Дин Пикир

TimurGazi
  • 23 Кулжа 2017
  • 0
  • 1526

Тимур (Гази): Пайгамбардын (САВ) заманындагы окуялар дагы кайталанганы турат...

“Мен – мусулманмын, ырас андай болгон соң: Кудайым –Аллах; диним – ислам; пайгамбарым – Мухаммад (САВ); жол көрсөтүүчүм –Куран жана Пайгамбардын (САВ) сүнөттөрү; максатым – Бейишке кирүү; алдыда жасачу ишим – исламий инттеллектуалдык ыкманы иштеп чыгуу”. “Живой журнал” басылмасына берген маегинде Тимур (Гази) ислам динине болгон мамилесин мына ушундайча туюнтат.





 

Анын “Долбоорлордун теориясы” (Теория проектов) аттуу эмгеги – Жараткандын адамдарга айткан сөздөрүнүн өзөгүн түшүнүү, материалдык дүйнөдө ал айтылгандар кандай учурларда, кантип кездешет; мына ушунун баарын учурдагы адамдардын аң-сезимине ылайык кылып түшүндүрүп берүү - автордун көздөгөн максаты.  Ушул жана башка маселелер боюнча Тимур (Гази) IslamNews маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек куруп айтып берген.
 
Тимур, өзүңүз тууралуу азыноолак айтып берсеңиз?
 
-  Менде эл тан калып, “бул инсан кандай керемет..” дей турган деле эч керемет кубулуш жок. Орто мектеп, авиациялык институт, армия. Капитан, самалеттун техниги. Демобилизациядан кийин өнөр-жай тармагында иштедим, 90-жылдары ишкана ачтым. 2001-жылы Аллахтын Мээрими менен исламды кабыл алдым, ишкердиктен кетип, тээ мектеп кезимде кызыгып жүрчү тарых, философия тармактарына кайтып кириштим, бирок исламдын алкагынан чыкпастан. Дин темасында көп адамдар менен сүйлөштүм, халал сертификациялоо тармагында да иштеп көрдүм. 2010-жылы "Живой журнал" деген басылма ачтым.
 
“Долбоорлор теориясы” деген эмгегимди көптөн бери түзүп келе жатам, бул эмгекте исламий билимдерди чыныгы турмуштук процесстерде, анын ичинде саясатта кездешчү учурларда кантип пайдалануу зарылдыктары айтылат.
 
Декларацияларга эмес, адамзат аң сезиминдеги туруктуу нерселерди, анын тээ тереңиндеги жаткан маселелерин иликтеп дүйнөлүк ири цивилизациялык долбоорлордун кайсынысына тиешелүү болуп жатканын табууга аракеттенүү. Мына ушундан кийин дүйнөлүк саясаттагы таасирдүү күчтөрдүн чыныгы ниетин, эмне каалап жатканын түшүнүү.
 
Бара - бара жеке көз караштарымды кеңири аудиторияга жарыялап туруу керектигин түшүнүп,  ойлорумду тасмага түшүрүп Ютубга жарыялай баштадым. Бир жыл аралыгында эле каналыма жазылгандардын саны дээрлик 10 миңге жетип барды. Интеллектуалдык блог үчүн бул жакшы көрсөткүч, анан да мен жарнамага, рекламага эч каражат коротконум деле жок. Мындан тышкары, Фейсбукта, Инстаграмда жекече аккаунтарымды ачтым. Акыркы убактарда макалаларды жазуу форматына басым жасап,  аларды Эльмир Кулиевдин  “электрондук минбарына” жарыялап келе жатам.
 
- Саясат таанучулар, политологдор эле көп, алардын максаты эмне?
 
Чындап келгенде, нагыз политологдор келечектин моделин алдын ала көрүп, болжолдорду так айтышы керек.  Мындай иш өтө бир тер төккөн чарчоолорду талап кылат, аны жасасаң сага эч ким жабалактап рахмат айтпаганы менен, бул иш өтө керектүү иш.  Бүгүнкү жашоону тескеп, бир нукка түшүрүп алуу үчүн келечектин кыйырларын так өлчөм менен өлчөп алуу керек да.
 
