Экология

eco001
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 1987

Ислам жана экология

Ислам дининде биз жашап жаткан планетаны адамдын колу менен асырап, коргоп, сактоо зарылдыгы таасын, даана белгиленген, анткени, жердеги болгон-эткен нерсенин баарына жоопкер кылып Кудай адамды дайындаган. Бу жашоодо адамдын жасаган жакшы иштеринин баары кайра өзүнө жакшылык болуп кайтып, ал жакшылыктардын жыйындысы акыретте да бейишке түшүүгө өбөлгө болот.



Ислам  илимий түрдө иликтенген, ачылган  табият мыйзамдарын акыйкат, чынчыл колдонуп адамзаттын бактысы, гүлдөп-өнүгүүсү үчүн пайдаланууга чакырат.

Бул багытта бардык исламий окуулар илимге логикалык жактан үндөш жана ага  каршы келбейт. Анан да, ислам бул динди тутунган момундарды  талбай билим алууга үндөйт, Ыйык Куранда бул мындайча айтылган:
 
 «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен» (Куран, 96:1)
 
...бул аятта айтылган “оку” деген маанини - “окуп, билим ал” деген таризде түшүнүүгө болот.  Аллах (субхана уа тааля) мынтип айткан жери да бар:
 
 «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?»-деп айт. (Куран, 39:9).
 
Кудуретүү Жаратуучунун төмөнкү айтканын да мисалдаталы:
 
«Аллах силерди араңардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражаларын көтөрөт » (Куран, 58:11);

«Чындыгында , пенделеримдин билимдүүлөрү Аллахтан коркушат»(Куран, 35:28).
 



Адамдар жана башка жандар - биздин планетаны конуштагандар.
 
 Адамдар – Кудай тарабынан жаратылган заттардын эн бир ажайып, керемет эмгеги. Бу дүнүйөдө жаратылган нерселердин баарын Аллах адамдын керектөөсү, анын байгер жашоосу үчүн жараткан. Айбанаттарды, жан-жаныбарларды, чымчык-канаттуу, куштарды, өсүмдүктөрдү, сууну, жансыз жаратылыштын баарын жаратып Аллах адамга баш ийдирип койду. Эми адамдын милдети – ошол жандуу-жансыз жаратылыштарды сүйүп, кам көрүп, башкалардын кызыкчылыгынан өзүнүкүн жогору койбой, өзү да табияттан алчусун алып, пайдасын көрүп, башкаларга да дал өзү пайдаланып жаткандай мүмкүндүктөрдү бериши керек.
 
Исламдагы экологияга болгон көз караш.
 
Исламда  бул Аалам  - Улуу Жаратуучунун бар экендигин туюндурган ачылуу китеп, узак сапарга түшкөн адам кадам таштаган сайын ошол ишеним улам бекемделе берчү жол катары сыпатталат.
 
Аллах таала Куранда мынтип айткан:
 
 «Чындыгында асмандардын жана жердин жаралуусунда, түн менен күндүн алмашуусунда, адамдарга пайдалуу болуп деңиздн сүзүп жүргөн кемеде,Асмандан Аллах суу түшүрүп, жерди өлгөндөн (кайра) кийин тирилтүүсүндө,  андагы ар түрдүү жаныбарлардын таралуусунда шамалдардын багытынын өзгөрүшүндө, жер менен асмандын ортосундагы баш ийген булуттарда – акыл-эстүү адамдар үчүн Аллахтын белгилери бар» (Куран, 2:164).
 
Исламда – бул Ааламдагы жаратылган жандыктардын баарынын өз өзүнчө уникалдуу: жеке жашоо образы, көбөйүп тукум улоо мүмкүнчүлүгү, тили, мамиле куруу ыгы, өзүнө жараша сезимдерге бай системасы бар деп каралган. Алардын ар бири жеке жекеден Аллахты даңктап, Кудайга кызмат кылышат. Куранда мындай аят бар:
 
 «Көрбөйсүңбү: Аллахка, асмандарда, жерде болгон бардык нерселер Күн,Ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, айбанаттар жана адамдардын көбү сежде кылышат...» (Куран, 22:18).
 

Же төмөндөгү аятты караңыз:
 
«Аны жети асман жана жер алардагынын бүт баары даңкташат.Аны аруулап мактабай турган эч нерсе жок. Бирок силер алардын мактоолорун түшүно албайсыңар. Акыйкатта Ал Жумшак, Кечиримдүү» (Куран, 17:44).
 
