Диалог

dialog002
  • 17 Теке 2017
  • 0
  • 1508

Орус православ уламасы Сергей Глаголевдин Ислам тууралуу түшүнүгү

Азыркы диний же саясый исламофобиянын (исламды жек көрүүнүн) тамыры кай жерде ? Учурдагы дүйнөлүк геосаясатта планетардык алкакта исламга динине каршы тренд атайылап удургутулуп, исламдын чыныгы өзөгү өтө бир ыплас бурмаланып жаткан кез. Кай бирөөлөр туш тараптан “мусулмандарга каршы калканч” түзүү керектигин айтып, сөз козгоп келишет.


Мындай бурмаланган чыйырды  чампалама маалымат каражаттары чийип, алар  коомчулукка диндер аралык карама каршылыктарды  атайылап чагылдырышууда. А бирок, дүйнөдөгү мусулман эмес конфессиялардын башчыларынын бул багыттагы позициясын аңдап карап көрсөк, ислам дини менен башка диндердин ортосундагы “түбөлүк карама каршылыктын” тереңирээк жагында эмне бар экени  көрүнө түшөт.
 
Өз кезинде Рим Папасы Франциск “ислам зомбулугу” деген сөздү колдонууга терс мамиледе экенин ачыктаган, айтымында ал күн сайын, мисалы Италияда “ыйык сууга чөмүлүп католик болгон” адамдар тарабынан киши өлтүргөн  кабарларды  маалымат каражаттары аркылуу окуп тураарын өкүнүү менен айтат. Андыктан,- деп баса белгилейт Рим Папасы, эгер “мен ислам зомбулугу тууралуу сүйлөсөм, анда католик зомбулугу тууралуу да айтуум керек да”.  Андай деген менен “мусулмандар менен католиктердин баары эле агрессивдүү, карамүртөз эмес го акыры”, “ар бир динде , ар дайым,  анча көп эмес фундаменталисттердин тобу боло келген, мына ушундан улам, мен исламды зордук-зомбулук менен салыштырууну  такыр туура эмес деп эсептейм”,-дейт Ватикандын башчысы. Исламды терроризм менен байланыштырган маанайларга да Папа Франциск жогорудагыдай тетик көз карашын билдирген. [1].
 
Өз кезегинде 2016-жылдын июль айынын акырында Маскөөнүн жана Бүткүл Орусиянын Патриархы Кирилл православ жана мусулман дининдегилерге кайрылып, аларды тынчтыкта жашоого чакырып, “өз дининде жазылган баалуулуктарды, милдеттерди сактоого” үндөгөн. Анын пикиринде, мына ушундай ырашкерлик орногондо гана “касташуу болбойт”, анткени Исламда да, Православ дининде да  “адамдарды тынчтыкка, бир бири менен жылуу мамиледе болууга чакырат”,  “эгер адамдар Кудайга ишенген болсо, анда алар айланасындагыларга жамандыктарды таратпайт” [2].
 
Бул патриархтын ары жаңы, ары ой келди айткан сөзү эмес. Көп жыл мурун 2010-жылы Бакудагы “Таза-пир” мечитине болгон сапарында ал “сыйынуу бизди Кудай астында бириктирээрин”, анткени адам “сыйынуу учурунда гана Кудай тууралуу, өз өмүрү тууралуу ойлонуп, улам жакшы жакка өзгөрөөрүн” баса белгилей сүйлөгөн. Качан гана “адамдар Кудайды ойлоп, Кудай менен бетме бет келгенде”, коомдо “тынчтык, бир бирин сыйлоо, сүйүү орноорун” кошумчалаган. Андыктан, “адамдарды динине карап бөлгөн” тыянактарды  “биз - калпычылык деп айтабыз”,  эгерде адам Кудайдан алыстаса,  дин бир адамды экинчи адамдан айырмалай алышы мүмкүн; мындай учурда андай жолго түшкөн  адам өзү тутунган дининен да кыйла алыс экендигинен кабар берет,-деп оюн жыйынтыктаган Патриарх Кирилл  [3].
 
