Актуалдуу темалар

0060
  • 17 Кулжа 2017
  • 0
  • 1121

Светтикпиз дегендер мусулман лидерлерин күнөөлөп, өздөрү олтурган бутакты кесүүдө...

Нарындагы Агахан университетинин студенттерине байланышкан жакындагы эле окуянын чуусу кыйла чуулдап кетти окшойт. Интернеттеги соц тармактарда ар кыл ойлор айтылып бул тема жакшы эле боркулдап кайнады. Азганактай гана адамдардын “ошолорду сабап туура кылышты” деген пикирлерин эске албаганда, соцтармак колдонуучулардын көпчүлүгү Кыргызстандын атына көлөкө түшүргөн бул окуянын каармандарын, токмоктоочуларды аябай сынга алышты.

Конокту сыйлабоо, конокту кордоо көчмөндөрдүн жан дүйнөсүнө шайкеш келбеген нерсе. Бул багытта Эмилбек Каптагаев өз ойлорун жакшы жазыптыр. Негизи  окурмандын көңүлүн башкага бургум келип жатат – мына ушул  тиричилик денгээлиндеги майдабарат окуя   дин аралык кастыкты козуткан денгээлге бурулуп, өлкөдөгү мусулман журтуна кадыры арткан  атактуу диний аалым Чубак ажыга карата чабуулдардын, акыйнек сөздөрдүн күчөшү мени тынчсыздандырат.  Чубак ажыны ар тараптан жөөлөгөн, ызырынган, албууттанган сындардын көлөмү Пифагордун  штанындай  кеңейип, ажыкенин сырткы келбетинен тартып, үнүнүн тембрине чейин асылышты да калышты.  Сындагандардын арасында  акылдуулары, терең талдоого мүмкүндүгү барлары деле жүрөт, а бирок алардын сыны деле беркилердикиндей болуп ары оор, ары негизи жок: “..Чубак ажы  динге динди чабыштырып жатат,..коомду бузуп-жарып атат,..өзү болсо койкоюп джипте жүрөт,...”  ж.б.у. сыяктуу жеңил-желпи, ээн ооз сындар...
 
Ө-өөй, сындагычтар, кичине бир көздү чоңураак ачып, өзүңөргө келсеңер боло.  Албууттанып асман-айга секире бербей, шейх эмне деп айтып жатканын жакшылап угуп, маанисин түшүнгүлөчү оболу. Чубак ажы  акылы тетик, диний жаатта терең билими бар, өлкө ичинде да, сырт жактарда да абтарыйкаты  чоң инсан.   Анын  диний билимдүүлүгү  чала чабат атеисттердин ичин туз куйгандай ачыштырып, өздөрүн ыйык санап жүрүшкөн шоркелдей кишилердин  айласын кетирүүдө, муну түшүнүү үчүн Чубак ажынын мурдагы кийинки   айткан-дегендерин терең, калыс тыңдап акыл калчап көрүү жетиштүү.
 
Урматтуу  Данияр Айтман деген блогер  Чубак ажынын кайсы бир сөздөрүн тыкыр  талдап көрүп, “исламдын альтернативдүү агымынын болушуна каршы болуп жатат” деп ажыкени күнөөлөп өтүптүр. Шейхтин ошол сөздөрүн дурустап угуп, жакшылап  маани берсе анын тереңинде таптакыр башка маани жатат: ажыке өлкөнү кырды бычак болуп чабышып кетчү кокустуктардан  алдын ала эскертип жатат, кыргыздар Варфоломей түнүдөгү кырылышуудай болуп кырылышпасын, чабышпасын деп жаны күйүп айтып жатат. Тышкы оюнчулардын түрткүлөөсү менен өлкө ичинде социалдык, экономикалык көйгөйлөр быкшып олтуруп акыры бир күнү  жалбырттап кеткен , диний  кастык, бир бирин жаман көрүүчүлүк күчөгөн  Сириянын кебетесин кийбейли деп Чубак ажы түз эле айтып эскертип жатпайбы. Исламдын тарыхын мыкты билген аалым киши катары ал кыргыздар арасындагы кландык, диндик, уруулук кээ бир карама-каршылыктар  диндик денгээлдеги фитнанын, диний бузуп жаруучулуктун астында майда бир баланын оюну экенин түшүнүп жатат. Анткени,  диндеги бөлүнүп жарылуунун, диний бузукулуктун айынан бир тууган бир тууганына, уулу атасына кол көтөрүп  каршы турууга даяр болот. Көчмөндөр жашоосунда  бир бирине кол салуулар, бир бири менен согушмайлар албетте боло келген.  А бирок көчмөндөрдүн куугуну, кеги, барымтага алмайы, тирешмейи кыргыз деген улуттун такыр жок болуп кетишине таасир эте алган эмес. Ал эми 1 400 жыл илгери арап чөлдөрүндө жаралган диндик касташуулар ал аймактарда азырга чейин уланып келе жатат.
 
Динара Суймалиева деген журналист кыз мурдараакта  Кыргызстандагы ислам дини туурасында бир жакшы макала жазган эле, анда “светский эктремизм” деген  өтө таамай терминди кошуп  кетиптир. Терминдин маңызы – өздөрүн светтикпиз дегендер жеке оюн, дүйнө таанымын   динге ишенгендерге  мажбур түрдө  таңуулап келе жатышат деген ой.  Өзүнүкүн бербеген, “бул өлкөдө меники гана туура” деген мындай өкүмзордуктун арты жакшы болбойт. Светтикпиз дегендер  мусулман лидерлерин жапатырмак “экстремисттер” деп күнөөлөө менен  өздөрү олтурган бутакты өздөрү араалап жатканын жеткилең түшүнбөй жатат окшойт...
 
Кыргызстандагы Чубак ажы, Кимсанбай ажы, Абдишүкүр ажы сыяктуу мусулман лидерлери ар кандай  мүнөздөгү  экстремисттик балээлерден өлкөнү сактап, коргоп жатышат.  Алардын тынымсыз, мээнеттүү диний насааттарынан улам, ошол аалымдардын мусулмандар арасындагы кадыр-баркынын натыйжасында   өлкөбүздөгү  ислам дининде ар бөлөк чабышуу, тытышуу, пикир келишпестиктер  дээрлик жокко эсе болуп,  Кыргызстандагы  салттуу Исламда туруктуулук ырааттуу уланып келе жатат.  Айнектери күңүрттөлгөн  даңкыйган кара джиптер  аалымдарыбызды мечиттерге, жумаларга, баяндарга алып келип, алып кетип ташып турганы өтө сонун да! А болбосо, ал джиптер дин аалымдарынын ордуна башка бир карөзгөй  авторитеттерди  ташычу болсо, даана көргүлүктү ошолордон көрүп, ошолор  даана  шорубузду катырмак, андайдан Кудай сактасын!...
 
 
 
      Автор: Мусуркул Кабылбеков.
 
Орусчадан которгон: ISLAMLIFE.KG
 
  

Facebook Пикир