Экономика

Banking
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 1053

Банктар акчаларды пайда кылат, банктарда акчалар житип жок болот...

Өзүбүздүн жыйган, топтогон акча-тыйындарыбызды банктарга сактайбыз, банктарга мүлктү күрөөгө коюп кредит алабыз. Кандай бизнес болбосун анын башаты банктан башталып, аягы банктан бүтөт.



Маңдай тер менен иштеп тапкан акчаларыбызды кайтарып бербегени үчүн банктар менен соттошобуз, алган кредитибизди төлөй албай калсак, банктар бандит-коллекторлорду жиберип коркутуп-үркүтүшөт. Карап турсаң, банктар эле жайнайт, а рынок кайда?
 

Дүйнөгө белгилүү экономист Адам Смит илгери  “эркин рынок” деген керемет нерсени ойлоп тапкансыптыр, а бирок анысы пендедеги кадимки ач көздүктү кубаттап-колдогон, ага жол ачып берген система экенин элес алган эмес окшойт... А киши 1776-жылы Англияда “Эркин рынок жөнүндө” саясый экономикалык жомок ойлоп таап, ал жомогунда, “негизи табигый түрдө кай бир өлкөлөр жана анын жашоочулары күжүлдөп эле тытына берген көнүмүш эмгек жасоо үчүн жаралган, ал эми кээ бир өлкөлөр жана анын жашоочулары оор жумуштарды жасап, тигил көнүмүш жумуш жасагандарды башкаруу үчүн жаралганын далилдеп салганын” бежирейт. Колониядагы адамдардын жашоосу менен чоң калаалардагы, метрополиялардагы адамдардын жашоосунун  айырмасы жүз эсе экени – бул кулчулуктун кесепети эмес, бул кандайдыр обьективдүү,  дүйнөлүк  мыйзам ченемдүүлүк, рыноктун көзгө көрүнбөгөн колунун жасаган имиш...
 
Экономика – бул так илим эмес, а философия. Акчанын дини (бирөөлөр ишенет, бирөөлөр ишенбейт). Оюн деп айтсак да жарашат (Ким бирөөнүн иши такай жүрүшүп, дайыма эле ага ийгилик жылмая берет).  Келгиле, маселен кризистен чыктык деп эсептеп көрөлү. Топтогон акча-тыйыныбызды экономдоп, сактап отурбай, “эртең не болуп кетет” деп каранкүн түшчү учурдун алдын алып  топтобой, кенен-кесири пайдалана баштадык дейли. Кечээгиге караганда эртеңки күнүбүз мыкты болот деп үмүт кылдык: айлыктар, пенсиялар жогорулап, инфляция төмөндөйт деп ишендик. Экономдоп эмне кылабыз? Экономикада суроо-талап принциби иштеп, өндүрүш иштей баштайт, соода жанданат. Банктар кредит берүүнү өтө жеңилдештире баштайт. Жашоо  уланып жүрүп олтурат, ошентип  кризисти  таптакыр унутуп калчу күнгө жетебиз.
 
Же болбосо. Кризистин чети да баштала элек, эң оор күндөр алдыда деп коелу. Анда эле баарыбыз бүт бардык жактан экономдоону күчөтөбүз, фондулук рынокко, банктарга салган акчаларыбызды дароо алып “түбөлүк баалуулук” болуп тура берчү: алтын, кооздуктар, валюта түрүндөгү байлыктарга айлантабыз, акчабызга жер, мүлк сатып алып коебуз. Адамдар ушунтип акчаларын жансыз байлыкка айлантып койгон соң, акчалар иштебей, экономика токтой баштайт. Кризис тереңдейт.
 
Дүйнөлүк кризис болуп жатса, Кытай экономикасы өйдө карай өрлөп баратканынын себеби, юаньдын курсун 20%гы ылдыйлатып койгонунан улам эле эмес, ал өлкө  коммунисттик идеологияны бекем кармануусун улам экономика күчөп жатат. Коммунизм идеяларынын сергектиги жагынан (1867-жылы чыккан “Капитал” деген эмгекти бир окуп көрүңүз)  капитализмди жеңип, оодарып түштү.  Маркс деген аалым философияны терең иликтеп-талдап олтуруп, идеологияга негизделген экономикалык системаны жазып салган тура.
 
