Экономика

Islameconomic
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 780

Ислам экономикасынын нормалары жана принциптери

Ислам экономикасы - шарияттын мыйзамдарына ылайыкташкан экономиканын түрү. Ислам дининде экономика ар убак өзгөчө орунда турган. Курандагы көптөгөн аяттарда, хадистерде чынчыл, тер төккөн эмгектенүү тууралуу айтылат.



Мисалы:
 
«Аллахтын сага берген дөөлөтү аркылуу акырет конушуна жетүүгө умтул да, бул дүйнөдөгү ырыскыны да унутпа! Аллах сага жакшылык кылгандай, сен да жакшылык кыл. Жер бетинде бузукулук кылууну көздөбө. Аллах бузукуларды сүйбөйт». (Куран, 28:77)
 
Ислам мусулмандардын жашоосунун бардык кыйырын камтуу менен бирге, экономикалык ишмердүүлүктү да унутта калтырган эмес. Ушундан улам, Исламда экономиканы адеп-ахлактык, моралдык сапаттарсыз элестетүү дегеле мүмкүн эмес. Ислам экономикасы шарият нормаларынын негизинде жөнгө салынып, Курандын жана Мухаммед Пайгамбардын (САВ) сүннөттөрүнүн чегинде ишке ашат. Ислам экономикасынын моделинин артыкчылыгы, уникалдуулугу 4 принциптен турат:
 
1). Үлүштүн эсебинен сүткорлук менен пайда көрүүгө, кредит берүү аркылуу киреше тапкан банк системасына жана банк өзү же кредит берүүчү өзү чогуу аралашкан кредит берчү банк системасына тыюу салынат.
 
«Аллах сооданы адал, бирок сүткорлукту арам кылды” (Куран, 2:275).
 
Мындай тыюу салуу бүт жагынан эң туура – анткени бардык капиталисттик кризистердин негизинде  процент кошуу аркылуу пайда тапкан банк системасы турат.
 
2). Иш баштала элек жатып ага активдерди/пассивдерди киргизүүгө, колдо болгон товарлар жана тейлөөлөр менен көз будамалоого тыюу салынат. (заманбап биржалык соодадан баш тартуу.
 

Бул тыюуга негиз болуп берген жагдайлар Египетте аль-Азхар универистетинде чыгарылган “Исламий финансы жана экономика” деген китепте да Аллахтын сөздөрү менен мисал келтирип жазылган:
 
«Эч нерсени: “Ушуну эртең жасаймын!” деп айтпа! Аллах кааласа (жасаймын) дегин !» (Куран, 18:23-24),
 
жогорудагы сүрөдө ачык көрүнүп тургандай, азыркы учурда колуңузда  жок турган нерселерге бүдөмүк таянып, ага ишенүүгө болбойт.
 
3).  Киреше булагынын кай жерден чыгып жатканына маани берилет жана айрым айыл чарба багытындагы иштин түрлөрүнө тыюу салынат, экономиканын “адалдуулугуна” көңүл бурулат, Ислам дининдеги тыюулар боюнча – чочко этине, мас кылуучу ичимдиктерге, бангизаттарга, эркектер үчүн алтындан жасалган кооздуктарга, порнографияга, азарттык оюндарга ж.б. тыюу салынат.
 

4).  Экономикалык ишмердикте салык тармагында жана социалдык жактан жоопкерчилик ала билүү. Бизнестегилердин кайрымдуулук иштерге, социалдык долбоорлорго катышуусу чоң рольду ойнойт. Мындан тышкары, милдеттүү түрдө зекет берүү (бул фермердик чарбалардан бөлөк физикалык, юридикалык тараптардын баарына тиешелүү), о.э.   ушр берүү (дыйкан, фермелер өстүргөн түшүмдөн алынчу жыйым-салык).
 
Исламий алкактан алганда, бизнес коомчулуктун кызыкчылыгын эске алуу менен ар кыл социалдык долбоорлорго (билим берүүгө, саламаттык сактоо тармагына, инфраструктуралык курулуштарга)  өзүнүн эбегейсиз салымын кошуп турууга милдеттүү. Бул өңүттө Куранда мынтип айтылган:
 
 «Аллах жолунда мал-мүлкүңөрдү сарптагыла. Өзүңөрдү өз колуңар менен отко таштабагыла. Чындыгында, Аллах - жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт” (Куран, 2:195).
 

Абу Муса (Аллах андан раазы болсун) тарабынан риваят кылынган “Сахих аль-Бухари” жыйнагындагы төмөнкү далилдүү хадисте мынтип айтылат:
 
“Аллахтын элчиси (САВ) мынтип айтты: “Динди бекем кармаган момундар бир бири менен айкашып-чиркешип  курулган курулушка окшош”, ал ишеним - бир момундун манжалары экинчи бир момундун манжалары менен чырмалышкандай бекем ишеним”. 
 

Экономиканын исламий модели башка чарбалык системаларга караганда төмөндөгүдөй нормалары менен өзгөчөлөнүп турат:
 
*  Экономикалык ишмердүүдүлүктүн баардык тармактарында “адал” (халал) стандартына негизделет;

*  Учурдагыдай биржалык соода жана банктык үлүш (процент) системасы болбойт;

*  Исламий экономика - класстык системалардын сакталашына маани берип, мамлекеттин кызыкчылыктарына артыкчылык бербеген класстык кызматташууну болушун камсыздап, ар бир инсандын кызыкчылыгын эске алган коомдун калыптанышына жан үрөп: коомдун, мусулмандардын  кызыкчылыгын көздөйт;

*  Көзгө көрүнүп, колго кармалып турган (же өндүрүп чыгарылган) активдер гана соодаланат, колдонулат. Самындын көбүгү сымал тарс этип жарылып жок болчу “шарчалар” менен, реалдуу түрдө жок “товарлар” менен соода жүргүзүүгө тыюу салынат.
 
 

 
Кыргызчага которгон: Кутпидин Жыргалбеков  
 
Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

 
 

Facebook Пикир