Бирок белгилеп койчу нерсе, ар мамлекттердеги политологдордун астында ар кандай максаттар жатат, аларга мамлекет кандай шарттарды коет, баары ошого жараша болот. Тигил же бул өлкөнүн статусунун денгээли, парасаты да ушул мандемдерге карап аныкталат. Көз карандысыз политологдордун пикирин угуп, аны тыңдай эске алып, ошого карап кадам таштаган өлкөлөр – бул жогорку, биринчи денгээлдеги мамлекеттер.  Кайсы мамлекетте политологдор  “өлкө бийлиги дайыма туура” деген нерсени элге далилдөө менен такай алышып жаткан болсо, анда – бул экинчи денгээл. А бизде мисалы, политологдор элге “бийлик кезектеги кыйтыр максатын ишке ашырууну баштаганын” айтып, ал кыйтырлык мына-мына башталганда   дилгир политологдор дароо байкап калып , акыры алардын  божомол туура болуп чыгып,  политологдор "баарын туура айткан" болуп чыга келген,  жеңип чыккан варианттагы эле мамлекетпиз.
 
Мамлекетте интеллектуалдык элита жок болсо, муну бул өлкө интеллектуалдык азыгы жок эле жашап жатат деп түшүнбөө керек. Азыктануу өлкө ичинде жок болсо, демек интеллектуалдык азыктануу сырт жактан келип жаткан болот. Ал азыктандыруунун түпкү максаты эмне экени, бул чоң суроо.
 
-Сиздин баамыңызда мусулмандардын бүгүнкү күндөгү абалы кандай?
 
Бүгүнкү мсулмандардын бир өзгөчөлүгү , алар исламдын өткөн чагына дайыма кайрылып, улам эле исламий халифат темасын айланчыктап турушат. А бирок халифат деген нерсе эбак бүткөн да. Халифаттык долбоордун ордуна азыр Ислам долбоору  зарыл болуп турат.  Каалайбызбы, каалабайбызбы ал нерсе шексиз келет жана ишке ашат. Азыр мусулмандардын абалы боор ооругудай, аябай оор сезилип жатканы менен исламий өнүгүү акырындап бирок ишенимдүү бара  жатат. Биз -бүгүнкү мусулмандар, мурунку мусулман бабаларыбыздын ийгиликтерин, алар жараткан эмгектерди тутунуп, кандайдыр жаңы нерсени жаратууга тийишпиз. Дин жаатындагы кандайдыр эрежелерди, туруктуу парз-милдеттерди өзгөртүп, жаңылантып салалы деген мааниде айтып жатканым жок, коомдук-саясый абалыбыз жөнүндө кеп кылып жатам.
 
Өзгөрүү процесстери бүт дүйнө жүзүндө болуп жатат. Мисалы, Батыштын качантан бери уланып азырга чейин келе жаткан өнүгүү долбоорунун өмүрү аз гана калды. Ошол долбоорду жасаган адамдар иш бүтүп баратканын сезип, башка жаңы түзүлүш келсе, ага жеңил-желпи, ынгайлуу өтө калганга даярдык көрүп жатышат. Алар мусулман факторун өз кызыкчылыгына пайдаланып калууга кызыкдар. Менин жеке баамымда, жаңы Рим империясын түзүү маселеси кайрадан пайда болду.  Мусулмандар ушул жагдайды эстерине бекем түйүшүн каалар элем.
 
 
- Өзгөрүү күтүлүп жаткан дүйнөдө ислам экономикасынын жаңы модели кандай болот? Реалдуу экономика менен жуурулушуп кете алчу экономикалык долбоор гана аман-эсен жашоосун уланта алат эмеспи?
 
Ооба, Батыш өз кезегинде экономикалык теорияларга таянып, өзүнүн экономикалык эффективдүү моделин түзө алды.  А бирок парадоксалдуу жагдай, өзү түзгөн теория азыркы экономикалык кризиске алып келип такап салбадыбы.
 