Дүйнөлүк кризис тууралуу кеп болгондо, баары бул кризисти системдик мүнөздө экенин моюнга алышты, демек, бул – кризис каптаган өлкөдө кандай гана шумдук реформа жасашпасын кризистиен чыгышы кыйын деген сөз. Эң ириде системанын өзү реформага муктаж. Мындайча айтканда, балээнин баары тигил же бул экономикалык моделде эмес, башкы маселе - системада.
 
Украиндагы банк системасы Янукович түптөп кеткен “2010-2014-жылдарга карата экономикалык реформалардын программасы” деген кайра-кайра элге сунушталып эч  чарчабаган программалардын бешинчи жолкусу. Банктарды кредиттен түшкөн проценттик акчалар гана кызыктырат. Украина улуттук банкынын бар болгон жасаган иши – доллардын курсун кармап туруу. Эл кызыкчылыгын ойлогон кандайдыр жаңы изденүү, ойлоп табуу деген нерсе Украина улуттук банкынын оюна да келбейт.  Жупуну суроо туулат: “Банктар экономиканы сактап кала алабы?”.  Кредиттерди байма бай күпүлдөтүп берип, андан пайда көрүүнүн ар кыл амалдарын ойлоп олтуруп, банктар ушул кризисти алып келди.  Акчаны катчу жактарга катып, сактачу жерлерге бекитип сакташып, аны реалдуу экономикага сарптабай,  банктар менен Украина улуттук банкы кризис алып келүүчүлөрдүн тарабы жакка акырын өтүп алышып  унчукпай, тымпыйып турушат. Украинадагы банк системасы  мыкты иштеп кете алчу ишканаларга ынгайлуу пайыздык өлчөм менен кредит берип жакынкы жылдарда  экономиканы жогорулатайын деген ниети да жок.  Кризис кычап турганда өлкөдөгү банктардын функциясы такыр бөлөкчө:   кредитти төлөй албай жаткан карызгерлерден акчаны күчтөп-зордоп кайтаруу, алардын мүлктөрүн карыз ордуна тартып алуу. Акчаны кай жакка коротуу,  а түгүл акчаны кантип табуу бийликтин колунан эн бир жакшы келет экен да,  келечеги бар ишканаларга банктардан  аз өлчөмдөгү кредит бердирүүгө күчү жетпейт имиш...
 
Мындай карап көрсөң, АКШ жана Евросоюздай болуп либералдуу мамиле жасап: экономикага арзан акча берсең, рыноктун көрүнбөс колу өлкөнү өзү эле кризистен сууруп чыгышы керек эле. Так ушундай кадам таштоо   “акыйкаттуу  жол” болмок. Банкротко учураган 22 банктагы тоңдурулган 22 миллиард депозитти ( 15 млрд.физикалык тарапка, 7 млрд.юридикалык тараптарга таандык)  берип, 34 миллиард НДСти экспортерлорго берсин. Экономиканын курсагы ач турганда, аны ого бетер ачка кармап, банкка акча салып алданып калгандарды шылдындоонун не кереги бар?
 
Кептин баары, банктардагы катылган, иштебей турган акчанын баары керектүү жактарга иштетилбестигинде.  Ал  акчаларга кайра эле баягы көнүмүш болгондой,  импорттук товарларды доллар менен сатып алып, өлкөгө киришине сарпташат, мунун айынан соода балансынын дефицити пайда болот, алтын-валюта резерви кемийт. Өлкө ичиндеги экономиканын реалдуу сектору улам жогорулаган талапка жооп берүүгө үлгүрбөйт. Мамлекеттеги капитал көз будамайлап ишке салынып, мунун айынан экономика талкаланат.
 
