Дин Пикир

IslamLife 006
  • 09 Тогуздун айы 2017
  • 0
  • 813

“Кыргызстанда имамдарды мамлекет коргоого албайт, ошон үчүн алар радикалдарга...”

“Кыргызстанда имамдар мамлекет тарабынан коргоого алынган эмес. Исламий диний өкүлдөр мамлекет тараптан колдоонун жоктугунун айынан радикалдык топторго каршы ачык каршылыкка чыкпай унчукпас позицияны карманышууда"-дейт диний аалым Кадыр Маликов.








“2001-жылы АКШда болуп өткөн террактыдан кийин терроризмге каршы күрөшүү, аны болтурбоо багытында чаралар күчөгөнүнөн карабастан, дүйнөдө терроризм өскөндөн өсүп эле баратат, бир эсе бул адамдык факторго да байланыштуу.  Адамдык фактор дегеним, ошол баарыбыз кооптонуп жаткан терроризмге карата суроолорду кескин чече ала турган кадамдардын жоктугу, профилактиканын начардыгы.
 
Радикалдуулукка карата туруштук бере алчу терең билим, керектүү илим-билим жагы бизде начар денгээлде. Маселен, бир жаш жигит бийликке өтө каршы маанайда жүрөт дейли, саясатчылардын баарына жаны кашайып, жини келип жүрөт деп коелу, анан ал жигит молдокеге келип, кандай кылуу керектигин сурайт, акыйкатсыздык, коррупция ж.б.тууралуу суроолорду берип кирет. А бирок ошол жигиттики сыяктуу суроолорго жоопту бардык эле молдокелер, диний кызматкерлер татыктуу түрдө бере алышпайт.
 
Конституция боюнча ала турган болсок, имам саясат тууралуу сүйлөй албайт, анткени бизден баш мыйзамда дин саясатта өзүнчө турат, бөлүнгөн деп жазылып турат. Ага карабай имам саясат тууралуу диндин баш-аягын койгулаштырып тиги жигитке түшүндүрүп кире турган болсо, бул анын мыйзамга карата каршы жасаган кадамы болуп калат, бул бир. Экинчиден, так ошол эле имамдар мисалы “жихад деген эмне, жихаддык эрежелери кандай?” деген сыяктуу суроолорго жооп бере алышпайт, анткени аны айтуу үчүн атайын илим-билим алышы керек, а аларда андай билим жок. Үчүнчүдөн, имамдар мамлекет тараптан колдоону сезиши керек. Кокус бир бейадеп кишилер имамга кол көтөрө турган болсо, какыс-кукус кылчу болсо коргоп алаар мамлекет деген бар экенин чындап сезгидей болушу керек да. Бизде андай болбой жатат...”.
 
 
Кадыр Маликовдун  Бишкек калаасында 2.05.2017-ж.өткөн  “Кыргызстандын абак жайларында зордук-зомбулукка карата радикалдашуунун алдын алуу” деген аталыштагы тегерек үстөлдөгү сүйлөгөн сөзү.
 
 
 
ISLAMLIFE.KG
 

Facebook Пикир