Актуалдуу темалар

woman
  • 08 Кулжа 2017
  • 0
  • 856

“Күчтүү” аялдын кимге кереги бар?

Илгери качандыр бир кезде, ХХ кылымдын баш ченинде узун көйнөк кийүүдөн, корсет тагынып жүрүүдөн тажаган бир бой жеткен кыз туруп-туруп эле шым кийип көрүүнү чечиптир. Ал эмне болгон кыз, тээ ата-бабаларынан бери тутунуп келе жаткан адептүүлүктү унутуп салууга ага эмне себеп болуптур, кыскасы аялзатын “булчуңдуу” көрсөтүүгө далалат кылган феминисттик саясат боюнча бирдиктүү жүйөө, туруктуу версия жок. Жеке турмушунда жолу болбой калган эле бир аялдын чыгарган балээсиби, же башка мандеми барбы, айтор 1800-жылдардан бери карай “аял күчтүү, аял кыйын” деген феминисттик жулкунуу, тарыхый башаты жок идея асманда калкып, же бар эмес, же жок эмес болуп жашап жаткандай түр көрсөтүп келет. Андай дегенибиз менен, ал дымак күчтөнгөндөн күчтөнүп, азоо аттай алкынып, феминизмдин түшүмдөрүн азырга чейин чогултуп бүтө албай аргабыз түгөнүп келе жатпайбызбы. Качандыр бир кезде шымды кийип көрүүгө бел байлаган аялзаты , эми карасаң: “планетадагы эң күчтүү аял”, “эң кыйын мушташкан аял”, “эң кыйын согушкер аял”, “эң мыкты супер-герой аял”,... болуп эле “күчтүүлүк”, “кыйындык” жоруктар уланып эле баратат...



 
 

Аялзатынын  күчтүүлүккө умтулган дымагы кайда жетип токтоорун айтуу кыйын. Эмки замандын кинотасмаларын көрүңүз, фильмге катышкан башкы каармандагы аялдарды карасаң, алар өз ролдору менен кыздарды, аялдарды кантип татынакай болууга гана эмес, канткенде ээктен ары бир уруп чалкасынан түшүрүү ыкмасын  кошо үйрөтүүдө.

 
Шамдагай, эр жүрөк, акылдуу, баарын туура мерчемдеген, прогрессивдүү, айтор – бүгүнкү күндөгү күчтүү аялдын образы “мен кыйынмын” деген эркектердин баарынан ашып түшөт. Азыркы замандагы аял аттуунун көбү мына так ушул образга жетүүгө умтулушуп, ушуну максат кылышаары да чындык.


                             
 
Бактыбызга жараша, биз аялдар, жогоруда саналып өткөн сапаттардын жарымына  да ээ болбосок деле  эркектен өйдөсүнгөн менменсинүүдөн арыла албай: “Мен кандай гана күчтүүмүн: үй да меники, жумушум да мыкты, балдар да меники, күйөөмүкүнө караганда маянам өтө көп, анан дагы  күйөөмдүн  мага бирдеме деп былбырап, кыйынсынып койгонун карасаң!..”- деп кекирейебиз. Ушундай текебер сөздөрдүн деминен чыккыбыз келбей, эркектен ашса ашкан, асти кем калбаган “шым кийген аялдын” ролун ойногонубуз ойногон. 
 
Чын чынына келгенде,  супер-герой  аялдын образына аябай эле берилип,  сүңгүп  кеткен  дымагыбыз ары күлкүлүү, ары өкүнүчтүү көрүнөөрүн элес албайбыз.  Ажырашуулар барган сайын көп болуп жаткан статистика, күйөөгө чыга албай жүргөн кыздардын көбөйүшү беракта калып эле, “ийгиликтүү болуу үчүн, күчтүү аял болушум керек” деген жомокту принцип кылып тутунганыбыз кызык; кокус жеке жашоодо  көздөгөн тилегибиз ишке ашпай калса, “мен өзүмө өзүм толук ишене албай жатам, эркин экениме ынана албай жатам” же “мен өтө эле күчтүү окшойм, демек мага  татыктуу менден да күчтүү эркек кезикпей жатат..” деп тыянак кылабыз. Мода журналдарын барактап: “Күчтүү аял болуунун 15 себеби”, “Өзүңдү  жакшы көрүүнүн 5 ыкмасы”, “Эркектерге  эркин мүнөз аялдар жагат” деген сыяктууларды окуп ошондой болууга шыктанабыз, аракеттенебиз.


