Дин Пикир

Isl043
  • 09 Кулжа 2017
  • 0
  • 1327

Исламды ким, кантип колдонот, маселе ушунда…

Islamlife.KG сайты өлкөбүздөгү дин маселелерин иликтеп жүргөн теолог, Ислам таануу илимий-иликтөө Институтунун директору Маметбек Мырзабаевден Кыргызстандагы ислам дининин абалы, анын өйдө-төмөн жактары тууралуу маек алган. Назарыңыздарга ошол маекти сунуштайбыз.

Суроо:  Кыргызстандагы ислам дининин абалын кандайча баалайсыз, кээлери “аша чабуучулук бар” дешет,  а айрымдары  “исламдын кадамы мындан да терең болсо, коом ошончолук бат өнүгөт эле..” дешет?
 

ММ:  Бисмиллахи рахманир рохиим.  Албетте,  азыркы убакта ислам дини Кыргызстанда аябай жайылып  жатат, болгондо да тез ылдамдык менен. Баардык тармактарда  исламдын  изин байкоого болот, саясатта экономикада, социалдык  чөйрөдө ж.б.  Айрыкча ислам дини үй бүлөлүк  денгээлдеги таасирин күчөтүп жатат. Ислам коомдогу адеп-ахлактын, жүрүм-турумдун жакшырышна түрткү болууга себеп болуп келе жатат, бул табигый эле нерсе. Мына ушундай нерсенин болуусу үчүн Алла таала  мусулмандарга Исламды жиберген да. Жакшы көрүнүштөр албетте бар, бирок бир нерсени айтып кетели: “исламды колдонуу”  деген нерсе бар. Мисалы адам өзүн тарбиялоо үчүн, туура жолго салуу үчүн, коомго пайдалуу болуусу үчүн же аны өзгөртүү үчүн динди колдонуу – бул жакшы нерсе. Анткени Ислам ошол максатта жиберилген. Бирок, исламды жеке максаттарына,тар кызыкчылыгына колдонуу учурда өтө көбөйүп жатат. Анан экинчи бир нерсе, исламды таңуулоо деген нерсе болууда. Көпчүлүгү Исламды башкаларга таңуулоого аракеттенип келет, башкаларды да өздөрүндөй ишенүүгө, өздөрүндөй жүрүүгө,  өздөрү исламды түшүнгөндөй кылып башкалар да так ошондой түшүнүүсүн талап кылып келишет. Бул болсо, башка бирөөнүн укугуна, өзү каалагандай жашоо эркиндигине кол салуу болуп эсептелет.
 
 
 
Суроо:   Маалымат каражаттарын карасак, бул динди айрым адистер ар кандай топко бөлүп атап жүрүшөт, “радикалдык”, ченемдүү (умеренный), ж.б. дешип. Бирок мен билгенден Ислам бирөө эле да? Же ар бир өлкө исламды  өзүнө жараша тууралап алышы керекпи? (Мисалы араптардыкы өзүнчө, түрктөрдүкү өзүнчө, малайзиялыктардыкы өзүнчө, африкалыктардыкы өзүнчө, кыргыздардыкы өзүнчө дегендей...)
 
