Дин Пикир

Isl044
  • 09 Кулжа 2017
  • 0
  • 829

Кыргыз бололу, мусулман бололу, Киплинг, Дюма, Байронду да окуйлу.

IslamLife.KG сайты ислам дини, Кыргызстандагы мусулмандардын абалы, мамлекет менен диндин ортосундагы мамиле тууралуу «Ыйман» фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековго бир катар суроолорду узаткан.

 Суроо:  Нуржигит мырза, «Ыйман» фонду бир канча мезгилден бери исламий кызматкерлер , диндар  адистер менен биргеликте иштешип, кызматташып келет, фонд түзүлүп иштей баштагандан берки аралыкта өзүнчө бир тажрыйба деле топтолгудай болду, ошол тажрыйба мунарасынан карап айтыңызчы, Кыргызстанды исламий кызматкерлер арасында диний билим денгээл кандай экен?
 

 
НК: Исламий дин кызматкерлеринин арасындагы билим денгээли тууралу бир беткей бүтүм чыгарууга мүмкүн эмес, анткени, бир мектептеги класста бешке окуганы, төрткө окуганы, жакшы окуганы, жаман окуганы бар дегендей. Ислам кызматкерлеринин арасында аябай сабаттуулары да бар, эң башкысы, диний билим менен катар диний эмес багытта – биология, физика, математика, геометрия, көркөм адабият, дүйнө тарыхы, география жаатында билими барлар аз болуп жатат. Бул негизи замандан талабы. Дин менен илим бириккен маалда исламий дүйнөдө  көп аалымдар чыккан: Ибн Сина, аль-Хорезми, аль-Бируни,Улукбек сыяктуу. Азыр ушул жагынан бир аз аксап жаткандайбыз, бирок максатыбыздын бири ушул –кудай буюрса акырындап олтуруп, илим менен динди бириктирүу аркылуу  өнүгөбүз. Экинчиден, алыскы региондордо жогорку билимдүү дин кызматкрлери тартыш болууда, анткени көпчүлүк четтен окуп келген, диний билими терең инсандар Бишкекте, Ошто иштегиси келишет экен, ал эми Чаткалга, Тогуз-Торого барып иштегиси келе бербейт. Эми бир жагы ошол алыскы аймактарда комфорту жок, оор шарттарга кайыл болуп иштеп жаткандарга ыраазы болуп, ошолорго илим-биим берип алардын квалификациясын көтөрүү аракетин көрүп жатабыз. Мына Түркиядан окуп келген теологдор да бар,  алар  социалдык илимдерди да алышкан экен, арасында  терең илими барлары арбын. Айтор жаман эмес, көйгөйлүү  маселелердин баары бир четинен  акырындап чечилет деген ишеничтемин.
 
 
Суроо:   Исламий кызматкерлер динди жайылтуучу негизги катмар эмеспи. Аларда ислам түшүнүгү мыкты боло турган болсо, өлкөдөгү исламдын денгээли, бекемдиги  да мыкты болот, бул жагынан алганда дин кызматкерлеринин арасында кандай негизги өксүктөр бар экен?
 
 

