Дин Пикир

Isl044
  • 09 Кулжа 2017
  • 0
  • 859

“Арапташып баратабыз!”- дегендердин ак калпак, элечек кийгенин көрбөдүм...

Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору Марс Ибраев учурдагы ислам динини абалы, исламий университеттин билим берүү жаатындагы маселелери, дин менен жарандардын, мамлекеттин ортосундагы мамилелери тууралуу Islamlife.KG порталынын берген суроолоруна жооп берет.

Islamlife.kg:   Кыргызстанда ислам дини жылдан жылга өнүгүп бара жатканы айтылууда, ошол эле учурда “кыргыздар арапташып баратабыз, биздин ата бабаларыбыздын салты, маданияты кайда калат?” деп чочулаган катмар да бар, коомдогу мындай ажырымга көз карашыңыз?
 

М.И:  Эн биринчи биз ушуну айтабыз, ислам динин карманган ишениминин негизинде  Кудай таала бир элге, жерге жакшылык кааласа ыймандуулукту ыроолотот экен.Ошол жерде ыймандуу инсандардын саны көбөйөт, ыймандуу адамдардын саны көбөйсө кылмыштуулук азаят дегендик, дегеле кайдыгер болгон адамдардын саны азаят дегендик, көп инсандарда адилетсиздик болбой калат дегендик, эми ушунун баарын баарыбыз билип турабыз. Ошон үчүн диндин өнүгүп баратканын мен биринчиден Кудай тааланын колдоосу деп билем, экинчиден, дин тутуу эркиндиги, башыбыздан бир доорлорду өткөрдүк, ошол учурларда коммунизм катуу күчөгөн учурларды көрдүк, анан дагы базар экономикасы, капиталисттик система кирип жаткан учурларда өйдө-ылдый болгон кыйынчылык күндөрдү да баштан өткөрдүк. Ал эми мына бүгүнкү күндө эркиндиктин таасири  менен ислам дининин жайылуу шарапаты Орто Азия мамлекеттеринин арасында , КМШда Кыргызстандагы диндин көрсөткүчү жогорку денгээлде.
  
 “Кыргыздар арапташып баратабыз, ата-бабаларыбыздын салты, маданияты кайда калат...”деген чочулаган инсандар жок эмес бар. Менимче, чыныгы ыйман жүрөккө орносо,   адам чындап динди туу тутса, арапдашуу деген нерсе жок эле нерсе экенин түшүнөт. Албетте биз деле билебиз Кудай таала бизди кыргыз кылып жараткандыгын, каныбыз кыргыз, өзүбүз кыргыз, башыбызда ак калпагыбызды кийип жүрөбүз. Айрыкча акыркы учурлар ошол нааразы болуп айтып жаткан адамдарга салыштырып айтканда, диний адамдар, намаз окуган, ыйман жолунда жүргөн инсандар салтты бекем карманып, ошол эле ак калпакты башынан түшүрбөй, ар бир нерсенин ыгын билип, “төрдү төр, жиликти жилик деп билип”, салтты сыйлаган адамдар накта ошолор болуп жатат деген ойдомун. Ошон үчүн бул жерде жөн гана   напсисине алдырып койгон кээ бир инсандарыбызга  ислам динин тутунуу оор келип жаткандыктан, “арапташып баратабыз” деген бир шылтоону айтып жаткан болушу мүмкүн. Бирин-эки мусулман бир туугандарыбыздын айрым  бир элдин каада-салтына гана таандык болгон кийимдерди кийип алып кээ бирлерин чочутуп жатканы болбосо, бул эми убактылуу көрүнүш, динди дагы тереңирээк түшүнүү менен биз барып-барып өзүбүздүн Кыргызстанга, менталитетибизге таандык  ислам динин карманган, Кудай таалам ыраазы болгон көрүнүштөгү каада-салттарыбызды да жоготпогон элдердин катарында болобуз деген терең ишенимдемин.  Тарыхта деле динде ыймандуулар жана ыймансыздар, ишенгендер жана ишенбегендер  деген ажырымдар боло келген.  Ар бир инсандын ишеними өзүнө жараша, ал өзүнүн эркиндеги нерсе, Кудай таалам жүрөктөргө койгон болсо ишенүү маселеси бат эле болуп кетчү нерсе тура.
   