Сыягы, Папа Франциск менен Маскөө Патриархынын жогоруда айтып өткөн сөздөрүнө ашыкча комментарий берип, түшүндүрмө айтуунун деле кажети жоктой.  Алардын айткан сөздөрүнүн түпкү мазмуну азыркы учурда коомго үгүттөлүп келе жаткан диний касчылыктардын саясый тамырында “ойдон чыгарылган” таңууланмалык бар экенин билдирип турат.  Бул контекстке улай, мурдагы диний уламалардын жазып кеткен кол жазма мурастарына бир үңүлсөк,  өз динибизден “башка диндердеги” аяр учурларга ал аалымдар кандай мамиле кылганын түшүнмөкпүз.  Диндердеги аяр учурларды таасын аңдаган көрүнүктүү уламалардын бири Орусиялык православ дининин уламасы, диний жазуучу (XIX-XX к.к.), Маскөөдөгү диний академиянын профессору Сергей Глаголев. 1917-жылы  ал Орусиядагы Православ чиркөөсүнүн Поместтик соборунун мүчөсү болуп, ал чиркөөдө аялдарга да патриархтык кылууга укук берген чечимдин кайра  жаралуусуна (бул Орус Чиркөөсүндөгү синодалдык доордун аякташынын белгиси болгон) себепчи болгон. Ырас ал Соборду бир жылдан ашуун мезгил гана башкарган: анткени 1918-жылы Орусияда большевиктердин бийлиги орногон. Биз сөз кылып жаткан темага келсек, 1904-жылы Свято-Троицк Сергиев Лавры басмаканасында С.Глаголевдин авторлугунда “Ислам” деген эмгек басылып чыккан, андагы айтылган айрым бир идеаларды биз төмөндө түшүнүүгө аракет кылабыз.
 

Глаголевдик ой жорум боюнча Мухаммед (САВ) пайгамбардын  өзгөчөлүгү эмнеде?
 
Глаголевдин   айтуусунда[4], өзүнүн “диний, нравалык окуп-үйрөнгөн таалимине” таянып айтканда, Ислам “кайсы бир көрүнүктүү инсанга байланбаган, ага муктаж эмес дин”.  А бирок бул динди тарыхый кубулуш катары түшүнүү үчүн  “адегенде, баарыдан мурда” Мухаммед пайгамбардын (Ага Аллахтын тынчылыгы, мээрими болсун) өмүр, таржымалынан жакшылап кабардар болуу керек.
 
Өз тегерегине көптөгөн тарыхый эмес уламыштарды чогултуп, “ансайын тарыхый жүз” болуп жаркый чыга келген пайгамбарды таанып билүүдө Глаголев тарыхый булактарга таянып, Мухаммед (САВ) пайгамбардын өмүр таржымалын кенен иликтеген.  
 
Мухаммед (САВ) пайгамбар өзүн өзү “экинчи ирет таануу, ачуу  менен бирге” өзүнүн “Кудайдын элчиси” экендигине  эч “күмөнсүз  ишенген”, мына ошондуктан “көз караштары, ой жүгүртүүлөрү жеке өзүнүкү эмес эң жогорку, бийик Күч тарабынан келип жатканына” эч бир күмөнү  болгон да эмес. Андыктан Мухаммед (САВ) пайгамбардын ийгиликтүүлүгүнүн себептерин “галлюцинацияга, долулукка” байланыштырган пикирлердин логикага сыйбастыгын белгилеп келип, Глаголев “бул жерде эч бир экстаз, патологиялык көз караштар жок го?” деген суроо коюп, “эгер Мухаммад ырасында эле эпилепсияга, долулукка чалдыккан адам болсо, анда ал экстаздын жыргалын сезмек”, а бирок ал “жыргалга батуунун патологиялык абалы тууралуу эч нерсе деген жок да”. Анан калса, пайгамбар таратып жаткан динде “акыл-эси соп-соо ойлор айкын сезилип турат”.
 
