Дин Пикир

Rustam/Nurgaleev
  • 25 Баш оона 2017
  • 0
  • 1188

“ Советтик кездеги атеизм исламий билимдин баркын өтө төмөн түшүрүп салган...”

Дин аалымы Кадыр Маликов жетектеген « Дин, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык борборунун демилгеси менен Бишкекте быйыл июль айында Кыргызстандык, Казакстандык, Орусиялык, Иорданиялык, Түркиялык дин аалымдары, адис,эксперттеринин катышуусунда өткөрүлгөн тегерек стол болуп өткөн. Катышуучулардын бири Орусиядагы ислам университетинин проректору Рустам Нургалеевдин сөзүн кыргызчага которуп назарыңыздарга сунабыз:







Рустам Нургалеевдин тегерек столдо сүйлөгөн сөзү:
 
«Жетимиш жыл бою атеисттик үгүттүн айынан адамдардын аң сезиминен исламдын чыныгы маңызы таптакыр сүрүлүп ташталган.
 
Балким бул Алланын эң бир акылмандуулугудур, себеби учурда баарыбыз исламий билимге жаңыча көз караш менен карап, аны жаңыча талдап жатабыз, анткени учур ошону талап кылып жатат.
 
Исламий дүйнөгө таандык тээ байыркы университеттер азыркы заманга түздөнүүсү, ынгайлашуусу өтө эле бир кыйын болуп калды. Байыркы билим берүүнүн зор тажрыйбасын эске алып биз ислам дүйнөсүнө реформа жасап, исламий билим берүүгө өнүгүүнүн жаңы багытын ачсак болоор эле...
 
Исламий реформаларды жасоо үчүн мамлекеттин, коомчулуктун колдоосу зарыл, бул өтө  бир түйшүктүү иш. Советтик режим исламга таптакыр эле кара көлөкө жаап, калк арасында исламий аалымдардын кадырын ылдый түшүргөндөн түшүрүп салды.  Ошондуктан учурда элдин көбү “молдо” десе итиркейи келип, чочуркап, айтор исламий билимди колдоодо, каржылоого келгенде эле  таптакыр качып турушат.  
 
Исламий жогорку окуу жайларга тапшырам деп келгендердин 5%ы гана чыныгы диний билим алууга умтулуп, кызыгып келишет, а калгандары болсо башка жогорку окуу жайлардагы сынактардан өтпөй калып “..эми жөн жүргүчө дин жагына окуй берейинчи” деп келишкенин ачык эле айталы. Бул эмнени билдирет, бул – исламий билим алууга болгон умтулуунун жоктугун туюнтат.
 
Себеби алар диний окуу жайлардын бүтүп чыккандар дуба окуп, зекет чогултуп эле тирлигин өткөрөт деп түшүнүшөт. Эң эле кызыгы, айрым бир исламий аалымдар өз балдар,кыздарын исламий окуу жайларда эмес,  Батыштагы окуу жайларда билим алуусун каалап турушат...


Тигил же бул өлкөдөгү исламды кармануу ыгы (иджтихад) туурасында.

“...маселен Сауд Аравиясында чыгарылган фатва башка өлколөрдөгү  реалдуулуктарга такыр эле туура келбей калуусу мүмкүн. Эми бирдиктүү иджтихад туурасында кеп болгондо, биз бүткүл мусулмандар бир гана иджтихадды карманып жүрөлү дегендикти билдирбейт. Анткени, чылкый арабстанга ыктаган же европага ыктаган иджтихад болбойт да. Ар өлкөдөгү диний  укуктук система ошол өлкөнүн тарыхы менен тыгыз байланыштуу. 
 
Маселен,  Пакистан, Индия, Араб Эмираттарынын өкүлдөрү менен иджтихаддын бир гана ыкмасы менен байланыш түзүү дегеле мүмкүн эмес...  Мына мен өзүм Аль-Азхарды бүтүргөм, ошого сыймыктанам. А бирок ошол жакта окуп жүргөн 8 жыл бою мен ал жактыктар үчүн “өзүбүздүкү” эместей сезип жүрдүм.
 
Мен өз үйүмө, мекениме кайтып келгенимде бир нерсени так түшүндүм: көрсө биз баарыбыз ар түрдүү экенбиз. А исламда: жашаган өлкөнүн шартына, ыгына карап дин карманууга уруксаат берилген. Андыктан,  дин камрмануу маселесинде  биздин аймакка, чөлкөмгө ылайыктуу ханафиттик масхабды карманып, учурдагы реалдуулуктарды кошо эске алганыбыз оң.
 
Айрымдар биздин бул багыттагы кадамдарыбызды сындап, “исламды башкача кылып атасыңар, өзүңөргө ылайыктап жатасыңар” деп айыптап келишет. Жок, биз өзгөртүп, бурмалаганыбыз жок, биз бүгүнкү күндүн реалдуулуктарын эске алып ислам укуктарын түшүндүрүп, жеткирели деп далалат кылып жатабыз”.
 
 

 
Маалымат булагы: Ummamag.kg
 
ISLAMLIFE.KG

Facebook Пикир