Ажырым деген нерсе тууралуу айтсак,  бирин-экин гана адамдардын кеп кылуусу менен, же динге каршы болгон атеисттик көз караштагы инсандардын , теңирчибиз деп чыга калып жүргөн мекендештерибиздин көз караштары менен жалпы исламды карманган инсандарга “ажырым болуп жатат” деп бирдей  өкүм чыгарууга болбойт. Биз ислам динин карманган инсандар,  дайыма айтып келебиз, салтты деле динибиз жоккко чыгарбайт, ошон үчүн динде да салтты бекем кармайбыз, бирок ошол салттын дагы Кудай ыраазы боло тургандай, илгерки ата-бабаларыбыз карманып келген салт болсо кана! Бүгүнкү күндө кээ бир инсандардын бүгүн эле чыгара калган жаңы салттары бар,ал арамга, ысырапкерчиликке жол берген салт, муну дин да , эл деле акылга калчай турган болсо кабыл албай турган эле бир көрүнүш. Бирок, аттиң, көп эле учурда кыргыз бир туугандарыбызды сурасаңыз “эээх эмне кыл дейсиң эми, салт экен да, айла жок аткарабыз да..” деген түшүнүккө мажбурланып, той-топурларда, өлүм-житимдерде  ысырапкерчиликке жол берген жосундарга жол беришүүдө. Ак калпакты, ак элечекти айтып коюшат, бирок ошол нааразы болгондордун  бирөөсүнүн да  элечек кийгенин, кыргыздын улуттук кийимдерин кийгенин кийишкенин көрбөдүм. Ошол доомат коюп аткан ага-инилерибиздин бирөөсүнүн башынан ак калпак кийгенин учурата албадым. Ошол эле учурда молдолор, динди кармаган эже-апаларыбыз ак жоолугун салынып, ак калпагын баштан түшүрбөй  дайыма кыргыздын улуттук каада-салттарын сактагандыктарын көрүп жүрөм.
 
 
Islamlife.kg:  Ислам деген эмне экенин коомго жеткирүү үчүн исламды мыкты билген профессионалдар керек. Сиз ректорлук кылган Ислам университети бул милдетти кандай аткарып жатат деп ойлойсуз? Проблеманы  ачык көрмөйүн максат да так болбойт эмеспи, кандай негизги өксүктөр бар экенин баамдадыңыз?
 
 
М.И:   Пайгамбарыбыздын хадисинде “ад дину насиха” – дин бул насаат деп айтат, дин бул жеткирүү, жакшы үлгү болуп жашап көрсөтүү дегендик. Пайгамбарыбыз динди сөзү мененге караганда , жасаган амалы менен да көбүрөөк кылган,өзү динди аткарып жасап көрсөтчү экен. Бүгүн коом мына ошондой инсандарга муктаж. Ал эми биздин ислам университетинин эмгек жамааты динди жеткирүүнү кандай аткарып жатат?- деген суроого жооп берсем,  ар бир инсандын Кудай таалам берген жөндөмүнө жараша , Кудайдын жолунда кызмат кылуу керек болот. Бул бүт диндерде бар. Кудай таалам бирине байлык берсе байлыгы менен, бирөөнө күч берсе күчү менен мекенди коргоп кызмат кылат,а кимге ыймандуулук багытындагы илим берген болсо илими менен, илимди жаюу, дин багытында сабак берүү, баяндарды айтып, элге үгүт-насаат кылуу  менен кызмат кылат.  Биздин оюбузча, ошол милдеттерди  устаздарыбыз, мугалимдерибиз , маалим-эжейлерибиз толугу менен колунан келишинче аткарып жатышат. Албетте кемчиликсиз, мүчүлүштүксүз иш болбойт экен, аны моюнга алабыз, бирок биздин университет мамлекеттин, динибиздин койгон талабына ылайык орто динди, орто мазхабды, ханафий мазхабын, аль матрудийди  карманып  динди жайылтуу  аракетин  кылып жатабыз. Колдон келишинче радикалдуулукка жол бербейли деп, балдарыбыз айылдан келеби, шаарданбы, орус тилдүүбү, кыргыз тилдүүбү , бай же кедей деп ажырым кылбастан Куранды Куран деп, хадисти хадис деп , салтты салт катары , мамлекеттүүлүктү мамлекеттүүлүк деп үйрөтүүгө далалат кылуудабыз. Биздин айтчу өксүктөрүбүз эми, моралдык жана материалдык жактан колдоолор бизге жогорку денгээлде болсо экен деген тек бир каалообуз бар. Эчтеке болбой атат, таптакыр жок деп айта албайбыз, Кудайга шүгүр, жардамдар болуп жатат, бүгүнкү күндө лицензия алуу аракетин кылып атабыз, билим берүү министрлигине чейин барып, ал жердеги көптөгөн агай-эжейлерибизден Алла раазы болсун, жакшы колдоолорду кылып жатышат. А бирок министрликтеги кээ бир аткаминер агай-эжейлерибиз  бизге “..силер жөн эле медресе болуп жүрө бербейсиңерби, светтик мамлекет деген кандай экенин билбейсиңерби, биздики деген атеисттик мамлекет да” деп  айтышканын угуп жаныбыз кеийбей койбойт экен. Биз эми кантсе да мамлекетибиздин бекемдигин, бүтүндүгүн каалап, радикалдуулуктан алыс болсо экен деп колдон келген кызматыбызды кылып жатабыз.
 