Башкача айтканда, Ислам – “экстазга жана ага таандык алгачкы сезимдерге, фанатизмге такыр жакындабаган”, “асманга эмес жерге тиешелүү, практикалык” дин болуп турбайбы. Исламда “сыйкыр, керемет жок, андыктан кадимки психатриялык көз караштан алганда деле, бул дин  акылы ордунда, дени соо адамдын эмгеги катары каралууга тийиш. Диний маньяктын колунан мындай залкар эмгекти жаратуу такыр келмек эмес”, анткени  “дин менен ашкере ооруган, психикалык жактан мандеми бар адамдар такыр эле эчтеке жарата албайт, андайлар башкалардын колундагы курал гана болушу мүмкүн”. Мына ушуну туура түшүнө алсак, биз пайгамбарды “оорулуу болгон” деген терс пикирлерди ары жыйыштырып, ага чындап таандык болгон “сапаттарга” гана багыт алып, “пайгамбар динге бүт ышкысын арнаган, сөз берметтерин төгүлтө сүйлөй алчу касиети бар инсан” экени тууралуу фактыны кошо эске ала турган болсок, биз үчүн “Мухаммед (САВ) пайгамбардын ким экени алда канча түшүнүктүүрөөк болмок”.
 
Бул көз караштарын тизмектөө менен  бирге С.Глаголев пайгамбардын өзүнүн айткандарына шилтеме жасайт: 
 
Мен атыр жыттарды , аялды жана намазды жакшы көрөм, бирок баарынан   да намаз учурунда өтө чоң рахат алам”.
 
Бул туурасында  XII-XIII кылымдарда жашап өткөн  көрүнүктүү ислам уламасы Ибн Арабинин жазган “Аллахты издеген адамга насаат” деп аталган эмгегиндеги хадисте да айтылат:
 
Аллахтын Элчиси (САВ) айткан: “Бу дүнүйөдө аялды жана атыр жыттарды жакшы көрөм, а намаз менин көзүмдүн кареги болду  (ан-Наса’и. Ас-Сунан, китаб ‘ишрат ан-ниса’, 3879. Параллели: Наса’и 3879, Ибн Ханбал 11845, 12584, 13526.)» [5].
 
Глаголев андан ары өз көз карашын бекемдеп, мусулман коомунун Мухаммед (САВ) пайгамбарды кандайдыр сыйкырдуу, керемет киши иретинде эмес,  пайгамбар катары кадырлаган  жогорку сый урматын “эч бир күмөнсүз” тууралык деп эсептейт.
 
Пайгамбарга (САВ) “адамдар айыктырып коюусун суранып топ-тобу менен агылган эмес”, душмандары “Анын ачуусунан качып Кудайдан чочулап турушкан” деп айтуу да туура эместик. Тескерисинче, “Мухаммад (САВ) кандайдыр укмуштуудай, керемет сырдуу күчтөргө деле ээ болгон эмес, ал динди  адамдарга жеткирүүгө жан үрөп,  кайра ошол адамдардын кадыресе, табигый жардамдарына, колдоосуна муктаж болуп турган”. Пайгамбардын (САВ) айткан сөздөрүн “адамдар Кудайдан берилген ажайып ачылыш деп эсептешкен. Бирок сөздөрүн гана”.
 
Кураний ачылыштар менен талкуулаганда деле, пайгамбарга (САВ) “кадыресе пенделерден башкача, өзгөчө бир көрүүлөрдүн эшиги ачылган” деп айтуу да туура болбой калат”;  Куранда деле жок нерсени элестетип, көрүп, угуп жаза берген “галлюцинатордун” фантастикалык картиналары кездешпейт. Биз түшүнөлү деп жаткан чындыкка “эпилепция теориялары, дене-бойду калчылдаткан абылып-чабылуу, психикалык жактан нормалдуу эместик” деп пайгамбарга (САВ) жабыштырылып жаткан кээ бирөөлөрдүн таңуулаган пикирлери караманча каршы келет, каршы келмек турган  “маселени терең түшүнүүнүн ордуна”,  жеткиликтүү  “түшүнүүгө зыянын тийгизет”.  Мухаммед(САВ) пайгамбардын өмүр жолундагы бардык учурларды карап көрүп, “анын согуштук саясаты, адамдарга жасаган мамилеси нервден тайган, эпилепциялык мандемдери бар адамдын колунан келбей турганына” ынанасың. 
 
