Бош убакыт (табит)

Islam/ubakyt
  • 21 Теке 2017
  • которгон: Эрнис Кыязов
  • 0
  • 849

Ислам: убакытка сарамжал мамиле

Ар кайсы акыл-кеңеш берген китептерден, журналдардан, түркүн сайттардан “убактыңызды кантип башкарып, ошол эле учурда өзүңүздү кантип жөндөө керек?” деген сыяктуу насааттарды ара-чолодо окуп калгандырсыз? Биринчиден муну так өзүндөй кынтыксыз аткаруу оңой иш эмес, а экинчи жагы, өзүңүздү өзүңүз ишенимдүү түрдө көзөмөлдөөнү, ага жараша убакытты сарамжал пайдаланууну үйрөнбөсөңүз такыр эле жүдөп, чүнчүп кетесиз.







"Убакытты этияттагыла: убакыт бул өмүрдөн токулган кездеме".
С. Ричардсон.



Анткени, өзүңүздү да, убакытты да башкара билүү үчүн акыл-эсиңиз ар тараптан өнүккөн, турмуштагы позицияңыз, кандайдыр нерселерге ынанымыңыз аябай терең, жүрүм –турумуңуз, адаттарыңыз, мүнөзүңүз бекем болушу кажет, себеби мунун баары убакытка, өзүңүздүн иш аракеттериңизге таасирин тийгизет.
 
Өзүңүз сезип-билип эле жүргөн канча мезгилден берки адаттарыңызды, иш аракеттериңизди натыйжасыз, керексиз деп так моюнга ала аныктасаңыз, “кантип жаңыланам, кантип жакшы адаттарды, жакшы мүнөздөрдүн жаңы жолуна түшөм?” деген суроонун изи менен алга кадам таштооңуз керек болот. Муну айтып койгонго оңой сезилгени менен, аткарууга келгенде бул бир кыйла эле татаал иш. Бирок эркиңиз жетип “жасайм дедим жасайм” деп көшөрүп, так максатты коюп, ошого умтулуп, анын өтөсүнө чыксаңыз “убакыт маселеси” сизге баш оору деле болбой калат. Өзүңүздүн убакытты өзүңүз башкара билүү маселеси негизинен кандай гана нерсени болбосун ойлонуу деңгээлиңизге, өзүңүздү өзүңүз ынандырууңузга, мотивация кылууңузга жана башка психологиялык факторлорго көз каранды болот. Айтор баары өзүңүзгө байланыштуу, “жасайм дедим жасайм же  жасабайм дедим жасабайм” деген тариздеги чымырканган, чечкиндүү  аракетиңизден көп нерсе чечилет.

 

Өзүн ар тараптан өнүктүрүп, жөндөмүн, шыгын, мыкты сапаттарын, чыгармачылык потенциалын  туура колдонуп, ошого жараша туура ойлонуп, туура чечим чыгарып, акырында көшөрүп  ийгиликке жетишкен эрктүү адамдарды көрүп аябай суктанат эмеспизби. Демек, эч кимдин кийлигиштирбей, аралаштырбай туура ойлонуп, туура анализдеп, убактыңызды туура колдонуп, кылчу иштериңизди чалкештирбей ирээти менен жасап,  өз акылыңыз менен туура чечим чыгара билсеңиз натыйжа сөзсүз болот. Убакыттын канчасын кайсы иштерге жумшоо, канча бөлүгүн үнөмдөп, ашкан убакытты кандай майнаптуу иштерге пайдалануу – бул эми жеке шыгыңызга, чыгармачыл жөндөмүңүзгө байланыштуу нерсе. Мындай пландарды түзүп жатканда тээ алды жакта “ийгиликке сөзсүз жетүүм керек жана жетем” деген оптимисттик бийик максатка  алкынуу, жулунуу жана тынбаган өжөрлүк ичиңизде такай жашасын. Убакытты жөнгө салып, аны башкарып турам десеңиз - өзүңүзгө өзүңүз жоопкеричликтүү болуңуз, шалаакыланбай ар секунд өзүңүзгө отчет берип туруңуз: катачылыкка жол берсеңиз да, ийгиликке жетсеңиз да “ушуга кантип жол бердим, ушуга кантип жеттим?” деп салмактуу суроо коюп ойлоно жүрүнүз. Мына ушинте алганда гана  көздөгөн план, максаттарыңыздан тышкары алдыда кандайдыр күтпөгөн бурулуштар, башка жагдайлар чыгып кеткен чакта деле таштаган кадамыңызга, ойлогон оюңузга жеке жоопкерчилик алуу адаты сизде туруктуу  калыптанып кала берет. Айтор, убакытты жөндөп турам десеңиз, бул өтө-өтө жеке маселе экендигин түшүнүңүз жана мээңизди,  ойлоно билүүңүздү уйкусурата койбой тынымсыз машыктыруу аябай маанилүү экендигин унутпаңыз.