 
ММ:  Тактап айта турган болсок, ислам  радикалдуу  дин эмес, ислам түшүнүктөрү радикалдуу болуп жатпайбы. Ислам бирөө эле, Алла таала мусулмандарга бир гана исламды жиберген, бир эле максаттары, бир эле формасы бар. Бир эле эрежелери бар, бир эле нормалары бар дегендей, а бирок исламды түшүнүү жолдору ар түрдүү болуп калып жатат. Мындайча айтканда, исламды чечмелөөнүн ар түрдүүлүгү бар: бирөө исламды ишеним катары чечмелесе, бирөө ишеним-ибадат катары чечмелеп, дагы бирөө саясат катары чечмелеп жатат. Радикалдуу ислам деген сөз өзү – “радикалдуу түрдө чечмеленген ислам” дегенди билдирет. Мусулмандар, адамдар, кээде мамлекеттер деле исламды өздөрү каалагандай кылып чечмелеп жүрүшпөйбү. Радикалдуу түрдө чечмеленген жана радикалдуу түрдө ишке ашырылган ислам – радикалдуу түрдө чечмеленген ислам деп эсептелинет. Башкача айтканда , ошол  радикалдуу ислам –  мусулмандардын исламы, ал Алла тааланын исламы эмес. Алла тааланын исламы , ушул сөздүн өзү айтып тургандай, бейкуттукту, тынчтыкты алып келе турган дин. Исламды туура эмес чечмелөө аркылуу мусулмандар (капа болушпасын эми,.. мусулмандар деп атын атап жатканыма) өздөрү исламды туура эмес тушүнгөнү үчүн исламдан бир бөкөчө  жаратып алып жатышат. Коомго, элге зыян алып келе турган бир нерсени жасап алышты Ислам деген динден. Ал эми Исламдын тарыхын алып карай турган болсок, бир доорлор болгон, мусулмандар исламды туура түшүнүп, өнүгүү, өсүү үчүн, тынчтык үчүн туура чечмелешип,  анан  так ошондой кылып жашашкан.
   “Түрктөрдүн исламы, малайзиялыктардын исламы африкалыктардын исламы..”-делинген нерсени -  исламды чечмелөөнүн түрлөрү, моделдери десек туура болот. Ар бир эл, ар бир мамлекет өзүнүн ахвалына, түшүнүүсүнө, жергиликтүү шарттарына жараша исламды да ошондой түшүнүп, чечмелеп жашоого аракет кылышат. Исламдын ал образы, модели ошол элге, өлкөгө тиешелүү болуп калат. Ал эми Алла таала түшүргөн ислам бул Куранда, хадистерде – бирөө эле. Бир мааанилүү нерсени белгилеп коюу керек, исламды чечмелөөнүн ар кандай болуусу, түшүндүрүлүүсү бул табигый нерсе. Себеби мусулмандарга Алла таала ар түрдүү жөндөм берген, ар ким динди өзүнүн ахвалына, мүмкүнчүлүгүнө жараша түшүнөт. Керек болсо кээ бирлери динди көз ызыкчылыгына жараша да чечмелеп жүрөт. Ал үчүн жооп беришет. Ошондуктан ар түркүн түшүнүктөрдүн, моделдердин болуусу бул табигый көрүнүш.
 
 
Суроо:  Биздин өлкөдөгү ислам дининин негизги кемчилиги катары аны жеткилең билген профессионалдардын аздыгы менен түшүндүрүп жүрүшөт, Саудиядан, Египеттен, Малайзиядан, Индиядан ж.б. калаалардын диний билим алып жаткан кыргызстандыктар бар, же бул аздык кылабы? Же алардын потенциалдары колдонулбай жатабы  же балким алардын арасында кандайдыр карама-каршы нюанстар барбы?
 
 
ММ: Албетте сыртка барып окуп келгендердин, мисалы Египетке барып  билим алып келген дин кызматкерлеринин түшүнүгү Малайзияга барып окуп келгендерге караганда башкача болот;  Индиядан, Пакистандан барып диний билим алып келгендер Түркияга барып билим алган диндар билими барлардан башкача болот. Анткени алардын ар бири өзүнчө  ошол жердеги исламдын чечмеленишин, исламды түшүнүү жолдорун үйрөнүп келишет да. Ошондуктан, баягы бир сөз бар го, “сыныктан башкасынын баары жугуштуу” деген,..барып келген сон өздөрүнүн түшүнүгүнө жараша окуп келип жатышат, ошол алган билимин бул жакка жайганга аракет кылышууда. Биздин өзүбүздүн өлкөдө да исламды окугандар бар, ислам институттарында, университеттерде билим алып жаткандар арбын. Алар бул жердеги ислам түшүнүгүн алып, ошону жайганга аракет кылып  жатышат. Башкача айтканда, исламды ар кыл чечмелөөлөр, ар кыл түшүндүрүүлөр Кыргызстанга жайылууда. Каршылыктар болбойбу буга?-деп сурасаңыз, албетте болот, бул деген табигый нерсе. Анан, ошол  карама-каршылыктар канчалык денгээлде коомго зыян алып келип жатат,  ал да өзүнчө сөз кыла турган маселе. Ал эми ислам дининин негизги кемчиликтери деген сөз өзү туура эмес, мусулмандардын исламды түшүнүүдөгү, чечмелөөдөгү негизги маселелери десек болчудай.
 