“Ал Аллахка сыйынууну сүйгөн, Аллахты сүйгөн”,   “мына ошол сүйүүнүн айланасына адамдарды, эң ириде “жакын” адамдарды бириктирүүнү”  каалоо -  пайгамбар (САВ) үчүн кадыресе умтулуу болчу. “Намаз окуудан рахат алуу – Ага чон дем, күч кубат берип, намаз - көздөгөн  кыялын ишке ашыруудагы зор ишеним катары кызмат өтөгөн”.
 
Мухаммад (САВ) пайгамбар – “араб коомунун адашкан аң сезимине Аллах бирөө экендигин, адамзаттын  баары бир бүтүндүк экендигин жеткирүү вазипасы жүктөлгөн, ошондой  тагдыр шыбагасына туш келген инсан”.  Мухаммед (САВ) пайгамбар өзүн - “Кудай кылымдан кылымга, маал маалы менен өз эркин жер жүзүнө билдирип турган деген тыянакты” айтып коюу үчүн  пайда болгон  жаңы из салуучу новатор деп деле эсептеген эмес”. С.Глаголев Пайгамбардын  (САВ) шыбагасына  бул вазийпа  жөн жеринен, кокустан  жүктөлбөгөнүн  баса белгилейт.  Анткени динди жакшы түшүнгөн киши катары Мухаммед (САВ) пайгамбардын оюна  “Аллах мага чейин  адамдарга диний ишарат, түшүнүк  берген эмес, мен келип гана адамдарды динге бура баштадым” деген түшүнүк үч уктаса түшүнө кирмек эмес. Пайгамбар (САВ) өзүнө чейин да адамдарга Аллахтын дини кабарланып турганын жакшы түшүнгөн”.
 
 
Мухаммад (САВ)  диний гана лидер эмес...
 
Илгери араптар табынган, баш ийген “ бир гана авторитет болоор эле, ал – ата бабалардын үрп-адаттары, салттары”, а бирок Мухаммад (САВ)  араптарга “жаңы ишенимди” орнотуп – “чыныгы диний акыйкатты” таразалап, тундуруп, мына ошондон кийинки таза нукка жол көрсөткөн  “Аллахтын элчиси” - Ал өзү экендигин, ырас ошондой болгон соң Аны баары “угууга , Ага баш ийүүгө  милдеттүү” экендигин ишенимдүү жар салган. Бул идеянын артында Пайгамбардын (САВ) өзүмчүл эгоисттиги, манчыркаган менменсинүүсү жоктугун С. Глаголев таасын көргөзөт: “Жалгыз Кудайга сыйынуу ишеними орношу үчүн -адамдар өздөрү ойлоп таап алган ар кайсы Буттарга, “кудайларга” сыйынуулар менен айыгышкан күрөш жүргүзүү керек болчу”; ал эми “Мухаммаддын  (САВ) пайгамбарлыгы астындагы диндин жайылышы үчүн -  баары Мухаммад (САВ) пайгамбарга баш ийип, аны угууга тийиш эле”.
 
Глаголевдин баамында, биринчи пункттагы эмес, экинчи пункттагы жагдай  ал кездеги “оппозиция менен бетме бет күрөшүүсү” керек болчу, анткени Хижрадан кийин мурунтан жашап келген “бирдиктүү уруулук, тайпалык принциптин ордуна”, Мухаммад (САВ) пайгамбар “бирдиктүү диний принципти” кийирип, ал шарт боюнча: “момундар арасында эч бир талаш-тартыш болбошу керек”, а эгер талаш чыкса ал  “Аллахка жана Анын элчиси Мухаммедке (САВ) кайрылуу аркылуу менен чечилүүсү кажет эле”. Бул жаңы кадам алибетте Меккеде нечен мезгилдер бою калыптанып калган “бир башчыга баш ийүү” дегенди билбеген жашоо нугунун башка жакка бурулуусун, өзгөрүүсүн талап кылып, жаңы тартип - чөнтөгү калың, капчыктуу үй бүлөлөр үчүн өтө оор тийген. Ислам дининин жаралыш жолунда  бул дин пайда болгондо эле “саясый дин экендиги” менен өзгөчөлөнүп көбүнүн түн уйкусун бузду.
 