Н.К:   Эгерде китепти окусаң –китеп, а окубасаң жөн эле чаң баскан бир,..орусча айтканда, макулатура. Илим-билимди жашоодо колдонсоң – илим билим, аны бирөөгө бербесең, пайдаланбасаң, пайдасы эмнеде дегендей эле кеп. Нур да башка бирөөгө чачырашы керек, шамдын жарыгы да башкага тийүүсү керек го. Муну айткан себебим,  илим-билими жетиштүү имамдар бизде бар бирок, ал илимди татыктуу түрдө элге  жеткирбей жаткандар болуп жатат, бул бир. Экинчиден негизги өксүк, имам же диний кызматкер  өзүнүн милдетин бир гана мечиттеги 5 убак намазда имам болуу менен чектеп атат, же анча мынча бирөө баласын сүннөткө олтургузса, же дагы бирөө төрөлсө, бирөө каза болсо барып имамдык, молдолук милдетин аткарып коюу менен тим болууда. Чын чынына келгенде негизги өксүк мына ушунда жатат. Имам деген элге руханий лидер болуусу кажет. Имам аль-Газали айткандай, “денени башкаргандар бар, рухту башкаргандар да бар”. Бизге 24 саат бою руханий өрнөк боло турган, диний лидер боло турган коомдук зарылдык болсо дагы элге өтө бир ачылып, берилип кызмат кылбай жаткандыкта маселе. Эмне үчүн биз быйыл,  “Бир момунга - бир дарак” деген    акция кылып имамдарды да буга тарттык,  анткени имамдар социалдык жактан да активдүү болушу керек. Машинабыз бузулса устага барабыз, ден соолук оорлосо врачка барабыз, а коомдо бөлүнүп-жарылуу, караңгылык болсо, зина, бузукулук, ушак-айыңдар көбөйсө, адамдар ортосунда кандайдыр келишпестиктер болсо,ушундай учурларда элди ынтымакка чакыра турган руханий лидерлер, имамдар болушу зарыл. Керек болсо күнүнө 24 саат иштесе да иш түгөнбөй турган заманда жашап жатпайбызбы.  Анан исламдын деңгээли десе эле, диндин сырткы ритуалдарын түшүнбөө керек.  Бул интеллектуалдык денгээл, руханий денгээл,физикалык денгээл,  ортодогу ынтымак, Имам Абу Ханифа мазхабы боюнча кенен түшүнүп, улуттук маданият менен динди, илимди айкалыштырып кете алсак,мына ошондо Кыргызстандагы исламдын денгээли жогору болмок, ошого жетишкенге аракеттер болуп жатат.  
 
 
Суроо:    Коомдо бир мындай көрүнүш бар: ислам десе эле сакалды, хижабды, чапанды,  кыскасы сырткы форманы түшүнүшөт. Мындай көрүнүштүн болуусуна эмне себеп?
 
 
Н.К:  Ат көрбөгөн минип өлтүрөт,- деген макал бар, 70 жыл бою биз исламдан бир кыйла алыстап кетпедикпи, анан дин эркиндиги келди, анан баягы илим-билимсиз такыбалык деген бар да, көп адамдар илим билим албай туруп эле такыбалыкка берилип кетип, сыртка чыгып келип, ал жактан көргөнүн көчүрүп келип жатышат. Бир жагы мындай абалды айыптагым келбейт, а экинчи чети өкүнүчтүү , анткени адам бир эле мезгилде кыргыз болсо болот, кыргыз маданиятын алып жүргөн адам болсо болот,ошол эле учурда жакшы мусулман болсо болот. Кыргыздын кийими исламга, сүннөткө туура келбейт деп айта албайбыз, анткени, мына баарыбыз билебиз,  Курманжан Датка энебиздин эки эле сүрөтү бар, экөөндө тең обьективди караган эмес, ушунчалык ыймандуу болгон, а бирок карасаңыз кийиминен кыргыз экени дароо билинет, ошол эле учурда ыймандуу мусулман экени дароо байкалат. Же эски архивдеги сүрөттөрдү караңыз, Токтогул атабыздын, Тоголок Молдо атабыздын, Барпы атабыздын, Кожомкул атабыздын, Байтик баатырдын, Шабдан баатырдын   сүрөттөрүнө маани берсек, баары улуттук колоритте, ошол эле маалда исламдын шарттарына төп келет. Эми сүннөт кийим деген араптын же пакистандыктын кийими эмес, Пакистанда деле башка диндегилер, динге ишенбегендер бар, бирок кийимдери бирдей эле да. Азирети Умар деле кийинчерээк мусулман болду, бирок Мухаммед Пайгамбар(САВ) аны “сен мусулман болдуң,эми кийимиңди өзгөрт, алмаштыр” дегенин мен бир дагы жерден окуган эмесмин. Анда эмне, Абу Жахилдин да кийими бизге сүннөт болуп калуусу керекпи? Ошон үчүн Пайгамарыбыз (САВ) арапча кийинген, анткени ал араб болгон, бул өңүттөн караганда, улуттук кийимдин өзү сүннөт. Бүт дүйнө элдеринин улуттук кийимдерин карасаңыз, мусулмандык сүннөткө туура келет, мына  мультфильмдердеги байыркы орустардын кийингенин караңыз, корейлердин кинолорундагы байыркы корейлердин, байыркы жапондордун кийимдерин караңыз - баары узун, сүннөт кийимдер.
 
