Диалог

dialog001
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 879

Башка диндеги адамга мамиле же “каапыр” деген ким?

«Мусулман» деген сөз укса эле көпчүлүк адамдардын аң-сезимине так ошол сөзгө карама каршы “кайрыдин” (неверный) деген сөз келе калат.


“Кайрыдин” (неверный)  деген терминдин өзү арабчадагы “кафир” деген сөздүн маанисин жеткилең бербей, анын кесепетинен мусулмандар менен мусулман эместердин ортосундагы карама каршы маанайга кайсы бир денгээлде себеп болуп  жаткан сыяктуу. “Каапыр” (кафир) деген сөздүн чыныгы маанисини элге толук жетпей жаткандыктан улам чыныгы абалды чындай кабыл алууга тоскоолдук болууда.
 

Негизи  “каапыр” сөзүнүн алда канча тагыраак мааниси – маселен, мен ишенгенге “ишенбеген” же “аны тааныбаган” адам  дегенге жакыныраак болуп калат. Бул сөз ислам телогиясында мусулман эмес адамдын образын туюнтканы менен, так эле ушундай мааниде кайсы бир динди карманган адамдар тобу өздөрү тутунган динге ишенбегендерге карата айтылчу сөздүн мааниси деле “каапыр” деген сөздүн мазмунун берет. Бул сөз болгону, мамилелешүүнү аныктап турчу вектор катары гана кызмат кылат.
 
Ислам дининде аталган динден бөлөк диндегилерге карата мамиле эки негизги принципте каралат: адамгерчилик принциби жана укуктук принцип.
 
Куранда жалпы эле адамдар арасындагы мамиле тууралуу төмөнкүчө айтылат:
 
«Эй ыймандуулар! Биз силерди эркек, ургаачыдан жараттык. Ошондой эле бири бириңерди таанып билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүр койдук. (Куран, 49:13)

«Жана да эркек менен аялды Жаратуучуга ант! Албетте силердин аракетиңер ар башка»
(Куран, 92:3-4)

«Эй Адамдын урпактары! Уйаттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн кийим түшүрдүк.» (Куран,7:26)

 
Биринчиден, биз баарыбыз бирдей жаралганбыз, баарыбыздын денебиз, жаныбыз бар, баардыгыбыздын түпкү бабаларыбыз акыры барып бир чыгат. Экинчиден, биздин ар бирибиздин жүзүбүз, өң түсүбүз ар кыл, табиттер, умтулуулар жагынан да ар кимибиз ар кайсы нерсени каалайбыз. Үчүнчүдөн, жогорудагы көп түрдүүлүктөгү, ар тараптуулуктагы акылмандык – ошол ар бөлөк табиттерге өз ара туура түшүнүүчүлүккө, аңдай билүүгө умтулуу, ниеттенүү.
 
Ислам шариятындагы негизги булак болуп эсептелинген Курандагы аяттарда көрүнүп тургандай, Кудай адамдардын баарын өз ара бөлбөй, кайсы бирин ылдый, кайсы бирин өйдө койбой, ар бир адамды Өзү жараткан керемет катары, баарына бирдей мамиле кылат.
 
Ислам ар бир момун адамды бүт адамдарга улутуна, маданиятына, туткан динине карабай жакшы мамиле кылууга чакырат. Ислам дининде мусулмандын өмүрүнө, абийрине, эркиндигине, динине бирөө залал келтирип, коркунуч жаратпаган болсо, анда мусулман өзү да башкаларга так ошондой сый, урмат мамиледе болуусу кажет.
 

Адамдын ишеними кол тийгис:
 
«Динде зордоо жок. Чындыгында, тууралык менен азгырыктын ажырымы айкын болду»
(Куран, 2:256)

 

Адамдын өмүрү ыйык:
 
«Ким акысыз адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете .» (Куран, 5:32)
 

Адамдын абийрине кол салуу, асылуу болбойт:
  
«Аллах диниңерге силер менен согушпагандарга жана мекениңерден кууп чыкпагандарга жакшылык кылууңарга жана аларга адилеттүү болууңарга тыюу салбайт. Акыйкатта Аллах адилеттүүлөрдү сүйөт!» (Куран, 60:8)
 
Мухаммад (САВ) мындай деген:
 
“Момун адам бирөөнү жамандабайт, каргап-шилебейт жана жамандыгы жок нерсени ыплас, жаман сөздөр менен тилдебейт” (ат-Тирмизи 1977, аль-Хаким 1/12. Абу Ну*айм 3/235)
 
Куранда айтылгандай, мусулман адам башка адамдын иш-аракети ислам дининдеги негиздерге каршы келбесе, аны менен мамилелешүүгө болот.
 