 

Максатты туура коюу менен убакытты сарамжалдуу пайдалана билүү – бул экөө ажырагыс бүтүндүк. Жөнөкөйлөтүп айтканда, эгер сиз маселен алдыга кандайдыр өтө маанилүү максаттарды кое билсеңиз, анан алардын биринен сала экинчисинин  өтөсүнө чыгып жатсаңыз – анда эле убакытты туура башкарып жатам деп эсептесеңиз болот. Мындай бир кеп бар: “Өтө бир зарыл ишти тез арада аткарылышын кааласаңыз, анда ал вазипаны такай жумуш кылган, иштен колу бошобогон иштерман адамга жүктөңүз”.  Жашоодо өтө албан ийгиликтерге жетишкен адамдар  үстүнө көп ишти үйүп, аны коркпой чече билүүдөн тайманышпайт, иш канчалык көп болбосун көздөгөн ишин  кыйналып болсо да аткарып акыры  өтөсүнө чыгышат.  Максатка болгон мындай ыкма жөнөкөй туюлганы менен, аны аткаруу жеңил эмес, бул ыкмада төмөнкү жагдайларга маани берүү зарыл:
 
** алдыга кандайдыр конкреттүү максаттарды койбосоңуз, ага жетүүдө тынбаган аракет керектигин сезбесеңиз, анда "убакытты башкаруу, өзүңүздү өзүңүз башкаруу" деген теманы ары жыйыштырып эле салсаңыз  болот;
 
** максаттарды так аныктап “мен минтүүм керек, тигинтүүм керек” деп белгилеп, аныктадыңызбы, демек ошонун чегинде гана убакытты үнөмдөңүз, керексиз  дайыны жок нерселерге убакыт коротууну таштаңыз;
 
** бир нерсени так түшүнүңүз, өз убактыңызды өзүңүз башкарам деп, жеке акыл-парасатыңызга жараша убакытты бөлүп график түздүңүзбү, демек ал убакыт сиздин өмүрүңүз экенин сезиңиз, өзүңүздүн өмүрүңүз кандай болоору жеке  кадамыңызга, ойлонууңузга жараша экендигин билиңиз;
 
Максаттарыңыздын жеке иерархиясын түзүп алуу менен, аны чыныгы турмушта кандай ишке ашаарына көз салып, өзүңүз аны жөнгө салып, текшерип, ашыгын кемитип, кемигин толуктап  “ийгилик болуп жатабы же кемчиликпи..” деп такай көзөмөлдөп турууңуз зарыл.
 


Өз жашооңузду, демек жеке убактыңызды майнаптуу пайдалануу – бул азыр, келерки жылы, дегеле келечекте чоң максаттарга жетишүүнүн ыкмаларын изденүү. Мындай ыкманы жашооңузга колдонуп баштаганда “..эми кандай болот,..ишке ашабы жок бекен?” деп арасаттанбай, “мен максаттарыма жетем, аракеттенип жүрүп акыры жетем” деген принципти карманууңуз өтө маанилүү. Жөн жай эле жеп, уктап, туруп, дааратканага барып жайбаракат жүрө бербей, алдыга так максаттарды коюп, анын ар бир эсебин ала жүрүү – ийгиликке жетүү мүмкүндүгүңүздү жогорулатат, маанилүү маселелердин арасынан “эң маанилүүсүнө” түздөнүп алгалооңузга жол ачат. Качан сиз максаттарыңызды көзөмөлдөп анын жыйынтыгындагы ийгилик, кемчиликтерди так моюнга алып, баарын чындап сезгениңизде гана чон максатка болгон максималдуу аракет пайда болот.
 
