Бош убакыт (табит)

muslimsport
  • 04 Кулжа 2017
  • 0
  • 612

Мусулмандар эмне менен алектенишет же Пайгамбар (САВ) доорундагы Мединадагы спорт.

Исламда адамдардын өз денесин ашкере эле кыйноосуна, күчтөнүп зордоп түйшүктөнүүсүнө жол берилген эмес.




А турсун, аша чаап сыйынып (ибадат кылып) дене бойду кыйноого салуу туура эместиги тууралуу Пайгамбар (САВ) мынтип айткан:
 
“Акыйкатта, денеңдин сенде акысы бар, а түгүл көздөрүңдүн сенде акысы бар” (Бухари)
 
Бош убакытта спорт менен алектенүү (дене-бойго залалын тийгизбечү болсо) Исламда жол берилген. Дене чың, сергек болсо - акыл-эс, адеп да сергек болот. Пайгамбар (САВ) балдарды жаштайынан сууда сүзүүгө, жаа атууга, ат минүүгө үйрөтүү керектигин айткан. Ал мындан тышкары,  алсыз адамга караганда, дене күчү жагынан бекем, күчтүү момун Аллахтын астында мыктыраак экенин айткан.
 
Пайгамбардын (САВ) доорунда мусулманда бош убактыларын өз үйлөрүндө, менчик бакчаларда, мечиттерде, Медина калаасынын ар кыл аймагындагы ээн чөлкөмдөрдө өткөрүшкөн.
 
Ислам дининде мыкты көңүл ачуу – үй бүлө менен чогуу аңгемелешип сүйлөшкөн, тамашалашкан же спорт менен алектенген, кызык оюндарды ойноп өткөргөн убакыт. Мухаммад Пайгамбардын (САВ) жубайларынын бири Аишанын (разияллаху анху)  айтымында, бир жолу ал күйөөсү менен кубалашмак ойношуп, андан ашып да кеткен. Кийинчерээк мурункудай арыкчырай эмес, бир аз толуп калган кезде дагы кубалашмак ойношуп, Пайгамбар ал жолкусунда ашып кетип:
 
“ Мурункуда сен ашып кеттиң эле, эми мына ошого жооп кылдым”,-деди   (Ахмад, Абу Дауд)
 
 
Бир күнү Пайгамбардын (САВ) жанында Акра ибн Хабис аттуу киши турган эле, Аллахтын элчиси ошол учурда неберелерин ойнотуп, Хасан аттуу небересин өпкүлөдү. Акра буга аябай таң калып: “Менин он балам бар, аларды эч качан өпкөн эмесмин”-дегенде Пайгамбар (САВ) мындай деди:
 
Аллах сенин жүрөгүңдөн сүйүүнү, боорукерликти алып салган болсо, мен эмне кыла алмак элем?”. (Муслим)
 
Андыктан, мусулман адамда үй бүлөсүнүн бардык муктаждыгына төп келген, кенен, ынгайлуулуктары бар үй болушу лаазым. Анткени, чакан үйгө караганда чоң үйдүн пайдалуу жактары көп. Чарба иштерине  ынгайлуу кылып үй куруудан ыксыз эле чочулай берүү исламда жок.
 
Исламий үй куруу архитектурасында үй ичиндеги короолор зор мааниге ээ болгон. Мусулмандар ичкери тараптагы  короо ичинде эле үй чарба иштерин кылышкан, сатыкка чыгарчу товарларды жасашкан,  тамак бышырып, үй жаныбарларын карашып, жашылча, гүлдөрдү, бак-дарактарды өстүрүп, чон кишилер менен балдар аралаша ойноп-чардап, үйгө келген коноктор менен кожоюндары чер жаза сүйлөшүп дегендей кадыресе бейпил жашоо өкүм сүргөн.
 
Күндөрдүн биринде Халид ибн Аль-Валид аттуу сахаба Пайгамбарга (САВ) үй бүлөсү үчүн  өз үйүнүн өтө тар экенин айтканда, Аллахтын Элчиси (САВ) үйдүн төбө жагына  дагы бир нече бөлмө курууга кеңешин берип, Аллахтан оокат-ашка кенен жетээрлик мүлк суроо зарылдыгын айтты.  
 
Мединанын тургундары  өз үйүнүн короолорунда майрамдарды, баш кошуу үлпөттөрүн, ымыркай төрөлгөн кубанычтуу күндөрдү белгилешип,алыскы сапардан кайткан кишинин үйүнө чогулушуп беймарал турмушту баштан кечиришкен.
 