Бийликте социалисттик пландоо мүмкүндүгү дээрлик калбайт. Банк капиталынын 35%ы – четтен берилген акчалар (Орусия -20%, Кытай – 2%).  Мамлекеттик делинген эки гана банк иштемиш болуп келет: Ощадбанк жана Укрэксимбанк банк системасындагы жалпы капиталда 21%дык гана салмагы бар, бул банктар “Нефтегазды” , өкмөттүн карыздарын  тейлеп бүтө албай ушул түйшүктөргө  араң үлгүрүп жатышат. Инновациялык программаларга, ишканаларды модернизациялоого кредит берүүгө кудурети такыр жетпейт.
        Кытай экономикасындагы керметтин сыры: паракорлорду, салыктан качып киреше тапкандарды өлүм жазасына тартып, коммунисттик  идеологияны бекем карманган системанын иштеп жатканында. А болбосо, мамлекеттин акчасын өз кызыкчылыгынын чегинде бөлүшүп алган коррупционерлердин адатын  жеңүү өтө кыйын. Негизи, командалык-административдик буйрукчул ыкма менен эмес, акчаны реалдуу экономикага бурган, сарптаган демократиялуу ыкмадагы банк механизми барбы?
 
Албетте бар. Реалдуу жана байлыгы кенен-кесири ( эл аралык алдамчы байлар эмес) инвесторлор бар, алар кайсы бир мамлекеттин реалдуу секторунун модернизациялануусуна, инновацияланышына өз акчаларын салууга кызыкдар. Бул - исламий банктар. Нефтедолларлар Украинага карай инвестицияланышын кааласак, “Украинанын банктар жана банк ишмердиги тууралуу мыйзамынын” 2-беренесин, 48-беренени: “Банктарга материалдык өндүрүг, соода жана камсыздандыруу тармактарында ишмердик кылууга тыюу салынат”.  49-беренени: “Пайызы жок кредит берүүгө тыюу салынат” (мындай мыйзамдар Орусия федерациясынын мыйзамдарында да кездешет). 
Азыркы банк системасын коргогон, лоббилеген Жогорку Рада (парламент)  турганда банк системасын түп тамырынан бери өзгөрткөн мыйзамдарды иштеп чыгуу мүмкүнбү? А эмне үчүн болбосун? Азыр капиталга караганда бийликтин булчуңу күчтүүрөөк кез. Араб Эмираттарында  Исламий банк системасынын натыйжалуулугун түшүнүшүп,  ал системаны кийирүү үчүн  3 ай ичинде 15 мыйзамга өзгөртүү киргизе алышты.
 
Биздин мамлекетте маалымат каражаттары атайылап, көшөрүп исламий банктарды байкамаксанга салып келишет. Банкирлерибиз болсо  “ислам банкинги” деген түшүнүккө кайдыгер мамиле жасашып, ислам банк системасын   “нефтиге маарыган шейхтердин балакай оюну” дешип, алар түптөгөн банктардын   ийгликтерин болсо “нефтиден тушкөн оной акчаларга ошентип жатышат,..динге берилген исламий адамдар банкка күргүштөтүп акча салып..ошондуктан ал системасы иштеп жатат..” дешип жок шылтоолорду айтып келишет.  Бирок биздин банкирлер өтө туура эмес көз карашта экенин моюнуна алышы керек. Маселен, нефти чыкчу жайлары өтө аз  Малайзияда исламий банк системасы өтө өнүккөн, анан калса мындай системадага банктарга акча сактаган, акча берген тараптар – этникалык кытайлар (мусулман эместер) болуп жатканын кантебиз...
 
Ислам банк системасынын түптөлүп иштеп келе жатканына 1 300 жыл болуптур. Азыркы заманбап исламий банк системасынын түбү 1979-жылы башталган, ошол жылы нефти кризиси күчөп, керексиз пассивдерден арылуу муктаждыгы турган. 2009-жылы кризис каптап турган учурларда Исламий банктар стабилдүү (бардык жылдар ичинде орточо ченем менен) түрдө 15% кирешеге ээ болуп, дүйнө жүзү боюнча 40% алкакта ишмердигин кеңейтип, 1 триллион долларга чейинки  көлөмдө каражат айланткан. Кризис маалында Исламий банктар көзөмөлдөгөн банктар кыйла аз жабыркады. Исламий нуктагы эмес, кадимки банктар экономика көтөрүлүп жаткан кырдаалдарда пайдага, кирешеге өтө маарып, кийин соңку келечекте күтүлчү кризистин булагы болуп беришет, кризисти токтотууга эч кандай кадамдар жардам бере албай калат. Ал эми Ислам банкынын принцибинде кризисти жеке кызыкчылыкка  пайдаланып калуу ниети болбойт, кандай гана кырдаалда болбосун экономиканы теңме-тең каржылоо талап этилет.
 
