Актуалдуу темалар

jinn/shait
  • 20 Жетинин айы 2017
  • 0
  • 483

Жиндер менен шайтандардын түрлөрү

Оболу дароо билдирип коелу, жиндердин, шайтандардын ысымдарын атоо, алардын эмне иш кылаары тууралуу, алардын түрлөрү, формалары жөнүндө оозануу, а турсун тек гана аттарын айтуунун өзү – таптакыр кереги жок эле нерсе. Алардын атын тим гана атап коеру менен эле шайтан адамга өтө чон залакасын тийгизет. Андыктан биз кенен-кесири эмес, кыйыр, кыска түрдө гана адамдарга жалпылай маалымат болсун үчүн шайтандар менен жиндердин кесепеттеринин канчалык оор экенин түшүндүрүп, адамдар алардан өздөрүн, жакындарын коргоп-сактоо чараларын биле жүрүүсү маанилүү экендигин жеткирүү башкы максатыбыз. Эн эле жакшысы, алар тууралуу, жасаган-эткен иштери, азгырыктары тууралуу эчтеке сүйлөбөй, алардын ысымдарын ж.б. такыр атабай коюу пайдалуураак болот.






ЖИНДЕРДИН ТҮРЛӨРҮ:
 
 
Аль-Амиру бул жиндер адамдардын үйүндө көзгө көрүнбөй жүрө беришет, кээде гана залалын тийгизишпесе адамдарга анчалык деле залака келтиришпейт.  Кээ бир шайтандар үйдөгү жуунчу ванналардан, дааратканалардан орун алышат. Андыктан дааратканага кирээрден мурда «а’узубиллях» деп туруп анан киргенибиз оң. «А’узубилляхи мина шайтани рражим» деп дааратканага кирсеңиз бул дуба алардын зыянынан сактайт.
 
 Аль-Карину – бул жин адамды өмүр бою коштоп жүрөт, башкача айтканда туулгандан баштап, каза болгонго чейин.  Адамга такай арам ойлорду шыбырап, жаман жоруктарды жасоого мажбурлап, жакшы иштерди жасоодо күмөн жаратып, адамдын аң сезимин арасат абалга такап, натыйжада арам иштерге түртүп, күнөөдөн күнөө жасатып жүрө берет.  Мындай жиндин башкы максаты – адамды арамдыктарга түртүү, жакшылык иштерди
кылуудан кайтаруу, аны жасатпоо.   

 

Аль-Мариду – дене бою өтө чоң, алп, гигант-жиндер. 
 
Аль-Ифрит -  жиндердин бул түрү эн күчтүү жана  кубаттуу. Анын күч кубаты үчүн килтейген дене-бойдун, алптыктын делен кереги жок. Мисалы, кибирейген эле бир Ифриттин күчү ушунчалык, ал өтө чоң, көлөмдүү жин-Маридди өлтүрүп кое алат.
 
Умёму-Сибъян -  Жиндин бул түрү аялдар толготкондо пайда боло калышат да, тукумсуздукту чакырышат. Мындан тышкары алар жетиге толо элек өспүрүмдөрдү өлүмгө карай үндөшөт, үй бүлөдө араздашуулардын болуусун күчөтөт, күйөө менен аялдын ортосунда чатактын ырбоосуна жанталашып аракет кылышат. Ошондой эле киичине балакайлардын жуулбаган, кир ооздорун жалагылап, алардын кускусун келтирип, дене-боюн алсыратып, аларда ар кыл оорулардын болуусуна жол ачышат.
 

Аль-Гавлу (Гилан) –  араб тилинен кыргызчага которгондо бул сөздөр “түнкүсүн пайда болуучу” деген маанини берет. өзү жалгыз сапарга чыккан адамды жиндин ушул түрү коштоп жүрөт. Мындан тышкары, алар жалгыз адамдарды ( үй бүлөсу жок, бала-чакасы жокторду) такай жандашат. Бул жиндердин башкы максаты – кандай гана сапарга, жолго чыккан адамды болбосун сезимине коркунуч салуу, жол жүргөндө ар түркүн тоскоолдуктарды пайда кылып, түз жолдон туура эмес жолго адаштыруу ж.б. Жиндин таасирине кабылган адам сапар учурунда ойдо жок жаман абалдарга кабылат, күтүлбөгөн капылет сыйкырларга (сихр) учурайт.  Бир жолу Пайгамбардан (САВ): “Аль-Гилан деген жин кандай болот?”-деп сурашканда Аллахтын Элчиси(САВ)  ал жин сыйкырчылык, көз боеп тунгуюк абалга кептөөчүлүк менен алектенээрин айткан.
 
