиребиз, үй бүлөңүз менен тынч болуңуз! 
 


Маектешкен: Эрнис Кыязов

ISLAMLIFE.KG
 
 
 

Facebook Пикир