Дин Пикир

Mars/Ibraev
  • 26 Баш оона 2017
  • 0
  • 1746

“Исламий интеллигенцияга коом муктаж, а бирок ал катмар көчөдөн эле пайда боло калбайт да.."

Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору Марс Ибраевдин Ummamag.kg сайтына берген маегинен кыскартылып алынган пикирлерин кыргызчага которуп назарыныздарга сунабыз:






Марс Ибраев:    Эгемендик алганыбызга араң эле 25 жыл болду.Токсонунчу жылдарда адамдар динге эми-эми кызыгып, үйрөнүп баштады, 2000-жылдын баш чендеринде диний билимге олуттуураак мамиле кылууга өтүштү, а учурда болсо диний билим алууну системага салуу далалаты болуп жатат.  Баары өз ыгы, этабы менен кетиши керек, мындан чочулоонун эч зарылдыгы жок, диний билим берүү системасын бир системага салууга менимче дагы 4-5 жыл кетет.
 
Учурда коом исламий интеллигенцияга муктаж болуп турат, а бирок ал катмар көчөдө эле пайда боло калбайт да, диний интеллигенциябыз билим берүү мекемелеринде пайда болот.  Албетте бүгүнкү күндө өлкөбүздө ар кандай исламий окуу жайлар бар, алардын баарына сый-урмат менен мамиле кылам, бирок канчалык денгээлде алардын берген диний билими муфтияттын койгон талаптарына жооп берет? Алар эмне окутуп, эмне билим берип атканы тууралуу муфтиятты кабардар кылып турушабы,..бул туурасында ачык-айкын маалымат жок. Ар кайсы диний медреселер өз билгениндей окутат, айрымдары расмий каттоодон да өтүшкөн эмес. Ошон үчүн андай окуу жайлардан бүтүп чыккан бүтүрүүчүлөрдүн ортосундагы айырма ар кыл, чаржайыт, ошондон улам коом аларды олуттуу кабыл албайт.
 
А биз болсо – Ислам университети окуткан ар бир китебибиз үчун муфтияттын жана Дин иштери боюнча агенттиктин астында көзөмолдө болуп, алардын койгон талаптардын негизинде иш алып барабыз.  Мамлекет кээ бир медреселерди кыскартып жабуу маселесин коюуда, себеби айрым бир медреселердин окутуу иштеринде радикалдык агымдардын аракеттери да байкалып калып жатат. А Ислам университетинде радикалдык агым,..тиги булар туурасында такыр шектенбей деле коюуга болот, анткени биздеги билим берүүдө баардык нерсе ачык, берилген билим тууралуу тиешелүү ведомстволор кабардар болуп турушат.
 
Сиз айтып жаткан исламий элитаны түптөө үчүн эмне чараларды кылуу керек?
 
Марс Ибраев:    Биринчиден, ислам университетине ар тараптан колдоо көрсөтүлүүгө тийиш. Керек болсо мамлекет дагы бир исламий багытта окуу жай ачып, коомдун исламга болгон табитин туура баамдап, ошого жараша исламды туура жеткире турган жергиликтүү кадрларды даярдоого маани берүүчү зарыл. Анткени, “эл аралык” деген атты алып жүрүмуш болгон университеттердин көбүндө саясат аралашып кетип жаткан шектүү мандемдер бар.  Билим берүү министрлигинде диний мекемелердин ишмердигиндеги өйдө-ылдыйларды даана айырмалап, ал иштерди мыкты жүргүзө турган диний сабаты мыкты адистер иштөөгө тийиш.  Мындан тышкары, Илимдер академиясында теолог даражасында илимий статус бере турган илимий курамды да түзүү керек, бул учурдун талабы.
 
 
 
Маалымат булагы: Ummamag.kg
 
  
ISLAMLIFE.KG
 

Facebook Пикир