Биздин проблемабыз – динди таратуучукызматкерлердин ар тараптуу , дүйнөлүк, акырет, шарыят илиминен өтө жакшы суугарылбаганы. Инсандарга Алланын бирдигин айтып, Пайгамбарды сүйдүрүү багытында даават кылуу, динге чакырууда  динди татаал, оор кылбай жеңил  үгүттөп жеткире алган инсандарга коом муктаж болуп олтурат. Муну туура эле кабыл алуу зарыл, мамлекетке доктурлар да, экономисттер да, мугалимдер да керек – мугалимдер да ар кыл болот, математика мугалими жана башка адистиктеги мугалимдер дегендей, бир гана мугалим баардык предметтерден сабак бере бербейт да. Анын сыңары молдо десе эле бир гана багытта,бүт баары боюнча  таалим берген молдону түшүнбөш керек, фикх, акыйда, ушул сыяктуу ар кыл тармактагы адистиги бар молдолор зарыл болууда. Менимче бул убакыттын эле маселеси, буюрса жылдан жылга оңолуп, өзгөрүп жатабыз, бүгүнкү куңдөгү абалга карап келечекке карай өкүм кылуубуз туура эмес, эртеңибиз да ушундай боюнча тура берет дегендик болгон нерсе. Бүгүн оңолуу аракетинде болуп жатабыз, демек эртеңки күнүбүз жакшы болот, а эгер бүгүн оңолуу жолунда болбой, максатты койбой, ниетти, максатты койбосок, эртеңки күнүбүз андан да жаман болушу ыктымал...
 
 
Islamlife.kg:  Ислам университетин бүтүп чыккан адам диплому менен жумуш таба алабы, андай кадрга коомдо талап барбы, же “ач калсам да динге кызмат кылайын” деген исламга өзүн арнагандар  тапшырып, анан бүтүп чыгабы бул окуу жайдан?  
 

 
М.И:  Албетте ислам университетин бүтүргөн инсан диний чөйрөдөгү эн жогорку дипломго ээ болгон мыкты адис. Мен аттестациялык комиссияда да төрага болгон киши катары 2008ге жакын имамдардан экзамен алып жатабыз, диний мүдүрлөрдөн, казыятта иштеп жаткан кызматкерлерден экзамен алып жүргөн тажрыйбама таянып айтчу болсом, ислам университетинин диний чөйрөдөгү иштеп жаткан 60-70% кызматкерлери ислам университетинин бүтүрүүчүлөрү. Чубак ажы, Абдишүкүр ажы, Аким Эргешов баш болуп баары ислам университетинде окуп кеткен инсандар, алдар бүгүн динге кызмат кылып жатышат. Талап барбы, албетте бар деп айтам, талаптар жылдан жылга күчөп, Нарындагы, Көлдөгү казыяттар “адистер болсо берсеңер” деп сурап жатышат. Бирок ач калсам да динге кызмат кылайын инсандар да арабызда жок эмес, алар аз эле акча алса да өздөрүн курбанчылык кылышып динге кызмат жүргөндөр бар. Баары убакыттын өтушү менен жай жайын түшөт деген үмүтүм бар. Азыр бизден бүткөндөрдү практикага жиберип жатабыз, ар кайсы аймактардагы казыяттарга айтып “бул диний кадрларды алып калгыла, керегин тийгизгиле” деп бүтүрүүчүлөрүбүздү Оштогуларын Нарынга, Нарындагыларын түштүк аймактарына жиберип, трайбалисттик мандемдер болбосун деп казыятка иштегени барган кадрларыбыз ошол жерде калып, жашап , үй бүлө күтүп очор-бачар болуп ошол аймакта динге кызмат кылсын, эмгеги сиңсин деп жатабыз. Алла таала ошол тилегибизди кабыл кылган болсун.
 