Канткен чакта да,  исламдын  басыгы илгерилеп олтуруп, эски  “арап салттарынын” ордун “мусулмандык укук” ээлей баштады. “Мухаммед (САВ) пайгамбар согуштардан кийин  согуштук тактикаларды иштеп чыгып - уруулар менен уруулар ортосундагы катнаштардын, келишимдердин саясатын, өзүнүн үгүт, дааваттарында болсо - шарият эрежелерин иштеп чыгууга жетишти”, ал эми анын “жеке турмушундагы ар кыл өйдө-ылдый жагдайлар”  мусулманчылыктагы “үй бүлөлүк укуктун”  жаралышына негиз болду. “Чыгыштан чыккан бул даанышман башкаруучу,   аялдарына өзүнүн айткан-дегендерин гана жасаткан зөөкүр же тиран болгон деп эч ким айта  албайт”.  Ал эми өз үй бүлөсүндөгү очоктун тазалыгын, аруулугун Ал Чыгышка мүнөздүү репрессия жыттанган катаал жазалоолор менен эмес, Аллахтан коркуу, Андан айбыгуу жолу менен сактоонун тарапкери болгон”.
 
Жогоруда айтылгандарды улай С.Глаголев мынтип баса белгилейт: “Дин тарыхтарын иликтеп көрчү болсок,  билим берүү жана диний жамааттардын өнүгүүсүнө салымы бар “кайсы бир диний реформатордун”  жазып калтырган эмгектери анча мааниге ээ эмес, анткени динде  баарыдан мурда кайсы бир агымды, кыймылды негиздеп-түптөгөн жеке инсандын кандайлыгы, “анын жасаган иштери” алда канча маанилүү. 
 
Дин  философия эмес,-деп басым жасайт С.Глаголев,- биз Гегельдин сочинениелерин билебиз, мындан улам философияда  китептин карааны авторду жаап салат, демек “Гегель деген ким экенин билүү бизге анча деле мааниге ээ болбой калат эмеспи”. А бирок, “динде автордун калдайган карааны китепти толугу менен жаап калат, кимде ким адегенде Мухаммед (САВ) пайгамбардын өмүр таржымалын, жасаган иштерин жана Куранды  билсе, анда ал  Ислам дини деген эмне экенинен бир аз да болсо кабардар боло алат”.
 

С.Глаголевдин Курандагы айрым бир жагдайларга көз карашы
 
Курандагы  “Кудайдын Жалгыз экендигин таанып-үйрөнүү өтө таасын, эч бир талашкыс пункттардын бири. Ал бүт жакшылыктар менен ийгиликтердин –Кудайы. Жер жүзүндөгү Өзү жараткан пенделерине эркиндик ыроолоп, кайра аларды эч бир мажбурлоосуз жалаң жакшылыкка чакырган Кудай”,-деп православ уламасы Жараткандын тирүүлүктү жараткан жаратман касиетин мына   ушундайча даңазалайт. “Исламдын өзөгүндө  кандайдыр ырым-жырымдар же катаал үрп-адаттар жок”,  анткени  “бул дин өтө жөнөкөйлүгү менен Кудайга сыйынуунун  түпкү  маңызына бап келип турат”.
 
Куранда айтылгандай, “Кудайга ишенген момундарды  түбөлүк жыргалчылык күтүп турат”, ал эми “ишенбегендер бу дүйнөнүн убактылуу жыргалчылыгы менен чектелишет”. Мына ушул эле өңүттө мусулман ойчулдарынын бири Абдуллах аль-Андалусинин (Abdullah al Andalusi) айткандарын кыстара кетсек болот. Анын айтуусунда “туура эмес жолго түшкөн адам” менен “динсиз адамдын” айырмасы,  биринчиси - акыйкатты моюнга албоону дембе-дем улантып жүрүп олтурат( же акыйкатты издөөдөн баш тартат, мындайча айтканда тигил же бул ишенимге сокур ишеним менен жетеленет),  ал эми экинчиси , “динсиз” адам - бул динге ишенбеген адам дегендин өтө кеңири мааниси.  Так эле ушундай мазмунду – “куралсызданган адам” менен “куралсыз адам” деген сөздөн учуратабыз, биринчиси – “колунда бар куралынан ажыраган адам”, экинчиси – “куралы жок адам”. Ошондуктан, телогиялык контекстте  “кафир” деген сөздү – акыйкатты моюндабаган, аны издебеген  адам деп түшүнүү жөндүүрөөк, ал эми “динге моюн сунбаган, башка диндеги адам” дегенди  коомдук-укуктук контексттен алганда, “исламды кармабаган адам” деп түшүнгөн оңдуураак.  “Мусулман эмес” деген сөздү мааниси жагынан “туура эмес жолго түшкөн адам” (неверный) деген сөзгө байлап кароо ылайыксыз, анткени Абдуллах аль-Андалусинин айтуусунда, өзүн мусулман деп эсептебеген адам (мусулман эмес адам) о дүйнөгө узап Аллахтын астында барганда туура эмес жолго түшкөн адам эмес болуп чыгышы мүмкүн; ал эми сөз жүзүндө өзүн мусулманмын деп жүргөн адам каза болуп Аллахтын астына барганда туура жолдогу адам эместиги аныкталып калышы ыктымал. Өзүн мусулман же мусулман эмес атаган адамдардын кимиси туура эмес жолго түшүп алганын, кимиси  чыныгы акыйкатты издегенин жалгыз Кудай гана билет  [6].  
 
