Экономика

mudaraba001
  • 05 Кулжа 2017
  • 0
  • 679

Мудараба деген эмне же мусулман адам кантип миллиондук киреше таба алат?

Бу тирүүлүктөгү турмушту бүтүндөй багыттап турган система катары ислам адамга Аллахка кантип сыйынуунун так жол-жоболорунан тартып, соода-экономикалык байланыштарды кандайча жүргүзүү керектигине да конкреттүү багыттарды берет. Ислам алкагынан караганда таптакыр тыюу салынган каржылык макулдашуулардын, операциялардын түрлөрү бар. Ошол эле учурда Аллахтын элчиси-Мухаммед (САВ) пайгамбар жана аны жандаган сахабалар өз маалында турмушунда кадимкидей колдонгон соода келишимдери болгон.

Исламда тыюу салынган каржылык операциялардын бир түрү, каржы мамилелеринде сүткорлуктун мандемдери бар “риба” эсептелет, сүткорлук азыркы банк системасынын дээрлик баарында кездешет. Мына ушундай багыттагы жолго түшүүгө,  банкка салган акчасына пайыз кошулуп пайда көрөөрүн алдын ала билип мына ушундай кадамга барууга мусулмандарга тыюу салынган. Буга далил катары, Курандагы бир катар аяттарды, Мухаммед (САВ) пайгамбардын хадистерин мисал кылсак болот:
 
  « Эй ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула, Эгер ишенсеер (Аллах таала менен Кыяматта жолугарыңарга ишенсеңер) сүткорлуктан калган нерсеңерди таштагыла! Эгер (сүткорлукту таштоону) каалабасаңар, муну-Аллахка, Анын Элчисине карата согуш деп билгиле. Эгер (сүткорлукту таштап) тообо кылсаңар, ошол учурдагы бар болгон адал мүлкүңөрдүн башы (пайдасы) өзүңөргө. Зулумдук кылбагыла, ошондо зулумдукка кабылбайсыңар!» («Бакара (Уй)», сүрөсү, 278-279).
 

Мусулман эместер буга алакан жая, баш чайкап: “Ушундай кантип болмок эле? Банктан кредит албай туруп ири компанияларды кандайча куруп, бир нече миллиондук бизнести кантип түптөп же тек гана кымбат машинени кандайча сатып ала алмак элеңер? Акчаңарды ишеничтүү банктарга салып жылына анын пайызы 10-12% өсүп тургудай кылбасаңар, кантип акчаңарга акча кошулуп көбөймөк эле? Азыркы банк системасынан баш тартчу болсоңор, өмүр бою жакырлыкта жашап өтөөрүңөр анык го!?”-дешип  таң калышы мүмкүн.
 
Бул таң калуу менен берилген суроолорго жооп өтө жөнөкөй. Биринчиден, адамдар бизнес түптөө үчүн же акчасын банкка салып пайда өөнөө үчүн азыркыдай сүткорлук жыттанган банк системасына кыпынчалык муктаж эмес. Анан калса, бир караган көзгө учурдагы банк системасы пайдалуудай,керектүүдөй туюлганы менен карапайым адамдар үчүн бул өтө майнапсыз жана чоң балээлерди алып келчү система. Банктан кредит алышып, бизнесинен айрылган, өтө чоң карыздарга баткан, а түгүл жанын кыйган адамдарды, учурларды мисалдатсак бир топ. Сүткорлуктун зыяндуулугун терең иликтеп ачып берүүгө өзүнчө бир тема арноо зарыл, анткени бул өтө чоң тема, ал кылдат иликтөөнү, талдоону талап кылат. Бул ирет биз силерге тек гана, “Республика ШКИД” деген аталыштагы советтик көркөм тасманы бир көрүп коюуну сунуштайбыз: ал тасмада бир кичинекей, куу балакай ашканада тамактануу учурунда  өзүнүн эле досторуна өз нанынан карызга берип үстүнө үстөк кошуп олтуруп досторунун баарын карыз кылып койгонун көрсөңүз сүткорлук деген эмне экенин ошондо даана түшүнөсүз.  
 
А экинчиден, сүткорлугу бар каржылык операцияларга катышуунун ордуна мусулмандарга байып-бапыроонун оңой жолун көрсөткөн капиталды байытуучу инвестициялык система исламда бар. Ал системанын бири мудараба деп аталат:
 

Мудараба деген эмне?
 