 
 
Суроо:   Исламды элге жайылтууда бизде канчалык денгээлде туруктуу методология иштелип чыккан: профессионал тафсирчилер (Куранды баяндап түшүндүрүүчүлөр), акидачылар (дин системасы), фикхчилер (диний укук), сулук адистери(ислам этикасы), сирачылар (Мухаммад пайгамбардын (САВ) өмүр баянын иликтөөчүлөр, мантикчилер (логика), профессионал дааватчылар барбы?
 
 
ММ: Ислам келген соң мусулман аалымдары  аны чечмелөө, түшүндүрүү үчүн ар түркүн ыкмаларды, методдорду иштеп чыгышкан. Мисалы кээ бирлери акыйда  ыкмалары менен ислам системасын түшүнүүгө аракет кылышса, айрымдары фикх-укук маселелри аркылуу күнүмдүк жашоодо аны кантип колдонуу жагына басым жасашкан. Ошол эле учурда Пайгамбардын тарыхына адистешкен  аалымдар бар. Мындайча айтканда, исламды тушүнүүдө да адистешүүлөр болуп жатат. Мисалы, медицинада кандай адистешүүлөр болгон болсо, исламды түшүнүүдө да ошондой эле адистешүүлөр бар, бул табигый нерсе жана  ушундай болуусу керек. Анан да, исламды чечмелөө бул абстракттуу , идеологиялык маселе, аны ар ким акылына жараша чечмелейт. Бирөө дагы бирөөнү “сен бул нерсени туура эмес чечмелеп жатасың” деп күнөөлөп,аны жоопко тартпашы керек, анткени ар ким өзүнүн ахывалына жараша чечмелейт. Эске алып койчу нерсе,  ким кандай чечмелейт: туурабы, туура эмеспи ага керт башы менен  өзү жооп берет. Бизде азыр “радикалдуу ислам” деген көрүнуш да ушундан улам болуп атпайбы, бирөө акыбалына жараша түшүнүп чечмелеп жашап жаткан болсо, ал эми радикалдар аны “сен туура эмес чечмелеп жатасың, ислам мындай эмес” деп жатышат, радикализмдин себептери да ушундан улам.  Алар компромисстен качышат, компромисске келишпейт. , өзүнүн көз карашын, пикирин таңуулашып маңдайында турган башка адамдарды чанып, а түгүл жек көрүүгө чейин барышат. Ошон үчүн бир көз карашты карманып алып, башкаларды катуу сындоого барып, бирөөнүн өмүрүнө, жашоосуна кийлигишсе- муну радикализм деп түшүнүү керек. Дагы баса белгилейм, бул исламдын радикализми эмес, бул – мусулмандардын радикализми.
 
 
 
Суроо:  Сиз теологсуз, И.Арабаев атындагы университетте атайын бир дин иликтөө жаатындагы институтун жетектейсиз, исламды өнүктүрүүдө бул институттун миссиясы канчалык пайдалуу болуп жатат?  Канчалык денгээлде исламды өнүктүрүүдө реалдуу режимде иш алып барууда?
 
 
ММ: Биздин институт Ишенаалы Арабаев атындагы университетке карабайт, жеке көз карандысыз институт болуп эсептелет, болгону бул жерде ижара төлөп олтурабыз. Биз ислам жана мусулмандар тууралуу туура маалымат издеген, иликтеген бир уюмбуз. Исламды түшүнүү жөнүндө, мусулмандардын көйгөйлөрү тууралуу туура маалымат алууга аракет кылган институтпуз, ошон үчун атыбыз да айтып турбайбы, “ислам изилдөө институту” деп.  Азыркы учурда болсо  жаштардын, аялдардын диний радикалдашуусунун  себептери  боюнча иш алып барып жатабыз. Айтып коерум, биз эч качан белгилүу бир идеологияны жактап, көшөрүп артынан түшүп,  ал идеологиянын таламын талашпайбыз.  Кандайдыр бир жамааттарга да кирбейбиз, кайсыдыр жамааттардын кызыкчылыгын колдобойбуз. Баарыбыз жакшы билгендей,  туура маалымат -  туура чечим кабыл алууга себеп болот, эгер туура эмес маалыматтар болгон болсо, ал туура эмес чечимдердин чыгуусуна түрткү болот. Ошондуктан биздин институт  азыркы учурда мусулмандардын жашоосу, көйгөйлөру тууралуу туура маалымат тапканга аракет кылууда.
 