Негизи ислам деген бул, жүрөктү оңдоо, адепти жакшыртуу, илим-билимди көтөрүү, адамдардын ортосундагы ынтымак, биримдик, бөлүнүп-жарылууга,бузукулукка жол бербөө, бир бирине жакшы мамиледе болуп көңүлдү көтөрүү, туугандык мамилени бекемдөө, жакшы ибадаттар, жакшы амалдар, мына ушуларды түшүнсөк жакшы болоор эле. Мисалы, бир мечитке канча ирет чогуу келген адамдар бар, бирок бир бири менен бир да жолу саламдаша элек. Ошон үчүн ислам десе эле намаз окуп, зикир чалып, сырткы кийимди түшүнбөстөн, адеп-ахлак, жашоо образы, ыйман, бирөөгө пайда келтирүү, айтор ислам -  өзүнчө бир түгөнбөгөн океан.
 
 
Суроо:    Ислам дини сырттан таңууланган бир догма, кандайдыр коркунучтуу нерсе катары кабылдагандар бар. Жеке сиз үчүн ислам дини эмне? Салтпы, этикабы, идеологиябы, философиябы, арабдашуубу?
 

 
Н.К:  Ислам  мен үчүн – дин. Бир сөз бар эмеспи, “Ааламды Жараткан адам үчүн жаратты, а адамды өзү үчүн жаратты” деген. Ушул дүйнөгө биз адамдар жоопкерчиликтүүбүз, өзүбүздүн акылыбыз, мүмкүнчүлүктөрүбүз, жөндөмүбүз менен ушул дүйнөнүн баарына жоопкербиз. Аманат бизге тапшырылган, башка макулуктарга эмес: пилге эмес, өгүзгө же эшекке эмес адамга тапшырылган. Ошол аманатка кыянаттык кылбай туура жашоонун жол-жобосун көрсөткөн дөөлөт мен үчүн бул –дин. Анан арапташтыруу дегенге мен кошулбайм, биз мисалы,орус элинин деле көп салттарын, маданиятын өзүбүзгө сиңирип алдык, маселен кыргыз качан аттуу-башуу кишинин атынан айтчу эле? Ханым, бегим, даткам, молдокем,- деп сыйлап сүйлөчү эле го? Азыр эми атын отчествосун айтабыз, бул эми бизге орустардан  келди, керек болсо Батышта мындай эмес, Батышта деле “мистер президент”, “мистер прайм министр”  деп атынан айтпай ызааттап сүйлөйт, мистер Дональд Трамп дешпейт. Айтор тигил маданият орус элинен келди, биз муну биздики эмес дегенибиз жок да. Биздин маданият болуп калды, ошон үчүн муну айыптабайбыз. Андыктан намаз окугандын баарын эле араб десек болбойт, керек болсо арапдар динди бизден үйрөнгөн. Мисалы Имам Абу Ханифа биз тараптан чыккан. Имам Бухари, имам Тирмизи, имам Сарахчи, Оши, баары биз тараптан чыгып керек болсо араптарды окуткан. Анан а түгүл ислам кыргыздын улуттук маданиятынын сакталуусуна чоң себеп болгон, мына алтай, хакас деген элдер бар тили биздикиндей эле, бирок аттары Иван Петрович, Анна Григориевна болуп калган. Бул жакта улуу кытай цивилизациясы турат, тигил жакта орус цивилизациясы турат, ортосунда туруп биз өзүбуздүн атыбызды, салтыбызды сактап калганыбызга кайсы бир денгээлде исламдын он таасири бар деп айтсак болот. Ошон үчүн адам улутунун наркын, салтын жакшы билсин, бир эле учурда Батыштын дөөлөттөрүн билсин, Киплингди, Джек Лондонду, Дюманы, Майн Ридди, Байронду  окугандын неси жаман? Алардын деле адамгерчиликке, ыйманга чакырган эн сонун чыгармалары бар. Ошолорду окуп, ошол эле мезгилде Куранды, илимди, хадисти жакшы билген жакшы мусулман болсок жакшы болот эле. Идеологиялык бөлүнүү жакшылык алып келбейт: сен улутчул, сен динчил, сен батышчыл деп араздашуудан эмне майнап чыгат? Адам бардык жакшы салттарды, баалуулуктарды айкалыштырса болот, анткени жакшы нерселердин баары исламга каршы келбейт, же тескерисинче ислам жакшылыкка гана  чакырат.
 