Аллах жараткан нерселердин  бүт баары шериги менен (күн жана түн, ысык жана суук ж.б.). Куранда бул жагдай тууралуу  Аллах мындай дейт:
 
«Алар жер жүзүнө карашпайбы? Анда ар түрдүү өсүмдүктөрдү (теңи менен) көркөм өстүрүп койдук.» (Куран, 26:7)
 
..анан мынтип улантат:

«Бардык нерселерди Биз жуп кылып жараттык. Мүмкүн силер эскертүү (насаат) алаарсыңар.»(Куран, 51:49).
 
Анан мынтип айткан жерин караңыз:
 
«Алар өздөрүнүн, жер өстүргөн нерселердин жана алар билбеген нерселердин баардыгын жуп кылып жаратканга аруулук!» (Куран, 36:36).
 

Ырайымдуу Аллах төмөнкү сөздөрдү айтат:
 
«Жер үстүндөгү айбанат жана канаттары менен учкан куш да силер өңдүү жандуулар. Биз Китепте эч нерсени (жазбай) таштап койгонубуз жок! Андан соң алар өздөрүнүн Эгесинин алдына жыйналышат.» (Куран, 6:38).
 

Кудуреттүү Аллах төмөнкүдөй күбөлүк берет:
 
«Аллах ар бир жандыкты суудан жаратты. Алардын айрымдары боору менен жылат, айрымдары эки буттап басат жана кай бирлери төрт аяктап жүрөт. Аллах - өзү каалагандай жаратат. Акыйкатта Аллах - баардык нерсеге Кудуреттүү!» (Куран, 24:45).
 

Баарын кечирүүчү Аллах мынтип бекемдейт:
 
«Алар асман мейкиндигиндеги тартылуу күчүн көрбөй жатышабы? Аларды Аллах гана кармап турат. Чындыгында, ушунда да ыйман келтирген коом үчүн белгилер бар» (Куран, 16:79).
 

Жогорудагы айтылгандардын баары – биздин планетада жайгашкан тирүү жандыктарга болгон исламий позиция кандай экенин билдирет. Адамды курчап турган жандуу, жансыз жаратылыштын баары өмүр бою аны коштоп жүрүп олтургандыктан, алардын  ар бири урматка татыктуу жана ар бир нерсенин өзүнүн жаралыш максаты бар. Алар адам үчүн жаратылган, алар болбогондо адам жашай да алмак эмес. бир гана мисал, өсүмдүктөр абага кычкылтек бөлүп чыгарчу мүмкүнчүлүккө ээ, демек өсүмдүктөр болбосо адам абасыз жок болмок.
 
Исламда  табиятка  мамиле кылууда өзүнчө бир чектер, эрежелер бар экенин  адам биле жүрсө, кээ бир адамдардын жаратылышка карата начар, орой, жоопкерчиликсиз мамилесин тыйып, табиятты сактоого салымын кошо алат.
 

Адегенде суу жөнүндө сөз.
 
Кудуреттүү Аллах Таала айтат:
 
 «Чын эле каапырлар... баардык жандууларды суудан жаратканыбызды көрүшпөйбү?”  (Куран, 21:30).
 
Биздин жаралуу табиятыбыз суудан тургандыктан, Ислам сууну ысырап кылууга , аны ыксыз колдонууга тыюу салат.
 
 «Ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү? Булуттан аны силер түшүрдүңөрбү, же Түшүрүүчү Бизби?» (Куран, 56:68, 69).
 
Адамдын, жан-жаныбарлардын, канаттуулардын, өсүмдүктөрдүн чаңкоосун кандырып өмүр берген сууну сактоо да Кдурети күчтүү Аллахка сыйынуунун бир түрү. Исламда көлмөлөргө заара кылып, аккан сууну заңдап, булгоого  да өтө катуу тыюу салынган. Мына ушундан улам, канализациялык түтүктөр аркылуу агып чыккан булганч сууларды, завод-фабрика, ишканалардын чыккан кир сууларды океанга же деңизге карай буруп жиберүү да Исламга каршы келээрин аңдоого болот.
 

Экинчиси: өсүмдүктөр.
 
Аллах Куранда мынтип айтат:
 
 «Эмнени эгип атканыңарды көрүп атасыңарбы? Аны силер өстүрөсүңөрбү же Өстүрүүчү Бизби?» (Куран, 56:63, 64).
 
