Дин Пикир

012/987
  • 09 Тогуздун айы 2017
  • 0
  • 1190

Ислам десе эле мечитке кирип алып термеле күбүрөнүп олтурган молдону түшүнүшөт, андай эмес...

“Ислам дегенде эле адамдар мечитте термелип олтура берүүнү гана элестетишчү болду, мечиттин ичине кирип алып эле топу кийип, чапан кийип бирдемелерди күбүрөнүп олтурган диндарларды элестетишет, а кай бирлер болсо автоматчан адамдар кимдир бирөөлөрдү кырып жатса, жүрөктүн үшүн алып жардырып атса, ошону ислам дешчү болду...







А чынында ислам бул бүтүндөй жашоо, тирүүлүк. Биз мусулмандар туулабыз, жашайбыз, өлөбүз. Анан албетте муну менен катар ойлоно билүү жөндөмүмүбүз да бар сыяктуу... Анан эле суроо пайда болот, мусулмандар мындай карасаң баарыбыз эмненин кандай экенин билебиз, тушүнөбүз, бирок ичибизде түшүнүксүз нерселер быкпырдай кайнайт. А башыбыздачы? Башыбызда Аристотелдин логикасы, Гегелдин диалектикасы, жана башка ушул сыяктуу бирдемелер... Анан эле ой калчоого келгенде эле мээбизде бала бакчадан, мектептен бери аң сезимибизге таңууланып, мажбурланып келген штамптардын, стереотиптердине топтому үйүлө берип додо болуп калган. Бул негизи туура эмес да.
А түпкүлүгүндө адамдын табиятында исламий интеллектуалдык метод кошо жаралып, кошо жашайт, ошого карабастан анын баарын унутууга, мээден өчүрүүгө бизди мажбурлап келишкен. Өчүрүү аракети болгон менен, ал биздин табиятта бар, сакталуу, болгону аны өрчүтүп, жандантуубуз гана керек. Жаңы бирдеме ойлоп табуунун деле зарылчылыгы жок, түпкү башатка кайтып баруубуз кажет. Башкысы анын баары туура кабыл алып, туура ой калчап, туура тыянак кылуубуз зарыл. Ошону ишке ашыра алганда гана адамда туура ойлонуу пайда болот, а адам туура ойлонсо, баштын ичиндеги мээни туура иштете билсе, анда адамдын жүрүм-туруму да өзгөрө баштайт эмеспи. Мына ошондо гана жүрөк акыл-эске карап түздөнүүгө өтөт.
 
А азыр болсо абал такыр башка, жүрөк исламга карай умтулат, а акыл-эсибиз болсо бала бакчада, мектепте бизге мажбурлап үйрөткөн көнүмүш стереотиптерден чыга албай тумчугат. Жүрөк менен акыл-эсти нукка салуу үчүн исламий багытты тандап, ошонун изи менен ой калчоо керек”.
 
Тимур (Гази) Шангереев    Уфада жашайт. Мусулман.  "Новое прочтение" маалымат-аналитикалык   борборунун жетекчиси
 
ISLAMLIFE.KG
 
 
 
 

Facebook Пикир