Бош убакыт (табит)

halaltur
  • 04 Кулжа 2017
  • 0
  • 390

Адал-туризм боюнча 6 түшүндүрмө.

Адал (халал) –туризм деген эмне? “Адал-туризм” туристтик тармактагы өзгөчө түр, бул негизинен саякаттап жүргөн мусулмандардын карманган дининне, шарияттык керектөөлөрүнө ылайыкталган тармак. Бул категорияга кирген кардарлар исламий принциптерге туура келген тейлөөлөрдөн пайдаланышат, мисалы, ресторандардагы адал-меню жана мейманканалардагы намаз окуучу жайдын болушу.




Адал-турист деген ким?
 
Ислам динин туткан туристтин баары “адал-турист” категориясына кирет.  Айрыкча Индонезия мамлекетинин жарандары (дүйнөдөгү мусулман калкы эң көп өлкөлөр), Сауд Аравиясынын, Бириккен Араб Эмираттарынын жарандары адал-туризм тейлөөсүнөн такай пайдаланышат. Мындан тышкары, Түндүк Африка тараптан келген саякатчы туристтер да жогоруда аталган тейлөөлөргө кайрылышат.
 

Адал-туризмдин өзгөчө талаптары
 
Жер шаарындагы мусулман калкынын ар тараптуулугуна карабай, ар бир  мусулман-турист саякаттоо учурунда пайдалангысы келген адал-тейлөөнүн, ынгай-комфорттун туруктуу  түрлөрү болот.
 
Негизинен исламды карманган туристтер үчүн спирт-ичимдиктери такыр жок, адал-тамактар берилген ресторандар өтө маанилүү. Аларга мейманканада намаз окуу үчүн атайын жайдын болушу да, же жок дегенде жашачу номеринде жайнамаздын болуусу өтө зарыл шарттардын бири. Айрым мусулман-туристтер мейманканаларда аял-эркектердин өз өзүнчө бассейндерин, деңиз жээктеген пляждары да өз өзүнчө болушун каалашат. Аларды ислам багытындагы саякаттоолор, мусулман маданиятын камтыган иш чаралар көбүрөөк  кызыктырат.
 

Адал-туризмдин  негизги багыттары
 
Европадагы мусулмандык багыттагы туристтик индекс көрсөткөндөй (Muslim Travel Index Europe), мусулман-туристтер көбүнесе Францияга (30%), Англия менен Италияга (28%), Германия менен Түркияга (26%) багыт алышат. Көп өлкөлөрдүн ичинен мусулман-туристтерин кызыктырган өлкөлөр адал-туризм тейлөөсү, шарттары барлары, мисалы Түркия, Дубай, Катар мамлекети. 
 

Адал-туризм багытында  иш алып барган туроператорлор барбы?
 
Кийинки жылдарда интернет айдыңында адал-туризмге ынгайлашкан, адистешкен туристтик агенттер пайда болду. Алардын катарында, Halal Booking, Muslim Tripper, Halal Trip, Sun Sea & Halal  сыяктуу  бир катар агенттиктер бар. Жогорудагы фирмалардын баарында ислам принциптеринин талаптарына ишенимдүү жооп берген тейлөөлөр колдонулат.
 

Адал-туризмдин чабыты канчалык?
 
Гранадада өткөн адал-туризм боюнча конференциядагы айтылган маалыматтар боюнча, 2013-жылы адал-туризм тармагындагы глобалдык рыноктун көлөмү 140 миллион долларды түзгөн, мындайча айтканда, дүйно жүзүндөгү калктын саякатка сарптаган каржысынын 13%ын камтыган. Ал эми 2020-жылы адал-туримден түшкөн каржы 192 миллиард долларга жетет деген божомол бар.
 

Маалымат булагы: Hindustan Times.com

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

 

 

Facebook Пикир