Куранда дарак олтургузуу жана асырап,кароонун пайдалуу экени  тууралуу да айтылган
 
 «Инсан өзүнүн жеп жаткан тамагына карап көрсүнчү?– Биз нөшөрлөгөн жаан куябыз. Анан жерди көптүрүп жарабыз. Анан анын үстүнө үрөндөрдү өстүрөбүз, жүзүмдөрдү жана жашылча-жемиштерди жана зайтун менен курма дарагын, калын жыш бактарды, жемиштерди жана жайыттарды, силер жана силердин малыңар пайдалансын үчүн» (Куран, 80:24-32).
 
Жараткан Аллах андан ары мынтет:
 
 « Ал асмандан жамгыр жаадырат. Биз аны менен өсүмдүктөрдөн бардык нерсени чыгардык. Андан жашыл өсүмдүктү, тизмектелген данды, курма дарагынын мөмөсүнүн чанагын жана (жалбырактарды) окшош , а мөмөлөру окшош эмес жүзүмзарларды , зейтунду, анарды (өстүрөбуз). Алар бышып жетилгенде, мөмөсүнө карачы?! Акыйкатта мунун баарында ыймандуулар үчүн белгилер бар » (Куран, 6:99).
 
Мухаммед Пайгамбар (САВ) кай бир мусулман дарак олтургузса же бак-даракты асырап караса, ал дарактын мөмөсүн башка адамдар жейт, жан-жаныбар, канаттуу куш да азыктанаарын, демек бул эмгеги үчүн ал мусулманга Аллахтын өзүнүн берчү сыйлыктары бар экендигин айткан. Мындан сырткары Аллахтын Элчисинин айтуусунда, (САВ) кимди ким колу менен дарак олтургузса, ал дарактын астында адамдар көлөкөлөп, пааналай турган болсо, Алахтын ыраазычылыгына татыйт. Мына ошондуктан, негизи жок, мыйзамсыз түрдө дарактарды, көчөттөрдү кыюу Аллахтын берешендигине, Ал берген кооздукка акаарат кылууга барабар.
 
Эгер бүгүнкү күндө биз, мусулмандар АКШга таасир эте алган болсок, жаратылыш ресурстарынын өз ыгы менен пайдалануусуна, токойлордун корголуусуна, абаны булгоо аркылуу товарларды өндүрүүгө каршы болуп, жок дегенде ошол зыяндуулуктардын санын кыскартканга себеп болоор элек. Жайыт жер кылуу үчүн көйкөлүп өсүп турган канчалаган гектар токой аянттарын кыйып, кыркып жаткан мамлекеттерге (мисалы, түштүк америка өлкөлөрүндө токойлорду кыркуу өтө тездик менен баратат)  андан башка жолдорду караштырып (балким биз аларга каржылай же башкача колдоо көрсөтүп),  ыгы жок, себепсиз эле дарактарды кыркунун ордуна, башка альтернативдүү жолдорду табууга ынандыра алаар белек...
 

Үчүнчүсү : Жер.
 
Жер биздин оболку энебиз, ошон үчүн аны Жер-Эне деп атап коебуз, биз анда жашайбыз. Жердеги молчулуктардан биз азыктанабыз, демек ошого жараша кандайдыр милдеттерди алуубуз зарыл; эскирген, картайган бак-дарактардын ордуна жаңы, жаш көчөттөрдү тиксек, Мухаммед Пайгамбардын (САВ): “ Кимде ким жансыз жаткан жерге жан киргизген болсо, анын кожоюнуна айланат ( ал жер ташталган, эч ким карабай койгон, көңүл бөлүнбөгөн болсо, анда аны гулдөткөн киши ошол жердин мыйзамдуу ээси болуу талабын кое алат) . Жерге болгон кастарлуу мамилеси үчүн ал киши Аллахтын сыйына татыйт.
 

Төртүнчүсү: Жан-жаныбар дүйнөсү.
 
Биз жан-жаныбарларга өтө боорукердик, аео сезими менен мамиле кылып, табияттагы  майда-чоң, суудагы, кургактагы бүт болгон жаныбар аттунун баарынын жашоого укукту бардыгын эске алып, аларды коргоого тийишпиз. Мергенчилик менен спортту шылтоолоп тирүү жандарды рахаттануу үчүн жок кылбашыбыз керек.
 
Пайгамбар (САВ) айтуусунда, кимде  ким айбанаттарга, жаныбарларга мээримдүүлүк менен мамиле кылса, Аллахтын мээримине ээ болот.
 