Келгиле, Америка-Европалык банк менен Исламий банктарды салыштырып көрөлү:
 
1). Исламий банктарда: реалдуу түрдө жок, ооз жүзүндө бар фондулук рыноктордогу  көз жазгырып пайда табуу аракеттери болбойт. Ислам банктары акчаны реалдуу активдерге беришет.
 
2). Исламий банктарда белгилүү бир өлчөмдөгү %дык ставкалар жок. Ишкананын, банктын ээси, же банкка акча салган адам  киреше табууда да, жоопкерчилик алууда да бирдей тең шерик укукка ээ. Ислам банктары  башкаруу акцияларынын пакетине (10%дан жогору)  ээ түз инвестициялары аркылуу өндүрүшкө түздөн түз катышат.
 
3). Долбоорлорго акча бөлүүнү, текшерүүнү (аудит), ишкананын отчеттуулугун талап кылууну  бир адам эмес, Директорлор кеңеши өзү көзөмөлдөйт.
 
4).  Исламий банктар акцияларды башкаруу пакетине ээ болгондуктан, кирешенин канча түшкөнүн такай байкоого ала алат. Эгер киреше жашырылганын аныкташса, алар ишкана ээсин сотко бере алышат. Мыну ушунусу менен исламий банктар, кайсы ишкананын кирешеси канча болуп жатканын көрбөй, билбей жүргөн, банкка акча салган майда акча салуучулардын укугун коргошот. Портфелдик инвестицияга караганда, ислам банктарына акча салуу принципиалдуу түрдө эң ынгайлуу,пайдалуу. Бар менен жоктун ортосундагы акцияга ээ болгон адамдар, өз  акцияларына талаптагыдай дивиденттерди ала беришпейт. Исламий банктарда бул жагы өтө катуу көзөмөлгө алынгандыктан, коррупцияга , көмүскө бизнеске карата  күрөш кыйла реалдуу.
 
5).  Биздеги Украиналык банктарга акча салчу болсоңуз, Сиз: банк акчаңызды кайсы операцияларга кириштетүү аркылуу сизге пайыздык киреше берээрин, сиздин акчаңыздын эсебинен кимге кредит берээрин эч билбейсиз.  Мындай маалыматтарды качан гана банкка администрация киргизгенде же сиздин салган акчаңыз тоңдурулганда гана бир билесиз. Салган акчаңыздан алчу пайыздык кирешелер (ал реалдуу эмес)  улам жогорулаган сайын ач көздүгүңүз козголуп, аны менен катар ал акчамды кайтарып аламбы...жокпу деп санаага бата бересиз. Исламий банкка акча салсаңыз, реалдуу өндүрүшкө сиз да кошо катышып жатканыңызды  да сезип турасыз. Кандайдыр чыгымга учураган, кризистик кырдаал болгон күндө деле, исламий банктарда өтө көп суммадан айрылып калуу коркунучу аз.

 
Кандай гана оорчулуктагы кризис болбосун, келип чыгышынын тереңин иликтеп көрүп –анын себеби кредиттик %да  экендигин түшүнөсүң. Бул эми жаңы ачылган деле ачылыш эмес, акчаны иштетүү маселесинде, элестүү айтканда,  ким экенине карабай, отчет алууну  Исус Христостун дал өзүнөн баштоо керек, мындайча айтканда тандап мамиле кылуу болбошу керек.  Либералдар, кредитке проценттик карыз берүүнү тыюудан кийин көшөрүп эмгек кылуу жанданып, экономкалык өсүү кыймылдай баштаганын далил катары кайталап келишет.  Бул талаштуу талкууда мен Адам Смит менен Милтон Фридманга эмес,  Иса Пайгамбар жана  Мухаммед Пайгамбарга (САВ) бекем ишенем. Экинчи  дүйнөлүк согуш учурунда Маршаллдын планы боюнча, ошондой эле Германиянын кайра бириктирүүдөн кийин – Европа менен Жапонияга чындап жардам берүү муктаждыгы келип чыкканда, проценти жок эле акча беришкенин эсиңизге бир салып, ой калчап  көрүңүз. 
 