 
Суроо:  Бизде бир эле ислам дини эмес, башка диндегилер бар. Анан калса, биз светтик өлкөбүз, бул деген сөз - ким өзү каалаган динди карманууга укуктуу, тигил же бул динге ишенбесе ага да укуктуу деген эле  кеп. Кааласак-каалабасак башка диндегилер менен да ынтымактуу жашашыбыз керек, алардын жан дүйнөсүн билгибиз келсе, алар бизди түшүнүүсүн кааласак, алардын дининен да маалыматыбыз болушу керек, бизде исламий окуу жайларда ислам дининен башка да диндерди предмет катары окутулушу керек деп эсептейсизби?
 
 
 
ММ: Исламий окуу жайларда, аты эле айтып турбайбы исламий окуу жай деп, ал жерде негизги максат - исламды үйрөтүү. “Башка динди, светтик предметтерди  үйрөтүүңөр керек”  деп азыркы учурда мамлекет тараптан, башка тараптан ошондой басымдар боло калып жатпайбы, бул туура эмес, себеби исламий окуу жайлар ачылганда өздөрү “исламды үйрөтөбүз” деп ачылып жатат. Диний окуу жайларды светтик кылууга аракеттенүүнүн кереги жок, бул өзү кызык,.. диний окуу жайларды динсиздештирүүнүн эмне максаты бар эле? Эгер жарандардын бир  тобу өздөрүнүн  астына максатына коюп, исламды окутуу үчүн окуу жай ачып жаткан болсо, аны өздөрү каржылап жатса, мыйзамсыздыкка барбаса, эмне үчүн аларга тоскоол болуунун кереги бар дейм да? Аларга тескерисинче шарт түзүп берүү зарыл. Туура ойлонгон инсандарды тарбиялап, алардын исламды туура чечмелөөсүнө шарт түзүү керек да. Эгер  диний окуу жай же муфтият  “башка динди да үйрөтүү керек” деп чечкен болсо, анда бул башка кеп, бул ошол окуу жайдын же муфтияттын  өз иши, балким ыгына карап башка диндерди, башка светтик предметтерди иргеп алып  окутса болот.  Бирок, сырттан туруп “силер ушунтип окутушуңар керек, ушундай болушуңар керек”  деген туура эмес.
Мамлекет эгер кааласа аны мектептерде окутсун. Мына азыркы учурда диний билим берүү боюнча айтып койчу  нерсе – мектептерде диндер маданиятынын  тарыхы деген сабак кирип жатат, а биз “мунун максаты эмне?”- деп сурасак, “аларды радикалдашууга каршы киргизип жатабыз” деп жооп берип жатышат. А  мен дал ошол сабактар радикалдашпоого эффективдүү таасирин тийгизээрине  деги бир ишенбейм, көзүм жетпейт. Себеби,  азыркы убакта мусулмандар башка диндерди: христианчылыкты, иудаизмди, зоорастризмди  ж.б. диндерди билбегени үчүн радикалдашып кетип аткан жери жок,  мусулмандар исламды туура эмес билгени үчүн радикалдашууга барууда. Ошон үчүн мектептерде болобу, башка жактардабы исламды туура түшүндүрүү керек, мектеп программасына  ислам таануу сабактары кирүүгө тийиш.  
 
 
Суроо:  Ислам эң туура дин делинет, анын тууралыгын далилдөө үчүн адамда ар тараптан билим, илим, көп тараптуу маалымат болушу керек да? 
 
ММ: Ар бир дин өзүн туурамын, чындыкка мен ээмин деп чыга келет. “Карга баласын аппагым”,- дегендей эле кеп. Мусулмандар үчүн ислам дини, христиандар үчүн христиан дини туура,   биз диндерди  мына ушундай ахвалда кабыл алуубуз керек. Мисалы мен мусулманмын, мен үчүн ислам дини туура. Христиандыкты туура эмес деп эсептегеним менен, ошол  христиан адамдын  христиандыкты туура деп эсептеген  жеке ишенимин сыйлоом керек, анткени ал анын тандоосу, пикири, бирок дагы баса белгилейин, мен аны туура деп эсептебейм. Мен мусулманмын, ислам дининдемин, ошол эле учурда  христиандын өз жолу менен Кудайга ишенүү жолун сыйлайм, анын тандоосуна кошулбасам да, адам катары урматтайм. Ислам дининде деле айтып жатпайбы “динде мажбурлоо жок” деп, ар ким ишенгиси келген динине ишенет. Мына Пайгамбарыбызды (САВ) ала турган болсок, Мадинага көчүп барганда ал жердеги христиандарды, жөөттөрдү “силер мынтишиңер керек, антишиңер керек, мусулман болууңар керек” деп зекип мажбурлаган эмес.  Аларга исламды  сунуштоо иретинде гана берген, “алгыла үйрөнгүлө, окугула, кошулгула” деп. Ошондуктан, айтаарым, ар тараптан билим алуу акыры барып исламдын туура экендигин гана тастыктайт, ошол ойду күчөтөт. Ислам адамдарды ушуга жетелейт. Анткени, ислам баардык тарапты камтып турган чон бир баалуулук.
                                     