 
Islamlife.kg:  Азыр ислам десе эле намаз окуган молдону, мечитти, азанды, сакал,хижапты түшүнүшөт негедир... Бирок ислам  цивилизациясы кайсы бир доорлордо аябай гүлдөп не деген мыкты илимпоздор чыгып, илимдин жаны кыйырлары ачылып, а түгүл Европанын колунда бар адамдары, башчылары балдарын исламий аалымдарга окууга жиберип турушкан экен. Ислам университетинде билим берүүдөн тышкары, илим жактаган, диссертация жактаган багыттар да барбы?
 
 
М.И:   Ислам десе эле жихад, же сакалчан, жоолукчан, намаз, орозо деген белгилүү бир гана түшүнүккө байланган катмарды элестетип калдык. Илгери Союздун учурунда адам соода менен алектене турган болсо “спекулянт” деп аталчу, ал убактагы түшүнүк ошондой эле. А  бүгүнкү кездеги күчтүү соодагерлер коомдогу эң мыкты инсандар болуп калбадыбы. Убакыттын өтүшү менен сооданы мыкты кылып, коомго, элге жерге, чөйрөсүнө , тууган-уруктарына пайда келтирүү менен соодагер болуу да өзүнчо бир өзгөчөлүк, немат экендигин мезгил акыры коомго түшүндүрө алды окшойт. Муну эмнеге айттым, бүгүнкү күндө мусулман деген атты алып жүргөн инсандарга айтаарыбыз, мына маселен Айша энебизден “Пайгамбарыбыз кандай эле?”-дегенде ал: “Басып жүргөн Куран”-эле деп жооп бергени бар эмеспи, бул дегени Куран басат дегендик эмес, тек Пайгамбардын (САВ) баскан турганы, сүйлөгөнү, бүт баары Курандагыдай болчу деген маани да. Бул жагынан алганда мусулмандардын моюнунда чоң, олуттуу жүк турат, биз мусулмандар ал жүктү татыктуу көтөрө алсак, Курандагыдай жашап үлгү боло алсак, ислам бир гана орозо, намаз, зекет эмес, мусулман -  мыкты адамдын образы деген түшүнүктү, светтик илимдерди да кошо өздөштүргөн алдыңкы инсан деген түшүнүктү коомго сиңире алабыз.  Кезегинде биздин мусулман ата-бабаларыбызы аль-Бейруни, алгебраны негиздеген аль-Жабр, медицинада ачылыштарды жасаган Ибн Синалар , Андалустагы илимге салым кошкон чоң-чоң окуу жайлардын баары , алалы ошл эле Самаркандагы Улугбектин абсерваториясы – мунун баары ошол замандарда дин өнүгүп турган учурларда мусулманчылыкты катуу карманган улуу инсандардын эмгектери болуп калды да. Ал убактарда ислам десе, мусулман десе күчтүү,  илимдүү , ар тараптан терең билими бар адамдарды түшүнүшчү экен. Исламды так ошондой кылып көрсөтүү, далилдөө биздин өзүбүздүн колубузда.
   Андалуста, азыркы Испанияда мусулмандар ислам цивилизациясын куруп, өнүктүрүп  коомдогу мыкты жетишкендиктерди жараткан. Ошол кездерде Европадан атайы келишип мусулман аалымдарынан, илимпоздордон математика, астрономия , медияцина жана башка бир топ илимдерди алып кетип турушкан экен. Алла тааланын бул ааламдагы кубулуштары, көрүнүштөрү бул сүннөт, аны окуу, изилдөө ар адамга, мусулманга милдет. Бүгүнкү күндө математиканы билбесеңиз, күчтүү соодагер боло албайсыз, же болбосо анатомия, биология , же алалы  медицинаны билесеңиз жеке жашообузда да туура эмес тамактануунун, дарылануунун айынан ден соолугубузга зыян келтирүүбүз мүмкүн. Адам өзүн өзү аңдабаса башкага урмат-сыйы, кадырлоосу, өзүнө ден соолугуна кам көрүүсү начар болуп андан жабыр тартаары бышык. Ислам дининде “эки дүйнөнүн илимин алгыла” дейт. Жакшы кеп бар, “акыретиң үчүн эртең өлө тургандай ибадат кылып жашап өт, бул дүйнөң үчүн эч өлбөй тургандай жаша” деген. Мунун мааниси, ушул дүйнө үчүн ар нерсени майын чыгара кыл деген сөз, бул жагынан алганда ислам университетинде да билим берип, ошол эле учурда илимге киришип, илимий диссертация жактап, исламий темада эле эмес, коомдук-салттык темадагы багытка түшүп илимий макалаларды жазууга үндөп, аспирантура, докторантурага бет алгыла деген үндөөлөр болуп жатат. Бир кнча мезгил өткөн соң ошол билим берүу академиясынын катарында диний багыттагы да илимий ачылыштарды жасаган, илимий денгээлдеги эмгектерди жасаган денгээлге чыккан окуу жай болсок экен деген аракеттерди колдон келишинче жасап жатабыз.
 