Тилекке каршы, көпчүлүк мусулмандар Мудараба деген эмне экенин эч бир уга элек; укпаган, билбеген соң аны турмушунда колдоно да элек.  Мудараба, же башкача айтканда, инвестиция салуу – бул, белгилүү бир өлчөмдө капиталы, акчасы бар адам бизнеси же бизнес планы бар башка бир адамга акчасын берип, бизнестен түшкөн кирешени экөө кантип бөлүшүп алаарын алдын ала келишим түзүп,  шерттешип, макулдашып алуусу. Жөнөкөйлөтүп айтканда, эгер сиздин ири акчаңыз болуп бирок кандайдыр бизнесиңиз, бизнеси кылууга шык-жөндөмүңүз жок болсо, ал акчаңызды бизнес кылып жүргөн же бизнес кылууну пландап жаткан досуңузга,таанышыңызга берип, түшкөн кирешени калыс, адилет бөлүү туурасында алдын ала макулдашып алуу жолу.
 
“Мудараба менен сүткорлуктун бир биринен кандай айырмасы бар, экөөндө тең акчасы бар киши ал акчасын бирөөгө берип турат, анан ошондон пайда көрөт экен?”-деп суроо береттирсиз? Айырма өтө чоң, мудараба исламда уруксаат кылынган система: банкка салынган акчаңыздан кол жууп калуу коркунучу бар сүткорлук системасынан айырмаланып мудараба аркылуу  берген акчаңызды толугу менен кайра кайтарып алууга, киреше  табууга кепилдик бар.
 
Ылдыйда келечектеги бизнес үчүн  мудараба келишимин түзүүдөгү сакталчу  шарттар тууралуу  кенен сөз кылабыз.
 
 

Мудараба келишиминин негиздери жана шарттары.
 
Исламдагы башка келишимдер сыяктуу эле, мударабада кандайдыр шерттер аткарылбай калса же бузулса сөзсүз аткарыш керек болгон милдеттенмелер бар. Мудараба макулдашуусундагы сөзсүз аткарууга тийиш болгон милдеттенмелер (аркандар) үч өзөктөн турат: келишим мазмуну, эки тарап жана акча (капитал).
 

1). Келишим мазмуну. Акчасы бар биринчи тарап, бизнес кылмак болуп жаткан экинчи тарапка акчасын берип жатып экөө тең макул болгон келишимди үн чыгарып айтып же болбосо кагазга жазышы керек. Маселен: “Сенин бизнес кылышың үчүн сага мудараба шарты менен акчаны  берип жатам жана түшкөн кирешени (мисалы..) 50% -50% өлчөмүндө бөлүшөбүз”.
 
Жазылган тексттин же шерттешкен кептин мазмунунда кандайдыр шарт койгон, мисалы, келерки айдан баштап.. деген сыяктуу же биринчи тарап менен экинчи тараптын макулдашуусунун ортосунда өтө узакка созулган убакыт болжоо болбойт. 
 
2). Эки тарап. Алибетте макулдашуу болуп жатканда эки тарап тең сөзсүз болушу кажет. Биринчи тарап – бизнеске акча берип, киреше алгысы келген инвестор. А экинчи тарап – бизнес долбооруна инвестиция алгысы келген ишкер, бизнесмен.
 
3). Капитал (акча). Мудараба макулдашуусунда милдеттүү пункттардын бири – акчанын, капиталдын болушу. Акча маселесинде да бир топ шарттар бар. Биринчиден, акчанын көлөмү, канча экени так, даана болушу керек. Экинчиден, акча реалдуу түрдө көзгө көрүнүп, колго кармалып тургудай болгону жөндүү, “баягы карыз акчамды берип турам...же башкадан карызды алсам берем..” деген кургак кептер жарабайт, чамалап айткан абстрактуу сумма да болбойт, акча так болушу зарыл. Үчүнчүдөн, макулдашылган акча  “берем” деп айтылган тарапка накталай берилиши керек.


Милдеттүү келишимден тышкары, келишим түзгөн эки тарап тең мудараба процессинде сактачу шарттар бар, андай шарттар үчөө:
 
1). Чектөөлөр болбошу керек.
Акча берип турган инвестор кайсы бир товардын сатылып алынышына тоскоол болбошу же өзүнүн пайдасын көздөгөн  товарды сатып алууда  кандайдыр жеке  шарттарын койбошу зарыл.
 
2). Кирешени тең бөлүүдө эки тараптын тең катышуусу.
Эки тарап тең макулдашуу тузүп жатканда сүйлөшүлгөндөй, киреше болгондо аны тең бөлүшүүлөрү керек. Биринчи тарап да, экинчи тарап  да  кандай көлөмдөгү киреше болбосун, ал мейли кичинеби, чоңбу калыс бөлүшүү зарыл. Бул шарттар аткарылбай, эки тараптын бирөөсү кирешени көбүрөөк алып алчу болсо, келишим бузулгандыкка жатат.
 
Мындан тышкары, кирешени кантип бөлүшөөрүн эки тарап тең башында так сүйлөшүп, шерттешип алышсын. Маселен, акча берген киши кирешенин үчтөн бирин, ал эми акчаны иштеткен иштерман кирешенин үчтөн экисин деп макулдашкан болсо, ал шерттешүү акыр аягына чейин сакталып түшкөн киреше дагы бир үчүнчүнчү тарапка бөлүнүп кетпөөгө тийиш. Макулдашууга тиешеси жок үчүнчү тарап буга аралашашы керек. Түшкөн киреше сөзсүз түрдө пайыздык (%)  өлчөмдө бөлүнсүн, макулдашкан тигил же бул тарапка момунча сом акча делингени туура эмес.
 