Суроо:  Интеллектуалдык чөйрөнүн, элитанын исламга мамилесин кандай баалайт элеңиз? Сиздин оюңузча алар үчүн Ислам эмне, динби, салтпы, же тек коом көңүлү үчүн карманган бир этикетпи?..
 
 
ММ:  Интеллектуалдык чөйрөдө исламды ар түрдүү кабыл алгандар бар. Советтик союзунан калган инттеллектуалдар исламды салт катары кабыл алышса, кээ бирлери тарыхый, маданий  баалуулуктардын топтому катары карашат. Кийинки учурда көпчүлүк интеллектуалдар дин катары кабылдай башташты. Динди жаңыча кабыл алган жаңы интеллектуалдар советтик кездеги интеллектуалдарга караганда кыйла башкача экени байкалат, алар диалогго жакын, ийкемдүү, радикалдык көз караштарды карманышпайт, андан алыс. Аларга салыштымалуу мурунку коммунисттик доордон чыккан интетеллектуалдар идеологиялык атмосферадан чыкканы үчүнбү  оңойлук менен өздөрүнүкүн беришпейт, диалогго барышпайт.  А азыркы интеллектуалдар динчилерди түшүнүүгө аракет кылышып, диалогго дайым белен турушат, диний уюмдардын абалын, статусун сыйлашат.
 
Жеке сиз үчүн ислам дини эмне? -деп сурачу болсоңуз, мен үчүн бул биринчиден дин, ыйыктыктарды өзүнө камтыган, ыйыктыктардын айланасында калыптанган- Алла Таала, Пайгамбар (САВ), Китеп , аркы дүйнө деген ыйыктыктардын тегерегинде негизделген, адеп-ахлак нормаларын камтыган, негизги максаты  - мусулмандарга, исламга ишенгендерге , жалпы эле адамзатка бейпилдикти, жакшы жашоону жана аркы дүйнөдөгү бактылуулукту да берүүнү максат кылган  баалуулуктардын жыйындысы десем болот. А кээлери болсо исламды - саясат деп жатат, ислам – бул  бизнес дегени бар, айтор ар ким өзү каалагандай кылып чечмелеп келет. Мындай чечмелөө укугу ар бир адамга берилген, Алла таала берген ошондой укукту, биз башкарып же аны  алып кое албайбыз. А бирок жогоруда айтылгандай, бирөөнүн жашоосуна кийлигишип, бирөөгө залакасын тийгизип жаткан болсо, анда бул туура эмес. Мисалы ислам укугунда деле адамдын ой жүгүртүү эркиндиги бар, адам  каалагандай эркиндикке ээ, бирок бирөөнү маскаралоо, кемсинтүүгө, бирөөнүн ишине кийлигишүүгө тыюу салынат. Бирөөгө зулумдук кылуу, бирөөгө зордук-зомбулук көрсөтүүнү мындай коелу, аларды жасоого  чейин эле ислам- бирөөнү кемсинтип, акаарат кылууга тыюу салган. Ал эми азыркы учурда айрым мусулмандар жасап жаткан өлтүрүү, өрттөө, талкалоо деген сыяктуу туура эместиктер тууралуу  ооз ачпай эле кое туралы..
 
 
Убактыңызды бөлүп, маек куруп бергениңиз  чоң рахмат.
 
 
Р.SТекстте оозеки маектин стилистикасы, ойдун мазмуну толугу менен сакталды.


ISLAMLIFE.KG

 
 
 
'
';

Facebook Пикир