Пайгамбардын (САВ) аялы Айшанын (разиялаху анху)эскерүүсүндө, бир күнү күйөөсү майрам күнү анын үйүнө келген учурда үйдө кыздар ислам орногонго чейин согушта Хазрадж жана Аус урууларынын ортосундагы чабышуу тууралуу ырды созолонтуп жатышкан. Пайгамбар (САВ) үйгө кирип, жатып, ары карай бурулуп алды. Анын артынан Айшанын (разиялаху анху) атасы Абу Бакр кирип: “Пайгамбардын (САВ) жанында музыкалык аспаптардын болгону кандай?”-деп нааразы болгондо, Аллахтын Элчиси (САВ) бери бурулуп, бүгүн майрам болгондуктан  кыздарды жайына коюсун акырын гана өтүндү.
 
Дагы бир окуя, бир күнү Айша (разияаллаху анху) ансар уруусундагы бир үй бүлөгө барчу жаңы келинди коштоп баратканда Пайгамбар (САВ) жубайы Айшага:
 
Бир аз көңүл ачып, ойной  алдыңарбы ? Акыйкатта, ансарлар көңүл ачууну сүйүшөт!”-деп сурады.
 
Аллахтын Элчиси (САВ) согуштук жортуулдан кайтканда, кара терилүү бир күң аял басып келип, эгер пайгамбар (САВ) согуштан тирүү, амандыкта кайта турган болсо анда анын астында тамбуринде (музыкалык аспап) ойноп берээрге өзүнө өзү сөз бергенин айтты. Пайгамбар (САВ) мынтип жооп берди:
 
Эгер андай болсо, кана баштай бер (ойно, ырдап бер), башка учурда сага аспап чертип ырдоого уруксаат бермек эмесмин”.
 
Күң аял үйгө  Абу Бакр, Али ибн Абу Талиб,  Усман ибн Аффан, Умар ибн Аль-Хаттаб кирип келгенге чейин  кан-жаны менен берилип аябай ырдады. Үйгө Умар (Аллах андан раазы болсун) киргенде гана аспап черткенди, ырдаганды дароо токтотту.
 
Ошол замандарда Мединанын айрым жашоочуларынын үйүндө мышыктар, а турсун кээ бир үй канаттуулары багылчу. Сахабалардын бири Абу Хурайраны “мышыктардын атасы” дешчү, ал мышыктарды өтө жакшы көрүп аларды тез-тезден эркелетип тураар эле. Мышыктарды Пайгамбар (САВ) да жакшы көрчү.
 
Мединада Анас ибн Маликтин тууганы Абу Умайр аттуу бала жашачу, ал таранчы сымал чымчык багаар эле. Чымчыгын бөпөлөп багып жүргөн күндөрдүн биринде байкуш канаттуу өлүп калып бала буга аябай капаланып чөгөт. Баланын маанайын көргөн Мухаммад (САВ) Пайгамбар аны мындай бир кыска ыр менен сооротконго аракеттенди:
 
“О Абу Умайр, кичинекей чымчык эмне кылды?” (Йа Аба Умайр, ма фа’аля аль-нугайр?)
 
Бир жолу Ида (майрам) күнү Пайгамбар (САВ) өз үйүнүн дарбазасынын жанында жубайы Айша (разияллаху анху) менен чогуу турганда, так эле мечиттин өзүндө эфиоп жигиттер найзаларын булгалашып ойноп киришти. Умар аларды токтотууга аракет кылганда, Аллахтын Элчиси(САВ) айтты:
 
“Аларды жайына кой, Арфиддин уулдары (менин) коргоомдо турат!”
 
Пайгамбар (САВ) алгачкы жолу Меккеден Мединага келгенде анын астынан эфиоптор найзаларын ойноткон шаң менен , даңазалап тосуп алышкан. Шам (магриб) намазы окулуп болгон соң, мечиттин ичинде же анын короосунда сахабалар караңгы киргенге чейин найзаларын ойнотуп машыгышчу.
 
Пайгамбардын (САВ) мечитинин жанында спорттук аянтча сымал кенен-кесири аянт болоор эле, ал жер ар учурда ар кандай максатта пайдаланылчу: кээде төөлөр байланчу жер болсо, а бир жолу ал аянтка аялдарынын көзүнө чөп салган зынаакор жөөттөрдү алып келишип, иудейлердин дининин шарты боюнча ташбараңга алып жазалашкан.
 
Көпчүлүк аялдар ал замандарда сайма токушчу, көбүнесе алар Пайгамбардын (САВ) мечитинин ичинде олтурушуп сайма токушчу, кийин гана Умар ибн Аль-Хаттаб халифтик кыла баштаганда аялдардын мечитке барып сайма саюу ишине тыюу салынган.
 
Аллахтын Элчиси (САВ) жана аны жандаган сакабалар ат, төө минишип жарыштарды өткөрүп турушкан.  Пайгамбар (САВ)  "ат минүү, жубай менен жумшак сүйлөшүү жана жаа атуу көңүл ачуунун эң мыкты түрлөрү" экенин айткан, эгер бир адам жаа атканды үйрөнүп, анан ал өнөрдү таштап салса бул жакшы эмес,-деген.
 

Маалымат булагы: Ансар.Ru

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 

 

Facebook Пикир