Глаглоевдин Куранды түшүнүүсүнүн алкагынан чыкпай сөздү улантсак, анын түшүнүгүндө  Куранда “мусулман укуктарынын деми, духу” жатат. Куран мусулмандарга ыроолонорун ыроолонгону менен көбү тамга, кат тааныган эмес болсо да, Курандын деми, духу, принциптери мусулмандардын бүтүндөй жашоосунун баардык тармактарын аныктаган:  диний, саясый, эл аралык, коомдук, үй бүлөлүк, жеке турмуш”. Курандын духунда  - Мухаммед (САВ) пайгамбардын  адам жашоосунда кездешчү бардык жагдайларга карата айткан ой жоруулары, эрежелери, чечимдерине негизделген багыттар бар, Курандын деминде   Пайгамбардын (САВ) керт башы менен өткөргөн жашоосунан алынган,  “сүннөт-тамгалар бар” . Ал  сүннөттөр Мухаммед (САВ) пайгамбардын  иштерин, сөздөрүн камтыган хадистер менен үндөш, синонимдеш.
 
Мындан тышкары С.Глаголев оюн андан ары бекемдей, “ислам дини менен эмки замандын социалдык жана моралдык талаптарынын ортосунда ажырым кыйла чоң” экендигин, ошондон улам  “бул дин көбүнесе бийликтердин зордук-зомбулугун, мүчүлүштүктөрүн баамдап, аларды аныктап турган  фанаттардын дининдей кабыл алынып келе жатканын” белгилейт.  Бул жагынан алганда, исламды азыркы илимдер менен да, прогрессивдүү кыймылдар менен да теңдештирип кароого, чогуу сыйыштырууга мүмкүн эмес. Муну   акыйкаттуулук катары кароо да болбойт, анткени Ислам менен  “нравалык” көз караштардын пайнабы барып акыры бир жерден кошулат.  “Исламдын улам кулач жайып баратышы” демек “бул дин көп адамдар үчүн диний табиттин жеткен чеги катары талабын канааттандырып жатканынын, мына ошол руханий мейкиндиктин купулуна толгонунун” далили.  “Куран кандай гана болбосун, адамзаттын моралдык сапатын, денгээлин көтөрүү далалатында келе жатат, ырас адамзат чындап келгенде Курандагы моралдык табияттын денгээлине чыга элек”.
 
Ислам  ошол эле учурда “мамлекеттик түзүлүштү  буйрукчул, таңууланма шарт менен ченгээлдеп турууга үндөгөн дин эмес”. Исламдагы принциптер “кандай гана мамлекеттик башкаруу менен болбосун шайкеш келет”,  “бул диндеги нравалык талаптардын наркы  ушундай дейсиз, аларды кандай гана мамлекеттик түзүлүшкө чындап колдонушчу болсо, ал өлкөнүн адамдарына жыргалчылык алып келет”.  Ислам өзүнүн ичине теңчиликти камтыйт: “расаларды, улуттарды,коомдорду, жыныстарды”.
 