 
Суроо:    Биздин коомдо Куранга, Пайгамбарга, Кыяматка ишенбей эле,  тек гана күндөлүк жумушуна, эч кимге залалын тийгизбей жашаган тирүүлүк графигине, аркы-терки пландарына ишенип жашаган, өзүн мусулман да, христиан да, католик да, буддачы да  эсептебей “мен жөн гана бир өлкөнүн жаранымын” деп  жашап жүргөндөр бар да, алар ошентип жашоого акысы барбы, шарият жагынан алардын эки дүйнөдөгү абалы кандай болот?
 

 
 
Н.К:    Адамга өмүр берилди, өмүр менен кошо акыл-эс, эрк берилди, ким кандай жашаса өз эрки,ким эмнени тандаса ал да өзүнүн эрки. Исламда Акыретке ишенүү бар, Сурак күнү бар, ошол сурак күнү кимдин кандай жашагандыгын тескеп, ага жараша ар жагын чечүү үчүн өмүр берилген. Мен бирөөнүн жашоо образын айыптай албайм, айыптаганга акым да жок, ар кимдин өзүнүн эрки бар дегенди айтып өттүм. Анан акыреттеги абалы боюнча жогорудагы  суроону диний аалымдарга берсеңиз жакшы болмок...  Негизи,   исламдагы чоң пробелмалардын бири ушул да - ислам тууралуу терең билбей туруп эле ислам жөнүндө кенен-кесир сүйлөгөндөр бар. Мисалы медицина боюнча көрүнгөн адам эле сүйлөбөйт, астрономия боюнча көрүнгөн адам сүйлөбөйт, а бирок азыр саясат анан дин боюнча  ар бир эле адам адис болуп кетти, бул да жакшы көрүнүш эмес деп эсептейм. Керек болсо саясат да өто оор, чоң илим, аны он жылдап, жыйырма жылдап окусаң да түшүнбөйсүң. Ал эми  дин илими өтө терең, өтө кенен. Биз азыр бир четин билип алып туруп эле өзүбуздү аалым сезип атабыз, чын чынына келгенде, бул анча туура эмес позиция деп эсептейм.
 
 
 
Суроо:  Сонку кезде өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында  мечиттер өтө көп ачылып кетти. Мындан кооптонгондор да чыгууда, чынында эле буга кооптонуу керекпи же сүйүнүү керекпи ыйманыбызга ыйман кошулуп жатат деп?
 
 
Н.К: Эмнеге көбүрөөк пикир кылсаң, эмнеге көп аракет кылсаң ошондой майнап чыгат экен. Эми адамдардын арасында “бактылуу бололу, Кудайга жагалы, сообу бизге тийсин, ата бабаларыбызга тийсин” деп мечит ачкандар көбөйүп  баратат. Каражаты болсо аны каякка кантип коротуу өзүнгүн эрки тура, аны “анткин-минткин” деп айта албайбыз. Мечиттер көп болуп, мектептер аз салынып жатат дегендерге да момундай  жеке пикиримди  айткым келет: мектептердин салынышына көп пикир кылган, ошого аракет кылган кишилер көп болсо мектептер да көп салынат эле да. Эми бул адамдар демөөрчү издеп, өздөрүнүн биртке каражатын чыгарып , туугандарды топтоп мечит салууга аракет көп жасалып жаткандыктан мечиттер алибетте көбөйүп кетти. Бирок,  мечит салып эле төрт дубал бош турса жакшы болбойт, ичинде жакшы амалдар, жакшы таалим-тарбия болсо, илим-билимдер берилсе жакшы болот эле. Анан балким ошол мечиттердин жер төлөлөрүндө астрономия, физика, математиканы кошо окуткан жакшы шарттарды түзүп, китепканаларды уюштурсак кана, негизи эле ушул илим менен динди бөлбөсөк деген тилегим бар.   Жеке мен өзүм мечиттердин көбөйүп жатканына кооптонбойм, анткени  кайсы бир кафелерде же бир төрт көчөдө ушакташып олтуруп арак, вино ичкен замандарды деле көрбөдүкпү. Ооба, дин дегенди сырткы келбет катары кабылдап, пакистандыктарга, араптарга окшошуп алгандар тууралуу коомдо ар кандай оң-терс пикирлер айтылып жүрөт. Бирок, жалпы жонунан исламдан эмне жамандык көрүп атабыз,  арак ичилбейт, жаман сөз айтылбайт, бирин бири жамандыкка чакырбайт.   Ошондой болсо да эл журт диндеги айрым жагдайларды  көзөмөлгө алуусу керек, “чала молдо дин бузарлар” келип алып элдин пикирин туура эмес жакка буруп ийбегидей болушу кажет.
 
