Дин Пикир

0005
  • 06 Теке 2017
  • 0
  • 2278

Коомду сүрөөгө түрткү болчу исламий интеллигенциябыз жок...

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 2007-жылы Илим жана билим министри, 2008-09-ж.ж. КР Президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири, 2009-2010-ж.ж. КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп келген. Жакында эле ал РухЭш сайтына кеңири маек берген. Маектеги ислам дини темасында берилген суроого карата берилген анын жообун жарыялайбыз.






Каныбек Осмоналиев:
Дин маселеси азыркы замандагы эң маанилүү маселелердин бири. СССР учурунда жапатырмак атеист болсок, ал кыйрагандан кийин аз убакыт ичинде эле динчил коомго айланып кеттик. 1991-жылдын 17-декабрында Кыргызстан биринчи болуп Конституция менен “Жарандык Кодекстен”озуп, алдын ала эле “Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Өкүнүчтүүсү, ал мыйзам Батыштын гана баалуулуктарын камтып, биздин коомго туура келбеген көптөгөн нормалар менен толуп кеткен. Мисалы, кандайдыр бир дин уюмун ачуу үчүн 10 кыргыз жаранынын колу коюлган демилге эле жетиштүү деген норма кирген. Аны кыргыздын 2-3 үй-бүлөсү эле топтоп алса болот. Чет элдик динчил миссионерлердин полигонуна айланганбыз. Натыйжада, 5-6 жыл ичинде Кыргызстанда дүйнөлүк бардык конфессиялардын уюмдары ачылып кеткен. Деструктивдик диний секталар коомубузду каптап калганы эсиңдедир. Карапайым элдин башы айланып, ар түрдүү түшүнүксүз диндердин таландысына тушуккан.
 
Мамлекет болсо “биз динден ажыратылганбыз, светтик өлкөбүз” деген курулай шылтоо менен оолактап туруп алган. 2008-жылы аталган мыйзамдын жаңы редакциясын даярдап, Жогорку Кеңештен өткөрүп кабыл алууга жетиштик. Бир аз болсо дагы мыйзамдык тартип орной баштаган. Бирок аны аткарууга келгенде чабалдыгыбызды көрсөттүк… Мыйзамдагы талап кылынган дин агартуу иши такыр эле этибарга алынбай калганы өкүнүчтүү. Натыйжада, динди окутууну конфессиялар өз колдоруна алып, башаламандык башталды. Бул багытта христиан дининин протестанттык агымынын өкүлдөрү катуу кетишти. Айрыкча, баптисттер, адвентисттер, пятидесятниктер, Жахабанын күбөлөрү ж.б. секталар. Алардын адептери болуп кыргыз жаштары активдүү тартыла баштады. Мындай көрүнүш үй-бүлө ичиндеги конфронтацияларга алып келди. 
 
Менин чочулаганым – ХХ кылымда күч алган “Ливан синдромуна” айланып калганы турабыз: “мусулман кыргыз”, “христиан кыргызга” бөлүнүп. Мунун алдында түндүк-түштүккө бөлүнгөнүбүз жакынкы жылдарда жаш баланын оюнчугундай эле болуп калат! Мен муну 10 жылдан бери айтып келем. Бирок дагы эле тартип жок. Прозелитизм көйгөйү элибиздин коопсуздугуна коркунуч келтире баштады. Ошондуктан, диний агартуу ишин күчөтүү максатында мен депутат кезде “Диний билимдин негиздери жана диний агартуу мекемелери жөнүндө” аттуу мыйзам жазып, парламенттин биринчи окуусунан өткөрүүгө жетишкемин. Бирок тилекке каршы, кийин ага кээ бир “абройлуу азаматтар” бут тосуп туруп алышты. Бүгүнкү күнгө чейин ал мыйзам жылбай турат. 
 
Муфтият болсо өзүң баамдагандай: дин агартуу маселесине кайдыгер карап, динди жайылтуу менен гана алектенип алды. Кыргызстанда эмдигиче, коомду алдыга жылууга көмөк бере турган ислам интеллигенциясы түзүлбөй келет. Эл аралык деңгээлдеги ири ислам аалымдары жокко эсе. Чубак Жалилов баштаган аалымдар ушундай багытта активдүү иш алып баруулары өтө зарыл болуп турат!
 
Маалымат булагы: РухЭш сайты. 

ISLAMLIFE.KG
 
 
 

Facebook Пикир