Дин Пикир

Nurmuhammaed/Minbaev
  • 28 Баш оона 2017
  • 0
  • 1715

Жаңы жылды кандай күтүшөт, а Курман Айт андан жүз эсе зарыга күтүп майрамдалчу күн

Быйылкы жылы ыйык Курбан Айт майрамы 1-сентябрга белгиленди. Ага карата Кыргызстандын аймактарында, айрыкча диний мекеме-уюмдарда, казыяттарда атайын камылгалар көрүлүүдө. “Ас-Салам” фонду жыл сайын Курман Айт күнүндө мал жандыктарын курмандыкка чалып, социалдык жактан өтө муктаж адамдарга, жетим-жесир, колунда жокторго таратып кайрымдуулук кылып келет. Быйылкы жылдагы Курман Айтты аталган фонд диний жактан да, улуттук алкактан да өзгөчө мамзундуу кылып өткөрүүнү ниет кылууда. Фонддун жетекчиси Нурмухаммед Миңбаев ал даярдыктар тууралуу ISLAMLIFE.KG порталына өз ойлору менен бөлүшкөн.






ISLAMLIFE.KG:  Нурмухаммед мырза, “Ас-Салам” фонду быйылкы Курман Айтка демейдегиден башкача, өзгөчө даярдыктарды көрүп жатыптыр, ал эмне болгон өзгөчөлүк?
 
Нурмухаммед Миңбаев:  
Адегенде эле дароо айта кетейин, негизи Курман Айт майрамы бүткүл мусулмандардын өзгөчө, көзгө басар, жыл бою аздектеп күтүп жүрүп майрамдачу майрамы. Бул жагынан ала турган болсок, биздин фонд ушул майрамга кандайдыр өзгөчөлүк, башкача бир жаңы түс кошуп жиберели деген деле жерибиз жок. Бир жылда бир келчү ал майрам нравалык денгээли, масштабынын кеңирилиги  жагынан ага муктаж деле эмес.  Биз Кыргызстандагы мусулмандарга, ар кыл  себептер менен ислам динине кайдыгер болуп келе жаткан мекендештерибиздин аң-сезимине  “тууганым, бул майрам чынында эле өзгөчө майрам, күтүп, зарыгып, ошол күн келгенде өтө бир кубанып тосо турган майрам” деген маанини жеткирели деген эле ак тилегибиз.
 
 
ISLAMLIFE.KGДемек, Курман Айттын маанисине, мазмунуна басым жасап жатыпсыңар?..
 
 
Нурмухаммед Миңбаев:  
Албетте. Мына караңыз, жаңы жыл майрамын жарандарыбыз кандай камылга менен, күтүү менен тосушат ээ? 31-декабрда  базарларга, дүкөндөргө барышып, мөмө-чөмөнүн түрүн, дүйүм даамдардын ар кылын, тортторду, конфет-шоколаддарды алышып, үстөлдүн үстүндө сөзсүз мандарин, банан, оливье  болсун дешип, а кээ бирлери атайы багылган үндүк союшуп, жардыргыч салюттарды, петардаларды алдын ала камдашып, бардык ишти таштап жоктон болсо да балаты же арча таап үйдүн төрүнө алып келип орнотушуп жаркырак оюнчуктар менен кооздошуп,  “качан сааттын жебеси он экини кагат экен..” дешип, мүнөт, секунд санап жаңы жылды күтүшөт эмеспи. Саат он эки болгондо шаар, айыл-кыштактын баары кымгуут түшүп,  асманга салюттар атылып, бир бирине зор каалоолорду, тилектерди, тостторду айтышып, атайы майрамга деп тиктирген кызыл-тазыл  ажайып кийимдерди кийишип өзгөчө шаң менен бийлешет. Баардык телеканалдарда майрамдык көрсөтүүлөр көрсөтүлүп, кыскасы жаңы жылды майрамдоо маданияты бизде өтө бир башкача го.  А Курман айт мына ошол жаңы жылга караганда  жүз эсе мазмундуу майрам эмеспи! Айтайын дегеним, бул майрамды жаңы жылды кандай зарыгып күтүп, атайы даярдыктарды көрүп, мүнөттөрдү, секунддарды санап күтүшсө,   Курман Айт күндү деле  "качан ошол күн келет экен" деп эңсеп, самап, ал күн  кирип келгенде Аллага чексиз шүгүрлөрдү айтып, а түгүл кубангандан ыйлап жиберүүгө чейин барып, ушундай шаң менен  тосула турган майрам да бул эми. 
 
