Дин Пикир

Шамиль/Аляутдинов/Мьянма
  • 03 Аяк Оона 2017
  • 0
  • 687

Мьянмадагы кырдаалга күйгөн башка, реалдуу колдоо көрсөтүү башка...

«Мьянмадагы (Аракандагы) болуп жаткан окуяларга менин көз карашым кандай экенин кызыгып сураган суролор берилүүдө. Мен интернеттеги албууттанган, кызууланган ар түрдүү рекламалык кампанияларга алдырып жулкунуунун тарапкери эмесмин. Адамдардын сезимине от бүркүп аларды мээси жок жиниккен үйүр катар пайдаланган учурлар көп, анын арасында диний ишенимдерин колдонууну көздөгөндөр да бар.




Бир бирине такталбаган эле маалыматтар коштолгон коркунучтуу сүрөттөрдү жиберишип, ал сүрөттөгү окуялар чынбы-калппы, качан болгон окуялар экенин тактабай туруп эле алып-учуп жиниккен учурлар байкалат. Менин жеке туюмумда, дүйнөлүк зөөкүрлөр өздөрүнүн кара ниет ойлору менен кезектеги канга чыланчу “ысык чекитти” (горячая точка) камдап жатышкансыйт.
 
Маскөөдөгү “Закят” фонду борбордун муфтийи Ильдар-хазрат Аляутдиновдун  жетекчилиги астында Мьянмадагы маселени иликтөө ишин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин  жана эл аралык уюмдардын денгээлинде апаат болуп жаткан аймакка реалдуу таасир эте ала турган жолдорду караштырууда. Жогоруда атап өткөн министрлик жана уюмдар жакын арада жардам чогултуу акциясын баштаганы турат, мына ошондо интернетте ээн ооздонуп бакырып жаткандар, провокаторлор жана Мьянмадагы мусулмандарга боор ооругандар көзгө көрүнөөрлүк иши менен, акчасы менен акцияга катышып конкреттүү жардам беришсе болоор эле.
 
Маскөөдөгү “Закят”фонду сириялык качкындарга жардам берели деп демилге көтөрүп чыкты эле айрым адамдар интернетте баатыр болуп кыйкырып чыгышып, бир бирине саясатташкан коркунучтуу сүрөттөрдү байма-бай жиберишип а  качкындарга конкреттүү колдоо көрсөтүүгө келгенде алар колунда жок жакыр экенин, кубатсыз экендиктерин айтып дым боло түшүштү. Мунун өзү аябай таң калычтуу көрүнүш, бирок бул факт. Курандагы жана сүннөттөгү маанилерди иш жүзүнө колдонуу маселесине келгенде, айрымдар сырткы атрибуттарды жамынышат да, иштөө керек болгондо, чаржайыттыкты токтотуп тартиптүүлүктү, өзүбүздү кандайдыр реалдуу ишке курбандык кылуу зарыл болгондо  жаштык фанатизм менен дуулдап-шуулдап, кыйкырып аткан жаштар учкан чаңга окшоп заматта кайдадыр жоголуп кетишет.
 
Акырында баягы эле Кудай астында жүрөгү чындап качкындарга боор толготкондор, тирүүлүктө бирөөгө жардамым тийсин деп жашап жүргөн ыйманы толук адамдар  өздөрүн да, элди да көптөгөн  кооптуу нерселерден сактап калышат, андай адамдар жакшылык иш кылууда “мен көбүрөөк жакшы иш кылсам экен” дешип, мына ушул жагынан алдыда болуу максатында дайыма атаандашып, алдыга озуп турушат.  Менин Мьянмадагы болуп жаткан кырдаалга, азыркы реалдуулукка карата көз карашым мына ушундайча”.  (с)
 
     
Орусиялык диний ишмер, Маскөөдөгү мемориалдык мечиттин имам-хатиби Шамиль Аляутдиновдун өзүнүн Facebook  баракчасына жазган пикири.
 
 
Кыргызчалаган:
 
ISLAMLIFE.KG
 
 

Facebook Пикир