Ас-Сулат, Ад-Далгаб, Аш-Шик – бул сыяктуу  жиндерден түрлөрү аябай эле көп, алардын баарын санап олтурбай ушуларга гана токтололу.  
 

ШАЙТАНДЫН ТҮРЛӨРҮ
 
Шайтандын түрлөрү тууралуу азыноолак маалымат:
 
Ханзаб – адам намаз окуп жаткан учурда ан-сезимге ар кыл шек, күмөн ойлорду келтирип, намаздагы ниеттен ойду буруп, чаташтырып , жүрөктөгу ыймандык берилүүнү жоготууга аракет кылчу шайтандын түрү.
 
Гаффаф – адамга зыян келтирип, коркутуп, а түгүл жаныбардын, айбандын образында адамга көрүнөт.


 
Залнабур – базарларда, соода жайларында пайда боло калып соодагелерлердин ниетин бузуп, сатып алуучуларды алдоого, көзүн боеп пайда табууга үндөйт.  Бул шайтандын көздөгөнү – соода ишинде соодагерге кыйтырлыкты, алдамчылыкты шыбырап, товардын кемчиликтери болсо да , аны жашырып,  калп көкөлөтүп мактатып, кардардын чөнтөгүн эптеп кактырып алуу.
 
Валлгаа – адам даарат алып жатканда бул шайтан пайда боло калат да “даараттын эрежелерин туура алдымбы..жокпу” дедиртип шек жарата берет.
 
Сабар – кайсы бир адамды кайгы, кырсык тооруганда азасын ого бетер күчөтүп, бетин тытып, канатып ыйлоого, кийимин тытмалоого ж.б. мажбур кыла берет. Ансыз да оор абалда турган адамга ошол абалды эселенте оор көрсөтүп, шалдыратып, аргасыздыкка түртөт, абалды атайылап курчутуп козутат.

 

Агвар – адамды “солго” басууга, ойноштук, көңүлдөштүк кылууга мажубрлайт. Бул шайтан адамдарды жыныстык арам иштерге барууга, көзгө чөп салмайларга чакырып турат. 
 
Даасим – үй бүлөдө чыр-чатакты ырбатып, ажырашуулардын көп-көп болушуна жан үрөп аракеттенет.
 
Матриш – адамдардын оозу менен  чындыкка такыр дал келбеген, ушак-айыңдарды таратуу жагына далалат кылат.
 
Даггар – түнкүсүн көзгө ар кыл балакеттерди, түрү суук немелерди элестеттирип, түш көрүп жаткан адамды болушунча коркутат. 

 

Тамрих – адамдарды өз милдеттеринен алаксытып, такай арбап турушат. 
 
Миклас – адамды кумар оюндарына кызыктырып, ал оюндарды өтө кооз, ажайып, жагымдуу кылып көрсөткөнү көрсөткөн.
 
Валагам, Ажда, Авар жана башка ушул сыяктуу шайтандар ого эле көп,  биз атайылап алардын баарынын аттарын бирден атап айтууну туура көрбөй турабыз, анткени мынтип кереги жок.  Тек гана шайтандар менен жиндердин адамдарга канчалык залалдуу экенин билүү үчүн жогоруда үстүртөн айтылып кеткен маалыматтардын өзү жетиштүү.  
 
 
Мухаммадхабиб  Будуновдун  “Ден соолук бакчасы” («Сады здоровья») китеби.
 
Которгон  Халимат Магомедова
 
Маалымат булагы: Орусияда чыгуучу  “Ас-салам” гезити.  
 
Кыргызчалаган:
 
ISLAMLIFE.KG
 
 

Facebook Пикир