                               

Күйөөсү менен урушуп кеткен аялдын курбусу өзүнүн ажырашкан күйөөсүнө өчөшкөндөн бетер “эмне кылсам экен..” деп башы катып турган курбусуна: “ Эмнеден коркосуң, айт күйөөңө  баарын сенсиз эле өзүм жасай алам, жакпасам каалаган жагыңа кете бер деп айт! Эчтеке болбойт, керек болсо өзүбүз эле баарын катырабыз!”-деп акыл айтат. Айланайын айымдар, силерге жакшылык  кааламыш эткен курбулардын кеңешин кичине болсо да ары жыйыштыра туруп, өз күйөөңөрдөн “жаныңда ким көрүнгөндү жыга чапчу, күчтүү, катаал, беттегенин бербеген аял болушун каалайт белең?”  деп сурап көргүлөчү оболу? Кандай эле түшүнбөйсүңөр дейм да,..  эркек журту аялдарда назиктик,жумшактык, баелук болушун өтө каалашат, кааламак тургай кийинки учурда аялдарды ошондой касиеттер табылбай жатканына жандары кейип жүрүшөт.
 
Үйлөнүүгө ар тараптан жетилген,  акыл-эси тетик ар бир эркек  аялы ага муктаж болуп, таянып, жөлөнүп туруусун кааласа керек. Аялдын күчтүү, карылуу, айбаттуу болушун каалаган эркек дээрлик жок, алар бизден назиктикти, үлбүрөгөн уяңдыкты күтүшөт. Эмне үчүн? Эмне үчүн “күчтүү аялдын” (strong woman) образы эркектерди куштар кылып көңүлүн бурбайт, билесиңерби? Буга жооп чынында эң жөнөкөй. Биз аялзаты дүйнөгө канча ирет эркин, көз карандысыз экендигибизди далилдөөгө тырышпайлы, кандай гана шымдарды узун-туурасынан ченеп кийбейли, табиятынан назик  аялды  согушкер, мушкер, булчуңу буруйган баатыр кылып көрсөтүүгө канчалык аракеттенбейли, табият деген табият – аял аял бойдон, эркек эркек бойдон кала берет. Эркектер күчтүү аялдарды деги бир сүйүп, урматтап, кубаттоого алышы мүмкүн эмес, себеби бул мыйзам ченемдүүлүккө каршы келет жана Жараткандын мыйзамына да каршы көрүнүш. Мындай  эле жөнөкөй мисалды  көз алдыңарга элестетип көргүлөчү: элик өзүн жолборс сезип, аң уулоого чыкканын элестете аласыңарбы?... Бул өзү жеткен аңкоолук, күлкү келээрлик нерсе го.  Биз эркектердин табиятына аралашып, өзүбүздү күчтүү сезгибиз келип, алардан да күчтүү болгубуз келгенде – так эле ошол өзүн жолборс сезген эликтин кейпин кийип калаарыбызды  ойлогула.


                             

“Мен өзүмө татыктуу, менин күчтүүлүгүмдөн да күчтүү эркекти кезиктире элекмин...”,  “..сыягы дүйнөдө чыныгы эркектер калган эмес окшойт”... деген сыяктуу ээнбаш ойлорду ойлогон аялдар акыры барып “эмне үчүн мен үй бүлө күтүп, бапырап бактылуу боло албайм?”  (эмне үчүн мен жалгыз боймун,..ушул бойдон өтөмбү?) деген ойду кубалап, анын маңызына түшүнбөгөн бойдон жүрө беришет.
 
Жакшы бир сунуш айтайын, аялдардын ушундай адашуусуна, аңкоо логикасына  жетеленип кетпегиле. Бул планетада  жаныбызда Кудай бизден башкача кылып жараткан эркек деген заттар бар, алардын хромосомасы, генетикалык коду, муруту, сакалы канча бир жүздөгөн жылдар мурун кандай болгон болсо, азыр деле ошондой.  Илгерки замандардагыдай эле эркектерге  дайыма – мүнөзү  жумшак, тамагын берип, кийимин камдап, жакшы сөзүн айтып турчу, эркектин орундуу айткан сөзүн эки кылбачу  аялзаты керек.
 
Биз аларга керекпиз, а алар бизге керек! Ал эми күчтүү аял эч кимге кереги жок...
 


Автор: Сафия Фокина
Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

 
  
   

 

Facebook Пикир