Дин Пикир

KadyrMalikov
  • 23 Кулжа 2017
  • 0
  • 1471

Кадыр Маликов: “Ажал мандайга жазылган..” деп алакан жаюу туура эмес...

Суроо: - Ар адамдын ажалы тагдырына жазылган секундунда келет, андан эч ким качып кутула албайт делинет. Эгер өлүм качан, кайсы күнү,канчанчы секундада алдын ала эле ар кимдин маңдайына жазылып коюлган болсо, тууган-туушкан, жакындарга узун өмүр каалоонун кереги барбы?






Суроого исламий аалым, “Дин укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов жооп берет.
 
 
Жооп:
 
Тескеричинче, узак өмүрдү болушунча көбүрөөк тилөө керек. Ажал алдын ала маңдайга жазылган деп коюп эле алакан жайып олтура берүү туура эмес.  Исламда мисалы жашоону сергек, чың ден соолукта өткөрүү керек деген маселе бар, Пайгамбардын (САВ) дене бойду чың алып жүрүүгө үндөгөн, (биздин замандын тили менен  түшүнүргөндө спорт менен машыгуу) хадистери да бар.
 
Пайгамбардын (САВ) элге айтып жеткирген дубаларында Аллахтан кантип узак өмүр тилөө керектигин жеткилең түшүндүргөн формулалар бар. Маселенин баары ошол узак өмүрдү кантип жашап өтөйүн деп жатасыз, кеп ушунда.
 
Жашооңузду Кудайга сыйынып, жакшы иштерди жасап, мээнеткеч болуп өткөзөңүз го жакшы. Жок антпей, маңызсыз, максатсыз жашап кымбат өмүрдүн баркын кетирип жашоо кечирип  өтсөңүз,  ушу  кантип болсун?  Так ушул  эки нерсе Аллах үчүн өтө маанилүү.
 
Алладан  ден соолук да, узун өмүр да тилөөнүн албетте маңызы бар, анткени ошол тилеген тилекке жараша кыска өмүрдү узартып кое ала турган, чабал ден соолукту чың кылып бекемдеп кое ала турган кудурет Кудайда бар, айтор кааласа жакшы жагына, кааласа жаман жагына деле өзгөртүп жибере алат, кааласа адам жашоосун узартып, кааласа кыскартып да коюуга мүмкүндүгү бар.  Буга чындап ишениңиз.  
          Исламда ушундай бир керемет түн бар, ал Кадыр түн деп аталат. Бул түнү адамдарга Куран жиберилген, болжолдуу  айтканда орозонун 27-түнү болуп калат. Анан арабча мындай бир түшүнүк бар – “ляухаль махфуз” деген, муну кыргызча которсок “тагдыр китеби” деген маанини берет. Салыштыруу менен айта турган болсок, бул китепте ар бир инсандын тагдырында эмне болоору бүт жазылган.а бирок Кадыр түн күнү инсан чын дили менен эмнени тилей турган болсо, анда ал тагдырындагы жазылган нерселерди Алланын жардамы менен өзгөртө алат. Бирок Кудайдан жардам сурап, дуба кылуунун да өзүнүн ыгы, эрежелери болот. Ал эрежелер Курандагы бет ачар Фатиха сүрөсүнүн мазмунунда бар.
 
       Ал аяттагы сыйынуу сөздөрүнүн мааниси мындайча:алгач Жаратканды улуктоо; андан соң Кудай Мээримдүү жана Боорукер экендигин таануу; үчүнчүсү – Аллах Кыямат күндүн ээси, падышасы экендигин, бардык инсандар Кыямат күнү Анын астына бараарын таануу; андан кийин Аллахтан гана жардам сурап, Ага гана сыйынаарыбызды моюндайбыз. Бул сыйынуудагы эң башкы, эн биринчи нерсе – биз Андан: “Өзүң Туура жолго сала көр” деп дуба кылуубуз абзел.
   
    Мына ушундан соң, эмне Кудайдан эмне тилесеңиз баарын сурап дуба кыла берсеңиз болот: ден соолук,узун өмүр, акылмандуулук, а турсун материалдык баалуулуктарды да өтүнө берсеңиз уруксаат. Бирок ушундай тилектерди айтып бүткөн соң сөзсүз түрдө: “Эгер ушул тилеген нерселериммден мага пайда боло турган болсо бере көр, эгер зыян боло турган болсо, андан алыс кыл”,-деп кошумчалап тыянактоо зарыл. 
 
Себеби, биз мисалы “автоунаа бер” деп тилек кылсак, ал унаабыз бизге бактылуу күндөрдү береби же кырсык алып келеби, аны биз так билбейбиз да, туурабы?
 
Тилектерди го тилеп кое бергенибиз менен, ал тилектерибиз бизге эмне берээрин биз билбейбиз, анткени  маңдайга жазылган тагдырыбыз бизге беймаалым.  Так эле ушул сыңар, бизге жиберилген кыйынчылыктардын же көңүл кубанткан учурлардын артынан эмне келээрин, (пайдабы же зыянбы), аны билбейбиз.
 
   
Орусчадан кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 

**    Кадыр Маликов

1972-жылы Бишкекте төрөлгөн.
 
Билими: 2001-жылы Иорданиядагы университеттен “исламий укук” адистиги боюнча окууну аяктаган.
 
2005-жылы Испаниянын Мадрид шаарындагы университетте (Universidad Complutense de Madrid)  “конфликттерди жөндөө жана Азия-Тынч Океан аймагында жана Борбор Азиядагы коопсуздук” адистиги боюнча билим алган.
 
2007-жылы Мадрид университетинде  “политологиянын жана исламий иликтөөлөрдүн доктору” адистиги боюнча билим алган.
 
Эмгек тажрыйбасы:  2001-2002  жж.  – Дин иштери боюнча министрликтин астындагы соттук корпустун жарандык мусулмандык укук боюнча соттук приставдын ассистенти. (Амман, Иордания).
 
2002-2003 жж. – Кыргызстандын Билим берүү жана маданият министрлигиндеги Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси.
 
2005-2007 жж. – КРСУ нин астындагы Стратегиялык анализ жана божомол Институтунда исламий иликтөөлөр боюнча эксперт.
 
2006-2007 жж.- Борбор Азиядагы Америка университетинде Социалдык иликтөөлөр борборунун исламий иликтөө тобунун жетекчиси.
 
“Дин укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун директору.
 
 





 

Facebook Пикир