 
Islamlife.kg:  Исламда, Куранда “момуну кылса болот, момуну кылса болбойт” деген конкретикалар бар.  Кээ учурда ал талаптар биздин   демократиялык, светтик коомдогу мыйзамдарга каршы келип калган жерлери да болот.  Ар кыл көз караштары, ар кыл диндери бар светтик коомдо исламды  жайылтуу кыйын эле болуп жатат болуш керек?
 
М.И:  Кайсы нерсе жеңил, оңой олтоң болуп келе койсун, ар нерсенин кыйынчылыгы, түйшүгү бар. Ууру деле урдоодон мурда план коюп, ал максатынын артынан сая түшүп , иштеп, эмгектенип, анан гана ошол жаман ишке кыйнчылык, тоскоолдуктарга карабай барат экен. А бирок ал кылган иши тозокко татыктуу болоорлук туура эмес иш. Элдин ортосунда бүлүк салып, бузуу үчүн , кастыкты пайда кылуу үчүн аракетин жасап,  бир улутту улут катары жок кылуу үчүн, динди алсыратып коюу үчүн айрым уюмдардын аракеттери  болбой койгон жок, андайлар  болуп жатат. Демократия эркиндиги, биздин динди таратуубузга өтө эле көп пайдасы болууда. Балким бирин-экин тоскоолдук болсо деле, эми ал деле болушу керек деп ойлойм, себеби ар иште сыноо деген бар эмеспи. Ар кандай көз караштагы, пикирдеги, ишенимдеги коомдо, динге кызмат кылуу да татуурак болобу деген ойдомун.  Араб мамлекетинде, Египет мамлекетинде он жылга жакын мезгил жашаган адам катары айтаарым,  бул өлкөдө  мамлекеттик системасындагы саясат  да негизинен исламий, диний ишенимдин негизинде жүрөт, жарандык укуктары, ажырашуу, үйлөнүү маселелери диндин негизинен алынган. Бирок ошого карабастан, динди карманууда, аны таратууда ал жакта да бир топ тоскоолдуктар бар экенин да көрүп келдим. Ага караганда бизде, Кыргызстанда демкоартиялык мамлекет болсо да динди караманам, динди жайылтам деген адамдарга бир квйла жеңилдиктер тузүлүп берилген.  Мен кааларым, коом бара-бара оңолот, бирок ошол оңоло турган нерсенин түбүн бүгүн туура көргөзө билүүбүз керек. Дин деп эле элди чочутпашыбыз, коркутпашыбыз керек. Адамдар чочулабаганда гана дин өз нугунда болот.  


Суроолорубузга чын дилден жооп берип, убакыт бөлгөнүңүз үчүн чоң ыраазычылык!


ISLAMLIFE.KG


 
'
';

Facebook Пикир