 
 
Суроо:   Исламга маани берилип, ак үйгө чейин мечит ачылып, элибиз борбордук аянттарда намаздарды окуп, жер жерлерде мечит-медреселер ачылып жатканын кубаттагандар көп. Бул параметр менен караганда, коомбуздун адеп-ахлагы онолуп, адамдарда исламда көрсөтүлгөндөй  жакшы сапаттар артып, ошол жакшы сапаттары бар адамдар көбөйүп, өлкө оңолуп бутка туруусу керек эле.. Анда эмне үчүн  Кыргызстанда дале сойкулук, зордуктоо, бангичилик, масчылык менен жасаган кылмыштар, уулуктун ар кыл түрлөрү, элдин акысын жеген коррупция деген балакеттер жоголбой келет?
 
 
Н.К:    Кептин баары  ушунда болуп атпайбы, дин десе эле мечитке кирип намаз окуп, бурчта зикир кылып олтуруу гана деп түшүнгөндөр көп да. Дин деген бул –туура жашоо, адамдарга пайда келтирүү, зыян келтирбөө, адамдар тууралуу жаман пикирде эмес, жакшы пикирде болуу, жамандыкка эмес, жакшылыкка себеп болуу, айтор адеп-ахлак деген маселе. Башында да айтып кеттим, көп жыл бир мечитке чогуу каттап намаз окугандардын арасында  бир бирине салам бербегендер бар. Өткөндө бир чоң аалымдын айтканы мага аябай жакты, “эгерде исламдагы шарттарды биз чон көчөлөргө салыштырчу болсок, намаздын көчөсүндө  өтө көп тыгын, пробка , аябай кыймыл көп;  орозо менен ажылыктын көчөлөрүндө да жол тыгын, пробка;  зекет-садака көчөлөрүндө да так ошондой кыймыл тынымсыз, кымгуут. А бирок адептин көчөсү аңгырап бош турат”,  бул биринчиден, а экинчиден,  сөз менен иш айкалышса жакшы болмок. Исламдын эч жеринде айтылбайт: чөйрөңдү булга, түкүр, ыргыт,сөгүн, башка бирөөгө салам айтпа, ачууга алдыр, урушуп кет” деген нерселер айтылбайт,  бирок, кээ бир  намаз окуган адамдарда деле жогорудагыдай кемчиликтер толтура да. “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген макал балким ушундан келип чыккандыр.  Анын үстүнө динге тартуу, ыйманга кызыктыруу көп учурда тил менен эмес, адеп-ахлак, жүрүм-турум менен болот, анткени сыртыңдан ритуалдарды жасабаган болсоң сенин намаз окуганыңды, орозо тутканыңды эч ким деле билбеши мүмкүң, а бирок адеп-ахлагың баары бир ар адамга көрүнүп турат.Зордуктоо, бангичилик, масчылык,.. бул нерселер  динден алыс жүргөндөр үчүн  кадыресе эле нерсе, керек болсо, сойкулукту, зинаны мактанып айткандарды деле көрүп жүрөбүз, мына ушул нерселердин туура эмес экенин түшүндүрүүбүз  зарыл. Анан жакшы нерсени билген жакшы, бирок билип туруп кылбасаң мунун  өзү деле жакшы эмес. Ошон үчүн билген жакшы, билип туруп аны өзү кылган андан жакшы.
 