А түгүл  адам -  жаныбарды жеке оокаты, тиричилигине азык  болсун үчүн союп, (өлтүрүп)  жатканда, бычак жаныбарды кыйнабай шар кескидей кылып  аябай курчутуп, жан кыйналбасы үчүн бат-баттан мууздоо керектигин, Мухаммед Пайгамбар (САВ) айтып кеткен.  Мындан тышкары,  канайдыр жаныбарды союп жатканда, анын жанында башка жаныбар турбашы керек, анткени союлуп жаткан малды көрүп анын сезиминде да кыйналуу, азаптануу пайда болот.
 
Дагы кайталайбыз, Исламда жаныбарды тек бир рахат алуу,  көңүл көтөрүү үчүн өлтүрүүгө тыюу салынган. Согуш маалында болобу же бейпил кездеби,  жаныбарга же өсүмдүккө залал келтирип, кыйноо, жок кылуу исламга каршы келет. 
 

Бешинчиси: канаттуулар жашоосу.
 
Ислам канаттуу-куштарга боорукердик менен мамиле кылууга чакырат, буга чейин айтылып өткөндөй, анткени алар  Аллахка кызмат  кылышкан парандалар. Адамдар канаттуулардын таянар калканчы, эркин өмүр сүрүүсүнө карата жөлөгү болуп кызмат кылышы керек.
 
Кайсы бир саякаттоолорунун биринде Пайгамбар (САВ) жанындагы сахабаларынын бири  көгүчкөндүн балапандарын уясынан бери алмакчы болгондо, асманда  энеси ары-бери учуп, чебелектейт; Аллахтын Элчиси балапандарды козгогон кишинин аты-жөнүн сурап билип, андан соң балапандардын баарын жумшак кармап, кайра уясына  коюп койгону, анын көгүчкөнгө болгон мээрими жана боорукердиги.
 
Пайгамбардын (САВ) айткан дагы бир хадиси бар: канаттууну себепсиз, жеке рахатануу үчүн өлтүргөн кишини Кыямат күнү ошол канаттуу адилеттүү түрдө жазалануусун айтып Аллах тааладан: “ Аллах, бул киши мени себепсиз, башкаларга да пайдасы жок өлтүргөн, андыктан ага да так ошондой адилет жаза бер”,-деп суранат.
 

Алтынчысы: Аба.
 
Аба – Кудуреттүү Кудайдын  менчиги. Бир эки мүнөт эле аба жок боло турган болсо, каза болоорубуз турган иш; аба мындан тышкары адам менен адамдын мамилесине орчун кызмат аткарып, ооздон чыккан үндү угулушуна себеп болот. Ошондуктан, ар кандай түтүн менен абаны ыштоо – жаратылышка болгон начар мамиленин үлгүсү, анткени аба булганса, адамзатын, башка тирүү жандыктардын жашоосуна залалы тиет.
 
Чыныгы мусулман мамлекеттери Америка Кошмо штаттарынан Адам укуктарын сактоодон кийин эле, атмосфераны коргоо: абаны булгабоо үчүн бүт өлкөлөрдүн биргелешкен резолюциясын кабыл алдыруу, табиятка зыян келтирүүчү өндүрүштөрдү мүмкүн болушунча токтотуу (дары дармектер, автоунаалар ж.б.), экологияны сактоо системасына  каршы чыккан тараптын баарын жаратылышка зыян кылбоо тууралуу эрежелерди сактатуу талабын коюшмак.
 
Сизде суроо болушу мүмкүн: эгер жер планетасынын калкынын көбүн мусулмандар түзсө, жогоруда айтылып жаткан экологияылк талаптарды аткаруу эмне үчүн алигиче колго алынып, иштеп кеткен жери жок?-деген. Буга жообум эң жөнөкөй:  саясаттын тереңин чукулабай айтсам, көп мусулманда азыр Үчүнчү Өлкөнүн шарттарынын жетегинде жашап жатышат, окуй да, жаза да албаган бир нече муун өсүп чыкты. Заты эмес , аты эле “мусулман өлкөлөрү” демиш болгон мамлекеттер, видеокамеранын астында гана эл көзүнчө исламга ишенимиш болгон  жарым-атеисттик кара мүртөз режимдер тарабынан башкарылып  келет.  Ошого карабастан, ислам динин чындап терең казып, анын натыйжасында  коомдун прогрессивдүү катмарына айланып бараткан туугандарыбыздын саны барган сайын  арбып баратканын кубануу менен белгилегим келет.  Аллах кааласа, (иншаалла) ал катмар буга чейин  көптөрү эске албай келген жогоруда айтылып кеткен  талап-мүдөөлөрдүн баарын ишке ашырат.
 

Маалымат булагы: islam.com

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 

 

Facebook Пикир