Исламий капитализм – бул Батыш капитализминен айырмаланган  бөлөк модель гана эмес, бул ага альернатива боло алчу  бөлөк экономикалык система, анткени ал бөлөк идеологияга негизделген: ал кредиттик процент болбошу керек деген идеология.  Бул идеологияны ислам банктары карманып,  берки башка кадыресе банктар менен фондулук рыноктордо жок артыкчылыктарга ээ. Алар  ислам банктарынын бул артыкчыларына ичи күйүп, алар колдонгон система менен болушунча күрөшүп жатканы таң калычтуу эмес. Анткени, кадыресе банктар, фондулук рыноктор үчүн кредиттик процент менен иш кылуу кан-жаны менен барабар да. Террордук Аль-Каиданы исламий банктар каржылашат экен деп канча имиш-ушактарды чыгарышты, бирок бирөө да тастыкталган жок. АКШнын Исламий дүйнөгө карата бүтүндөй күрөшүн “терроризм менен күрөш” катары эмес, Уолл-Стриттеги банктардын, биржалардын  аларга караганда кыйла башкача, адамгерчиликтүү экономикалык система менен күрөшү катары кароо керек.
 
Академик Валерий Геец  баардыгына өлө  жаккан кыял тууралуу айтып келип, “керектөөчүлөрдүн талабын стимулдаштыруу жолу менен эмес, тиешелүү өндүрүштөгү техникалык иштеп чыгууларга болгон талаптарды стимулдаштыруу аркылуу – экономиканы кайра жаратуу зарыл” деген маанидеги оюн билгизди.  А бирок ал мына ушул кыялды ишке ашыруудагы экономиканын реалдуу банктык механизми кайсы экенин атаган жок.
 
Чындап келгенде, кеп нефтедолларда деле эмес. Кеп идеяда. Мындайча  айтканда,  “биздин печаттык станок Американыкынан эмнеси менен кем?”  Исламий банк системасын кийире турган болсок, калк ичиндеги  иштебей жаткан акчалардын иштешине түрткү болот – а бул азыркы бийлик менен банктар жетпей келе жаткан максаттардын бири эмес беле?.. Ошентип банк системасынын жаңы түрүнө өтсөк, катылып жаткан акчалар доллар сатып алууга же импортко эмес, экономиканын реалдуу секторуна сарптала баштайт. Корпорация түптөлүп жатканда же экономикалык кыйын кырдаалда турганда, ислам банктары акцияларды номиналдык баада кабыл алганынын себеби түшүнүктүү, анткени  банк ишмердиги өнүгүп-өскөн сайын акциялардын наркы да жогорулай баштайт. Кризис учурунда акциялардын баасы ылдыйлашы ыктымал, бирок кандай гана болбосун салынган акча өндүрүштөгү реалдуу материалдык каражат түрүндө сакталуусу керек, бул – берки “жашыл долларбайларга” караганда же дагы бир баалуу кагаздарга караганда кыйла ишеничтүү.
 
Эгер мен банкка акча салганы келсем: “Сен салган акчадан түшкөн кирешенин эсебинен  өзүңө канча пайыз болоорун биз азыр билбейбиз,  бирок сенин акчаларың келечеги бар ишкананын керегине жаратаарыбызга, сенин укугуң менен дивдиенттериңди катуу көзөмөлдөөгө, коргоого биз кепилдик беребиз”-дешсе, мен так ушундай банкка ишеним артам, карыздан карызга батырчу пирамида системасы бар банктарга эмес...
 


Автор: Владимир Вовк.
Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

 
 
 

 

Facebook Пикир