Ислам менен илимди чогуу карап көрүүгө болобу?” деген суроого С.Глаголев эч бир күмөнсүз оң көз караштагы жообун айтат, “мусулмандар исламий шарияттагы парздарды  милдеттүү түрдө  аткарышы керектигине”   “каршы келген эч бир илимий теория жоктугун” баса белгилейт. Мындай тыянакка православ уламасы Исламдагы бекем, туруктуу формуланы мисал келтирет, ал:  “Аллахтан башка Кудай жок, Ал Жалгыз, Мухаммад – Анын Элчиси” деген формула.  “Кудай – бул Кудай” экендигине эч кимдин күмөнү жок, муну эч ким талашып-тартышпайт. “Мухаммеди (САВ) пайгамбар катары таанууга макул болуу да анчалык кыйындыкка турбайт”,-дейт С.Глаголев. Исламдагы мына ушул “шексиз, күмөнсүз, туруктуу формула эч бир илимге каршы келбейт, келечекте да кандайдыр бир илимий жүйөөлөр менен кагышпайт”. “Физикада, тарыхта бул сыяктуу туруктуу догматтар  канчалык көп болсо, мунун өзү адамзат үчүн кайра жакшы”, анткенинин себеби, догматтардан  “адамдарды алыстатып, ар демени айтып,  атайылап  коркутуп-үркүтүп, анын айынан түшүнүп-түшүнбөй эле мокочо дин экен деп кача берүүгө негиз бербей,  ошол идеалдарга умтулуу керек”.
 
Албетте, адамдар “өзү каалап агылуусу” үчүн догматтардын “өзөгүндө чыныгы акыйкат болушу” кажет. С.Глаголевдин баамында,  көпчүлүк белгилеп жүрүшкөндөй, “догмат эркин ой жүгүртүүнү кысат, а бирок ойго келген ар кыл акыйкат тууралуу ушунтип айта берүүгө болот да”. “Бул өңүттөн алганда, ар кыл факт, ар кыл ачылыш” эркин ой жүгүртүүнү кысат, анткени “жаңы фактылар, ачылыштар көптөгөн божомолдор менен чамалоолордун эркин канат жая берүүсүн чектейт эмеспи”.  А чындап келгенде, “акыл-парасаты менен ойлонгон адамдар үчүн  жаңы фактылар, ачылыштар жаңыча, туура чечим чыгарууга түрткү берет, эркин ой жүгүртүүнү эч чектебейт”. “Эгер түпкү  мазмуну акыйкаттуу, руханий жемишке бай болсо, анда мындай догматтардын теоретикалык мааниси келечектүү”,-дейт С.Глаголев.
 

Жыйынтык.
 
Ошентип, баарыбыз көрүп тургандай, Ислам тууралуу С.Глаголевдин берген баасы (же кабыл алуусу?) бүгүнкү күндө да актуалдуу болууда. Ал көрүнүктүү православ уламасы  экенине басым жасачу болсок, Ислам дини , Мухаммед (САВ) пайгамбар тууралуу анын айткандары  маанилүүлүгү жагынан илимий эмгектен да өйдө турат.
 
Анткени, диний эрежелердин чегинде гана ой калчабай, андагы чыныгы акыйкат маалыматтарды окурманга жеткирүүгө аракеттенген чыныгы ойчулдардын  калтырган мурастарына (кээ кээде болсо да) кайрылуунун өзү  -  баарыбыз үчүн өтө маанилүү. Андай ойчулдардын мурастарында өтө салмактуулук, калыстык, Жараткандын сөздөрүнө негизделген, Кудайдын динин таратууга себепчи болгон көрүнүктүү инсандардын өмүр таржымалындагы урунттуу детальдарды камтыган баалуулуктар бар.

Маалымат булагы: 
 
   
 
Автор: Теймур  Атаев
 
- Азербайжандагы саясат таануучу, публицист. Азербайжандагы мамлекеттик университеттин тарых факультетин бүтүргөн. Аталган өлкөнүн Маданият министрлигинде, кийинчерээк  саясый, экономикалык структураларында иштеген. Орусиядагы, Украинадагы, Азербайжандагы  жана башка мамлекеттердеги интернет-сайттар менен тыгыз кызматташып турат.
 

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 

Facebook Пикир