Дин Пикир

Rais/Izmailov
  • 26 Баш оона 2017
  • 0
  • 767

“Айрым бир ханафий аалымдарыбыз маңыздуу кылып жаза билүү жагынан кыйла аксашат экен..”

Бишкекте быйыл июль айында Кыргызстандык, Казакстандык, Орусиялык, Иорданиялык, Түркиялык дин аалымдары, адис,эксперттеринин катышуусунда өткөрүлгөн тегерек столдо Орусиядагы ислам университетинин окуу-тарбия иштери боюнча проректору Раис Измайловдун сөзүн кыргызчага которуп назарыңыздарга сунабыз:






Жаштар менен исламий аалымдар ортосунда билинбеген тоскоолдук, бөгөөт бар. Жаштар хутбага келээрин келишет да, нагызында эчтекени түшүнүшпөйт.  Өспүрүмдөр, жаштар интернеттеги ютуб-имамдардын айткан-дегендерин көбүрөөк көрүшөт, тыңдашат, анткени алар жаштардын тилин таап сүйлөшөт.
 
Анан дагы бир өксүк, исламий аалымдарыбыздын басымдуу бөлүгү ойду жеткилең кылып жаза билүү жагынан аксашат. Мына карап көрсөк, салафий аалымдар негизинен суроолорго өтө ынанымдуу, таасирдүү жооп бере билишет, бул өңүт менен караганда, ханафий мектеби кыйла артта.  
 
Бул алардын  замандын талабына шайкеш келген жоопторду өз орду менен таба билишпейт дегендикке жатпайт, ырасында, ханафий аалымдар жазуу жагынан өксүгү бар, жаза алышпайт. Хутба өтүү, баяндарды, лекцияларды окуу жагынан сыр алдырышпаганы менен, маңыздуу кылып жаза алышпайт. Билсеңер айткылачы, мазмундуу кылып жаза билген кайсы диний аалымдарыбыз бар? Мындайда дароо эле Шамиль Аляутдинов эске келе калат, анткени ал китеп басып чыгаруу ишин да, интернет ресурстарды пайдаланууну да мыкты өздөштүргөн. Бирок андан башка деле аалымдарыбыз бар да, эмне үчүн алар тууралуу аз билебиз?”
 
Маалымат булагы: Ummamag.kg
 
  
ISLAMLIFE.KG
 
 

Facebook Пикир