Дин Пикир

0097
  • 02 Теке 2017
  • 0
  • 2723

Адегенде "үй бүлөлүк бакыт деген эмне?" деген суроого жооп табалы

Шамиль Аляутдинов - Орусиялык диний ишмер, Маскөөдөгү мемориалдык мечиттин имам-хатиби, ислам таметикасындагы көптөгөн илимий, диний китептердин автору. Төмөндө анын интернеттеги видео-лекцияларынын бириндеги үй бүлө темасында айткан баянынан алынган үзүндүнү сунуш кылабыз.





 
 
“  Үй бүлө куруу түшүнүгү ар кимде, ар элде ар кандай. Демейде адамдардын аң сезиминде көбүрөөк калыптанып калган нерсе бар, үйлөнүү, баш кошуу десе эле, лимузиндер, аппак көйнөк, шакек, шампан, шатыра-шатман жандоочтор, самап-эңсеп жүрүп үлпөт күнгө карата узак даярдануулар,.. айтор үлпөттүн батыш маданиятына таандык түшүнүк калыптанган. Мунун баары албетте жакшы, баары кооз, баары татынакай, көйнөк да баланча миллиондук кымбат, шакек да, кастюм шым да,...  а бирок, баш кошкон аял менен эркек ошол бир күнү гана эмес, өмүр бою кол кармашып жашай турганын эске алуубуз керек. Так ошол үлпөт күнү эле бактылуу болуп тим болбой, өмүр бою бактылуу болуу жагына маани берилиши керек го.
 
 
Мен баарыңарга суроо бергим келет. Эмне суроо? Үй бүлөлүк бакыт деген эмне? Адамдын мээсин иликтеп көрүшкөндө ал ушундайча табияты бар экен, ага конкреттүү суроолорду бергенде гана конкреттүү жоопторду издеп баштайт тура. Мына маселен ушул биз сөз кылып жаткан үй бүлөлүк бакыт деген нерсеге карата да бизде түшүнүк так эмес, чаржайыт, бар менен жоктун ортосундагы конкреттүү эмес бирдеме,  ошондуктан аял менен эркектин ортосундагы мамиле ары арасат, ары чалагайым болуп улана берет.  Ошондуктан үй бүлөдө аял менен эркекте үй бүлөлүк бактылуулук деген эмне деген суроого карата так түшүнүк, так жооп, так максат болушу керек.  
 
Мына маселен мен үйдөгүлөргө кандай мамиле кылдым, бир күнү үйгө келдим, уулум менен кызымдын жазчу доскасына “Үй бүлөлүк бакыт деген эмне?” деп жазып, ушуга өзүнөр конкреттүү жооп тапкыла да, 10 пункт кылып  жазып мага айткыла деп убакыт бердим. Аңгыча эки жума өттү, жооп  болсо жок, бир күнү конокко барып калдык бир таанышымыкына, алардын үйүндө да балама, кызыма астына ак кагаз таштап, колдоруна калем берип “Кана , үй бүлөлүк бакыт деген эмне экенине жооп жазгыла” деп баягы талабымды кайра койдум, үйдүн ээлерине да ошол суроолорумду бердим.  А жубайыма да так эле ошол суроону узатып, “жооп айт” деп эртели-кеч сурап баштадым. Демек, ар бирибиз ойлонолу, суроо берели, “Үй бүлөлүк бакыт деген эмне”, ушул соболго жооп табалы”.
 
Шамиль Аляутдинов
 
Орусчадан кыргызчага которгон:

ISLAMLIFE.KG

 

Facebook Пикир