 «Жакшылыкта, такыбаалыкта бир бириңерге көмөктөшкүлө»  (Куран, 5:2)
 
Башка диндеги адамдын да  мусулман адамдыкындай жан дүйнөсү, дене-боюу, сезими, акыл эси, а түгүл ишеними бар, андыктан мусулмандар башка диндегилерге ызаат мамиле кылуусу , башкы прицнип.     
 
Экинчи принцип –укуктук багытта. Мусулман адам башка диндегилерге укуктук алкакта кандай мамиле кылуусу керектигин багыттайт.
 
Үйлөнүү, мураскерлик сыяктуу шарияттагы нормалар жеке мүнөзгө ээ болгондуктан, бул маселелерде мусулмандар башка диндегилерге белгилүү бир эрежелерди карманып мамиле кылууга тийиш.
 
А  бирок, укуктук мамилелердин көпчүлүгүндө деле тигил же бул адамдын динине көз каранды жагдайлар болгондуктан, ал принцип да жалпы мааниге ээ.
 
Ислам теологдорунун бирдиктүү, өз ара ынанышкан пикирине караганда, адамдардын бир бири менен болгон мамиле,алакаларын жөнгө салга исламдагы нравалык,адеп-ахлак нормалары – мусулман чөйрөсүнө гана эмес, жалпы адамзаттык алкакты камтыйт. Калп айтуу, саткынчылык, көз боеп алдап кетүү, таарынтуу, залалчылык, ыплас сөздөр менен тилдеп, каргоо, жамандоо, текебердик, куулук жана башка  адамда кездешчү терс сыпаттарды мусулман адам мусулмандарга  карата гана эмес, башка диндеги адамдарга да колдонбоого милдеттүү жана исламда бул терс адаттардан арылууга чакырык жасалат.
 
«Эй момундар! Убадаларыңарды аткаргыла!» (Куран, 5:1)

«өлчөгөндө толук өлчөө менен бергиле жана туура тараза менен өлчөгүлө» (Куран, 17:35)

«Акыйкатта удабаңарды аткарганыңар тууралуу жооп бересиңер»(Куран, 17:34)

«Адамдарга жакшы нерселерди гана айткыла» (Куран, 2:83)

 
Мухаммад (САВ) пайгамбар айткан:
 
“Кимде ким муагидди (мусулман эмес, бирок бейпилдикте чогуу-чаран жашаган адамды) өлтүрсө, Бейиштин жытын жыттабайт”. (Аль-Бухари).
 
“Жерде жашагандардын баарына мээримдүү болгула, ошондо силерге да асмандагы Ал (Аллах) мээримдүү болот”. (Аль-Бухари).
 
Демек, мусулман адамдын башка диндеги адамга карата көз карашы, эң ириде: адамдын адамга жасаган мамилеси деген алкактан, андан кийин гана диндардын кайрыдинге жасачу мамилесинини алкагында каралат, (болгону, башка диндеги кишиге  исламий эрежелердин негизинде мамиле кылуунун нормасын аныктап алуу үчүн гана).
 
Баса белгилеп коюучу жагдай, мусулман адамдын башка диндеги адамга жасачу  “адамдык” адамгерчилиги дайыма өзү менен кошо жашайт, башка диндегилерге жакшы мамиледе болуу талабы Ыйык Куранда да айтылган:
 
 
«Аллахка ыйман келтирген, жакшылыкка үндөгөн, жамандыктан тыйган, (жалпы) адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар» (Куран, 3:110)
 
 
Маалымат булагы:
 
Автор:
Эдгар Девликамов

 

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

Facebook Пикир