Келечек тууралуу айтчу болсок, менин өздүк баамымда, бүт баары кескин түрдө өзгөрүүгө дуушар болот, батышка тиешелүү теориялардын баары керектен чыгып, жардан ары ыргытылат.   
 
Адамдын кол күчү, эмгеги наркын жоготуп, бүт баарын роботтор, жаңы технологиялар жасаган заманды баштан кечирип жатабыз.   Аллах таала Адам атага (Ага тынчтык болсун) берген  билим деген эмне? Аны түшүнүү үчүн структуранын башынан аягына чейин дыкат карап түшүнүп чыгуу керек. Эгер материалдык структураларды молекулярдык денгээлде түшүнө алсак, кандай гана материалды болбосун адам өзү өстүрүп, пайда кылып, иштеп чыгууга жетишет. Натыйжада эмгектин наркы ылдыйлайт. Товар наркына  адам күчүн кошуп баалоо деген теория актуалдуулугун жоготот.  Айтор дүйнөдөгү экономикалык кырдаал кескин өзгөрөт. Дүңүнөн айта турган болсок, бүт баары натуралдык чарбага өтөт, байыркы замандардагыдай эмес, ал жаңы денгээлдеги чарба болот.
 
Алдыда кандайдыр исламий халифат же эмират түзүлөт, ал система дүйнөлүк экономикага айкалышып кетет деп элестетип жүргөндөрдүн ал элестери таш кабаарын азыртадан айтып койгум келет. Жаңы өзгөрүүлөр келгенде “дүйнөлүк экономика” деген түшүнүк болбойт, себеби улуттук мамлекеттердин доору бүтүп, заманбап орто кылым, жаңы феодализм пайда болот. Жак Атталинин дүйнөлүк көчмөндөр тууралуу теориясы түбүнөн алып келгенде туура жана келечек жаңы көчмөндөрдүкү болот. Дүйнө элдеринин “улуу көчү” күтүлгөнү турат.
 
 
-Келечектеги ислам долбоорун кандайча көрүп турасыз? Исламдын абалы кандай болот?
 
 Пайгамбардын (САВ) жана качанкы бир убактагы халифтердин доорунда кандай окуялар болгон болсо, так ошондой эле окуялардын башка өңүтү келечекте бизди күтүп турат. Адамзат спираль түрүндө,  мурунку болуп өткөн окуяларды биринен сала экинчисин башынан өткөрөт, ал окуялар  коомдогу техникалык прогресске  же адамзат баштан кечирип жаткан  деградацияга жараша уланат.
 
Мында ошол аракеттер ким тарабынан, кантип ишке ашырылаары маанилүү. Азыркы кезде жамааттардын мезгили келе жатат, болгондо да интеллектуалдык жамааттардын. Адамзаттан чыккан мыкты акылмандар, ойчулдар жеке-жекеден пайда боло калышып коомго жаңы нерселерди берген доорлор өттү кетти,  эмки заман мыкты, натыйжалуу идеяга бириккен интеллектуалдардыкы болот. Бул жагынан алсак, мусулман үммөттөрү кимге, кандай жетекчиликке баш коет, ошондон көп нерсе көз каранды.  Ар бир мусулман үммөтү өз тармагында мыкты иш жасаса, жалпы исламга кошкон салымы ошол.   
 
Аллах Куранда мынтип  айтып жатпайбы:
 
Акыйкатта момундардын баары жоого аттануулары шарт эмес. Ар бир тайпадан дин илимин үйрөнүп, алар жоодон кайтып келген кезде, алардын такыбаа болуусу үчүн эскертишип туруулары керек эмес деп ойлойсуңарбы”.    (Куран. 9-122)
 
**  Тимур (Гази) Шангереев Уфада жашайт. "Новое прочтение" маалымат-аналитикалык
борборунун жетекчиси. Мусулман. 



Маалымат булагы: Караван.
 
ISLAMLIFE.KG
 

Facebook Пикир