 
ISLAMLIFE.KG:  Курман Айттын мусулмандар үчүн майрам болуп калуусунун себебин жыл сайын муфтият жетекчилиги, диний кызматкерлер маалымат каражаттары аркылуу, мечиттерде баяндар аркылуу түшүнүрүп келе жатышат, майрамдын өзгөчөлүгүн элге жеткизүүнүн бар аракетин көрүп келишет. Сиздердин бул жолку Курман Айттагы өзгөчө кадамдарыңыздар кандай?
 
 
Нурмухаммед Миңбаев:  
Курман Айт – ар бирибиз үчүн Аллага жакындоого болгон бир мүмкүнчүлүк. Жакындоонун, Алланы сүйүүнүн бир далили катары ар бир мусулман пенде жакшы көргөн нерсесин Жараткандын жолуна курмандык кылуу буюрулган. Төөбү, эчкиби, койбу, уйбу ошолордун кайсынысын болсун  чын ыклас менен берилип, Алланы ойлоп, Алланы эстеп, ыклас менен кудайдын жолуна берип жиберүү – Курман Айттын түпкү мамзуну.  Биз го мал жандыктарын курмандык кылуу менен Аллага  жакындайт экенбиз, а Ибрахим Алейхиссалам Кудайдын ыраазычылыгы үчүн өзүнүн карачечекей уулун курмандык кылууга даяр эле да!?  А бизге Алла таала бир жандыкты союну гана буюрду. Мен эми кандай жандыктарды, кандай тартипте союу керектигине токтолбой эле коеюн, ал туурасында маалымат каражаттары аркылуу  элге жетишээрлик эле маалыматтар берилип келе жатат, айтайын дегеним,  Курман Айт -  эптеп эле мал союп, кан чыгарып, боорсок бышырып, айылчылап коюунун майрамы эмес, бул майрам бүт майрамдардын төрөсү, алдыңкысы, өзгөчөсү экенин адамдарга жеткирели деген ниетибиз бар. “Ушул майрам гана майрам, тигил жаңы жыл майрамын токтотолу, тыялы..” дегенден алысмын, тек гана Курман Айттын нравалык маанисин, масштабынын кеңирилигин биздеги бардык эле мусулмандар аңдап-сезе электей,.. ошону сездирүү, туйдуруу үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз.   
 
 
ISLAMLIFE.KG:  Быйылкы Курман айттагы конкреттүү кадамдарыңар кандай болуп жатат ошондо?
  
 
Нурмухаммед Миңбаев:  
Курман Айтты зор майрам катары майрамдайбыз деген ниетти жогоруда айтып кеттим, ага улай эле өлкө президенти тарабынан 2017-жыл  “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялаганын эске алып, ушул күнү  20га жакын кыргыздын улуттук оюндары ойнотулат, арасында такыр унутта калып кеткен улуттук оюндарыбыз да бар.   2-сентябрда  "Ас Салам" кайрымдуулук фонду жана Эл аралык Кыргыздар ассоциациясы биргеликте Сокулук районунун Белек айылында  "Кыргыздын улуу Курман Айт" деген аталыштагы чоң маараке майрамы өткөнү жатат.  Курман Айтка карата 700-800  а түгүл 1000 дин айланасында койлор курмандыкка аталып союлат. Айылдын ипподромунда  ат оюндары болот, байгелери 9 ак боз үй, кызыл төөлөр, ак боз аттар, кара букалар, ак кочкорлор, мүйүздүү текелер, баглан козулар, мындан тышкары “Аdecs International” курулуш компаниясы тарабынан 2 жарым миллион сомдук сертификат да бар.  Ушул  маегибиздин башында айтып өткөндөй, бул күн – майрам, болгондо да мусулмандардын чоң майрамы. Чоң майрамда  “Алланын ыраазычылыгына жетишели, Аллага жакындайлы” деген чоң ниеттер айтылат, эл-жерибиздин тынч болуусун көздөп, Кыргызстаныбызга кут чакырган, жакшылык тилеген дуба-тилектер болуп, ак баталар кылынат, буюрса.  
 
 
ISLAMLIFE.KG:    Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз, ишиңиздерде ийгилик болсун!
 
 
 
ISLAMLIFE.KG
 
 
Эскертүү: Төмөндө Курман Айт күнүнө карата Сокулук районунун Белек айылында өтчү ат оюндары тууралуу маалыматты камтыган видео-тасма.
 
 
  '
';

Facebook Пикир