Экология

eco002
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 1927

Сүннөткө чыланган “жашыл” кеңештер

Бүгүнкү күндө Жер планетасы ыйлагыдай ахвалда турат: ар кыл отундарды, күйүүчү заттарды, энергокаражаттарды колдонуп ошондон асманга түтүн болуп ышталган зыяндуу жыттар, бууланган газдар экологиялык кризисти пайда кылып, ал кырдаал барган сайын оорлошууда.


Деңиздин деңгээли көтөрүлүп айрым жерлер суу астында калуу коркунучунда турат, күндүн катуу ысыган табы көптөгөн жерлерди кургатып дыйканчылык кылууга болбой турган ахвалды жаратууда.

Ушундай кесепеттин болушуна эмне түрткү болду, ошол балакеттердин баарын токтотуп калуу үчүн кандай чараларды көрүү керек?-деп өзүбүзгө өзүбүз эчак суроо беришибиз керек болчу.  Бактыга жараша, Мухаммед Пайгамбардын (САВ) ырайымы менен баарыбыз  акылыбызга түйүп, эске алчу насааттар, кеңештер эбактан бери эле бар. Келгиле Пайгамбар (САВ) басып өткөн жолго бир үңүлүп, андагы бизге үлгү болчу учурларга кайрылып көрөлү, ошол сыпаттар биздин экологиялык аң сезимибизге таасир этип, дем бергидей берилүү менен тыңдайлы.
 
 
1).  Тишти жууп жатканда же кичи даарат алып сууну пайдаланып жаткан учурда, эч качан дааратка бир литрден ашык суу ысырап кылбаган Пайгамбардын (САВ) ушул адаты жөнүндө унутпаңыз,  эч ким Аллахтын элчисиндей  даарат ала албагандыгы ар дайым эсиңизде болсун.
 

2). Эртең мененкисин дене-бойду сууга чайкап, душка түшүп жатып, Пайгамбар (САВ) так эле ошондой чайканууга 3 литр гана суу коротконун эске алыңыз. Чайканып-жуунуну көпкө созбой, кыска убакытта (5 мүнөттөн ашырбай) бүтүрүүнү адат кылыңыз.
 
3). Эсиңизде болсун, Пайгамбардын (САВ) мечтинде караңгыда жакчу май чырактар илинип турганына карабастан, аларды да өтө үнөмдүү пайдаланышкан; көптөгөн исламий аалымдар, мударистер эмгектерин айдын жарыгында жазышкан. Так ошолордой үнөмчүл болуңуз, кереги жок болсо жарыкты өчүрүп, мүмкүн болсо ыгы менен эс алууга көнүңүз, жазуу-окуу иштерине келгенде өтө жаркырабаган, үлбүрөгөн жарык менен иштөөгө аракеттениңиз.
 
4). Жаңы кийим сатып алаарда, Пайгамбардын (САВ) аялы Айша (разияллаху анху) алтымышка жакын жамагы бар көйнөк кийип жүргөнүн эстеңиз.
 
5). Көчөнү тазалоо, шыпыруу, таштанды чыгаруу сыяктуу демилгелерге катышыңыз. Мындай иштер
кайрымдуулук кылган менен барабар,-деген Пайгамбардын (САВ) айтканын көңүлгө түйүңүз.
 
6). Дайыма эле бирдемени ашыкча колдонуудан (ичип-жеш, кийинүү, унаа ж.б.) , ашкере топтоп-жыйноодон качыңыз. Пайгамбар (САВ): “Динге бекем ишенген момун адам кошунасы ачка экенин билип туруп
тамакты тое жебейт”, (аль-Бухари, Муслим) -деп айтыптыр, мына ушунун тегерегинде жакшылап ой калчап көрүңүз.
 
7). Көптөгөн пайгамбарлар (аларга тынчтык болсун)  кой кайтарган чабан болгондугун эстеңиз. Мыкты чабан – талаага, жайытка чыгуусу керектиги эсте болсун. Жерге жакын болуп, жер кыдырып, жердеги жандыктарды таанып, алардын коргоочусу, жакшы мүнөз койчуманы болууга тырышыңыз.  
 
 

Жакшылап бир ойлонуп көрөлүчү, Аллах бизге кандай белектерди бергенин аңдап-туюп, аларды баалап, демек, акылды иштетип колдонуп, ысырап кылбай, чектен ашып кетпей, ой-келди чачып коромжу кылбоону жакшы адатка айланталы.
 
Келгиле жоопкерчилик деген нерсени ар кимибиз өзүбүзгө алып, жаратылышты коргойлу, табияттагы нерселердин баарына Пайгамбарыбыз (САВ) мамиле жасагандай, сарамжал мамиле кылалы.
 

Маалымат булагы: OnIslam
Автор:
Шейх Ахмад Кутти (Ahmad Kutty) – 
Торонтодогу Ислам институтундагы улук окутуучу, мусулман аалымы.  Онтарио, Канада.


Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

 

Facebook Пикир