3). Акча алган ишкердин (кишинин)  көз карандысыздыгы.
Инвестор акча берээрин берип , ошол берген кишинин ишине, бизнесине аралашканы натуура. Ал акчасын бизнесменге бергени менен, эгер бизнесине аралаша турган болсо –берген акчасына өзүнүн колунда эле калгандыгын билдирет. Буга чейин жогоруда айтылгандай, ырас акча берилген соң , ал акчаны кантип иштетүү бизнесмендин өз эркине коюлушу зарыл.
 
Жогоруда түшүндүрүлгөн жагдайлардан улам биз мудараба келишимин түзүп жатканда  кандай милдеттенмелер, макулдашуу ишке киргенде кандай шарттар аткарылышы керектигин түшүнүп алдык.
 
Эми дагы бир аябай маанилүү учурду тактап алалы. Сөздүн башында биз сүткорлуктан айырмаланып мудараба макулдашуусунда өзүнчө бир тобокелчилик бар экендигин баса белгилеген болчубуз. Ал эмне болгон тобокелчилик? Алалы, акча берчү тарап (киши же инвестор) бир ишкердин бизнесине акча берип, бирок бизнеси күйүп кетсе, товарлар жоголсо, кыскасы бизнесмендин тиешеси жок эле бизнес бүлгүнгө учураса, ал баягы алган акчасын инвесторго кайтарып бербейт. Башында макулдашуу түзүп жатканда, ушундай кокустуктар да сөзсүз эске алынышы зарыл.
 
Мындан да түшүнүктүүрөөк болушу үчүн, мудараб келишимин мисал менен түшүндүрүп көрөлү. Мисалы сизде акча бар, ал акча азайбай же көбөйбөй жөн эле сандыкта жатат. Бир  күнү досуңуз келип: “Менде бир бизнес-долбоор бар. Товар сатып алууга мага 500 000 сом  керек, аны сатып түгөтүүгө 2 ай керек. Кирешени эсептеп көрсөм, эки айдан кийин 240 000 миң сом таза киреше алат экенмин. Ошол кирешенин үчтөн бир бөлүгүн, демек 80 000 сомду сага берүүгө даярмын, бирок сен мага акча берип турушуң керек”-дейт.
 
Сиз досуңуздун сунушуна макул болсоңуз, акча берген соң досуңуздун иши жакшы жүрүшсө, эки айдан кийин сиз баягы берген – 500 000 сомду   да, 80 000 сом кирешени да кошо аласыз.  А досуңуз болсо бизнес-долбоорунан 160 000 рубль пайда көрөт. Бир сөз менен, сиз да кирешеңизди көбөйтүп алдыңыз, досуңуз да жеке капиталын көбөйтүп, бизнесин андан ары өнүктүрүүгө  мүмкүндүк алды.
 
Эгерде досуңуздун планы таш каап, кандайдыр ага көз каранды болбогон кокустуктар болуп, товар күйүп кетчү болсо ал сизден алган акчасын кайтарбашы керек.
 
 

Тыянак.
 
Исламдагы каржы маселесинин пайдалуулугун   Мудараба мисалында терең түшүнүү үчүн , жок дегенде бир ирет аны колдонуп көргөн оң. Эгер бир мусулман жакшы бизнес-долбоор даярдап, аны так, түшүнүктүү кылып баяндап жеткирип, аны ишке ашырууда кокустуктар, жоготуулар минималдуу экенин ишенимдүү түшүндүрө алса, ага акча берчү, инвестиция салчу ондогон бизнесмендер чыгаарында күмөн жок. Мындай иштерге карыз сураса да карыз берчүлөр чыгышы кыйын, анан калса карыз алганга караганда, мудараба жолу менен шерттешип акча алган жөндүүрөөк. Мударабаны колдонуу менен мусулмандар бир биринин кирешесинин көбөйүшүнө,акчасы жок туруп кандайдыр өндүрүштү иштетип  акча табуусуна мүмкүнчүлүк беришет.
 
Бир катар каржы уюмдары, исламий банктар мударабага жана ислам экономикасына сонку кезде талап күчөп баратканын, жакынкы жылдарда мударабага багытталган бизнес-долбоорлорго инвестиция салчу инвесторлордун саны көбөйүшү күтүлүп жатканын, бул ыргак ушундай нукта жүрүп олтурса жаш мусулман бизнесмендер алгачкы миллиондук кирешелерди таап башташаарын белгилешет.
 

Автор: Ислам Абдуллаев  

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
  
 
 

Facebook Пикир