 
 
Суроо:    Кыргызстан светтик өлкө делинет. Андай делингени менен  ислам дининин өлкөдө өзгөчө орду бар: мечит медреселер курулуп, исламий аалымдар дааваттарын жүргүзүп, ак үйгө чейин мечит ачылып, бул жагынан абал жакшы эле. Ошол эле учурда коом турмушунда исламга каршы келген контрасттар бар:  дүкөндөрдө арак-шарап сатылат, түнкүсүн жол боюнча сойкулар чыгат, банктар сүткорлук кылат, ташталган карыларды карачу карылар үйү бар, таштанды балдар үйү бар дегендей... Кандай ойлойсуз, биз эки атты бирдей мингибиз келип жаткан жокпу, балким арыдан бери болгонубуз дурустур?
 
 
 
Н.К:   Светтик деген концепцияны ар өлкө ар башкача түшүнөт. Мисалы бизде аны “мамлекет  такыр эле дин менен иши жок болсо” деп түшүнгөндөр көп. Бул мүмкүн эмес. Баягы Ош окуясындагыдай  учурларда аалымдар менен дин кызматкерлерин жакшы эле пайдаланбадыкпы, алардын сөздөрүн угушат экен, кадыр-баркы жогору экен деп.   Ошол эле учурда мамлекет динге аралашпашы керек деген да туура эмес, аралашуусу керек, жөнгө салуусу керек, анткени мамлекет ошон үчүн мамлекет, мамлекеттин өзүнүн системасы болуусу зарыл, . Светтик десе эле динден такыр бөлөк-бөтөн деп атеизмдин шериги катары түшүнүү да натуура, мисалы Европада такыр башкача, Норвегиядан келген бир эксперт айтты эле, “демократия системасы - баарын сыйлайт, баарына бирдей мүмкүндүк берет. Дин тууралуу предметтерди окутпай койсок, бул да демократиянын шарттарына туура келбей калат”-деген ал. Ошон үчүн алардын мектептеринде бала кезден дин тууралуу туура маалымат берилет экен. Диний сабаты барларды диний экстремисттер келип азгырып кете да албайт экен, анткени аларда илим-билим аркылуу   алынган идеологиялык иммунитети бар. Биз да бул багытта иштешибиз керек, мамлекет динди мектептерде үйрөтпсө, анда экстремисттер үйрөтөт, үйрөтө тургандар четтен чыгат. “Ыйык орун бош калбайт” деген орустардын макалындай кеп.
 
Анан дагы бир маселе, светтик десе эле арак-шарапты, сүткорлукту, карылар үйүн, балдар үйүн түшүнүп алган да туура эмес. Мындай терс көрүнүштөр эмне, исламды карманган мамлекеттерде жокпу? Ошон үчүн социалдык маселелерди мыйзам чегинде чечүү керек жана ошол эле кезде исламдын бул маселелерге карата позициясын түшүндүрүү туура кадам, себеби түшүндүрүү жолу менен гана  көйгөйлөрдү чече алабыз. Бирок адамдарда тандоо эркиндиги бар, ыйман, адеп шарттары боюнча буларды кылуу туура эмес экендиги бул дүйнөдө да аркы дүйнөдө  да жоопкерчиликке тартылаары турган иш экендиги ар бир адамга, ар бир жүрөккө жеткирилсе, бул маселелер балким өзүнөн өзү чечилмек. Ошон  үчүн биздин илимпоздор, интеллектуалдар, мамлекеттик кызматкерлер , дин аалымдары, руханий жана интеллектуалдык авторитеттер тил табышып, коалиция болуп иштеген күндө гана бул маселелерди чечебиз.
 
Маегиңиз үчүн чоң алкыш, сизге ийгилик каалайбыз.


ISLAMLIFE.KG

 
 
 
 
'
';

Facebook Пикир