Андыктан урматтуу мусулмандар! Ар бирибиз бирдеме жасаарда, ойлоноордо акыл-эсти сергек ойготуп, көздү чоң ачып мамиле кылалы. “Анан кылам,...кийин жасайм..” деген сыяктуу шылтоого шылтоо үйгөн “анандарды..” токтотолу. Айтылуу имам аль-Газалинин мындай бир айтканы сөзү бар: “Ишиң ырааттуу, тартиптүү болуусун каалайсыңбы, “иш өзү ушундай болуп калды да..” деп ой-келди планы жок кадам таштоону токтот. Агымдын шары менен ага бербе, системалуу, ырааттуу, тартиби менен иш кылганда гана убакыт сага жылмаят, ошондо жашооңдо береке болот”.
 
Мындай бир кызык окуя болуптур. Батлух аймагынан чыккан атактуу шейх Саадухаджиясул Мухаммад-афанди өзүнө суранып-өтүнүп келгендердин өтүнүчүн четке кага албай, сүннөт-намаздары да окулбай калчу экен. Бир жолу ал: “Сүннөт-намаздарым окулбай калганына мына 1 айдын жүзү болду”,-деп өкүнгөндө, адамдар тан кала ал намаздардын окулуусуна эмне тоскоол болуп жатканын сурашат. “Адамдар тигил же бул маселелери менен мага келишет, а мен аларды күтө тургула, намаз окуп алайын деп күттүрө албайм”,-деп жооп бериптир.
Бул демек шейхтин башкалардын убактысына болгон этият, сый мамилесинин үлгүсү.


 
Убакытты ким баалабаса, кадырын билбесе, аларга дайыма “убакыт жетишпеген” бойдон өтүшөт, алар такай убакытты “өлтүрүшөт”. “Убакытты майнапсыз өткөрүү – балээлердин балээси”-деп айтылат хадистердин биринде.  Бир  мүнөттүн баркын поездге үлгүрбөй калган жүргүнчү билет, бир секунддун баркын жаза тайып аварияга кабылган айдоочу түшүнөт.
 
Мусулман бир туугандар, эстен чыгарбагыла!  Убакыт деген эч кимге токтобойт. Өтүп кеткен убакыт – бул тарых, аны кайра кайтарууга кеч. Келечек – бул белгисиздик жана сыр. Ал эми азыркы убакыт – бул Жараткан Аллахтын бизге берген белеги, карызы.
 
Убакытты натыйжалуу колдонуу үчүн төмөнкүлөргө маани берүү кажет:
 
 
1). Аллага, динге кызмат кылуу үчүн убакыт бөлүү;
 
2). Үй бүлө ток болсун үчүн, садакага акча табылуусу үчүн жумушка убакыт бөлүү;
 
3). Эс алууга убакыт бөлүү. Ийгиликтин жана ден соолуктун сыры ушунда, бирок билиңиз, бир иш менен алек болуу да – эс алуу;
 
4). Китеп окууга, билим, таалим алууга убакыт бөлүү;
 
5). Ой калчап, анализдеп, таразалоого убакыт бөлүү. Бул күчтүн, кубаттын булагы;
 
6). Башка адамдарга, досторго жардам берүүгө убакыт бөлүү;
 
7). План түзүүгө убакыт бөлүү;
 
 
Бир күнгө жана келечекке план түзө билгиле.  Алланын ыраазычылыгы үчүн жакшы иштерди жасоо максатында убактыңызды башкара билүүнүн сыры – пландоо.
 
Жакшы, пайдалуу, сооптуу иштерди жасоого Аллах өзү жардам берсин!
  
  
 
Мухаммад Букар Гамидуллаев
экономика илимдеринин доктору, профессор,
илим жана өндүрүштү уюштуруу практикасы боюнча Эл аралык Академиянын академиги  
 
 
Орусчадан которгон: Эрнис Кыязов

ISLAMLIFE.KG
 
 
 

Facebook Пикир