Дин Пикир

00013
  • 17 Теке 2017
  • 0
  • 756

Исламда: паракорчулук - күнөө. Деги паракорчулук деген эмне өзү?

Суроо: Мамлекеттик мекемелерде кызматкерлер көп учурда кандайдыр “тейлөө акысы үчүн” пара алышат, мисалы алсак, төрөт үйлөрүндө. Кааласаң-каалабасаң “балама залал кылып коюшпаса экен..” деген ойдо тигилердин сураган акчасын бересиң. Мындай учурларда кандай кадам таштоо туура, дегеле мына ушундай аргасыздык исламда кандай каралган?






Диний аалым Кадыр Маликов жооп берет:  
 
Пайгамбарыбыздын (САВ) хадистеринин биринде мынтип айтылган: “Параны берген да, аны алган да Аллахтын каргышына калат». Исламда коррупция чоң бир  балээ катары кабылданат, анткени жемкорлук – коомдогу акыйкатсыздыктын, дестабилдүүлүктүн башаты, ал нерсе  тандап,иргеп олтурбай коомдогу бардык катмарды каптап, сиңип  кете берет, анын катарында сиз айткан медицинаны дагы.  
 
Башка бир маселе – биз эмнени пара деп эсептейбиз? Медкызматкерлердин айлык акысы өтө аз экени баарыбызга жакшы белгилүү, биздин коомдо болсо көп учурда ооруканадабы, төрөтканадабы катардагы медкызматкерлерге чын пейилден ыраазылык билдирүү адаты калыптанган. Эми жемкорлук маселесине келсек, ар бир учурду өзүнчө карашыбыз керек го, мисалы оорулууга ансыз да операция кылууга милдеттүү болгон хирург , анысын элес албай эле акча талап кылса – бул накта паракорчулук. Бул кылыгы үчүн ал ушул дүйнөдө жазаланбаганы менен, аркы дүйнөдө сөзсүз өз жазасын алаарында шек жок. А эгер дарыгер сизден суранбаса деле, “акча бер” дебесе деле ыраазы болуп, өз каалооңуз менен акча берсеңиз, мунун жөнү такыр башка. Акчаны чын жүрөгүңүз менен, дарыгердин жасаган ишине ыраазы болуп берип жатсаңыз, ал кантип пара болмок эле?..
 
 
ISLAMLIFE.KG
 
 
 




 

Facebook Пикир